элдик медицина

Баштын профессору
Белгилүү дарыгер Ислам апа бүгүнкү күнү баш ооруларынын профессору деген элдин берген баасына татып олтурат. Мен деген медиктер өздөрү адам болбойт деген оорулуу адамдарды Ислам апага жөнөтүшөөрү бул факт. Мына кечээ жакында эле Казакстандын Жамбыл облусунун Чу айылынан келген Малика Салиева аттуу айымдын кызынын диагнозун Москванын, Казакстандын, Кыргызстандын медиктери эч коё алган эмес экен. Маликанын 17 жаштагы кызы үч жыл аралыгында төшөктөн тура албай, эч тамак иче албай сөөгү эле калган экен. Айласы кургандан Кыргыстанга алып келип кайрадан текшерүүлөрдөн өтүп, кезек күткөн айымдан Ислам апанын дайынын угуп кайрылат. Кызын эки кишилеп көтөрүп дарыгерге алып келет. "Кудай мени ушул жерге алып келсе керек, азыр кызым тамак ичип, эт алып өзүнө келип калды. Өзү басып-туруп калды. Таң калыштуусу бою өсүп да калды. Кыргызстанда ушундай дарыгер бар экенине Кудайга ыраазы болдум" деп көз жаш алды Малика айым. Мындай учурларды айта берсек биздин газетанын бети чак келчүдөй эмес. Ислам апа азыр 75 жашта. Энергия менен жашагандыктан болсо керек аябай жаш көрүнөт. Нурлуу чекесиндеги энергия баардык нерсени маселен кашык, табак, үтүктү өзүнө жабыштыра алат. Дарыгердин экинси касиети дары чөптөр менен дарылоо болуп саналат. Бирок, негизинен биоэнергиянын жардамы менен ар кандай шишиктерди жок кылат. Операция жасаткан оорулуларды албайт. Бычак миси тийе элек илдеттерди гана дарылайт. Богок, баш шишиги, эмчек оорулары, грыжа, жүрөк ооруларын айыктырат.

- Ислам, апа сиздин дарылоо ыкмаңыз негизинен биоэнергия берүү менен гана чектелеби же башка сыры барбы?
- Биоэнергиясы бар адамдар чанда болот. Табияттын берген бул касиет нурун кармап жүрүү өтө кыйын. Ал энергияларды туура пайдалана билиш керек. Мына мен оорулуу адамдарды карабасам энергиямды көтөрө албай калам. Энергиямды сырткы факторлордон сакташ үчүн эл көп жерге барбайм. Өзүмдү сактайм. Коргонуп турам.
- Энергияңызды көтөрө албай калган учурларым болот деп айттыңыз. Сизге кандайча сезилет?
- Бул учурда эгер денеңе түрдүү предметтерди чаптасаң клейдей чапталып калат. Энергияны педметтерге өткөзөм.
- Баштагы шишик оорулары катуу "удар" алып жыгылгандан болот экен. Шишик ооруларын айыктыруу кыйынбы?
- Туура белгиледиңиздер. Катуу жыгылып же "удар" алганда башта томпокчо пайда болот, биз буга көп маани бербейбиз. Бара бара бир убакыттар өткөн соң адамда баш оору пайда боло баштайт. Ар түрдүү ооруну баса турган таблеткаларды ичип жүрө берет. Мына ошентип башта шишик пайда болот. Өтүшүп кеткен соң адам ден соолугунан ажырап калып жатпайбы. Бардык оору нервден. Баш оору пайда болсо демек артында көп ооруларды козгойт. Нерв тамырларына өтө көңүл бөлүшүбүз керек.
- Дары чөптөр менен дарылайт да экенсиз?
- Мен даярдаган дары чөптөр өтө кылдат даярдалат. Чөптүн тамырларын алуу үчүн өзүнүн убактысы бар. Бул чөптөрдүн сырын эч кимге ачпайм. Шишиктерди соруп чыгара турган күчкө ээ чөптүн тамырлары бар. Аларды мен Самарадан атайын заказ кылып алдырам. Ал чөптүн тамырларынын күчтүүлүгүнө өзүм таң берем. Жайында өзүмдүн агамдын башындагы шишикти даярдалган дары чөп чекесинен сыртка алып чыкты. Казакстандан келген 17 жаштагы кызды дарылай батадым эле так чекесине шишик калкып чыккандай чыкты. Мына дары чөптөрдүн жана энергиянын күчтүүлүгү.

Максудалы Эрматов. Жалалабаттан:
1989-жылдан бери жүрөгүм, башым ооруйт. Бишкекке келип томографияга түшсөм, башта шишик бар дешти. Жан айла кылып Ислам апага көрүндүм. Азыр сакайып кеттим. Шишик жоголду. Укол алып жанымды кыйнабай күчтүү энергиянын жардамында өзүмдү айыктырып алдым.

Чынара Дүйшеева.
Калыс-Ордо конушунан:
- 15 жылдан бери башым тынбай ооруп келе жатат. Дарысыз тура албай калгам. Анын үстүндө богок оорусу менен ооруп калдым. Айтор жан айла кылып көрүнгөн доктурларга көрүнүп натыйжа чыккан жок. УЗИге түшсөм 3-баскычтагы зоб деп анализ чыгарышты. Гезиттен Ислам апа жөнүндө окуп кайрылып, алгач богок оорумду дарылаттым. 2 сеанс алган соң 1 баскычтагы зоб болду деп чыкты анализим. Андан кийин башымды дарылата баштадым. Таң калыштуусу өзүм толук элем денемден кадимкидей суулар чыга баштады. Кыйнаган баш оору акырындап жоголо баштады. Анан эле көкүрөгүмдө шишик пайда болду. Аябай таң калдым. Чыга баштады деди. Денемди калтырак баса баштаган, ал да мен көр сен көр жок болду. Мен дарыланып жаткан учурда 15 жаштагы балам баса албай калган ал да басып кетти. Дарыгер апага айрылганыбызга ыраазы болуп кетебиз.

Чолпон Жумагулова.
Бишкек шаарынан:
- Кызым кичине кезинен эле оорукчан болуп, ДЦП деп диагноз коюшкан. Азыр кызым 14 жашта. 13 жашында томографиядан өтсөк башында шишик бар деди. Москвага барып Бурденко клиникасына барып тез операция жасаткыла деп врачтар айтты. Шартыбыз жок болгондуктан жазында барууну чечтик. Кызымдын ден-соолугу начарлап тамак такыр ичпей кусуп калды. Көздөрү кыйшык болуп дары менен күн көрүп калдык. Ислам апанын дарегин угуп алып келдик кызды. Апа кызымды бир жарым майдан ашык дарылады. Кызым тамак ичип, көзү ордуна келип, кадимкидей болуп калды. Дагы бир тааныштарыбыз баласын Москвага чейин алып барып дагы бир табыпка алып барып баласынан ажырап калышты. Кызым ал балага караганда оорусу кыйын болчу. Эгер алар да өз убагында Апага кайрылышканда баланын өмүрүн сактап калмакпыз, аябай өкүнөм. Кызым азыр сүрөт тартып жакшы болуп калды. Ислам апага ырахмат.

Талапбек Карыбаев:
- 48 жаштамын, 2 топтогу майыпмын. Ислам апага көрүнгөндөрдүн ичинен эң оор ахыбалда келгени мен болчумун. 1999-жылы микроинсульт болгом. Врачтар тез операция кылыш керек деди. Мен баш тарттым. Оорум күч алып баспай калдым. Күчтүү дарыларды ичсем да жакшы болгон жокмун. Ислам апага Кудайым өзү жөнөткөн экен сакайып туруп кеттим. Мына элдик медицинанын күчү. Мага экинчи ирет жашоо тартуулаган дарыгерге тизе бүгүп таазим кылам.

Анара Жумалиева.
Бишкек шаарынан:
- 41 жаштамын. Врачтар "узловой зоб" деген диагноз коюшкан. Бул оору менен 10 жылдан бери алпурушуп келе жатам. Башында мага ар түрдүү горманалдык таблеткаларды жазып беришти. Ден соолугум начарлай баштады. Богок чоңоюп кетиптир, операция кылабыз дешти, мен макул болгон жокмун. Жан айла кылып өз алдынча дарылай баштадым. Сиңдим Ислам апанын дайынын айтты анан ал дарыгерге келип көрүнө баштадым. Ооруган адамдар өтө көп экен. Мына ошонтип жанды алган богок оорусунан айыгып кеттим.

Арыкбаев Фархаттын апасы:
- Балам 1998-жылдан бери талма оорусу менен ооруйт. Бир топ жактарга барып дарылаттык, эч майнап болгон жок. Акыры айла кеткенде Ислам апага алып келип сеанс ала баштадык. 3 сеанстан кийин балам жакшы болуп өз алдынча болуп калды. Кудай кааласа, дагы дарыланабыз деп жатабыз.

Азиз окурман, Ислам апанын дарыгерлик касиетине ишеним артуу менен дарыланам деген ниетиңиз болсо гезитте көрсөтүлгөн купонду кыркып алып барсаңыз сизге жеңилдиктер каралат.
Дареги: Бишкек шаары, Осмонов көчөсү - 1, кв 1 "Локоматив" стадионунун жанында (Пишпек). Жекшемби күндөрүнөн башка күндөрү саат 10дон түшкү саат 13 гө чейин кабыл алат.




  Жаныңды кыйнаган дарттан арылгың келсе…

Тамырчы Дүйшөнбек Чомоев:
Кант диабетин кантип айыктырса болот?
Кант диабетин биротоло айыктыруу абдан кыйын. Таза айыктыра албасам дагы учурунда жардам бере алам. Мээни сергитип, боорду, уйку бездин, өттүн иштешин мен негиздеген 7-режим менен жакшыртуу керек. Кант диабети күчөп кеткенде алгынын тамыры, чалкан, чатыраш, бөрү карагаттын тамыры, мөмөсү, уулжандын жардамы менен канттуулукту төмөндөтүп турса болот. Эскерте кетчү жагдай мен кант диабети менен ооруйм деп жогоруда аты аталган чөптөрдү дайыма эле иче берүүгө болбойт. Тынчсызданып, нервденип турган учурда гана 5-10 күн ичип, кайра 10-15 күн эс алып туруу зарыл.
Чалкан канды кургатат. Кант диабетинде кан өтө суюлуп, курамы бузулуп кетет. Чалкан кандын курамын нормалдаштырып коюлтат. Ошондуктан бул ооруда чалкан көп колдонулат. Ошондой эле чатыраш дагы кандын системасын жакшыртат. Ал эми уулжан болсо өт, боор ички органдарды уйку бездердин иштөө системасын, ысыган канды нормалдаштырат. Канттуулукта тамакты көп талап кылат.

Простатитти дарылоо учурунда жумуртканын суугун алам
Азыр простатиттин шылтоосу көп. Простатит бөйрөккө, табарсыктын безчелерине башкача айтканда жумурткаларына суук тийгенден пайда болот. Бүгүнкү күндө эркектердин көпчүлүгү простатит менен оорушат. Простатит дартында жумурткаларга суук тийип, бөйрөктүн функцияларын бузуп, уруктуулуктун деңгээлин төмөндөтүп, балалуу болбой калуу мүмкүнчүлүгүнө шарт түзгөн коркунучу бар. Ошондуктан простатитти этибар албай жүрө берүүнүн зыяны чоң. Мага кайрылган простатиттерге 60-70% жардам бере алам. Мен негизи простатитти эки жол менен дарылайм. Биринчиси, суугун алып, экинчи жолу уруктуулуктун потенциалын көтөрөм.
Суук тийген жумурткаларды чөптөрдүн кайнатмасынын жардамы менен буулап, суугун алам. Ошондой эле уйку бездерине суук тийгенде жана шишип калган жумурткаларды чөптөрдүн ачытма түрү менен дарылайм. Уруктуулуктун потенциалы төмөндөп кеткендерге сиропторду берип, адамдын организмин тазалап, уруктуулукту калыбына келтирет.
Киста, миомага уу коргошун колдоном
Вирустарды, шишиктерди өлтүрүү үчүн уу коргошун колдоном. Аны менен организмдеги вирустарды өлтүрүп, жара, шишиктердин тамырын кууратып, операциясыз жок кылса болот.
Уу коргошунду колдонуу жолдору менен киста, миомалардын тамырлап кеткенин тутумдаштырам. Аны менен тамырлап кеткен шишиктерди бир жерге чогултуп берем. Чогулган шишик жарылат же каткан боюнча бир канча жылга чейин катып тура берет. Эгер биротоло жок кылдырам десе операция жолу менен тамыры күйүп калгандан кийин алдырып салуу анча коркунуч туудурбайт. Ошондой эле башка органга тарап кетпейт. Рак ооруларына да жол бербейт.
Химия терапия берсе, ал көп органдарды сестендирип, тура эмес жыйынтыгын берип коюшу мүмкүн. Киста, миомалар төрөткө да терс таасирин берет. Жатындын мойнун бууп салат, шишитет, түтүкчөлөрдүн баарын кысып, бекитип коет. Муну алгач суугун алып, анан дарылаш керек.
Инсульттарды кан алуу жолу менен дарылайм
Инсульт менен ооругандардын кан айлануусун жакшыртыш керек. Ошондуктан бул дартты кан жолу менен дарылайм. Бул оору туура эмес тамактануу, терең ойлонуу, кандын бузулушунан, катуу капалангандан келип чыгат. Ошондуктан ар бир адам өз нервин сакташы керек.

Дүйшөнбек Чомоевдин кызматынан пайдалангыңыз келсе, жогоруда көрсөтүлгөн купонду кыркып алып барсаңыз, сизге жеңилдиктер каралат.
Даярдаган Ч.Кутманалиева












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan