Турсунбай Бакир уулу, коомдук ишмер:

"Биздин миссия эл менен бийликти элдештирүү"
- Турсунбай мырза, бир аз мурдараак "мен азыркы оппозицияга кошулбайм. Булардын арасында таза адамдар аз. Ошондуктан таза адамдар менен өзүнчө уюм түзөм" дедиңиз эле. Нурлан Мотуев менен тандем түздүңүзбү?
- Саясатта достор жок. Дайым кызыкчылык бар. Ошондуктан бири-бирин сатып кетип жатышат. Тандемдин шериги Кулов сатып кетти деп жатпайбы бул табыгый көрүнүш. Украинада Лукашенко менен Тимошенко экиге бөлүнүп кетти. Ошондуктан ушул суроо берилип жатканда дайыма этияттык мамиле жасайм деп айтчумун. Бүгүнкү күнү алдап кете турган эки жүздүү адам менен биригип алып, жылдап тапкан аброюумду бир жылда жоготуп алсам, анда мен өзүмдү эч качан кечирбейм деп айткам.
Мен канча жылдан бери саясатта жүрсөм да мени Кудайдан башка эч ким колдогон эмес. Нурлан Мотуев менен сүйлөшүп, идеямды айттым, анан "Эрк" партиясы ушундай демилге көтөрдү. "Сен эл үчүн азап тарттың, оюң кандай?" десем, "Байке, менин да оюм ушундай, эл үчүн иштейли" дейт. "Намаз окуйсуңбу?" десем, "окуйм" деди. Анан экөөбүз сүйлөштүк. Экөөбүз тең Кудай деген адамдардан экенбиз. Башка тандемдерге караганда экөөбүздүн тандем бекем, түбөлүк болот. Себеби, биз тозоктон коркобуз. Эгер экөөбүз бири-бирибизди сатып кетсек, тозокко түшөбүз деп макулдашып, кол алыштык. Ал "Жоомарт" кыймылынын төрагасы катары, мен "Эрк" партиясынын лидери катары дагы сөз уланттык.
"Бүт башаламандык бийлик менен хизб-ут-тахирлердин ортосунда болуп жатат. Хизб-ут-тахирлер "бийликти кетиши керек, халифат түзөбүз" деп сындайт. Бош жерди биз ээлейли, бул жерде жалпы ислам, мусулмандар азап тартып жатат" деген бирдиктүү пикирге келдик. Ошентип, мусулмандар союзун түздүк. Ага Нурлан Мотуев экөөбүз тең төрага болдук. Мактана кетчү нерсе, аз убакыттын ичинде эле 30 миң киши биздин союзга мүчө болуп калды.
- Демек, идеология жаатында дагы кандайдыр бир пикирлерди да кошоорсуз?
- Бүгүнкү күндө Кыргызстанда идеология жок. Аскар Акаев кыйынсынып, идеология түзүп коем деп Осмонакун Ибраимов экөө Манастын жети осуятын иштеп чыгышты. Бирок, ал идеология жалпы элдик боло алган жок. Бийликтин гана идеологиясы болду. Андан кийин К. Бакиев келип, Адахан Мадумаровду мамкатчы кылып койду. Ал деле Кыргызстанда улуттук идеологияны тургуза алганы жок. Ыраматылык Чыңгыз Айтматов айткандай жалаң "маңкурттар". Өзгөчө саясий бийликтин чокусунда тургандарды айтаар элем. Элди алдап, бийликке келет дагы анан маңкурттуктун негизинде бузук саясатчы болуп чыга келет.
Мен окумуштуу катарында изилдеп, атайын Таласка барып көрдүм. Көрсө кыргыздын улуттук идеологиясын Манас атабыз атасы жакып тээ убагында эле ойлоп чыккан экен. Ошол кезде ислам Кыргызстанда жок болсо дагы Жакып ислам динин кабыл алып, Манас атабызды 6 жашында мусулман кылып, сүннөт тоюн берип, Санирабийга тажик кызын алып берип, Каныкей деп ат койгонунун өзү эле исламга байланыштуу. Каныкей деген ат Кандын никелүү аялы деп которулат. Ал учурдагы идеологиянын күчүн караңыз, кыпчак,калмак кытайлыктар биригип кетишкен. Учурда мекенибизде 80 улуттун өкүлдөрү жашаса баарына тиешелүү идеология кабыл алууну каалашат. А биз болсо Кыргызстандыктарды бириктирели, бир гана идеология үстөмдүк кылсын деп жатабыз.
"Манастын" 1000 жылдыгын өткөргөндө ошончо жылкыны союп, аракты суудай агызганча "Манас" эпосун Кыргызстандагы ар бир улуттун тилине которуп берип койсок болмок. Кыргызстандагы ар бир үй-бүлөгө берсек, ар бир үйдүн китепканасында турса, Манасты баары түшүнүп, ошондо гана жети осятты кабыл алмак. Андыктан азыр Жакып агабыздын, Манас атабыздын кадамдарын кайталоо зарыл болуп турат. Антпесек болбойт.
- Ислам дини деп башка диндердин өкүлдөрүнүн укугун тебелеп албайсыздарбы?
- Ислам менен күрөшкөн христиандар үстөмдүк кылган Америкада деле Барак Обама шайланды, алар ага таазим этишти. Ислам тынчтыкты көздөгөн дин экендигине ынанышты. Бизде тескерисинче, Ислам десе экстремис, террорист, хизб-ут-тахрир, вахаби деп чыгышат. Бул жерде молдолордун да күнөөсү бар. Алар ислам деген эмне экенин бийликке да, элге да түшүндүрө албай жатышат. Ошондон пайдаланып христиан, хизб-ут-тахрирлер өлкөнү ээлеп алышты. Алардын секталарына белгилүү саясатчыларыбыз, укук коргоочуларыбыздан бери кирип кетти. Элди бөлүп-жара турган секталар пайда болуп, жер-жерлерде чоң-чоң жаңжалдар болуп жатат. Жалалабат, Ош, Көл, Нарында башка диндегилерди мусулмандардын көрүстөнүнө койбойсуң деп жаңжал чыгарышкан учурлар бар.
Ушундай көрүнүштөрдү кыскартуу аракети менен мусулмандардын биримдигин түздүк да. Бизге ким кааласа кирет. Кайсы улут деп дагы иргебейбиз. Кандай жыныс, канча жашта экенине да көңүл бурулбайт. Ислам динин кабыл алган орустар да кирсин деп жатабыз. Анан христтиандар менен дагы иштешебиз. Себеби, кудай бир. Болгон айырмабыз алар Мухаммед пайгамбарды таанышпайт. А биз тааныйбыз. Мына, Нурлан экөөбүз алгачкы иш сапарыбызды Таластан, Ош, Жалал абад, Баткенден баштадык. Бизди элдер жакшы тосуп алып, колдоп берди.
- Чоң-чоң митингдерди уюштурасыздарбы?
- Биздин акциялар элдин акциясы. Биздин милдетибиз мусулман катары, Кудай алдында элди толкутуп, акимиатты өрттөтпөйбүз, тополоң чыгарбайбыз. Ак үйдү басып алалы дебейбиз. Биздин миссия эл менен бийликти элдештирүү. Эгерде бүгүнкү күндө, президент, бийлик саясатчыларга, журналисттерге ишенбесе, бизди сындап жатат деп күнөөлөшсө, элди чогултуп, бийликти чакырып, көзмө-көз жолуктуралы деген оюбуз бар. КРнын Конституциясынын 25-статьясынын негизинде иш кылып жатабыз.
16-декабрда Нарын облусунун тургундары Нарын стадионунда, 17-декабрда Каракол шаарынын стадионунда Көлдүн тургундарына, 18-декабрда Талас шаарынын стадионуна, 20-декабрда Оштун борбордук стадионунда Ош облусунун тургундары, 25-декабрда Кызыл-Кыя шаарында Баткен облусунун тургундары, 27-декабрда Жалалабат облусунун ипподромунда жалалабаддыктар чогула алышат, эң аягында Бишкек шаарынын тургундарына саясий чогулуш өтөбүз. Бул чогулуштарда эл менен бирге мамлекеттик бийликтерден президент баш болуп администрациясын, Чудинов болсо өкмөттү алып келсин. А. Тагаеев баш болуп Жогорку Кеңешти алып келсин. Аким, губернатордун дагы катышышын талап кылабыз. Ошондой эле эл аралык уюмдарды, чет өлкөнүн элчиликтерин, консулдарды жана журналисттерди, саясий партияларды, бейөкмөт уюмдарды дагы чакырабыз. Себеби, бүгүнкү күндө элге отчет берүү деген жок болуп калды.
Булар Жогорку Кеңешти топтоп, алар "Ак Жолдон" турат. Ошондой эле өкмөт, губернатор, айыл өкмөткө чейин "Ак Жол" болуп калды. "Ак жолдун" лидери президент Курманбек Бакиев "Ак Жол" менен чектелип жатат. Ошондуктан президентти "Ак Жолдон" четтетишибиз керек.

Маектешкен Ч.Кутманалиева













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan