sms-мүнөздөмө

Саясатчың ким?
Урматтуу окурмандар! Саясат айдыңында жүргөн атуулдарыбыз бир топ. Бирок, алардын бардыгы тең эле сиздин купулуңузга толо бербесе керек. Же тескерисинче бардыгы тең эле жаман адамдар эмес болушу мүмкүн. Андыктан "Асман пресс" гезити сиздин ар бир саясатчы туурасындагы оюңузду билгиси келет. Эгерде биздин sms-мүнөздөмөгө катышкыңыз келсе "Асман пресс" тарабынан сунушталган бир саясатчыга мүнөздөмө бересиз. Ал кандай адам, түнтпү, ачыкпы, сараңбы, берешен же урушчаакпы, айтор, сиз анын мүнөзүн сүрөтү аркылуу аныктайсыз. Эгерде сиздердин мүнөздөмө ал саясатчынын өзүнө-өзү берген мүнөздөмөсүнө туура келсе анын белегине ээ болосуз. Жыйынтыгы ар бир айдын аягында жарыяланып турмакчы.
smsтерди 0543 11-45-98, 0543 03-53-03 номерлерине же saiasat@bk.ru электрондук дарегине жазып жөнөтүңүздөр.
Эмесе сиздердин кийинки элегиңиздерде Темир Аргенбаевич Сариев.
Эскертүү: орой, сөккөн, тилдеген билдирүүлөр кабыл алынбайт.

Бакиев курманбек салиевич
Айланайын акем, Сузактыктарды уят кыла көрбө. Эки жылга жетпеген убактыңыз калды, эл үчүн иштеп коюңузчу, үка, балаңызды тыйып.
Зарыл

Курманбек Бакиев кыйын саясатчы, бирок, Садыркуловго жетпейт. Айткан сөзүнөн кайтпайт. Ушинтип чоң иштерди бүтүрө бериңиз. Анан дагы сизден финалдын аягында сурап ала турган адамдар бар.
07778494хх

Бакиевдин деле жакшы сапаттары бар. Бирок, бир учурда өзү сындаган Акаевдин жасагандарын кээде кайталап жибергенде бийлик кандай адамды болбосун бузат экен деген ойго келет экенсиң.
Жанара.

Кайсы гезитти окуп, кайсыл телени көрбөйлү Бакиевдин дарыланып келгендигин айтып безеленишет. Деги ден-соолугу жакшы бекен? Абдан жакшы дарыландым деп өзү айтканы менен айрымдары таптакыр башка нерсени айтып жатат го?
Калыс патриот

Урматтуу Курманбек Салиевич! Сиз бетке айткан, строгий, максатына жете алган адамсыз. Бир гана мамлекетти эмес, үй-бүлөөнү да бир калыпта башкарышыңар керек. Биздин мамлекетке дал сиздей адамдар керек. Сизге ден-соолук каалайм.
Жаңыл. 05438113хх

Эмоцияга алдырбаган, министрлерди урушпаган, элге чындыкты айткан, бирок 50% гана. Элге тартипти, мыйзамды Сталиндей орнотсо элинин ишеничин актаар эле.
Нургазы 07773717хх

Бакиев накта кыргыз мүнөз, бирок Кыргызстанда кыргызча сүйлөп, иш билбеген чиновниктерди орусча тилдесе болмок, ошондо оңолобуз.
07727215хх

Бакиевди эртерээк кетирбесек, оңолбой калдык.
Таалай. 07772 793хх

Курманбек Салиевич бир нерсени жакшы айтып келе жатып эле башкага өтүп кетет экен. Минтип олтурса министрлердин деле башы айланып калат го. Конкреттүү маселелерди так-так айтсаңыз, урматтуу президент

0773 72 83хх

Башкасынын баарына ыразыбыз. Эл башкарам деп эл башына келдиңизби, анда элди жарыксыз олтургузбаңыз. Эмне үчүн электр энергиясынын, суунун башкаларга сатылып жаткандыгын билип туруп унчукпай койдуңуз эле. Колуңузда баары туруп, ушундай сатанчаак жетекчилерге алыңыздын келбегендиги-бул сиздин чабалдыгыңыз.
07727293хх

Ак көңүл, баарына бирдей мамиле жасаганга аракет кылат. Бирок ар бир кимдин көз карашы ар кандай. Ким сизди андай эмес десе аларга көңүл бурбаңыз.
0772 40-70-хх




  SMS-Асман

Окурман, кимдир бирөөгө жалындуу сөздөрдү айткыңыз келсе, жүрөгүңүздү өйүгөн маселе же түшүнүксүз суроо болуп, сизди санаага салса, анда биз менен байланышып, SMS-Асман рубрикабызга Уюлдук телефонуңуздан 1032 кыска номерине А3 деген белгиден кийин аралык (пробел) калтырып, СМС-билдирүү жөнөтүңүз.
Кызматтан Bitel, Mobi, Megakom, Fonex, Katel, Nexi операторлорунун абоненттери колдоно алат.
Техникалык жардам: 0 312 684438
Мыкты SMSке атайын белегибиз бар. Эгер абонент алыста болсо аны убара кылбаш үчүн абоненттин балансына 100 сом которобуз.

А-200. Чолпон Баекова Аскар Акаевге жол ачып берген, үчүнчү жолу президент болууга. Анан кантип анны партияга киргизип, креслого олтургузуп коюшту?
07776495хх
А-201 . Сүйдүм сени башка кызды карабай,
Сүйдүм сени жаш жүрөгүм жаралай.
Азап тартып, сени ойлодум зарыгып
Айыкпаган жүрөк дартка кабылып.
07735441хх
А-202 . Курултайда Атамбаевге тийиштик кылгандарга таң калдым. Оппозиция фронту ээрчибей, Алмаз байкени ээрчигенде бүгүнкү кырдаал болбойт эле. Курултайда деле СДПКлар көпчүлүктү түзүп турду го?
Майрамбек. 07739086хх
А-203 Чынара Капарова супер ! Лучшая из лучших!!!
05552348хх
А-204. Асманчылар, силерди ар дайым окуйм жана сыйлайм. Мага силердин тележылдыздар туурасындагы жазганыңар абдан жагат. Эмкиде Асел Эшимканова туурасында жазгылачы, абдан суранам. Асел эже менин кумирим.
Даниелла.
А-205 . Темир Сариев өзүнүн билимдүүлүгүн, интелектууалдык деңгээлинин бийиктиги жана жогорку жөндөмдүүлүгү менен башка саясатчылардан айырмаланып турат. Эл жүгүн көтөрчү адамдардан.
Алтынбек
А-206 . Өмүрбек Текебаев жылдын эң мыкты адамы.
07777706хх
А-207 . Өмүрбек Текебаев жылдын эле эмес, кыргыз үчүн кылымдын мыктысы болот.
0773 14 00хх
А-208 . Мыктылардын мыктысы биздин Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Урмат Барктабасов байкелерибиз.
0777 64 40 хх
А-209 . Көп жылдан бери көрбөй, тааныбай калса да, Уран акеге салам.
Гүкү
А-210 . Белек, я тебя очень люблю. Хочеться чтобы ты на веки был мой.
Айка
А-211 . "Бйилик мамлекетти тутумдаш кризиске жеткирди" деген А. Жекшенкуловдун айткандарында көбүрөөк чындык бар. "Досумсуң, бирок чындык улуу" дегендей чындыкты гана айтсак эл ишенет. Эл деген баарына тараза да. Калп эле бул жерге келип бирди сүйлөп, ары барып бирди айткан саясатчылардын деле кандай атка конгондугуна күбө болуп эле жатпайбызбы. Андыктан Аликбек мырза чындыктан тайбаса лидер катары алдыга чыгаарынан шек жок.
Акылбеков Искендер. 055592хххх
А-212 . Кээ бирөөлөр Турсунбай Бакир уулу Нурлан Мотуевге кошулуп, саясий рейтингин төмөндөтүп алды дешет. Бирок, мен ал пикирге кошулбайм. Ал мыкты, дасыккан саясатчы. Экөө да жөн бирикпесе керек. Балким, тандем түзгөндөр ушулардан үлгү алып калышаар.
Айжаркын 0555 76ххх
А-213 . Жаным Акмөөр, келе жаткан 11-декабрь туулган күнүң менен куттуктаймын. Мен сени аябай сүйөм жана жообун күтөм.
Манас
А-214 . Мен башка саясатчыларга караганда Турсунбай Бакир уулуна ишеним артам. Анткени, ал Кыргызстандын башына кара түн түшүп турганда, керт башынын кызыкчылыгын ойлобой генералдарды бошотуп келген. Ошондуктан Турсунбай Бакир уулуна кеч болсо да, "Эрдик" медалын ыйгарса болот эле .
Адилет 0772 01хххх
А-215 . Майрам Акаеванын маеги супер болуптур. Азаматсыңар, "Асман пресс"! Мен силерди ушундай жакшы көрөм. Эч ким сүйлөтө албагандарды сүйлөтүп, кызыктуу маектерди бересиңер. Ушунуңардан жазбагыла.
Окурманыңар Даниелла. 0555 6734хх
А-216 . Шириндин ширин маегин окуп ыраазы болдум. Өзгөчө биринчи орунда үй-бүлө турушу керек дегени азыркы балдарын карабай эки жакта жүргөн кыргыз аялдарына сабак боло тургандай болуптур. Аял деген үйдүн көркү да.
Кадыраалы, Тоң району, 0772 35хххх
А-217 . Жанагы Балкыбеков дегенди башка орунга коюп койбой жоопкерчиликке тартыш керек болчу. Жок дегенде свети жок үйгө бир ай камаш керек!!!
Э.Садиева













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan