Көз караш

Гүлсина ажы Өмүрбекова
Кыргыз улуттук философиясы
- байыркы жана бүгүнкү манас
(Башталышы өткөн санда)

"Манас" Кыргыздын Урааны. Уран Улуттан Улуу. Ураан деген- ккалдайган калкты бир Улуу Түптүү милдетке жетелөөчү Сырдуу Зор Күч. Ураан улуттун коомдук дем-күчүн багытоочу күч. Андыктан "Манас" - Улуттук Уран-Улуттун Пири, Улуттун Улуттук Күчү, Сүрү, Түсү, Аты - Жөнү, Баш-Оту, Улуу Таянычы - Улуттун жашоо Ритмин Теске салып турган, аны сактап турган - анын жалпы коомдук Жаны - ("Небесно - Земная Духовная Мощь Нации") "Манас" кыргыздын Аң - Сезими, Акыл-Эси (Сознание Нации).
Бүгүнкү Доордо көз көрүнөө
Жанду Сырдуу айлампадай күч менен - "Манас" Аң-Сезим, Акыл-Эс Илиминин Күүсү бүткүл адамзатты өз таасирине тартып келет.
Көптөгөн сырттык боордоштор- "кыргызмын" десең биле беришпейт, "Манас" калкынанмын десең, өзгөчө урмат менен мамиле жасоого өтөт. "Манасты" дүйнөлүк Илимий коомчулуктар аттын кашкасындай тааныйт, өзгөчө туюм менен урматтап аяр айтышат. Мисалы менин бөлөк улуттук курбуларым, пикирлештерим менден "Жаңы Манасты" сүйлөп берчи деп сурана беришет. Мен китептин материалдарын илим нугунда чечмелеп комментарийлеп түшүндүрүп берем. Алар аны толкундануу менен бирде кызарып, бирде кубарып жатып угушат.
А мен "Манас" Дастанын кайра-кайра окуу менен жандүйнөмдү агыл-төгүл нурга чылайм. Дал ушул баа жеткис байлыкты, бийик маанай, Сырдуу Күчтү ар бир Улут өкүлүнө каалар элем.
Гитлер Манасты идеал тутунган. Советтик Армия Рейхстахты алганда Гитлердин өздүк архивиндеги жазуу столунда жаткан "Манас" Дастанынын 1919- жылы немец тилине которулган эки томдугун адеп кирер замат көрүшкөн. Демек, "Манас" Гитлердин колкитеби болгон. Ошентип Герман Эл-Башы жети жылдын гана аралыгында немец элинин табиятына Аруулук Касиетин сиңирүүгө жетишкен.
Бирок, Улуу Теңирий касиет- "Айкөлдүктүн" сырын түшүнө алган эмес. (Мисалы "Манас" Велкадушный- деп которуп жүрүшпөйбү- Айкөл Манас деген атакты "Великадушный" деген сөз "АйКөл" деген сөздүн нарк-нуска касиетин толук чагылдыра албайт). Анткени Гитлердин табиятында нагыз "Айкөлдүк" касиет болгон эмес. АйКөлдүк касиет ар бир таңда эң алгачкы Күн Нурун жуткан Улуу Тоо элдеринин гана табиятында эң байыртадан бүгүнкү күнгө чейин сакталып келет. Кыргыздардын кең пейил- жайыл дасторкон, меймандостугу, жатка да өздөй көңүл бөлгөнү- Улуттун Улуулугу, Айкөлдүк Белгиси.
Антыктан ар бир кыргызга "Кыргыз бол, кыргыз болу үчүн "Манасыңды" тааны. Манас таануу менен кыргызыңды улутуңду тааныйсың, өзүңдү тааный аласың. Анда сенин адам катары сапатың, кадырың бааланат- адамзаттык, улуттук ордуңа ээсиң, орундуу адамсың. Ошондо гана сенин бул жарыктагы орун-очогуң бекем!
"Айкөл Манас" Аң-Сезим, Акыл-Эс Кенчиңден-Акыл-Эс, Күч-Кубат, Нур Топто! Ошондо гана Сен Улуу Илим Дөөлөтүнө -Ааламдагы Аян-Сырга, Тирүүлүккө ыйык кароого жол табу үчүн Тизгин кагуу кудуретине ээ болосуң"-деп чексиз кайталаар элем.




  Уулу инсандын кызынын жашоосунан

Эльмира Раззакова:
"Кыргызстанга барганга аракет кылам"
(Башталышы өткөн санда)
- Өкүнүчтү айтпай, атаңыздын тирүү кезиндеги сиздин эсиңизде калган көз ирмемдерди эскербейлиби?
- Атам мага жөн гана камкор, мээримдүү ата болбостон биринчи кезекте менин эң жакын жана жандан артык көргөн досум эле. Мындай атага ээ болуу кандай гана адамга болбосун- тагдырдын белеги, а мен үчүн тагдырдын бул белеги аябай кымбат эле, анткени, бала кезимдеги тез-тез кайталанып турган оорулар менен, кийинчирээк чоң турмуштун астанасын аттап жаткан ар бир эле жаш адамдарга мүнөздүү турмуштун өйдө-ылдыйы, оош-кыйышы эгер атам жанымда болбогондо жашоомдун башында эле белимди бүгүп, кабыргамды кайыштырып коймок. Атам мага эч качан үнүн көтөрүп же болбосо узундан-узун акыл-насаат окучу эмес. Балалык чыгымда да мени менен дос катары чоң адамдардай сүйлөшчү. Атамдын көзү өткөнүнө бир топ жыл болсо да анын кызы болуунун бактысын тагдыр мага белек кылып бергенин жүрөгүм менен сезип келүүдөмүн. Турмуштун кыйынчылыгына карабастан бул жарык дүйнөдө жашап келатканыма ыраазымын. Анткени менин атам да натурасы боюнча муңайбаган адам болчу. Балким, бул жагынан мен атамды тарткандырмын. Ал дайым мага: "Эң башкысы кандай шартта болбосун эч качан капаланууга, бук болууга жол бербей, күч жыйнап ишке киришиң керек, кайгырбагын" деп дем берчү. Атам 70 - жылдары неберелери менен жайында бирге болгон. Москвадагы көп бөлмөлүү үйдүн короосунда да, андан алыс эмес жердеги пансионата да аны "Үлгүлүү чоң ата" дешчү. Анткени, алгач агамдын кызы Динараны жана менин уулум Беркти жетелеп көчөгө чыкканда ошол эле жердеги байбичелер атам жөнүндө кээ бирөө угуза, кээ бирөөсү шыпшына: "Кандай сонун чоң ата, мындай адамды күндүзү чырак менен издеп таппайсың го" дегендерин угуп калчумун. Берк жаңыдан төрөлгөндө атам төрөт үйүнүн мен жаткан палатасына жөнөткөн катында : "Беркашка үчүн сага ыраазымын" деп жазган. Андан кийин да неберелүү болгонуна жетине албай "Карыган адамга эмне керек? Албетте, неберелери менен убара болуу. Пенсионер үчүн мындан артык таалай болбос" деп айтчу.
1966-жылдын жазында атам мага дипломдук ишимди жазышканы эсимде. Дипломду коргоого аз убакыт калганда мен бутумду сындырып алып, китепканаларга барбай калдым. Курбуларым керектүү адабияттарды үйгө алып келип беришип, эгер кандайдыр китеп же журналды кайтарып берүүгө туура келсе, мен окуп берип, атам көчүрүп дептерге жазчу. Ошондогу атамдын түшүнүктүүлүгү жана жакындан көрсөткөн көмөгү болбогондо, мүмкүн мен дипломдук ишимди коргой албас белем? Ал менин илимий кызматкер болушумду чын ыкластан каалар эле. Бирок, андай болбой калды. Мен илим менен эмес, жашоо шартка байланыштуу практикалык иште калып калдым.
1970-жылды атам экөөбүз Подмосковьеде тостук. Врачтардын көрсөтмөсү менен мен көпкө созулган оорудан кийин саноторийде дарыланышым керек эле. Оорудан, аны менен күрөшүүдөн жадаган мен саноторийге баруудан баш тартканымда, атам мени макул кылды. Бир ай бою ал менин жанымдан жылбай, мени жаш балача жетелеп сыртка чыгып, сейилдетип, адамды ыйлоого мажбур кылган камкордукка бөлөгөнүн көрүп туруп, боорум эзилип кетчү. Анткени, ал өзү астма менен ооруп , биринчи кезекте өзү жардамга муктаж эле.
- Ушул убакка чейин атаңыздын ысымын өчүрбөй алып келаткан кайсы инсандарга ыраазычылык билдирмек элеңиз?
- И. Раззаков атындагы музейдин жетекчиси Аманат Керимкуловага, Лейлек элине алардын ичинен өзгөчө Казы Дыйканбаев, Ашым Артыков деген инсандарга терең ыраазылыгымды билдирем. Силерге да рахмат. Улуу инсан унутулбайт дегенге мен атамдын көзү өткөн соң ишендим.
- Эже, кыргызчаны унутуп бараткансыз го…
- Мен Москвада жашап жатканыма быйыл 47 жыл болот. Бирок, кыргызчаны жакшы билбесем да азыр аракет кылып жатканымды байкап жатсаңыз керек. Өз тилимди унутпаганга аракет кылам.
- А уулуңуз кыргызча билеби?
- Берк кыргызчаны түшүнөт бирок, сүйлөй албайт.
- Үйлөндү беле?
- Бир жолу үйлөнүп ажырашкан. Жубайы менен мүнөзү келишпей койду. Андан бери бой эле жүрөт. Үйлөнөсүңбү деп сурасам "Азыр мага аялдын кереги жок" деп койгон. Азыр 33 жашта.
- Мына эки жылдан соң атаңыздын 100 жылдыгы болот. Кудай буюрса, келесизби?
- Кудай буюрса, чакырышса барганга аракет кылам.

Эльмира Мадиева




 "Жаңы, нагыз кыргыз тарыхы
кандай болот?" талкуусуна

Адамзаттын жана кыргыздын жашырылган тарыхы
Доорлор тогошкон мезгил
Эгемен мамлекет болгондон бери эл-журт катары өзүбүздү өзүбүз таанып билип, тарыхыбызды тактап алуу аракетинде келебиз. А бирок, азыркы адамзат тарыхынан кыргыздын байыркы тарыхын тактоо мүмкүн болбогондуктан, өз түп башатыбызга, б.а. байыркы бабалар дүйнөтаанымына кайрылып гана тарыхыбызды таба алабыз деген ойлор улам көбүрөөк айтылып келет. Ал эми биздин байыркы бабалардын дүйнөтаанымы Асман-Жерди камтыган улуу илим-билим экендиги азыркы кезде маалым болууда. Сунуш этилип жаткан бул баян изилдөөлөрдүн жана Шамбала Кайыптар дүйнөсүнөн авторго берилген аян-кабарлардын негизинде жазылды. Башка аян-кабарлардын ким тарабынан кабыл алынганы көрсөтүлдү.
Азыркы учурда биз планетабызда гана эмес, Ааламда да бир улуу доор экинчи бир улуу доорго алмашып жаткан мезгилде жашап жатабыз. Ушул маалда Кыргыз жери жана эли Жер планетасын Аалам менен байланыштырып турган Жердин башкы энергетикалык борбору экени да белгилүү болду. Жердин астрал планындагы Башкы энергетикалык борбору Тибеттеги Кайлас тоосу, ал эми биз жашаган тыгыз материя планындагы Башкы энергетикалык борбор - Кан-Теңир тообуз. Кайлас - Кан-Теңир дүйнө өзөгү аркылуу биздин жерге келген Аалам энергиясы биздин жер аркылуу бүткүл планетага таралып турат. Кыргыздар да кадимки эле электр энергиясын өткөрүүчү өткөргүч зым катары Аалам энергиясын бүткүл табиятка: жер кыртышына, абага, өсүмдүктөргө, жаныбарларга жана башка адамдарга да өткөрүп, анын Жер бетине таралышы үчүн кызмат кылат.
Планетабызды Аалам менен байланыштырып турган жер дүйнө элдеринин уламыштарында Жер киндиги деп айтылат. Ал жер Е.П Блаватскаянын "Жашырын Доктрина" деген китебинде "Бузулгус ыйык өлкө" делет. ("Тайная Доктрина" /ТД/, 2-т., Смоленск, 1993, 26-б.). Ал эми азыркы учурда эң алгачкы манасчы болгон Жайсаң атанын руху Бүбү Мариям Муса кызына аян-кабар аркылуу берип, "Жайсаң" деген ат менен чыгып жаткан "Манастын" бир вариантында "Түбөлүк бузулбаган сепил" деп аталат. (1-к., 1996, 116-б.). Анткени, ал жер нечендеген азыркыдай доорлор тогошкон мезгилдеги топон суудан аман калып, Жердин бир Чоң Айлампасынын башынан аягына чейин ар дайым кургактык болуп турат. Ошол Жер киндигинде жаралган кыргыздар да бир Чоң Айлампанын башынан аягына чейин жашайт. Алар жөнүндө "Жашырын Доктринада" "Неумирающая Раса" деп берилген. (ТД, 2-т., 314).
Демек, "Улуу кыргыз Жер - Ааламды байланыштырып турат жана түбөлүктүү Аалам - Жердин түркүгү" болуп эсептелет. (Ибраим кызы Зульфия жана Мамырасул Тажиев кабыл алып жазган Теңир Ата китеби. /ТА/ Б., 2006).
Биздин Ысык-Көлдүн астындагы Жердин терең катмарындагы боштукта астрал пландагы Кайыптар дүйнөсүнүн Шамбала же Шамкалаа борбор шаары жайгашкан. Ал - планетабыздын руханий борбору болуп эсептелет.
Ушул "сепил" аркылуу 1925-28-ж. Рерихтердин Борбор Азия экспедициясы өткөн жана алар келечектеги цивилизациянын магнитин салышкан.
Азия мейкининде ат ойнотуп жашаган бабаларыбыз жөнүндө: "Улуу талаанын көчмөндөрү адамзат тарыхында жана маданиятында европалыктардан жана кытайлардан, египеттиктерден, ацтектерден жана инктерден кем калышпаган роль ойногон. Бирок алардын ролу, ар бир этностукундай же суперэтностукундай эле, өзгөчө болгон" деп жазган Л.Н. Гумилев. (Ритмы Евразии. М., 1993, 75-б.).
Ал эми кыргыз эли, жеринин адамзат тарыхындагы өзгөчө орду жана ролу анын Аалам менен Жерди байланыштырып туруучу өткөргүч экендиги аркылуу чечмеленет. Анткени, планетадагы бардык өсүп-өнүгүүгө (эволюцияга) Ааламдан түрткү кыргыз эли, жери аркылуу берилип келген. Алсак, алгачкы адамдар биздин жерде пайда болгон. Адамдарга акыл-эс, тил кыргыздар аркылуу берилген. Улам бир доор аяктап, адамдар топон суу же башка бир кырсык аркылуу жок болуп турганда, кийинки доордун адамдары биздин жерде жаралып турган.
(Уландысы бар)
Гүлсара МАМБЕТАЛИЕВА













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan