Көрүнбөй кайда кеттиңиз?

Роза Аманова, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти:
"Менин азан чакырып койгон атым - Ырыс"

Биз бул жолу дастандарды айтып, элдин жүрөгүнөн орун тапкан,обон созсо уккан адамдын жан дүйнөсүнө сезим жаккан, кыргыздын улуттук колоритин сактап, чет мамлекеттерде да кыргыздын жүзүн тааныткан, көчмөн кыргыз журту кылымдарды карыта жадымында баккан кыргыз салттуу музыкасынын алып жүрүүчүсү, искусство таануу илимдеринин кандидаты Роза Аманова менен ой-бөлүштүк.

- Роза эже, эмнегедир акыркы убактарда сахнадан көп көрүнбөй калдыңыз. Педагогдук кесип менен алектенип, чыгармачылыкты экинчи планга таштап койгон жоксузбу?
- Бу жарыкчылык дүйнөгө ар бир инсан өз вазийпасын өтөөрү үчүн келээри белгилүү эмеспи. Бири окумуштуу, бири врач, бири мугалим дегендей…Тагдыр мага улуулардан калган, улуттун өзөгү болгон кыргыз салттуу музыкасын сактоо, өркүндөтүү жана изилдөө багыты боюнча иш алпаруумду буюрса керек. Аткаруучулук менен башталган кесибим, илимий-теориялык маселелерге багытталып, практикалык иш алпаруум мугалимдик кесипти аркалоого алып келди. Бул иш-чара чыгармачылыгымды ар тараптан өнүктүрүүө чоң салымын гана кошпостон, мени келечек муундарды тарбиялоодо өзгөчө жоопкерчилигимди арттырды десем туура болоор.
Тарыхты карасаңыз өзүңүз да күбө болосуз, өнөр адамдары өзү улуу устаттарга шакирт болуп, эгер тагдыр маңдайына жазса өзү да устат болгон. Токтогул Ниязаалыны устат күтсө, өзү Калыктай, Алымкулдай, Корголдой, Атайдай шакирттерди тарбиялаган. Ал эми Калык атабыз Каракунан, Сарыкунандай дастанчыларды тарбияласа, Алымкул атабыз Эстебестей залкарды тарбиялаган, Атай атабыз Мейилкандай комузчунун багын ачкан. Бул көзмө-көз тарбиялоо, өзгөчө мектеп экендигин эске салгым келет же башкача айтканда муундан муунга өтүп келе жаткан улуу өнөрдүн бирден бир сыры да устат-шакирт мектебинин таасири деп ойлойм.
Эгер жараткандан берилген өнөр адамынын таланты, табийгаттын колдоосуна татып (өң-келбет келишкен болсо), терметкен өнөр бешигинин ээси, мындайча айтканда, таптаган устатты тагдыр туура жолуктурса, ошол өнөр адамына кудай таалам эмгекчилдикти ыроолосо тарыхта кала турган улуу өнөр инсан болооруна шек cанабайм. Ушул жерден пайдаланып айткым келет, совет доорунун залакасы менен кылымдардан келген устат-шакирт мектебин жоготтук. Баарыбыз диплом алууну максат кылып, музыкалык жактан европалык жазма маданияттын даяр окутуу системасына өтүү менен өзүбүздүн каныбызга сиңген айтуучулук (манасчы, акындар), аспапчылык (кыл кыякта, комузда, үйлөмө, урма аспаптарда ж.б.), аваздык-аспапчылык (ырчылар) өнөрканабыздын улантылышы солгундап, ал гана турсун кечээ жакында гана улуу устаттардын, Болуш Мадазимовдун, Асек Жумабаевдин, Эстебес Турсуналиевдин, Ашыраалы Айталиевдин дүйнөдөн өтүшү кыргыз салттуу музыкасынын тамырына доо кетеби деген коркунуч алып келет. Өнөр адамдарынын сандыгы ачылбай өзү менен кошо кетип жатат. Себеби, бул улуу устаттардын билгенин биз жетишерлик түрдө сактап кала алган жокбуз. А ХХ кылымда эмне деген залкарлар кетти, кана ошолордун окутуу өнөрканасынын сакталганы.
Бирин-экин телевидениедеги, радиодогу жазылмалар аздык кылат. Бул маселелердин этномузыковедениедеги илимий-теориялык изилдөө иштери али да чагылдыра электиги өкүндүрөт. Бул чоң маселе. Кийин убакыт болсо кененирээк сүйлөшөөрбүз. Менин мугалимдик кесипке келишим илимий диссертация жазуума эң бир чоң түрткү берди. Алматы мамлекеттик Курмангазы атындагы консерваториясында "Казак жана дүйнөлүк музыка" кафедрасында казак салттуу музыкасынын сакталышына, өнүгүүсүнө өзгөчө кызмат кылган, тээ совет доорунун далай таягын жеген "улутчул" казак атанган Ахмед Жубанов баштаган улуу көчтү улаган Асия Мухамбетова, Саида Елеманова сыяктуу улуу инсандардан сабак алуум мени өзгөчө шыктантты. Профессор, искусство таануу илимдеринин кандидаты Саида Елеманованын жетекчилиги астында "Кыргыз элдик-кесипкөйлүк ырчылык өнөр" аттуу илимий ишим кыргыз салттуу музыкасын изилдөөдөгү бир тамчы гана экендигин айта кетким келет.
- Өнөрдү бардык эле адамдар бага албаса керек. Биздин кыргыз элинде өнөрдү баалоо деген нерсе жоголуп бараткандай. Биз эмнеден уттуруп жатабыз?
- Туура, биз өнөрдү алып жүргөн адамдардын мектебин сактап гана калбастан, эл, мамлекет камкордук көрүш керек. Социалдык абалыбызды оңдой албай жатып, аткаруучулардан эмнени талап кылабыз? Ырчы, биринчиден, эл үчүн кызмат кылаарын сезиш керек, а бизде тескерисинче, ырчылар жан багыш үчүн көрүнгөн концертерде ырдашат. Сиз айткан өнөрдү багуу маселеси жогортон чечилсе, аткаруучуларга талап коюу да жөндүү болмок, азыркыдай баш-аламан заманда сахна төрүн көчөдөн келген, компьютердин, визажисттердин жардамы менен тележылдызга айлангандардын арасына баргандан өзүң уяласың. Комуз кайрып, дастан айткан аткаруучуларды улуу гана муун угуп, а жаштарыбыз жаңы замандын шаанисинде. Бүгүнкү жаштар эртең өздөрү улуу муундун өкүлдөрүнө айланаарын эстерине алышаар бекен.
- Салттуу музыканын атайын концерттери дээрлик болбой да калды… Мунун арты эмне болоор экен?
- Жана да, менин кейигеним, азыркы жаштар ырды, обонду жараткан кишилерди аташпайт. Бирөө "Таласым" деп ырдап жатат, ушундай сонун чыгарманын автору ким экендигин айтышпайт. Мына ошондуктан улуу муундардын аты өчүшүнө биз өзүбүз кандай салым кошуп атканыбызды түшүнөбүзбү, башка бирөө келип, мыкты чыгармалардын жаратмандарын-авторлорун айтпагыла деп жаткан жери жок го? Эгер ар бир аткарган чыгармалардын авторлорун айта кетсек биринчи жолу укканда эстеп калбаса да жыйырманчы, отузунчу жолу укканда эстеп калбайт беле?
2004-жылы Кыргыз музыкасынын тарыхында биринчи жолу "Салттуу музыка: тарыхы, өркүндөтүү жана сактооо маселелери" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өткөргөнбүз. Ошондон бери 25-апрелди кыргыз салттуу музыкасынын күнү деп белгилеп жүрөбүз.
- Эже, чыгармачыл адамдар көралбастыкка көп тушугушат эмеспи. Сиз да көралбастыктын туткунуна кабылган жоксузбу?
- Көралбастык эмне үчүн болот? Көралбастык ар бир адамдын деңгээлине жараша... Алдына койгон максаты ченелүү гана болуп, өзүнүн күчүнө ишенбеген маалда ичи тардык сезимге кабылышы мүмкүн. Өнөр деген кең дайра. Ал чалкыган деңиз, океан. "Тагдырда мезгил деген гана көралбастыкка жеңилүү мүмкүн деп эсептейм.
- Сиздин үнүңүздү, стилиңизди туурагандарга кандай карайсыз?
- Башталгыч маалда туурап ырдоону мен дилгирленүү, аракет кылуу деп түшүнөм. Убагында биз да туурап ырдаганбыз. Бала кезде өзгөчө жакшы ырчыларга таасирленип, окшошкубуз келчү. Өзүңдүн ордуңду искусстводон издей баштаганда тууроо өзүнөн-өзү калып калат. Мен деле бала кезден Эстебес агайларга таасирленип, Замирбек агайды туурап ырдагым келчү.
- Чоң сахнага кантип чыгып калдыңыз эле?
- Мен беш жашымдан баштап, комузду кандай кармоону, шилтемдерди үйрөнүп баштагам. Таятам Чоңмурун деген сологой комузчу Токтогул атанын шакирти болгон. Анын эң улуу кызы Маржанкүл менин таенем болгон. Мага эне мээримин төгүп, апа болуп чоңойткон. Таятам каза болуп калганда бир үйдө экөөбүз эле калганбыз. Ал кезде мен беш жашта экем. Бар билгеним комуз болуп, комуз чертип, ырдашыма апам бирден- бир себеп болгон. Көрсө, баардык улуу иштин баары ата-эненин төрүнөн, үй-бүлөнүн коломтосунан, очоктон башталат тура. Алгачкы жолу филармониянын чоң сахнасына 14 жашымда чыктым.
- Кайсы акындар менен иштешесиз?
- Менин жаңы чыгармаларымдын бири "Мен да сенин таалайыңа жазылганмын" деген ырымдын сөзүн Бактыгүл Чотурова жазган. Аталган чыгарманы былтыр 21-мартта "Камбаркан" этнографиялык фольклордук тобунун коштоосунда ырдагам.
- Жеке концет берүү туурасындагы пландарыңыз барбы?
- Бир нерсенин сааты чыгыш керек экен. Концерт койсом деген ой-тилек бар.
- Көпчүлүк артисттер мынча жылдан бери сахнада жүрсөк дагы эмнегедир ушул күнө чейин наам ала элекпиз дешет. Сиз наам боюнча эмнелерди айта аласыз?
- Наам боюнча ар жактуу ойду айтса болот. Эгемендүүлүктө кыргыздар баш көтөрүп, ирденели деген баш-аламандыктын аркасында көптөгөн наамдар берилип кетти го?!. Бирок, эл-журт эртеби-кечпи өз таланттарын баалап алаарына ишенем.
- Эмне үчүн көп боенбойсуз?
- Эмнегедир бала кезден боенгон жокмун.
- Канча балаңыз бар?
- Төрт балам бар. Алды 18ге келип, студент болуп калды. Үчөөсү мектеп жашында.
- Сиз Кубанычбек Жумалиевге турмушка чыкканда сизди ырдатпай коюптур деген сөздөр чыкты эле. Кубанычбек ага сизге кандай жар болду?
- Ал киши улуу адам. Экинчиден, академик, илимдин туу чокусуна жеткен киши. Ал киши баарына аяр мамиле кылган жеңилимди жерден оорумду колдон алган жар.
- Бул дүйнөдө өзүңүздү бактылуумун деп ойлойсузбу?
- Кудайга шүгүр, бактылуумун деп ойлойм. Бул дүйнөдөгү жарыкчылык, үй-бүлөөдөгү бакубаттуулук, балдарыбыздын амандыгы, бөөдө кырсыктан тышкары болуп, элимдин аманчылыгын бакыт деп түшүнөм.
- Маегибиздин аягында сизге дагы бир кызык суроо менен кайрылгым келип жатат. Сиздин азан чакырып койгон атыңызды сурасак болобу?
- Кызык экен. Мындай суроону эч ким берген жок эле. Азан чакырып койгон атым биздин райондо врач болуп иштеген Ырыс деген эженин атынан элди дарылаган врач болсун деп коюшкан экен. Бирок, кыргыздар эч нерсени эрөөн албайт эмеспи. Бир жылдан кийин менин күбөлүгүмдү алып келиш үчүн жездемди жиберишиптир. Күбөлүктү жаздыраарда атымды унутуп калыптыр. "Р" тамгасынан башталчу эле дептир. 20-кылымдын 70-жылдарында орустардын, болгарлардын аттары абдан популярдуу деп "Роза" деген атты сунушташыптыр. Жездем жакшы ысым табылып калганына кубанып келген экен. Ошондон бери апам дайыма менин Ырысым деп, ал эми эл-журтка Роза болуп калдым.
- Анан тилек кылып, күткөн ысымдагы врачтын кесибин тандай албай калдыңызбы?
- Бала кезимде врач болом деп ойлочумун. Тагдыр мени "Аккан арыктан суу агат" демекчи таятамдан калган "таберик" өнөр жолуна салды окшойт.
- 25-ноябрда эларалык "ТЮРКСОЙ" уюмунун президенти Д.К. Касейинов келип, Бишкекте "ТЮРКСОЙдун" бөлүмүн ачты деп уктук. Сиз ушул уюмдун музыкалык маданият багытын тейлейт экенсиз.
- Ырас, 25-ноябрда атайын Турциянын Анкара шаарынан өз делегациясы менен Д. Касейинов келип, Бишкектеги аталган фонддун бөлүмүн расмий түрдө ачып кеткенине коомчулук күбө болду. Бөлүмдүн жетекчиси болуп, профессор Кадыраалы Коңкобаев шайланды. Презентацияга Кыргыз эл баатыры Сооронбай Жусуев, Бексултан Жакиев, Калыбек Жекшенов баш болгон маданият ишмерлери катышты. Фонддун музыкалык искусство багыты боюнча милдет мени келечекте кыргыз салттуу музыкасын жалпы түрк тилдүү калктарга таанытууга илимий теориялык да, практикалык да иштерди уюштурууга милдеттендирет.
- Ишиңизге чыгармачылык ийгилик каалайбыз.

Маектешкен
Чынайым Кутманалиева












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan