элдик медицина

Жалпы ой каккан мык
Эмилбек Каптагаев, "Улуу Биримдик" улутчул-демократиялык партиясынын лидери:
"Адегенде өлкөдөгү демократиялык мүнөздөгү саясий процесстердин калыптанышына
шарт түзүп алалы"
Өлкөдө абал өтө эле оор болуп калды. Азыр өлкөдөгү абалды кризис деп мүнөздөө өтө жумшак болуп жаткандай. Бул жерде кыргыздын бүлүнүү, кыйроо, талануу деген сөздөрү так аныктама бере турган. Кыргызстан мезгили менен болуп туруучу кризиске эле кабылып жаткан жок. Өлкөбүз бүлүнүп жатат, талкаланып - кыйрап жатат, талап-тонолуп жатат. Мындай кыянатчыл саясаттын запкысын азыр ар бир үй-бүлө тартууда. Коомдук Парламенттин өткөн жыйынында Топчубек Тургуналиев айтты го, "Эл мурдагы бийликти сындап келген болсо, азыркы бийликти каргап жатат" - деп. Бул турмуш чындыгы.
Ушул жагдайдан алганда азыр бүтүндөй эл оппозиция болуп калды. Эл ичинде нааразычылык абдан чоң. Бирок саясий активдүүлүк төмөн. Нааразы болуу, кыжырлануу бар, бирок абалды өзгөртүүгө карай жалпы умтулуу жок, саясий жигердүүлүк жок. Эл азыркы саясий режимге макул эмес. Бирок, эл туңгуюктан чыгуучу жолду көрө албай турат. Биздин Курултайдын негизги максаты элге ошол жолду ачып көрсөтүү деп ойлойм.
Ооба, бүгүн көптөгөн мекендештерибиз оппозициялык саясий күчтөрдү колдоп чыгууга макул. Бирок кооптонуу, ишенбөөчүлүк бар. Көкүрөк муштап - Эл деп жүрүп эле бийликтин колтугуна кирип кеткендери канча. Эл ичинде "азыркы оппозиция деле кызмат берилсе басып кете берет, аларга бийлик эле керек, элдин тагдыры, карапайым калктын турмушу алар үчүн жөн эле саясат оюну" - деген сөздөр айтылып эле жүрөт, аны барыбыз эле угуп жүрөбүз. Ушул залда деле ушундай ойдогу адамдар бар. Бирок, мындай пикир үчүн элге нааразы болууга биздин акыбыз жок. Ниеттин тазалыгына, максаттардын актыгына кепилдик талап кылышка элдин толук акысы бар. Бүгүн биз элди ишендиришибиз керек. Эң негизгиси, оппозиция лидерлеринин инсандык жоопкерчилигин так көрсөтүшүбүз зарыл. Мына ушул шартта гана элде ишеним пайда болот, эл колдойт, өлкөнүн келечегин ойлогон конструктивдүү күчтөрдүн биригүүсүнө өбөлгө түзүлөт.
Эгерде ушул саам дагы арабыздан ала чыгып, ичибизге кирип алган бирин-эки мансапкор көрпенденин кесепетинен алдыга койгон максаттарга жетпей, өксүп кала турган болсок, анда мындан ары мамлекет, улут, келечек жөнүндө сөз кылуунун кереги жок болот. Биз, кылымдарды карыткан Улуу Кыргыздын тукумдары, майдаланып, ачкөз, коркок, ичи тар, күнкарама, кошоматчы, мансапкор болуп калганыбызды дүйнө коомчулугунун алдында моюнга алышыбыз керек да, кара курсактын камын көрүп, ар кимибиз ар жакка тарап кеткенибиз жөн. "Отун албаганга от жактырба" деген сөз бар. Биз, азыркы муундун өкүлдөрү, мамлекеттин көз карандысыздыгы, улуттун эркиндиги үчүн күрөшкөн жокпуз, кан төккөн жокпуз, эркиндиктин азабын да, тозогун да көргөн жокпуз. Союз ыдырап кетип эле Кыргызстан эгемендүү мамлекет болуп калды. Ошол себептен улам биз мамлекетти барктай албай калдык окшойт. Он жети жылдан бери мамлекеттик жана коомдук түзүлүштү түптөй алган жокпуз. Натыйжада, сөздүн нак маанисинде бүгүн бизде мамлекет жок. Мындай айтып жатканымдын себеби - түпкүлүктүү мамлекетте мыйзамдуулук өкүм сүрөт, мыйзамдын бийлиги орнойт. Ал эми бизде болсо - криминалдашкан бандиттик башкаруу менен бийликтин мыйзамы орноп калды. Конституция баш болгон мыйзамдар бүтүн бойдон бир үй-бүлөнүн гана кызыкчылыгын коргоп турат. Милициясы да, прокурору да, соту да Акүйдүн айтканын айткандай, дегенин дегендей аткарат. Даттанып барар, калыстык - акыйкаттык табар жериң жок. "Кайда барсаң мамайдын көрү" - деген заман. Өлкөдө мыйзам чегинен сырткары турган бийлик системасы калыптанган. Анын башкаруу рычагдары бир гана кишинин колунда. Мындай - конституциялык укукка негизделбеген башкаруунун пайда болушуна үч негиз бар:
Биринчиси, укук коргоо органдарынын, соттордун жана мамлекеттик башкаруу системасынын жеке адамдын саясий кызыкчылыгына баш ийдирилиши. Мындай шартта милиция, прокуратура жана соттор өлкөдөгу мыйзамдуулукту сактоонун ордуна бийликтеги кландын гана саясий жана экономикалык кызыкчылыктарын коргоп калат, анын колундагы куралга айланат.
Экинчиси, бийликтин криминалдык чөйрө менен чырмалышып калышы. Мындай шартта криминалдык чөйрөнүн коомдогу таасири күчөйт, алар өлкөдөгү саясий маселелерди чечүүгө жана менчикти кайра бөлүштүрүүгө активдүү катыша баштайт.
Үчүнчүсү, элдин мамлекеттик бийликтен четтетилиши, бийликтин үстүнөн элдик көзөмөлдүн жок болушу. Мындай шартта бийликтин өзүм билемдиги күч алат, бийликтеги адамдар жазадан коркпой калышат, жарандардын саясий жана экономикалык укуктары тепселет, шайлоо өз маанисин жоготот, добуш берүүнүн жыйынтыктары караөзгөйлүк менен бурмаланат.
Мына ушул үч көрүнүш дат сыяктуу мамлекеттүүлүктүн өзөгүн жеп, ичинен чиритип, элдин укуктук аң-сезимин бузуп, өлкөдө үйбүлөлүк кландын башкаруу режиминине өбөлгө болуп турат.
Эгерде биз азыркы бийлик системасын жойгубуз келсе, анда аталган үч көрүнүштү терең изилдеп, аларды түп тамырынан бери жок кыла турган иш аракеттерди жасашыбыз керек. Административдик ресурс деп аталган нерсени жеке адамдын саясий жана экономикалык кызыкчылыгына пайдаланууга жол берилбей, буга конституциялык тыюу салынышы керек. Эгерде ушуну жасай алсак, анда мамлекет мамлекет болуп калыптанып кетет. Жасай албасак, анда улам кийинки президент бийликти, аны менен кошо өлкөнүн бүтүндөй байлыгын ээлеп алуунун аракетин кыла берет.
Урматтуу делегаттар,
Учурда өлкөдөгү саясий кырдаал өтө опурталдуу абалда турат. Аны өзүңүздөр деле баамдап жатсаңар керек. Саясат таанычулардын божомолунда, абалдын курчушу менен мындан ары карай саясий окуялар төмөнкү үч багытта өнүгүшү ыктымал:
Биринчиси, бийлигин жоготуп коюудан жүрөгү түшкөн Президент калпыс чукул чараларды колдонууга барат. Бийлик кланы тарабынан оппозиция лидерлери жок кылына баштайт же жасалма айып тагуу менен соттолот, провокациялык жол менен өздөрү уюштурган башаламандыктарга шылтоолоп көптөгөн адамдар камакка алынат, элге каршы курал колдонулат, өлкөдө граждандык жана саясий укуктарга чек коюлат, үйбүлөөлүк кландын диктатурасы орнойт.
Экинчиси, коомчулуктун кысымы аркалуу Президент Жогорку Кеңешти таркатууга мажбур болот, элдин ишенимине арзыган Өкмөт түзүлөт, жаңы Өкмөттүн башкаруусунда саясий система реформаланат, шайлоолор өтөт, бийлик системасынын легитимдүүлүгү калыбына келтирилет, жеке бийликке чек коюлат, өлкө кайрадан демократиялык өнүгүү жолуна түшөт.
Үчүнчүсү, элдин нааразычылык акцияларынын кысымы менен Президент Акүйдөн чыгып кетүүгө мажбур болот, бийлик бириккен оппозициялык күчтөрдүн колуна өтөт, кыска өткөөл мезгилден кийин өлкөнүн саясий системасы өзгөртүп түзүлүп, жаңы легитимдүү бийлик орнотулат, өлкө кайрадан демократиялык өнүгүү жолуна түшөт.
Саясий окуялар ушул үч сценарийдин кайсынысы боюнча кетет, кандай багытта өнүгөт? Бул болсо оппозициялык күчтөрдүн биримдигинен, ички уюшкандыгынан, жигердүүлүгүнөн, жер-жерлердеги коомдоштуктардын жалпы кыймылга кошулушунан жана башка көптөгөн факторлордон көз каранды.
Биз үчөөнө тең даяр болушубуз керек. Айрыкча биринчи сценарийге. Окуялар дал ушул биринчи сценарий боюнча кетүүсү ыктымал экендигин үстүбүздөгү жылдын апрель айындагы Түптөгү окуялар көрсөттү. Ага бардыгыңыздар күбө болдуңар. Каркыранын жери менен төрт пансионатты Казакстанга өткөрүп берүүгө каршылык көрсөтүп жөө жүрүшкө чыккандарга карата бийлик тарабынан өтө залим провокациялык план камдалганы айгине болду. Даярдалган сценарий боюнча ал жерде чоң жаңжал чыгып, балким кай бир адамдар зыян тартып, чыгым да болуп кетиши керек эле. Ошонун шылтоосу менен лидерлер камакка алынмак. Ал күнү бийликтин провокациялык акциясы ишке ашпай калды. Оппозициянын лидерлери абалды туура баамдоо менен акцияны токтотуу тууралуу өз убагында чечим чыгарышып, акциянын 500 гө жакын катышуучусу тарап кетүүгө үлгүрдү. "Жумуртка урушу" деген ат менен тарыхта кала турган бул окуя азыркы учурда саясий ишмерлик - бул жашынмак ойноо эмес экендигин, азыркы бийлик ээлеринин моралдык принциптери таптакыр башка экендигин, полициялык куугунтуктоо жана жазалоо методдору азыркы күндүн реалдуу фактысы экендигин далилдеп койду.
Саясий күрөшкө белсенген ар бир инсан муну түшүнүшү керек, буга даяр болушу керек. Ал эми бийлик болсо даярданып жатат. Мугалимдердин акчасын бере албай жатып митинге чыккандарды кубалоо максатында 3 суу аткыч кымбат машина сатып алды, курал жарактарды даярдап жатат, Бишкекке милиция батпай кетти, президенттин жан сакчыларынын саны кескин көбөйтүлдү.
Коркуп жатышат. Бирок ошол бийлигин, аны менен кошо үч жылда топтоп алган байлыгын жоготуп жиберем деп корккон президент өзүнүн акыл-эсин да жоготуп жибериши мүмкүн. Ошондуктан азыр андай болбойт, мындай болбойт деп айтыш кыйын. Мурдагы президент эл алдында жоопкерчиликтен корккондугунан качып кетти. Бул президентибиз болсо "коркпойм, качпайм, керек болсо автомат алып атышам" деп жатат. Ал эми милиция, прокуратура жана соттор болсо мыйзамдуулукту коргоонун ордуна, үйбүлөлүк кландын бийлигин коргош керек деген жалган түшүнүктүн туткуну болуп калышты. Өзүбүздүн саясий иш аракеттерибизди пландап жатканда бул факторду да эске алганыбыз жөн.
Мына ушундай шартта азыркы бийлик системасына карата оппозициялык маанайда жүргөн адамдар бири бирин жактырбай, күнүлөштөрдөй болуп ыркырашып, себеби бар болсо да, жок болсо да кагышып турганы туура эмес деп ойлойм.
Оппозициялык майданды эч ким менчиктеп алган эмес. Бул чындык менен эсептешпей коюуга болбойт. Азыркы бийлик жүргүзүп жаткан саясатка макул эмес ар бир киши өзүн оппозиционермин деп эсептейт. Ошондуктан "ал анын куйругу, бул мунун куйругу" деп чукулап олтурбай, бир максатты көздөгөн прогрессивдүү күчтөрдүн кеңири коалициясын түзүү аракетин жасаганыбыз оң. Азыр Акаевге, же Бакиевке кандайдыр бир жагы менен байланышы болбогон, алар менен кызматташ болбогон, жөнөкөй сөз менен айтканда "куйрук же куйрукча" болбогон адамды табыш кыйын. Акаевчилер же Бакиевчилер деп бөлүү да мүмкүн болбой калды. Акүйдүн жетинчи кабатында президент, премьер, вице-премьерлер, администрация башчысы баш болушуп - бүт эле убагында Акаевдин көздөй ишенген кишилери отурушат. Бул жагын карасак, Бакиевдин бийликке келишине жана анын үйбүлөөлүк бийлигинин орношуна тикелей катышып, эмгеги сиңгендер азыр өз жаңылыштыгын түшүнүп, анын чыныгы жүзүн көрүп, ачык эле ага каршы болуп жүрүшөт. Өлкөбүз алакандай эле. "Эки кыргыз сураша келсе таяке - жээн чыгат" деген макал бекер айтылган эмес. "Жер тамырынан эл тамыры көп" - дейт. Бизде баары чырмалышып калган.
Менин бул жерде айтайын дегеним - биз бүгүн ажырым чыгара турган жагына эмес, бөлүнө-жарыла турган жагына эмес, биримдикке алып бара турган жагына оодарылсак. Өткөн таржымалына карата эмес, алдыга койгон максаттарга карата бириксек, улуттун кызыкчылыгына ылайык түзүлгөн жалпы саясий платформаны кармансак. Бири-бири бизди уга билсек, түшүнүүгө аракет кылсак, ажырым пикирибиз болсо сыйласак.
Өзүңөр билгендей кабыл алынган стратегиянын ийгилиги үч элементтен көз каранды:
Биринчиси - туура максат;
Экинчиси - туура жол;
Үчүнчүсү - туура аракет.
Бүгүнкү күндө мен билген оппозициялык күчтөрдүн бардыгынын максаты бир - бул азыркы түзүлүп калган үйбүлөлүк башкаруу системасын жок кылуу, өлкөнү демократиялык өнүгүү жолуна кайтарып алып келүү, адилеттүү, акыйкат, калыс мамлекеттик бийликти калыптандыруу, бийликтин эл алдында жоопкерчилигин камсыз кылуу.
Бул туура максат, улуу максат.
Ал эми максатка жеткирүүчү жол тандап алууда, аракеттерди жасоодо айырма бар.
Азимбек Бекназаров башында турган Элдик революциялык кыймылы бийликтин ажыдаарын түз эле кекиртектен алып, башын жулуп алуу керек деп жатышат. Антпесе система оңолбойт дешет. Мындай позицияны түшүнсө да болот, сыйласа да болот, ага кошулса да болот.
Социал-демократтар болсо бийлик ажыдаарын камалап отуруп жардын кырына жеткирсек, андан ары өзү кулап кетет деген пикирде. Жардын кыры - бул эмки президенттик шайлоо. Бул позицияны түшүнсө болот, бирок кошулуу кыйын. Анткени азыркы бийликтин колунда шайлоо деген оюнчук кандай чимириле турганын баарыбыз көрдүк. Шайлоо элдин эркин билдирүүчү инструмент катары жок болду, талкаланды.
Ал эми тилектештик Меморандумуна кол койгон бир топ саясий күчтөр болсо - койгон максатка жетүүчү жолду тандап алуу саясий кырдаалга жараша болсо деген ойду айтып жатышат. Эгерде кырдаал туура келип калса "Кетсин!" деген ураанды да көтөрүп чыгуу мүмкүнчүлүгү четке кагылган жок. Бул позицияга дагы кошулса болот, түшүнсө болот.
Жакында болгон өлкөнүн саясий турмушундагы эң маанилүү окуя - бул прогессивдүү саясий күчтөрдүн Тилектештик меморандумуна кол коюшу жана Кыргызстандын саясий системасынын жаңы Концепциясынын макулдашылган вариантынын даярдалышы. Бул меморандумга "Улуу Биримдик" улутчул демократиялык партиясынын атынан мен да кол койгом. Бул жерде айта кеүүчү нерсе - өздөрүн улутчул катары баамдап жүргөн саясий партиялар менен коомдук уюмдарда өлкөнүн мамлекеттик жана коомдук түзүлүшү боюнча иштелип чыккан даяр концепциялар бар, жаңы Конституциянын долбоору да бар. Бирок, биз азыр Коомдук Парламент тарабынан колдоого алынган Концепцияга кошулуп жатабыз. Анткени, улуттун кызыкчылыгы ушуну талап кылат. Азыр бизге ынтымак керек. Биз адегенде өлкөдө демократиялык мүнөздөгү саясий процесстердин калыптанышына шарт түзүп алалы, азыркыдай кыянатчыл бийлик системасын жок кылалы. Анан, өлкө демократиялык нукка түшкөндөн кийин, өз ойлорубузду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү болот деп терең ишенебиз.
Сиздердин карооңуздарга коюлуп жаткан негизги маселе - бул оппозициялык күчтөрдүн биригүүсүнүн саясий платформасы. Эгерде өлкөбүз таланып, тонолуп, таптакыр кыйрап калбасын десек, анда анча мынча пикир келишпестиктерди эске албай, жеке амбицияларды токтотуп, өз ара таарынычтарды унутуп, регионалдык же башка негиздеги өксүк ой жүгүртүүдөн арылып, келечек үчүн аракеттерибизди бир саясий платформанын негизинде бириктирүүгө мезгил жетти. Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгармайын азыркы бийлик ажыдаарынын башын жула албайбыз.
Улуу Келечек үчүн Улуу Биримдиктин мезгили келди.
Мекенибиз - Алатоо!
Урааныбыз - Манас! - деп биригели, урматтуу мекендештер.












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan