Бек Баймуратов, модельер-дизайнер:

"Мен Кыргызстанда жаңы жүзмүн"
Кыргызстанда модельер-дизайнер кесиби эркектерге ылайыктуу эмес деп келгенибиз менен дүйнөлүк аренада бул тармакта иштеген эркектер абдан көп. "Кыргызстанда бул тармакта биз биринчилерден болуп иштей берсек, келечекте биздин жолубузду улап, далай жигиттер мода дүйнөсүнө өз салымдарын кошооруна ишенем " дейт 25 жаштагы жаш модельер-дизайнер Бек Баймуратов. Бек "Ризанна" үлпөт той салонун 5 жылдан бери жетектеп, өзүнүн колунан даярдалып чыккан үлпөт көйнөктөрү менен жаш жубайларга жагымдуу маанай тартуулап келет.

7-классымда костюм тиккем
Мода деген керемет дүйнөгө болгон кызыгуум бала кезимден эле башталган десем болот. Мектепте окуп жүргөндө активист болчумун. Ар кандай коомдук- иш чараларга алып баруучу болоор элем. Мен 7 класста окуп жүргөндө Ч. Айтматовдун 70 жылдыгы болот деп концерттик программа даярдап, аны да мен алып бармай болдум. Башынан эле публикага жакын жаным, жакшы келбет, жаңы образ менен чыккым келчү. Мурдагы кийимдеримди баары көргөн, жаңы кийимим болсо жок. Анан бир эски костюмду алдым дагы, аны айрып, ошол кездеменин өзгөрүшүн элестетип, жаңы фасондогу бир өзгөчө форма тиктим. Эртеси мектепке кийерин кийип барып, уялганымды айтпаңыз. Мугалимдер менен классташтарым шылдыңдашкан жок, тескерисинче "каяктан сатып алдың" деп кызыгып сурашып, колго тигилгенин байкашкан жок. Азыр ойлосом, 7-классымда эле мен профессионал тиккендей кылып эле алыптырмын. Бул нерсе мага Кудай таалам аркылуу берилсе керек. Ага кошумча кылып кийин Казакстандагы эл аралык университеттин модельер-дизайнер-конструктор деген кесипти алып чыктым. Кичинемде эжеме "Буюрса, чоңойсом сизге сонун көйнөк белекке берем" дечүмүн, ал кезде ошол сонун көйнөктөрдү өзүм ойлоп, тигип калаарым ойдо да жок. Азыр ошол кыялым ишке ашып, сонун көйнөктөрдү эжеме белекке бергенге шарт түзүлдү.

"Ризанна"
Бул үлпөт салондун аталышын "Ризанна" деп сүйүктүү жээнимдин атынан койгом. Ал келечекте Кыргызстандын эң сулуу периси болот деген үмүтүм бар. "Ризанна" үлпөт салонун иштетип жатканыма 5 жылдай убакыт болду. Мен Кыргызстанда жаңы жүзмүн, ал эми Казакстанда мода дүйнөсүнүн өкүлү катары ордум бар десем болот. Көпчүлүк заказдар да Казакстандан келет. Бул жерде да өз ордумду акырындап таап, азыр жогорку деңгээлде иш алып барганга аракет кылып жаткан учурум. Бул салондо 10 киши эмгектенебиз. Башкалардан айырмаланып биз кайрымдуулук багытты тандап алып, ушуну биринчи орунга коеп келебиз. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, жетимдерге 50% жеңилдиктер каралган. Кызга 3500 сомго прокатка үлпөт кийимин алса, күйөөгө, күйөө жолдошко, курбу кызга кийимдер акысыз берилет. Үлпөт кийимдер 300 сомдон 300 чейин прокатка берилет. Ал эми индивидуалдуу заказдар 1,500 ден 3 миң долларга чейин бааланат. Ар бир кыз эле ушул кереметтүү күнү аппак көйнөк кийгиси келет эмеспи, кээ бир кыздар чөнтөгүнө аз акча салып алып, бирок, кымбат көйнөктү жактырып, көзүн жалтыратып калышкан учурлар да болот. Андай кырдаалда жок дей албай арзан эле карматып жиберебиз, ар бир кардардын көңүлүн алганга аракет кылабыз. Келген кардар мен тиккен үлпөт кийимди кийип, күзгүгө өзүн бир карап, көйнөгүн бир карап суктанып жатканын көрүп туруп ошондон ырахат алам. Чыгармачыл адамдарга эмгеги элге жагып тургандан өткөн кубаныч жок.

Кумирим - атам
Мен апамдан 6 жашымда эле ажырап калгам. Атам Баймуратов Тургун Юлдашевич мен үчүн легендарлуу адам, өзү жакын адамынан айрылып, бирок, чөгүп кетпей үч баласына татыктуу тарбия берип чоңойтту. Азыр бизге берген тарбиясынын үзүрүн көрүп жатат. Аны менин кумирим десем жаңылышпайм. Атам өзү казак, Таластын кызын алып, Кыргызстанда отурукташып жашап калган. Буга кыргыз жеринин керемети таасир эткенби же апама болгон күчтүү сүйүүсү тартып кеткенби, билбейм. Бирок, тууган-урук, жакындарыбыз Казакстанда. Мага кыргыз-казак бирдей, бирин-биринен бөлүп карагым келбейт.

Ырым туура жолго багыттайт
Эмне үчүн адам баласы ырымдарга ишенишет деп өзүмө кичине кезимден эле суроо бере берчүмүн. Бычакты кырынан койбо, кудуктун үстүн баспа, эшикти кулачтаба, жаман болот дешет. Көрсө, адам баласын коопсуздугун сактоо үчүн ырымдарга такап койушкан. Мисалы, бычакты кырынан койсоң, колуңду кесип алышың, кудук ачык болсо, түшүп кетишиң мүмкүн. Ошол сыяктуу эле күйөөсү тойго чейин келинчегин үлпөт көйнөкчөн көрбөш керек дегендин да себеби бар болуш керек. Үйлөнүү той күнү күйөөсү аппак кийинген, башкача перини көрүп, жүрөгүндө сүйүүсү эки эсе күчөп, көңүлү эки эсе көтөрүлүп, ушундай сулууга кезиккенине миң миртебе ыраазы болгону жакшы да, чынбы? Эгерде эрте көрүп алса ал күн ага кадыресе өтүп калышы мүмкүн. Ырым адамды туура жолго багыттайт, колдончу жерден колдонуп койсо деле жаман болбойт. А бирок, менин болочоктогу жубайым менден үлпөт кийимди өзүм даярдашымды суранса, анын табитин эске алып, ырымга шылтоолобой эле макул болмокмун.




Үлпөт тойдо колдонулуучу ырымдар
l Колуктунун үлпөт көйнөгүнө жакындары билгизбей төйнөгүч тагып коюшкан. Бул колуктунун эртерээк эне болушун каалап, ошондон улам жасалган ырым.
l Курбу кызы же эжеси турмушка чыгып жатканда бойдок кыздар ырымдап көйнөгүнүн этегинен тартып коюшат. Бул "биз да ушундай колукту бололу" деген тилек менен жасалган ырым.
l Күйөөгө чыгып жаткан колукту көтөрүп жүргөн гүлүн бойдок кыздарга, күйөө бала галстугун бойдок досторун көздөй экөө тең тескери карап ыргытышат. Галстук тосуп алган жигит ошол жылы үйлөнсө, гүл тосуп алган кыз турмушка чыгат деп ырымдашат.
l Бойдок кыз 3 курбудан ашык кызды күйөөгө узатып, курбу болуп барбаш керек. Антпесе күйөөгө тийбей калышы ыктымал деп жорушат.
l Кээ бир аймактарда колукту үйгө кирээрде от жагылып, колукту отту үч айланып анан үйгө кирет. Бул келин менен кошо үйгө жылуулук, кут кирсин дегени.
l Жаңы келген колуктуга кайненеси жоолук салып жатканда, башынан жоолук шыпырылып, түшүп калса, жамандыкка жорулат.
Эльмира Мадиева













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan