Моно дүйнө

Журналист Чолпон Субакожоева:
"Бактылуу болууга акым бар"
- Чолпон Темирбековна сиздин жаңы чыккан "Бактылуу болууга акым бар" аттуу китебиңизге корректор болуп баарын окуп, ошондон пайда болгон ойлорума өзүңүздөн жооп алгым келди. Китепти "Аруужан", "Бактылуу болууга акым бар" деп эки бөлүккө бөлүптүрсүз аттарын ким койду?
- Өзүң дагы чыгармачыл адамсың жүрөгүңө жакын өзүңө жаккан нерсе дайыма бар болсо экен деп жаныңдан чыгаргың келбейт. Ошондой эле Аруужан кыргызда аруу- таза дегенди билдирет, ал эми жаныбыз ооруганда, бирөөнү жакшы көрсөк жаным дейбиз, андыктан жан деген менин түшүнүгүмдө тирүүлүгүбүз. Бактылуу болууга ар бирибиздин акыбыз бар, бакыт деп эмнени түшүнөбүз кеп ошондо.Мен бактылуумун ата-энем, бир-туугандарым, балдарым, жакындарым баары жанымда жакшы көргөн ишим менен алектенем, жараткан пендем деп берген ырыскыдан кем эмесмин ошон үчүн китебимдин атын өзүм эле койдум. Эки-үч досума чалып ойлорун билейин десем экөөнү тең жактырышты анан аталган китебимдин жогорудагыдай эки аталышта чыгышын туура көрдүм.
- Сиздин "Мухамбет пайгамбарды Мухамбет пайгамбар кылган Айша.
Наполеонду Наполеон кылган Жозефина.
Цезарды Цезарь кылган Клеопатра.
Октавиан Августу Август кылган Ливидия.
Акаевди Акаев кылган Майрам Дүйшөновна
Бакиевди Бакиев кылган Татьяна Бакиева.
Мен деле жерде калбайм,
Жараймын бир жигитти хан кылганга
Кел менин ырдан бүткөн Республикама" - деп жазган ырыңызга жооп берсеңиз?
Жооп жөнөкөй эле Акаев берген демократия, Бакиев берген экономика. Анан мен акындыктын мектебин бүткөн эмесмин балким жаңылып жаткандырмын Рамис Рыскулов айткандай өзүмдү космостон келген маалыматка өткөргүч катары сезем. Акынмын деп айткандан уялам.
- Эмнеге ырлар жыйнагыңыз, "Чолпонбай" "Турсунбек Акун баскан жол" аттуу китептериңиз, котормолоруңуз бар, дагы котормолоруңуз гезит беттерине чыгып жатпайбы, анан уялам дейсиз.
- Менин жеке пикирим менин замандаштарымдын айрымдары өздөрүн акын жазуучу сезгендерге тийбесин, жазуучу акын деп көзү барларды айтайын Меңди Мамазаированы, Эрнис Турсуновду, сөздүн күчүн билип, сөз баккан адамдар жазганы элдин эсинде калчу чыгармалар а калганы пародия.
- Сиздики дагыбы?
- Албетте, меники дагы.
- Котормолоруңуз андай эмес чыгаар? Казактарда да халтура бар дейсизби?
- Кой аксагы менен жүз дегендей эле да. Казактын акынымын дегендерден эки адам менен иштешем бирөө накта акын Есенгали Раушанов, экинчиси мендей акында, жазуучу да илимдин доктору да болом деп баарына умтулган Абен Нурмановдун "Ырда Жүрөк", Сагыныч" аттуу кыргыз окурмандарына ырларын казакчадан кыргызчага которуп чыгардык.Раушанов казак элине белгилүү акын "Жазушы" басма үйүнүн директору ырларын эмес "Куштар биздин досубуз" аттуу кара сөз менен жазылган, стили өзгөчө китебин которуп бүттүм. Учурдан пайдаланып Айдарбек Сарманбетов агайга ыраазычылыгымды билдирип кетким келет жазуучулардын "Адабий гезитине" басып чыгармачыл чөйрөнүн сынынан өткөрүп берди, бир топ ойлор сунуштар түштү.
Бүгүнкү күнү Рысбеков Кадырбектин калеминен жаралган кыргыздарга белгилүү казак балбаны Турлыханов Даулеттин чоң атасы Касенов Турлыхандын өмүр жолуна арналган даректүү баяндын өзүмө жаккан жерлерин которуп жатам.
- Жогорку кеңеште иштейсиз, ыр жазганга үлгүрөсүз, кандай убакыт таап котормого отурасыз?
- "Бактылуу болууга акым барды" окуган адам түшүнсө керек бийлик, байлык дебей өлбөстүккө таян, из калтыр деген Эрнис агай. Адам өмүрүнүн негизги тиреги эмгек болсо керек, а эмгекти кандай өтөгөндү билдирген тил.Кандай билимдүү болсо да, кандай пенде болсо да тил аркылуу эмгек өтөп тил айта алат ар нерсеге жан киргизген тилибизди байытайын деген да аруу өзүмдүн ичимдеги тилегим кошулса керек. А убакыт өзүмдүн көңүлүмдүн таап иштешине жараша болот.
- Өткөндө "Обон" гезитине берген маегиңизди окуп ошол темага кайрылгым келип жатат. Кыргыз кызы кытай бала төрөйбү?- деген суроого жооп бергениңиз жакты....
- Кыргыздын кызы катары бул маселе көптөн бери жүрөгүмдү өйүп келет. Дал ошол чет өлкөлүк атуулдарга турмушка чыккан кыргыз кыздарынан балким элдин керегине жараган баатыр төрөлөт беле деген ой келет. Канчалаган чет өлкөдөгү жарандарыбыздан жаралган муун башка климат, башка менталитет, башка тарбияда өсүшүп келгенде бизди, биздин жашоону түшүнбөй кыйналабы деп корком. Билинбегени менен Ата-мекенибиз үчүн бул глобалдуу маселе.
- Менин байкашымча үй-бүлөдө түйшүктү көбүрөөк аялдар тартат, сиз гендер комитетинин орун басары Абдуллаева Чолпон Галийаскеровнада консультант болуп иштейт эмессизби, депутатыңызга, гендер саясатына токтолсоңуз?
- Кыргыз Республикасынын төртүнчү чакырылышынын депутаттарынын арасына 23 депутат аял келбедиби. Талас өрөөнүнө белгилүү "Леди фасоль" аталган бизнес чөйрөсүнөн келген Чолпон Галийаскеровна менен парламентте иштегенибизге мына бир жылдын жүзү болду. Гендер саясатында алгылыктуу иштер көп эле жүргүзүлүп жатат. Үйбүлөөдөгү зордук-зомбулукту жою үчүн КРнын үй-бүлөлүк кодексине оңдоолор киргизилди (О государственных гарантиях равных прав и равных возможностей для мужчин и женщин). Мындан сырткары КРнын өкмөтү менен Азия өнүктүрүү банкы айыл жергесиндеги аялдардын кол өнөрчүлүгүн өркүндөтүү боюнча долбоорго кол коюлуп иштеп жатат. Өкмөттүк эмес уюмдар менен депутат аялдардын Альянсы түзүлгөн. Санап айта берсем ишке ашкан жумуштар көп. Эзелтен эле үйбүлөдө аялзатынын ролу чоң. Үйдөгү кир жууп, нан бышырып, бала баккан түйшүктөн сырткары айымдардан космоско учканы, мамлекет башкарганы эр азаматтарыбыз менен тең тайлаша иштегенинин өзү күбө.
- Чыгармачыл адам катары сизге эркин сөз берейинчи, эмне дейсиз?
- Жыл жаңырганы өмүргө дагы бир жыл кошулганы турат. Элим аман болсо эл ичинде мен болом, жарык өчпөй, суук болбой кабагыбыз ачык, жайдары жаркын маанай менен баарыбыз жаңы- жылды тоссок дейм. Журналист катары сиздердин,"Асман пресстин" эмгек жамаатына түмөн түйшүктүү ишиңиздердин үзүрүн көрүп, нускаңар көбөйүп кыргыз элинин өсүп-өнүгүшү үчүн салымыңыздарды кошуп, журтубуз үчүн патриот журналисттерден болушуңуздарды каалайм. Дайыма жолубуз шыдыр, асманыбыз ачык болсун.
- Маегиңизге чоң рахмат.

Маектешкен
Чынайым Кутманалиева




  Кыргызча жашап, япончо ойлонуп…

Ито Хиронори, И. Арабаев атындагы КМУдагы Чыгыш таануу факультетинин мугалими:
"Мен кыргыз деген атты сүйөм"
Кыргызстандын борборундагы Бакыт үйүн кимдер гана билбейт. Ай, жыл сайын биздин мамлекеттин кичинекей бөлүгү болгон жаш үй-бүлөлөр так ушул жерде катталып, анан турмуш деген улуу дайрага бет алышат. Өкүнүчтүүсү, кийинки кездерде кыргыз кыздарынын чет элдик жарандардын колун кармап, турмуш куруп кетүүсү. Албетте, кимге, кандай адамга баш кошу ар бир жарандын өз эрки деңизчи. Бирок, чет өлкөгө кеткен кыздарыбыздын бактысыз болуп, айрымдары күңчүлүккө же акча табуунун башка бир булагы катарында сатылып кетип жаткандыгы көңүл оорутат. Биз Кыргызстандагы канча кызыбыз чет элдик жарандарга баш кошкондугу туурасында так маалыматтарды алалы деген максатта жогоруда аталган Бакыт үйүнө баш бактык. Жүрөккө кандайдыр бир жылуулукту тартуулаган имаратка киргенибиз менен жетекчиси Атакулова Канышай айымдын кыска гана "билбейм" деген сөзү бизди абдан таң калтырды.
Ал эми төмөндөгү маек кыргыз элине колунан келген жардамын берип, Кыргызстанда жашап, илимий-агартуучулук жактан өзүнүн барандуу салымын кошуп келе жаткан япон улутунун өкүлү Ито Хироноринин маеги. Ито мырза менен баарлашып жатып, аттиң биздин кыргыз жарандарынын ар бири ушундай патриот болсо деп суктанганымды дагы жашыргым келбейт.

- Ито Хиронори мырза, сиз Кыргызстанда бир топ жылдан бери жашап келатасыз. Демек, кандайдыр бир максаттарыңыз болсо керек. Дегеле Кыргызстанга келип, жашап калышыңыздын себеби эмнеде?
- Мен Кыргызстан өз алдынча эгемендик статуска ээ болгондон кийин эле, 1991-жылдын август айында келгем. Япон эли менен кыргыз элинин ортосундагы алаканы чыңдоо, кыргыз жаштарына япон тилин үйрөтүү башкы максатым эле. Алгачкы ишмердигимди Кыргыз Улуттук Университетинен баштадым. Андан соң БГУда сабак бердим. Азыркы учурда болсо И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетиндеги чыгыш таануу факультетинде студенттерге сабак берүү менен өзүмдүн илимий ишмердүүлүгүмдү улантып жатам.
- Жубайыңыздын кыргыз кызы экендиги туурасында бир учурларда гезит беттеринен окуп калдык элек. Сиздердин бүгүнкү күндөгү жашооңуздар туурасында дагы окурмандарга айтып берсеңиз?
- 1995-жылы жакын адамым Айзада экөөбүз баш кошконбуз. Кудайга шүгүр, жашоо-турмушубуз жакшы, азыр эки балабыз бар. Улуусу 2-класста окуп, окуусу менен катар эле кытай тилинен сабак алып жатат. Кичүүсү 7 айлык. Жубайым Айзада татыктуу жар катары мага ар дайым колдоосун көрсөтүп келатат. Мен ага абдан ыраазымын.


- Эже менен таанышкан күнүңүз эсиңиздедир..?
- Албетте, эсимде. Андай күндөр унутулбаса керек. Кыргызстанга келип япон тилинен сабак берип жүргөнүмдө Айзада дагы университетте окуп, окуудан тышкары декандын алдында машинка басып иштээр эле. Бир жолу коридордо кетип баратсам, алдыман тосуп, япон тилинен окугусу келээрин айтып, биздин группага которулсам деген оюн билдирди. Мына ошол күн экөөбүздүн турмуш жолундагы эң алгачкы таанышуубуз болду. Ошентип, Айзада студентим болгон күндөн баштап эле жүрөгүмдү ээлеп алды. Студенттерим анда-санда агай деп кечелерге кошуп, ээрчитип алышаар эле. Мына ошентип экөөбүз өтө жакын адамдардан болуп чыга келдик.
- Баш кошконуңуздарда кыргыз салты менен, жуучу түшүп үйлөндүңүз беле же..?
- Экөөбүз үйлөнөөрдүн алдында "кеңешип кескен бармак оорубайт" деп бетме-бет олтуруп алып кеңештик. Айзадага ата-энең, ага-тууганың менен кеңеш, мен дагы кеңешейин дедим. Өзүмдүн туугандарым кыргыз кызына үйлөнөөрүмдү укканда абдан сүйүнүштү. Айзаданын ата-энеси болсо бир аз каршы болуп, бирок аягында көнүшүптүр. Акыры алыстан ат арытып, жер карытып, мен жактан жети киши келди. Бул жактан бажам, "Шоро" фирмасынын директору Табылды Эгембердиев баштаган дагы бир топ белгилүү адамдар болуп жуучу түшүп бардык дагы Айзаданы алып кеттик.
- Кыргыздыкы сыяктуу эле япон эли дагы каада-салтка абдан маани береби?
- Албетте. Салт жагына келгенде кыргыз салтын дагы абдан жакшы билем десем болот. Кыргыз салты менен баламдын жентек тоюн өткөздүк. Япон эли каада-салтка анча деле маани бербейт. Ошондон болсо керек. Бул жакта кыргыз салтына деле көп учурларда маани бербейбиз.
- Айзада эже Японияга барганда сиздердин салт менен жүрөбү?
- Жок. Ээн-эркин эле жүрө берет. Ал жакта анча деле түйшүк жок. Япон элинин түйшүгү түйшүк болуп эле эсептелбесе керек. Мен кыргыз кыздары Японияда жашагандан көрө япон кыздары Кыргызстанга жашашы ооруураак деп эсептейм.
- Үй-бүлө болгондон кийин казан-аяк кагышпай койбойт эмеспи, анда-санда бири-бириңиздерге таарынышкан дагы учурлар болсо керек?
- Таарынычтар кээде болот. Бирок, "бүгүнкүнү эртеңкиге калтырба" дегендей маселени ошол эле күнү чечкенге аракет кылабыз.
- Азыр көпчүлүк кыргыз кыздары чет өлкөлүк жарандарга турмушка чыгып, тилекке каршы, айрымдары алданып, сатылып кеткен дагы учурлар бар. Сиз бул туурасында эмнелерди айтаар элеңиз?
- Чет өлкөлүктөргө акча үчүн азгырылган кыздарга каршымын, турмуш деген оңой нерсе эмес. Ошол жаранды ээрчирдин алдында "ал адам мени сүйөбү, жашап кете аламбы" деп ойлонуп, ата-эне менен кеңешип туруп маселени чечиш керек.
- Ито мырза, айтсаңыз, көп адамдар үчүн башка тилди үйрөнүү абдан эле кыйын болот эмеспи. Сизге кыргыз тилин үйрөнүү оор болду беле?
- Тескерисинче мага кыргыз тилин үйрөнүү абдан жеңил болгон. Бир нерсеге жүрөгүңдү канчалык берсең, ошол нерсени сен абдан жеңил алып кетесиң. Мен кыргыз деген атты сүйөм, Кыргызстан деген өлкөнү, мекенди сүйөм. Берекелүү, меймандос кыргыз элин сүйөм. Андыктан, кыргыз тили менин өз тилиме тең тил десем дагы болот.
P.S. Биздин гезит чет элдик атуулдарга турмушка чыккан кыздардын тагдырына кайдыгер карабайбыз. Эгерде чет элдик атуулдарга турмушка чыгып, бактылуу жашап же тескерисинче жабыркаган кыздар болсо бизге байланышка чыккыла. Тел: 933-622

Мирлан Алымбаев













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan