Ак бата
Кыргыз жаштарынын I Улуттук Кенеши деп уул-кыздарыбыз Бишкек шаарында жыйын өткөрүштү деген кабар калк арасына тарады. Биринчи жолу болубатат. Элибиздин келечек ээлеринин тарыхий тагдырга тийиш талуу маселеге батынгандыгын көңүл сыртында калтырууга болбойт.

Байыркы бабаларыбыздын заманында калың эл чогулуп чоң кеңеш өткөрүп, Манасты хандыкка жаштар сунуштап, карылар, билгилер жетине албай ыраазы болуп дуу көтөрүлө колдоого алышкан. Ошол замандагы түпкү тегибиздин тектүүлүгүнө, нарктуулугуна таазим!
Даана улуулуктардын улантылбай калышынан-кыргыз тагдырындагы тарыхий армандардан элибиз арыла турган кез келди. Улуу ишке улуулук, терең ишке тереңдик керек экендиги эч качан эсибизден чыкпасын.
"Асыл таштан, акыл жаштан". Бул тек гана сөз эмес. Өнүгүүнүн табигий мыйзамы ушундай. Эски эскирип өтүшүп кетсе өзөгү соолуйт. Өз учурунда өзгөрүлсө өнүгүү уланат.
Жаштарыбыз кеңеш куруп, акыл калчап, "Кыргыз жаштарынын Улуттук Биримдиги" деп, мындан ары ушул аталышта иш жүргүзөлү деген тыянакка келишиптир. Өтө чоң жоопкерчилик. Аталыштын өзүндө айтылып туру.
Кылымдар бою калыптанып өнүккөн каада-салттуу нарк-дөөлөттүү кыргыз элинин соңку тарыхында улутубуздун улуттуулугу жукарды. Өзөгүнө зак кетти. Тамырынан тайып баратат.
Он сегиз миң ааламдагы жандуу жансыздардын баары өзөгүнөн кубат алат, өзөгүнөн өнүгөт. Өзөгү күчтүү болсо, өсөрү күчтүү. Түпкүрү түптүү болсо түпкүлүгү күчтүү. Өзөккө кубат жалгоо, үзүлгөндү улоо, элибиздин элдигин, улутубуздун улут касиетин сактоо, өнүктүрүү-тарыхий зарылчылык.
Азыркы алсыраган абалында, эне тилин, дилин жээригендер көбөйүп аткан абалда ааламдашуу агымына, маалыматтык психологиялык деп аталган ашынган амалкөй үчүнчү дүйнөлүк согушка кыргыз туруштук бере албайт. Муну жаштарыбыз туйган экен.
Алды жагындагы муун башкача баалуулуктар таңууланган заманда жашап, улуттук туюм-сезими мокоду. Жаңы күч керек. Ошол күч, ошол үмүт "Кыргыз жаштарынын Улуттук Биримдигинде". Аны колдоого алуу-Кыргыз болуп туулуп, кыргыз бойдон өмүр сүрүп, кыргыз келечегине кайдыгер эмес ар бир атуулдун, жалпы баарыбыздын парзыбыз деген ойго келдик.
Эзелтеден элибиздин ниети, пейили Ак баталарда уюган. Жаштар, өркүнүңөр өссүн! Беттегениңерден кайтпагыла. "Кыргыз жаштарынын Улуттук Биримдиги" деп баштаган ишиңерге ак жол тилеп айтылчу Ак батабызга алакан жаялы:Карааныңар калың,
Катарыңар арбын болсун.
Жүзүңөр нурлуу,
Жүрөгүңөр сырдуу,


Түпкүлүгүңөр түптүү,
Өзөгүңөр күчтүү болсун.
Улут учугун улаган
Ишиңер ийгиликке толсун.
Араңар ачылбасын.
Кыргыз деген демиңер,
Эгерим басылбасын.
Бириңер онго,
Онуңар жүзгө татып,
Ой максатыңар жүзөгө ашып,
Ак дил аракетиңер,
Эл тагдырына эм,
Улутка уюткулуу дем болсун.
Оомийин!
Журт аталары, Кыргыз эл баатырлары Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуев
Өмүркул Дүйшекеев , профессор, илимге эмгек сиңирген ишмер
Сейит Жетимишов, классик акын Аалы Токомбаев, академик Болот Жунусалиев атындагы сыймыктардын лауреаты
Жакып Медетов, жазуучу
Рысбек Качкеев, Кыргыз Республикасынын атайын жана ыйгарымдуу элчиси
Балбай Алагушев, музыка изилдөөчү, маданиятка эмгек сиңирген ишмер
Кенжалы Сарымсаков, ардагер журналист
Дастан Сарыгулов, коомдук ишмер
Чоюн Өмүралиев, заман аалымы, жазуучу, публицист
Баяс Турал, акын, публицист, тарых изилдөөчү
Шайлообек Дүйшеев, кыргыз эл акыны
Азыкбек Оморов, "Чынгызхан" романынын автору, "Оргтехстрой" Ачык Акционердик коомунун Башкы директиринин курулуш боюнча орун басары.
Медер Итибаев, жаштардын устаты
Тезекбаев Кубанычбек, Улуттук философия таалиминдеги "Тай тебиш" федерация негиздөөчүсү
Урмат Барыктабасов, кыргыз деп күйгөн, алыста жүргөн атуул.

Элибиздин келечеги болгон жаштарга карата айтылган Ак батага кошулуп алардын ак тилек аракетин колдоого алып, айтар сөзүңөр, кеп-кеңешиңер болсо биздин редакциянын дареги:
Бишкек шаары, Интергельпо көчөсү 1/0.
Байланыш телефондор:
(0312) 933-622; (0543) 11-45-98.




  Көз караш

Гүлсина ажы Өмүрбекова
Кыргыз улуттук философиясы - байыркы жана бүгүнкү манас
Кыргыз улуттук философиясы - эң байыркы жана бүгүнкү даанышмандык окуу катары (как наука мудрости) ар бир доордо ар бир раса (периште, көлөкө сымал лемурий, атлант, арий рассалары) жаралган сайын, аларды коштоп, ал тургай утурлап, жаңырып, олтуруп, бүгүн да адамзаттын жаңы VI расасы - "Айя" (Дети Индиго) рассасынын жаңырышын утурлап, аны менен кошо жаңырып, жаралып, Жайсаң атанын Манас философиялык дастанынын башкы каармандарынын жана Манас атанын өзүнүн тирүү Рухунун информациялары менен Бүбү-Мариямдын колу аркылуу кагаз бетине түшүрүлүп, "Бийиктик" басмаканасында басылып, жалпы жутрка тарап жана ушу тапта орус тилиндеги котормосу дайындалууда.
Ошентип, ар бир доор, ар бир раса жаңырган сайын жаңырып, кыргыз элинин энчисине кайра айланып, төгүлө бериши - Табиятына нур сиңген нур тукум элдин - кыргыз элинин аң-сезим туюмунан гана түнөк таап гүлдөй ала турган - кыргыздын гана улуттук түпкү , түбөлүктүү философиялык илими экенин айдан ачык далилдеп турбайбы. Экинчиден жогоруда айтылгандай бүткүл адамзатты кучагына алган ар бир доордогу бүткүл адамзаттык рассалык жаңыруу менен кошо жаңырып, кайталанышы - бул Улуу Окуунун бир гана кыргыздын эмес, бүткүл адамзаттын аң-сезим, акыл-эс Окуу кенчи экенин айгинелейт.
"Манас" Кубулушу - жаттама эреже, динний үгүт эмес. Ал Теңирден ыроолонуп, табияттын, адамзаттын өзүндө жашап жүрүп олтуруп, анан дал ошол тирүүлүктүн өзүнөн алоолоп чыккан илим. Дал ушул себептен Улуу Теңирдин Бирдиктүү Күчүн (Самат Кадыровдун "Бирдиктүү уңгу талаасында" чагылдырылгандай) Ааламдагы туура жашоо салттарын бүтүндөй тирүүлүк үчүн мыйзамдуулугун - жөпжөнөкөй эле турмуштук окуялардын агымында эле тааныта алуучу кудуретке ээ-жанга шерик, канга сиңимдүү, акыл-эске жугумдуу, оңой жетүүчү ыр-дастан формасындагы, улуу чындыкты, калыстыкты, акыйкаттыкты, Бүт Ааламдык бирдикти даңазалап, алардын урабас күчүн далилдеген - Бүткүл Адамзаттык Улуу Практикалык Философиялык Окуу (т.е. Практическая философия всеге человечества). Улуулук күчү - жөнөкөйлүктө делет эмеспи элдик даанышмандыкта. Демек, "Манас" окуусунун эң бир кубаттуу тарбиялоочу күчү-анын жөнөкөйлүгүндө.
Мына ошондуктан, бүтүн дүйнөлүк илим жамаатын кызыктырган , өзүнө , дүйнөдө, теңдеш билбеген улуу сырдуу дастан бардык ири улуттардын тилдерине которулуп, ошолордун өз эне тилдеринде алардын турмуштук чындыгын чагылдыра дилдерин козгоп, көөдөндөрүндө уялап, өзүнүн бүткүл адамзаттык философиялык күчүн даңазалап, далилдеп кулач жайып келет. Бул гана эмес, "Манас" кубулушу - адамзаттын акыл чөйчөгүнө нур себелөө менен эле чектелбей , ал адамзатты акыл-эс катмарына жолдоого багытталган. кудуреттүү зор мектеп, Улуу Сырдуу Курал, Өткөөл Көпүрө, ал гана турсун "Манас" адамзатка түбөлүккө жол салган чексиз илим.
Ал эми "Манас" кубулушунун жандуу таасиринин шартында өмүр сүргөн эл-Улуу Ыйык Тоолор Эли (Дети Солнца-Дети Гуннов же Теңирий айкөлдүк касиетти карманып калган-Нур тукум эл) - Кыргыздар бул аалам Салтын даңазалаган кереметтүү Нурнааманы багып келген Тоо балдары - аны бүткүл адамзаттын акылына, сезим-туюмуна адамзаттык коомдук аң-сезим, акыл-эс уюткусу наркында жеткирүүгө милдеттүү. .. тагдырына кайра-кайра жаңырып, үзүлбөй өмүр улап, доор сайын кайталанганы бул милдет - ушул жарыктыкта аткарыла турган Теңирдин өзүнөн буюруп, кыргыз элинин жонуна артылган жүк, мойнуна илинген жоопкерчилик -бүткүл улуттук теңирий кызмат. (Урматтуу окурман! Бул саптарга ишенесизби же жокпу ал өз эркиңиз. Бирок, сиз кыргыз болгонуңуздан кийин өзүңүздүн улуттук акыл кенчиңизди билүүгө милдеттүүсүз. Андыктан "Манас" жыйнактарын айрыкча Жайсаңдын "Айкөл Манасын" окуп чыгып, терең ой жүгүртүп, акыл калчап көрүңүз. Бул учурда "мен кыргыз болуп жашап жатканыма сыймыктанам" деген сөздү айтаарыңызга мен кынтыксыз ишенем).
Ошентип тоо балдары - эң байыркы жана бүгүнкү түптүү эл-"Сырдуу Манасын" колго алууга милдеттүү. "Манас кыргыздын аң-сезим акыл эс нуру, улуттук белгиси.
Кээде гезит беттеринен "Кыргыз улут катары жүзүн жоготуп баратат"-деген саптарды окуп алып, -"кыргыз Улуу Сырдуу Манасыңды -акыл-эс уюткуңду колуңа ал"-деп бардык кыргыз шаарларынын чордондуу аянттарында жолдорунда, окуу жайларына, айыл кыштактарына лозунгулап илип чыккың келет. Чынында ушул кадамды жасоого мезгил тарабы түртүп жатат го дейм. Анткени, Манасатааным Илимин өтпөгөн кыргыз -кыргыз боло албайт экен. Ал өзүн улут катары эч качан таасын таанып-билип баалай албайт экен. Манас тааныбаган кыргыз - өз улутунун намысына туруп, берүүгө күч топтой албайт экен. (Жайсаңдын "Айкөл Манасында" кыргыз тарых санжырасы кыска жана нуска түрдө жеткире сүрөттөлгөн). Ансыз кыргыз Ата Салтын билбеген нарксыз, түпсүз, тексиз, түссүз, коркок калк болуп калаары ыктымал экен.
Тирүүлүктүн Ааламаралык жана Планетардык табыгый байланыш мыйзамченемдүүлүктөрү, анын ичинде атасалттын, улуттан гана эмес, адамзаттын өзүнөн да бийик турган улуу ордун бир дагы башка адабий же илимий булактардан. "Манаста" чагылдырылгандай деңгээлде жолуктура албайсың. Анан калса, дегеле дүйнөдө Манас атадай кулк- мүнөздүү, касиеттүү адам образы жарала алдыбы? Жок!!! Ата-Салт-бул улуттун ар бир өкүлүнө жашоонун туура жолун көрсөтүп, анын жүзүн жаркыратып, таанытып, -кадыр-баркын, атын көтөрүп туруучу жандуу, кудуреттүү түптүү, тирөөч жана билим (Наука жизни). Улуттук ураанын ата-салтын билбеген улут өкүмү - ал орунсуз мокок, коркок, кошоматчы, изсиз, атсыз, арсыз көрпенде, керек болсо-ал эч ким эмес. Демек, кыргыз улут катары - Манасы менен гана аттуу, баштуу, нарктуу, издүү, илим, билимдүү кыргыз.
(Уландысы бар)














Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan