Лидер кеп

Өмүрбек Текебаев, "Ата Мекен" партиясынын лидери:
"Аларды Кыргызстандын бүткүл элинин бирдиктүү, бөлүнгүс жана бекем эрки гана ооздуктап, токтото алат..."
Мен өз сөзүмдү жакында Америка Кошмо Штаттарында президент болуп шайланган Барак Обаманын тагдыры жөнүндө ой бөлүшүүдөн баштасам дейм. Барак Обама Африкадан барган, бизчесинен айтканда эмгек мигрантынын баласы. Анын апасы күйөөсүнөн эки жолу ажырашып, балдарын жалгыз бой тарбиялаган. Ал карапыйым үй-бүлөөдөн чыккан. Афроамерикалыктар Америка калкынын болгону 12%ын түзөт. Ал өз билими, эмгеги, таланты менен тез эле коомго таанымал болгон. Өзү жашаган Иллинойс штатында сенатор болуп шайланган, төрт жылдан кийин ал АКШнын сенатына сенатор болуп шайланган. Өз тагдыры жөнүндө бир нече китеп жазган. Ошентип Обама сегиз эле жылда АКШнын улуттук лидеринин даражасына чейин жетти. Америкада мындай адамды өз киндигин өзү кескен адам деп коюшат. Ушул түшүнүк америкалык кыял, америкалык тилектин негизин түзөт. Америкалык кыял тең укуктуулуктун, тең мүмкүнчүлүктөрдүн реалдуу жыйынтыктары, көрүнүштөрү. Тегиңе, диниңе, байлыгыңа, кайдан келгениңе карабастан, эмгегиңе, талантыңа жана пешенеңе жараша коомдогу эң жогорку ийгиликтерге жетүү мүмкүнчүлүгү.
Обаманын тагдыры карапайым америкалыктарга катуу таасир калтырды. Бузулуп бара жаткан коомдо тең мүмкүнчүлүктөрдүн, америкалык кыялдын кайра жаралуусунун белгиси, символу катары кабыл алынды. Үмүт оту катары кабыл алынды. Мына ошентип америкалыктар жалгыз бой аялдын баласын президент кылып шайлап алышты. Америкалыктар өз кыялы, өз тилеги, үмүттөрүнүн уланышы үчүн добуш беришти.
Обаманын тагдыры, тарыхы биз үчүн тааныш тагдыр, тааныш тарых. Мына ушул залда олтурган курултайдын делегаттарынын көпчүлүгүнүн тагдыры Обаманын тагдырын элестетет. Баарыбыз карапайым колхозчунун, малчынын үй-бүлөсүнөн чыкканбыз. Алдыбыз мамлекетти, парламентти башкарууга чейин жетиштик, арабызда депутаттар, экс-депутаттар, экс-өкмөт мүчөлөрү, экс-губернаторлор, экс-акимдер отурушат. Арабызда илимдин жана чыгармачылыктын туу чокусун багындырып академик, эмгек сиңирген ишмер болгондор бар.
Андай заман бизде да болгон, биз келечек муунга, балдарыбызга кандай заман калтырып жатабыз, алар Обаманын тагдыры, биздин, сиздин тагдырыбызды кайталай алышабы? Жок. Анткени, тең укуктуулук, тең мүмкүндүк деген түшүнүктөрдү биз көңүлгө албадык. "Пулуң болсо кулуңмун" деген принциптеги идеологияны жараттык.
Азыр айылдык карапайым мугалим мендей болуп республиканын парламентине депутат болуп шайлана алабы? Жок! Анткени, сени сүрөгөн административдик ресурс же капчыгы калың тууганың болбосо бүгүн ал мүмкүн эмес. Эл колдоп утуп чыксаң да соттун, административдик жана криминалдык кысымдын жардамы менен элдин эркин бурмалап, тагдырын уурдап жатышат. Эгер колдогон кожоң болбосо бизнесиң да жүрүшпөйт, кызматта да карьера жасай албайсың.
Биз жаштарга кандай келечек, кандай заман калтырып жатабыз? Биздин тилегибиз, кыялыбыз ушул беле?
Урматтуу мекендештер, кыргыз кыялы, кыргыз тилеги деген түшүнүккө аныктама бере алабызбы? Ага жетүүнүн жолдорун көргөзүп, келечек муунда үмүт жандыра алабызбы?
Үч жылда майкөл, сүткөл заманды курганга болбойт. Муну биз түшүнөбүз. Бирок, үмүт бергенге болот эле да? Биз бийликти Элдин үмүтүн үзгөндүгү үчүн айыптап жатабыз. Бүгүн Эл оппозицияга да, бийлике да ишенбейт. Бүгүн Эл өзүнө да ишенбей калды. Суунун башында олтуруп суубуз жок деп электр жарыгын өчүрүп жатабыз, бизде суу жок эмес, бизде намыс жок. Көмүр үстүндө олтуруп тезек жагып жатабыз, бизде көмүрүбүз эмес, абийир жок. Бүгүнкү кризистин эң негизги булагы бул ыйман жана ишеним кризиси.
Биз туңгуюкка келип такалдык, үмүтүбүз үзүлдү. Биздин милдет, патриоттордун милдети, ошол үмүт отун кайрадан жандыруу. Кыргызстандыктарга кыргыз кыялын, тилегин көрсөтүү. Мына ошого жетсек болот деп ишендирүү. Биз ошону кыла алабызбы?
Өткөн кылымдын 60-жылдарында Америкада актар менен каралар эки башка автобуста олтурушкан, эки башка ресторанда тамактанышкан, балдары эки башка мектепте окушкан. Бул жаман адатты жоюу үчүн президент Кеннединин буйругу менен улуттук гвардиянын автоматчылары менен кара балдарды актардын мектебине алып барып расист мугалимдерден жана ата энелерден коргоп турушкан.
Бул жакында эле болгон, ошол жылдары кара америкалыктардын укугун коргогон лидери Мартин Лютер Кинг Вашингтондо жүз миң адам катышкан митингде "менин бир эле тилегим бар" деп жарыялаган эле. Анын тилеги жөпжөнөкөй эле "актар менен каралар бирдей укукка ээ болсо экен, бир мектепте окуп, бир автобуста чогуу жүрүп, кол кармашып дос болсо экен" деген тилек эле. Андан бери 40 жыл өттү, ал кишилердин түшүнө кирбеген окуя болду, алардын кара тору баласы дүйнөдөгү чоң империяга президент болду. Америкалыктар өз өлкөсүн, өз элин өзгөртө алды. Кыргызда айтылгандай "Элүү жылда Эл жаңы болду". Бул үлгү бизди шыктандырыш керек. Биз Кыргызстанды оңдой алабыз. Биз жаңы максаттарды коюп элди ишендире алабыз.
Мен афроамерикалыктар Америка калкынын 12%ын түзөт деп бекеринен айткан жерим жок. Бүгүн биздин саясатчылар, бийликтегилер, оппозициядагылар, жада калса жогорку окуу жайларынан тартып мектепке чейин түндүк-түштүк, өзбек-кыргыз, кыргыз-орус болуп бөлүнөбүз. Регионалдык жана трайболисттик бөлүнүүлөр мамлекеттик саясаттын деңгээлине чейин көтөрүлдү.
Америкалыктар Обаманы келгин деген жок, азчылык деген жок идея үчүн добуш беришти. Биз да мына ошол кеселден арылышыбыз керек. Бирдиктүү идеяга, бирдиктүү максатка бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып алдыга жылышыбыз керек.
Үмүт качан жанданат? Туура тандалган жол, көргөзүлгөн моралдык үлгү, авторитеттүү лидерлер үмүттү жандандыруунун негизги шарттары. Бүгүнкү бийликте андай жол, түшүнүк да, моралдык авторитет да жок. Бакиевдин идеологиясынын негизин жеке пайда, жеке кызыкчылык түзөт. Анын аракети "мамлекет жөндөмсүз башкаруучу, анын колунан эч нерсе келбейт" деген аксиомага негизделген. Ошондуктан, ал эртең акыр заман боло тургандай Кыргызстандын баардык байлыктарын тез аранын ичинде сатып жибергенге жан үрөп жатат.
Дүйнөдө болуп жаткан азыркы экономикалык жана финансылык кризис дагы бир жолу жеке кызыкчылык коомдук кызыкчылыктан жогору турбаш керек деген чындыкты далилдеди. Рыноктук экономикасы бар, өнүккөн өлкөлөр баш болуп кризистен чыгуу үчүн кризис камтыган тармактарды мамлекеттик жөнгө салууну жана мамлекеттик көмөк көрсөтүүнү күчөтүп жатышат. Эң ири банктар, энергетикалык, транспорттук компаниялар, турак-жай куруу компаниялары убактылуу болсо дагы мамлекеттик менчикке же мамлекеттик көзөмөлгө өткөрүлүп жатат. Бул кырдаалды Бакиев көрбөй жатабы же көрмөксөн болуп, адатынча билмексен болуп өз саясатын улантып жатабы? Шашылыш түрдө энергетикалык объектилерди жана маанилүү байланыш, транспорттук объектилерди сатып жатат.
Азыркы бийликте Кыргызстанды өнүктүрүүнүн реалдуу программасы жок, болгон да эмес. Андай программа азыр пайда болгон күндө да, бул бийлик аны аткара албайт. Анткени, өткөн үч жылдын ичинде ал убакытты текке кетирди жана мамлекеттик саясаттын башкы таянычы - элдин өз мамлекетине жана анын аткаминерлерине болгон ишеничинен таптакыр кол жууду.
Эми бийлик эл ишенимине эмес, биздин республиканын улуттук байлыгынын мүмкүн болгон кардарларынын жашыруун колдоосуна таянып калды.
Анан ушундай жагдайда бир суроо салгыбыз келет, эмне үчүн аткаминерлерибиз мамлекеттин башкы байлыктарын жеке менчикке берүүгө ашыгышууда?
Жооп айдан ачык - бул чыккынчылык!
Кыргызстандын тарыхы, тагдыры, дили да, колу да булганыч эларалык шылуундардын колуна түшүп калганын ачык айткыбыз келет, алар эбак өз сценарийлеринде баарын так жазып коюшкан, эми тек гана оңой олжого тундураар куурчактарын ойнотуп коюп отурушат. Алар өз пландарын дээрлик ишке ашырууга жетишишти - мамлекеттик бийликтин баардык органдарын жана баардык бутактарын басып алышты.
Аларды Кыргызстандын бүткүл элинин бирдиктүү, бөлүнгүс жана бекем эрки гана ооздуктап токтото алат.
Азыркы бийликтин элди башкарууга моралдык укугу жок. Бийликтин түптүүлүгү жана легитимдүүлүгү кош түркүккө - элдин ишенимине жана мыйзамдуулукка таянат. Азыркы бийлик жүргүзгөн саясат эл кызыкчылыгына жооп бербеген саясат, өлкө калкынын ага болгон ишенимин караманча кыйратты. Ал эми акыркы референдумдун жана парламенттик шайлоолордун жыйынтыктарын одоно бурмалоолор бийлик эми элдин ачык-айкын эркин билдирүүсүн жана мыйзам ченемдерин сыйлабастыгын дагы бир ирээт ашкерелеп көрсөттү. Бийлик шайлоо деп атаган обу жок оюндун жүрүшүндө кээ бир партиялар каттоодон мыйзамсыз алынып салынса, калгандарынын алган добуштары бийликтин шайлоо комиссиялары тарабынан уятсыздык менен уурдалды. Натыйжада мыйзамды одоно бузган азыркы бийлик өзү лигитимдүүлүгүн экинчи олуттуу таянычынан куржалак калды.
Бийлик саясий банкроттукка учурады, кудурети куруду. Мындай бийликти алмаштыруу зарыл.
Бүгүнкү бийликтин объективдүү түрдө жана тарыхый жактан күнү бүттү. Кыргыздар айткандай "мал болбой калды". Мындай өкүмдун жүйөөсү биздин айыптообузда эмес, кыргыз аткаминерлеринин бүгүнкү кастасынын адеп-ахлактык жана кесиптик жактан таптакыр артта калгандыгында. Бул адамдар жана алардын иштөө ыкмасы замандын талабына жооп беришпейт жана азыр өткөндүн калдыгы катары кунарсыз көрүнүшөт.
Кыргызстандын саясий түзүлүшүн өркүндөтүү жөнүндө маселе кокусунан эле козголуп жаткан жок. Бул маселе азыркы саясий системанын кемчиликтеринен улам көтөрүлүп жатат. Азыркы саясий системанын негизги белгиси - мамлекеттик бийликтин үстүнөн көзөмөл жоктугу. Мындай жагдай бийлик адамдарында өзүм билемдиктин жана жазаланбастыктын сезимин пайда кылат, бийликтин ээнбаштыгын жаратат. Бул көрүнүш азыркы системанын үй-бүлөчүлүккө, олигархташтырууга жана криминалдаштырууга негизделген бийлигинен айрыкча байкалып турат.
Өлкөдө учурда түзүлүп турган шартта бийликте бир адамды экинчи адам менен алмаштыруу эч кандай деле натыйжа бербейт. Ошондуктан, биринчиден, бүтүндөй саясий системаны түп тамырынан бери өзгөртүү, экинчиден, коррупцияны, тууганчылдыкты жана жердешчилдикти жаман илдет катары жок кылуу, коомдо жаңы аң сезимди калыптандыруу талап кылынат. Биз сунуш кылып жаткан система кеменгер жана таза адамдарга гана эсептелип түзүлбөшү керек. Анын ички түзүмү бекем болуп, бийликке кокусунан келип калган мажүрөө, эрксиз жана ичи кара киши да иштин ыргагын буза албагандай болуусу максатка ылайык. Ошондо гана эң начар лидерге ээ болсо дагы мамлекет ар кандай башаламандыктан, акыйкатсыздыктан корголот. Өлкөнү жаңы нукка салуу үчүн сунуш кылынып жаткан башкы механизм - бул саясий атаандаштык. Мындай атаандаштыкты бийлик бутактарынын өз ара көз карандысыздыгы менен оппозициялык ишмерликке конституциялык гарантиялардын болушу камсыз кылат.
Биз сунуш кылып жаткан саясий система өлкөнүн мамлекеттик жана саясий системасынын борборуна Адамды жана Гражданинди кайрып алып келет. Алар жаңы саясий системанын жаратман күчү болуп калышат. Тең салмакташтырылган жана атаандаштыкка негизделген саясий системада карапайым адамдын саясий салмагы өсөт. Саясий партиялар ар бир адамдын колдоосу үчүн, коомдук пикир үчүн күрөшүп калышат. Коомдук пикирдин баркы жогорулап, саясий күчкө айланат.
Жаңы саясий системада бийлик элдин пикиринен корко баштайт, жогору жактагылардын кысымана караганда элдин наалаты таасирдүү болот.
Биз кимге ишенебиз? Биздин таянар тоо, карманаар кожобуз да ушул Кыргызстандын катардагы, абийири таза, жоопкерчиликтүү жана саясий активдүү гражданы. Ал жалпы элдин жагалданган кошоматын күтпөйт жана утурумдук саясий атак-даңктын артынан түшпөйт, депутаттыкка же министрлик кызматка жутунбайт. Ал бар болгону адилеттикти ашкере аздектеген жана өз өлкөсүнүн тагдыры үчүн күйүп-жанган, өзгөчө жоопкерчиликтүү жөнөкөй адам.













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan