саясий чайкоочу-лук...

Кеттиби же кетирдиби?
Кеттиби, кетирдиби айтор 43 жыл коомдук саясий иштин казанында кайнап, карт саясатчы атыккан аксакал 65 жаш курактын чарчоосуна шылтап, президентин кеңешчилигинен өз арызы менен бошоду. Буга чейинки саясий окуялар далилдегендей Үсөн акенин Акүйдөгү тиреши, "Жаңы Кыргызстан" партиясынын өткөнкү парламенттик шайлоодо тебилиши, аталган партиянын активдүү мүчөлөрүнүн кызматтан четтетилиши, баласы Бакыт Сыдыковдун айланасындагы бут тосмойлордун чыңалуусу жана президенттин айланасындагы "воздухтун" буулушу түрткү болгону айдан ачык. Үсөн акенин кетишин ажо түштүк аксакалдарына кандай түшүндүрөт болду экен. Себеби айрым такталбаган маалыматтарга караганда күз алды түштүктөгү аксакалдар президентти ортого салып, "Үсөнгө каршы иштеген күчтөрдү тыйгын болбосо..." дегенге чейин барышкан имиш. Көпчүлүк баамдагандай Үсөн аксакалдын кетиши кудум Данияр Үсөновдун, Алмаз Атамбаевдин кетишиндеги сценарийге куюп койгондой окшош болду.Орденди берип, жакасын күүп, калп эле роль ойноп. Ушундай ызат көрсөткөнгө ыраазы бол дегендей эле кеп. Кетелекте эле, оң капталда олтурганда эле сыйлап коюшса болмок да. Исмаил Исаковдун айланасындагы окуяларга, деги эле "Жаңы Кыргызстан" партиясынын жүргүзүп жаткан саясатына Курманбек Салиевичтин ичи жылыбаганы Германиядан келип, генаралдарга "покажу" деген сөзү эле түшүнүктүү болчу. "Бир болгонбуз бир болобуз, колдогом колдойм"деген сөзү менен Үсөн аксакал жаштарга үлгү боло алабы же Топчубек Тургуналиевдей түңүлүп бат эле чыга келеби. Аны турмуш көрсөтөт. Өлкө башчынын айланасында ким калды? Же бул бирдиктүү команданын жоктугунан кабар береби. Бир гана күчтүү технолог мырзага карт Үсөн акенин да, президенттин инисинин да алы жетпеди окшойт.




Исмаил Исаков,
"Жаңы Кыргызстан" партиясынын башкы катчысы:
"Авторитардык өлкөдөн тоталитардык өлкөгө кадам шилтедик десек болот"
- Исмаил мырза, президент кеңешчиси Үсөн Сыдыковду "эс алууга" кетирди. Мунун "Жаңы Кыргызстан" партиясынын позициясы менен байланышы жокпу?
- Ар бир киши эртедир-кечтир пенсияга чыгат. Үсөн Сыдыковдун жашы деле жетип калган. Ошого карабастан менин оюмча ал кишинин тажрыйбасын, билимин колдонуп иштесе болот эле. Эми эмне кылабыз, ушундай жардык чыгыптыр. Бир гана ойлонто турган нерсе - үчүнчү даражадагы "Манас" орденинин ордуна "Элдик баатырды" берип койсо жакшы болмок. Себеби элдик революцияда эмгеги абдан чоң болчу. Албетте, "шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт" деген кыргызда жакшы сөз бар. "Жаңы Кыргызстандын" позициясы да таасир этти го деген менде пикир бар. Ал эми мындан кийинки кадамдары кандай болорун өзү билиши керек. Мындан аркы маселелерди ал киши өзү тактап айтат го.
- Коомдук палата түзүү тууралуу указ чыкты. Мунун жакшы жактарын, ошону менен катар бийликтин жасалма аракети деп баалагандар да бар?
- Албетте, президенттин элдин муңун угуп, мамлекеттик кызматкерлердин иштегендерин көзөмөлгө алуу максатында түзөм дегени жакшы нерсе. Бирок, бүгүнкү күнү мунун түзүлүшү абдан коркунучтуу деген ой-пикир бар. Себеби, оппозициялык партиялар, өкмөттүк эмес уюмдар, Жогорку Кеңеш, жашыруун органдар көзөмөлгө алган эсеп палатасы туруп, алардын сөзү жетпегенден кийин жанагы коомдук палатаны түзүү авторитардык өлкөдөн тоталитардык өлкөгө кадам шилтөө деп билсе болот. Бул биринчиден. Экинчиден, илгери Акаев учурундагы "дүжүр чалдар" азайып бараткандыктан, бийликти мактаттырып, оппозицияга каршы чыгара турган бир орган керек болуп калды деген пикир жаралып атат. Ошондуктан анын бүгүнкү түзүлүшү натыйжа бербейт.
- Президент оппозиция менен сүйлөшүп, кызматка чакыра турган учур келип калды көрүнөт. Сиздерге сунуштар түшө элекпи?
- Мен биринчиден Үсөн Сыдыковго үчүнчү даражадагы "Манас" орденин бериши ошол сунушу деп ойлойм. Экинчиден, бизге конкреттүү сунуш түшө элек. Эми кандай болбосун, коомчулукта көп нааразычылык болуп жаткандыктан, аракет кылып жасаган иштери, ошол оппозициядагы кишилерди жумушка тартуу, чакыруу, алдоо бүгүнкү күндө ачык эле көрүнүш болуп калды. Мындан кийинки кадамдар да ошондой болот. Бирок, кандай болбосун, элдин эң чоң нааразылыгын ошолор менен токтотуп коюу мүмкүн эмес болуп кала турган заман келип калды.
- "Жаңы Кыргызстан" партиясынын кайрылуусуна президент тараптан жооп болдубу? Сиздердин өлкө боюнча саясый акцияларды уюштурабыз деген билдирүүңөр дале күчүндөбү?
- Туура, партия мүчөлөрү бизге өткөндө Ошко барганда да ошондой сунуштар менен кайрылды. Жакында партиянын саясий кеңеши болот. Ошол саясий кеңештин чечиминен кийин айтсак болот. Азырынча президенттин жасаган кадамы, Балкыбековду алганы биздин жанагы биз берген ачык каттын негизинде болду деп эсептейбиз. Ага рахмат айтып коюшубуз керек. Бирок, Балкыбековдун мурунку ордуна барып калышы, суунун рычагын ачып-жаба турган, электр тармактарынын жүрөгүнө барганына биз нааразылык билдиребиз. Аны ушундай күнгө алып келгени үчүн башка жумушка коюп же суракка алыш керек болчу.




Топчубек Тургуналиев, Ревкомдун мүчөсү:
"Бири-бирин алдоо болуп калды"
- Президент Үсөн Сыдыков Кыргызстанга эбегейсиз пайда келтирди, Кыргызстандын өнүгүшүнө кошкон салымы зор деп 3 - даражадагы"Манас" орденин берип отставкага узатты. Үсөн Сыдыков дагы мен сизди колдоп келгем жана мындан ары да колдой берем деп ыраазы болуп кетти. Чын-чынына келгенде Ү. Сыдыков кызматта (отставкага кеткен кызматында деле) иштебей калганына жарым жылдан ашып калган. Кана эмне иш кылып кыйратты? Колунан эчтеке келбегенин көрүп туруп эле К. Бакиев аны мактап-жактамыш этип, төшүнө орден тагып кетирип жиберди. Эми бул менин оюмча бири-бирин алдоо болуп калды. Ү. Сыдыков үч доордо, үч жетекчи менен иштеп келген адам. Т. Усубалиевдин, А. Акаевдин доорунда да жакшы кызматтарда иштеген. Азыркы Бакиев доорунда да Бакиев баш болуп, өзү төш болуп Кыргызтанды кууратканга кошкон салымы зор. Тезекти желек кылып жашап жаткан Кыргызстанда орден тагыныш уят. Азыр орден ала турган учурбу, деги орденге татыктуу киши барбы Кырыгзстанда? Үсөн Сыдыков башында турган "Жаңы Кыргызстан" партиясы 1 - декабрга чейин президент Өкмөттү кетирбесе бийликке каршы радикалдуу кадамдарга барабыз деп айтышкан. Кана чыгышканы? Булар эптеп Өкмөттү кетирсе өздөрү барып алардын крелосуна отургулары келип күтүп жатышат да.




И.Исаков премьер-министр болобу?
Үсөн Сыдыков кечээ таң эрте сабыры суз болуп, терең ойго батып турду эле, түшкө жакын санаалаштары менен чогулуп ич ара бака-шака эле болуп жатып калышты. Сыртынан караган көзгө достору менен президенттен алган сыйлыгын майлап жаткандай элес берет. Бирок ал майрам сыйлыктан алда канча маанилүү иштерге арналгандай. Карт саясатчы жөн кетпей, кол алдындагыларына жакшылап шарт түзүп берип кетти. Ага ылайык, тагыраагы акүйдө жүргүзүлгөн саясый келишимге ылайык генерал Исаков баштаган "Жаңы Кыргызстанчылар" өкмөттүн жаңы курамын түзмөй болду.




  ОБРАЩЕНИЕ К СООТЕЧЕСТВЕННИКАМ

ПО ПОВОДУ МАССОВЫХ АКЦИЙ ПРОТЕСТА 16-24 ДЕКАБРЯ 2008 ГОДА
Сегодня не только мировая общественность, но и сам народ Кыргызстана воочию убедился в том, что в очередной раз был обманут политиками, пришедшими к власти на волне народных акций протеста в марте 2005 года. Хуже того, пришедшие к власти псевдореволюционеры объединились с самыми бессовестными чиновниками из окружения бывшего президента А.Акаева и сегодня вкатили нашу многострадальную Родину в пропасть политического, экономического, социального и, главное, духовного кризиса! Всеобщее безверие не только всем структурам власти, а и в благополучную перспективу развития кыргызского государства!
Сегодня так жить нельзя! Наши великие предки сохранили для нас райский уголок - нашу прекрасную землю! Но после распада СССР мы стали не свободным и крепким государством, а страной, пытающейся усидеть на трех стульях! Мы не стали страной американского, швейцарского, японского, турецкого или российского образца! Мы стали страной дикого, жестокого и безнравственного капитализма с чудовищными феодальными атрибутами правления - вседозволенности и безответственности властей, господства коррупции и взяточничества, распродажи не только воды и электроэнергии, недр и богатств земли, но и самой земли - священной территории Кыргызстана! И все это - на фоне бездарной внешней и внутренней политики страны, отсутствия объединяющей весь народ Кыргызстана государственной идеологии, общественного кризиса и массового обнищания беднейших слоев населения!
Сегодня наступил тот час, когда не несколько политиков, а сам народ должен остановить этот беспредел и, не опосредованно, а прямо в лицо сказать высшим должностным лицам республики, а также их разношерстным приспешникам свое решительное "НЕТ!". Мы должны наконец осознать, что все мы созданы Богом и никому не позволено топтать наше человеческое достоинство! Дальнейшее положение дел если не изменится, то народ встанет перед потерей государственности, а вместе с ней и себя!
Поэтому, на основе Конституции страны и святых традиций наших предков, призываем всех, кто неравнодушен к судьбе Родины и будущих поколений кыргызстанцев, поддержать массовые акции протеста с 16 по 24 декабря 2008 года!
Мы также обращаемся к Президенту КР К.Бакиеву, Торага ЖК КР А.Тагаеву и всем депутатам, Премьер-министру И.Чудинову и всем членам правительства отчитываться не как лидерам партии "Ак-Жол" перед партией "Ак-Жол", а всему народу - источнику власти в Кыргызской Республике, как и записано в Конституции! Поэтому чистосердечно приглашаем и Вас вместе с командами в столиц е и на местах к диалогу с народными массами: 16 декабря в Нарынскую область (стадион, г.Нарын), 17 декабря в Иссык-Кульскую (стадион, г.Каракол), 18 декабря в Таласскую (стадион, г.Талас), 20 декабря в Ошскую (стадион, г.Ош), 21 декабря в Баткенскую (стадион, г.Кызыл-Кия), 22 декабря в Жалалабатскую области (ипподром, г.Жалалабат) и 24 декабря в Чуйскую область и г.Бишкек (центральный стадион, г.Бишкек).

ТУРСУНБАЙ БАКИР УУЛУ,
лидер партии "ЭрК", сопредседатель Союза мусульман Кыргызстана
НУРЛАН МОТУЕВ,
лидер движения "Жоомарт", сопредседатель Союза мусульман Кыргызстана
г. Бишкек, 25 ноября 2008 года













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan