Парапсихологдун бурчу

Лариса Асанбекова
Бай болуунун формуласы
"Асман пресс" гезитинде, "Парапсихологдун бурчу" рубрикабыздын алдында буга чейин жарыяланып келген парапсихолог Лариса Асанбекованын "Бай болуунун формуласы" аттуу макаласынын тегерегинде редакциябызга көптөгөн чалуулар болду. Лариса Асанбекованын ишине байланыштуу Россияга кеткенине эки ай болсо дагы өзүнө жолугат элек деген окурмандар да арбын. Албетте, окурмандардын өтүнүчү менен биз Лариса айымга байланышып, "Бай болуунун формуласын" билгиси келгендер үчүн макаланын уландысын алдык.

Көп учурларда колу буту жок мунжу же дагы кандайдыр бир дене мүчөсүндө мүчүлүштүктөрү бар адамдар кайыр сурап олтурганын көрүп калсаңыздар сөссүз түрдө кайыр бергиңиздер келет. Эми эстеп көрсөңүздөр, ошондой адамдарды көргөнүңүздөрдө кандай абалда болосуздар? Бооруңуздар ооруп, кейип кепчип жардам бергенге шашасыздарбы? Же болбосо кудайга жалынып, Жараткан, ушундай бөөдө кырсыктан сакта, ушундай абалга жеткире көрбө, алты санымды аман жаратканыңа ыраазымын деп айтып анан кайыр бересиздерби?Кайсынысы туура деп ойлойсуздар? Албетте экинчиси. Бооруңуз ооруп берген болсоңуз, терс энергияны тартып алган болосуз да, ошол адамдын тагдырын кайталап калуу коркунучу пайда болот.
Окурманыбыз Бурулкандын дагы бир суроосу "Дубанын ( магиянын) күчү менен, же ар кандай ырым жырымдардын жардамы менен байыса болобу?" дейт Албетте болот. Бирок ушул жерден дагы ар кандай суроолор туулары шексиз. Мисалы магия деген сөз кийинки убакта кандайдыр бир жамандык алып келүүчү курал сыяктанып, эл бул сөзгө кооптонуу менен карагандай сезилет. Магия деген сөз чындыгында көзгө көрүнбөгөн дүйнөнүн сырын үйрөтүүчү билим. Тилекке каршы бул билим терс нерсеге (каргыш, көз тийүү, сөз тийүү, Порча) көбүрөөк колдонулгандыктан адамдарда магия деген сөздөн корккондукту, жана терс пикирди жаратат. Эл ичинде кара магия, ак магия деген түшүнүктөр да аз эмес. Космостук энергиянын ак же карасы болбойт. Мисалы күн баардык адамзатына бирдей тийген сыяктуу, космостун энергиясы да баарыбызга бирдей эле келет. Бирок кээ бир адамдар күндү каалабаса терезесин караңгылап алган сыяктуу эле, магиянын ак же кара болуусу ошол магияны жасап жаткан адамдын энергиясынын сапатына, күчүнө кандай максатты көздөөсүнө жараша ак жана кара болот. Мисалы энергиясы терс( ички дүйнөсү кир) адам жакшы нерсени көздөп магия жасаган күндө да бары бир жакшы болбойт.
Ак көйнөктүн бир аз жериндеги кирин кетириш үчүн кир сууга салып жуусаңыз ал көйнөк тазаланмак турсун баардык жери боз чамгыл болоору шексиз. Ошо сыяктуу байлык үчүн магияны ким жасады, сөзсүз ошол адамдын энергиясына жараша болот. Окурманыбыздын дагы бир суроосу "магиянын күчү менен байыганда кийин жамандык алып келбейби? дейт. Алып келиши мүмкүн, эгерде жогоруда айтылгандай кара энергиялуу адамдын жардамы менен жасалса. Терс энергиялуу адамга, көзгө көрүнбөгөн дүйнөдөгү терс энергиялуу жандыктар (жин шайтандар) жардам бергендиктен, алар берген жардамын эселеп кайра сөзсүз түрдө алып коет. Ошол себептүү да "магияны колдонуу менен байуу зыянга учуратат" деген коркуу сезими пайда болуп калса керек. Дагы бир суроо ушундай ырым жырымдарга, магияга ишенсе болобу деген суроо экен.
Ишенүү ишенбөө ар бир адамдын өз эркинде. Эгерде сизде ишенбөөчүлүк күчтүү болсо, ал жасаган ырым жырымыңыздан эч пайда чыкпасы мүмкүн, же болбосо натыйжасы тескери болушу мүмкүн да өзүңүзгө байлык алып келмек тургай, бар нерсеңизди жок кылып алышыңыз мүмкүн. Бирок кээ бир ырым жырымдар сиздин ишенимиңизге көз каранды эмес. Мисалы эртең күндүн чыгаарына ишенбейм десеңиз күн чыкпай калбаган сыяктуу эле ааламдын өз мыйзамына баш ийген ар кандай ырым жырымдар бар. Эми "байлыкка жасалган тумар, бай болгонго жардам береби?" дейт окурман. Мында деле ал тумарды кандай сапаттагы адам жасады? (зарядтады) же өзүңүздүн энергияңыз кандай? Ошого жараша болот. Мисалы өзүңүздүн байлыкка жооп берүүчү чакраныз туура иштебесе ал тумар сизге терс таасирин тийгизет, демек байлык келбейт, качат.
Дагы бир айтып кетүүчү сөз, азыр базарда тумардын ар кандай түрлөрү сатылып жатат. Мисалы көз мончоктор, үйгө тагылуучу тумар, машинеге тагылуучу тумар жана ар кандай тумардын түрлөрү толтура. Аны ар бир адам сатып алып эле үйүнө, машинесине, иштеген жерине тагып алуу таптакыр туура эмес. Ал жөн гана белгиси бар, жазуусу бар жөнөкөй эле буюм. Жөнөкөй болсо да мейли дечи зыяны жок болсо. Ал буюмдан зыян тартып калышыңыздар мүмкүн. Мисалы ал буюмду кандай адам жасады, кандай адам сатты сиздер билбейсиздер да? Балким ошол буюмду жасап жатып бирөөгө жини келип, олтуруу жөнүндө ойлонуп жаткан болсочу? Ал адамдын ошол кездеги терс энергиясы жасалып жаткан буюмдун энерго талаасында калып калат. Эми ошол буюм сизге кандай кызмат кылат өзүңүз ойлонуп көрүңүз. Ошондуктан андай тумарды сөзсүз түрдө мурунку информациядан тазалап, анан сиздин энерго талааңызга тууралап зарядтагандан кийин гана тумар өз функциясын аткара баштайт. Бардык нерсе оң жана терс зарядка ээ болгондуктан, сатып алган тумарыңар оң же терс экенине көзүңүздөр жетпесе, андай тумарды колдонбогонуңар эле жакшы.
Тумар оң энергиялуу болгон күндө да сатып алган адамдын энергиясы терс болсо терс таасирин тийгизет. Ошондуктан тумарды атайын энергия менен туура иштегенди билген гана адамга (специалистке) кайрылсаңыздар демекчимин. Космостук энергия менен иштегендин сырын, мыйзамын билбей туруп, кайдыгерлик менен "боло берет" деген маанайда иштегендер, өзүм билемдиктин жазасын албай койбойт. Мисалы электро станцияга жакшы билген гана адис иштебесе, ток уруп өлүп калышы мүмкүн, же тогу бар зымды колуңуз менен кармаганда эмне болооруңузду элестетип көрүңүз. Ошондуктан "бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун" дегеней ар бир иштин өзүнүн адиси болуш керек. Окурманыбыздын кийинки суроосу Акча жугумдуу болуш үчүн эмне кылуу керек? Байлыкка көз тийбес үчүн эмне кылыш керек дейт.
Албетте, байлыкка, акчага карата элде ар кандай ырым жырымдар, ар кандай тумарлар, дубалар толтура. Бирок барып келип эле байлык адамдын байлыкка карата мамилесине жана адамдын жашоо образына, ой толгоосуна, жөндөмүнө жараша болот. Биз жогоруда кандай ойлор байлыктын жолун (энергиясын) тосуп салат айтып өткөнбүз. Башыңыздан бутуңузга чейин тумар тагынып, эртеден кечке дуба окусаңыз да, байлыкка көз карашыңыз, оюңуз терс болсо эч кандай тумардын жардамы тийбеси айдан ачык. Ошондуктан албетте байлыкка болгон көз карашты оң жакка буруш керек. Байлык колуңузга тийгенден баштап соопчулук кылганды унутпаңыз. Ар дайым бар нерсеге ыраазы болуп, жогорку күчтөргө ыраазычылык билдирип туруңуз. Убактылуу берилген сыноону туура кабыл алып, ишиңиз ордунан чыкпай калса, кейип кепчип, капа болуп, ишиңизди таштап койбоңуз. Себеби байлык береээр алдында кудай сиздин чыдамкайлуулугуңузду, сабырдуулугуңузду текшериш үчүн сыноо бериши мүмкүн. Сөзсүз түрдө бай болом деген ишеним болгондо гана байлык келе баштайт. Ал эми бай болгондон кийин байлыктын мыйзамын сыйлабасаңыз, байлык да сизди таштап кетиши мүмкүн. Ар бир элдин өзүнүн ырым жырымдары бар, ошолордун арасынан кээ бирлерин айта кетейин.
Жогоруда кечинде акчаны колдон колго бербейт деп айтып өткөнбүз. Ошондой эле байларды жамандап, кедейлерге сын таксаңыз байлык келбейт.
Дүйшөмбү күнү карыз акча бергенге болбойт, акчаңыз суудай агып токтобой калат.
Шейшемби күнү карыз акча алганга болбойт. Карыздан кутула албай калышыңыз мүмкүн.
Күн батып, күүгүм киргенде акча санабайт, кедей болуп каласың.
Тамак ичкен столго баш кийимди жана ачкычтарды койгонго болбойт, акча жукпайт
Тамак ичкен столдун үстүнөн нандын күкүмүн кол менен шыпырып чогултпайт, эч качан бай болбойсуң.
Күн баткандан кийин карызга нан жана акча бергенге болбойт.
Тамак ичкен столдун үстүнө бош бөтөлкө койгонго болбойт, акчасыз каласың.
Кечинде кесек акчаны майдалаганга болбойт, эгерде жалаң майда акча менен берип койсо акчаңыздын жугуму жок болуп, суудай агып токтобой калат.
Босогодо туруп, босогонун ары жагында турган адамга акча бергенге болбойт. Сизге да алган адамга да жукпайт.
Соодалагандан кайрып берген акчаны санап алышыңыз керек. Себеби акча санаганды жакшы көрөт.
Майда кайрып берилген тыйындарды албай таштап кетсеңиз, акча качат.
Колуңуздан майда тыйын түшүп кетсе терип алыңыз. Уялып албай койсоңуз, акча сизден качат. Себеби акча дагы акчаны сыйлаган гана адамга келет.
Эч качан башка бирөөдөн түшүп калган ( балким атайын ташталган) майда тыйынды, акчаны колуңуз менен албаңыз. Сиздики болбогондон кийин сизге көз жаш алып келет.
Кээде атайын майда акчага бирөөну кедей кылыш үчүн, дуба окулуп көчөгө, босогого ташталат.
Бирөөнүн жамандыгынын сизге кереги жок. Ал тыйындан байыбайсыз жана өзүңүзгө зыянын тийгизбейт.
Копилкадагы акчаны санаганга болбойт, акча көбөйбөй калат.
Үйдө сынык идиштерди жана сынык күзгү кармаганга болбойт. Мына ушу сыяктуу ырым жырымдар сиз ишенесизби, ишенбейсизби автоматтык түрдө иштейт. Мунун себебинин баары терс энергиянын күчү жогору болуп, терс энергияны чакырганга ынгайлуу болгондуктан, мындай ырым жырымдар иштейт.
Акчаны баш аламан бүктөп, чөнтөккө бырыштырып салып жүргөн адамдардан да акча качат.
Акчаны сала турган атайын капчык болушу керек. Мисалы аялдар кызыл түстөгү, эркектер кара же күрөң,саргыч түстөгү капчык алып жүргөндөрү оң. Себеби жер кара, күрөң топурактын өңүнө окшош, ошондой эле жердин борборунда магма кызыл түстө болот. Байлык бизге жерден келет.
Капчыкка акчадан башка тумар же байлыктын эмблемасын билдирген буюмдан башка эч нерсе салганга болбойт. Мисалы көп адамдар капчыкка ар кандай визиткаларды салып жүрүшөт, акчаңыз ар кимге жумшалып берекеси качат. Же болбосо жакындарынын сүрөтүн, дарынын рецептерин салып алышат да, акчасы жакындарына дары сатып алганга жумшалып, калаарынан кабарлары жок. Акчанын бырышып калган жерлерин түздөп, капчыкка салганда акчанын бетин өзүңдү каратып, купюранын чоңдорун анан калганын ирээти менен салуу керек. Капчыгыңызда акча кандай баш аламан болсо, жашооңуз да ошондой баш аламандыкка туш болот. Акчанын энергиясы жандуу болгондуктан, акча да ким сыйласа, барктаса, сүйсө ошол адамга келет.
Ачка калсаңыз да капчыгыздагы акчаны аягына чейин коротпоңуз. Акча качат. Акчаны акча тартат деген сөз бар. Акчаны берип жатканда, акчаны бети жагы (жылтырак тоголок эмблема) менен бербеңиз. Акчанын энергиясы сизден кетип калат. Акчаны берип жатканда оң кол менен берип, ал эми бирөөдөн алып жатканда сол кол менен алуу керек. Мунун себеби адамдын оң жагы янь, сол жагы инь энергиялуу болот. Эми өзүңүздөр ойлонуп көрүңүздөр, сол колуңуз терс энергияга ээ болсо, акчаны сол кол менен берсеңиз эки эселеп сизден акча кете баштаса таң калбаңыздар. Ар дайым акчаңыз көбөйүп турсун десеңиз, жаңырган айды көргөндө, капчыктагы акчаңызды санап, айга чоң купюрадагы акчаңызды көргөзүп, "ай толо баштагандай, менин байлыгым толсун" деп айтып койсоңуз акчаңыз түгөнбөйт. Садага берип жатып "береген колум алаган" деген сөздү айтып койсоңуз туш туштан ырыскы келе баштайт.
Акчада тамга менен жана сан менен жазылган акчанын номери бар экенин баарыңыздар билесидер. Эгерде акчадагы тамгага атыңыздын жана атаңыздын атынын же фамилияңыздын баш тамгалары туура келсе, ошондой эле акчадагы сандарга өзүңүздүн туулган күнүңүздүн числосу, айы, жылы туура келе турган болсо, мындай акча сыйкырдуу тумар болуп эсептелинет. Сандар сөзсүз эле бир катарда болбосо деле болот. Мисалы 30.04.56.Л.Ш болсо, 56.04.30, же 04.56.30, АЛ 305604 Ш.Л, болсо боло берет. Бирок мындай акчаны табуу өтө кыйын. Банкта иштегендер да таба албай коюшкан. Үмүт үзбөй издеген сөсүз табат. Бир тамга, эки сан туура келсе деле болот. Албетте, баары туура келгендегидей күчкө ээ болбойт, бирок жарай берет. Эгерде бир тамга эле туура келе турган болсо ал сиздин атыңыздын баш тамгасы болуш керек. Атаңыздын же фамилияңыздын тамгасы жарабайт. Алар башка адам. Мындай акча тапкан болсоңузлар ал акчаны дайыма капчыгыңыздарга салып жүрсөңүздөр, эч качан акчадан кем болбойсуздар. Бирок мындай акчаны эч качан жоготпошуңар керек.

(Уландысы бар)













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan