Дилмаек

Дастан Сарыгулов, "Теңир Ордо" кыргыз дөөлөтүн сактап, жайылтуу коомдук фондун негиздөөчүсү:
"Адилет болбой эл жарыбайт"
- Дастан Исламович, мамкатчы кызматынан кетип, кыргыздын байыркы тарыхын казып жатканыңыздан кабарыбыз бар. Саясатка аралашпай элибиз кыйын абалга учураганына кайдыгер болбогонуңуздун себеби эмнеде?
- Элиңе пайда келтириш үчүн сөссүз эле саясатчы болушуң керекпи? Байыркы тарыхыбыздын актай барактарынын кичине четин аныктай алсак, келечек муундарга таяныч болуп калаар… Экинчиден, Кыргыз мамлекетинин, кыргыз элинин тагдырын чечкен саясатта (аны бийлик же оппозиция жүргүзөбү) Мекен-Улут эң башына коюлбаса - ал келечексиз, түбү элге жакшылык алып келбеген арам саясат. Кийинки жүз жыл тарыхыбыз муну толук далилдеп бербедиби.
- Кыргыз өзүн тааныбай, өзүн билбей, барктабай калды деп айтып каласыз. өзүбүздү билип, таанып эле жүргөндөй болуп жатпайбызбы?
- Элестетип көрүңүз: элүүгө барган адам эсин жоготуп, ата-энесин, туугандарын, өткөн өмүр баянын толук унутуп, тааныбай калган абалын. Ал адамды майып, бечара дейт. Албетте, мындай адам өз алдынча, өз мал-аракети менен жашоого жөндөмсүз. Бирөөнү туурап, көрүнгөнгө жагынып, эптеп күн көрүп, курсагы тойгонго ыраазы болгон бир бечара, байкуш болуп жүрө берет… Тарыхын билбеген, наркын, салтын, тилин, дилин жоготуп, намысын, эркин алдырып бараткан кыргыз дал ошол адамды элестетет. Заманыбыздын чие байланган маселелерин чечүүнү тим коелук, Кудай берген сууну сатып, элибизди шамчырак жактырып, тезек тердирген бийликти мактап, жактап жатабыз…
- Ырас өлкө абалы улам оорлоп баратат… Айтып отурса арман көп. Баары чогулуп бир айла-амал таап, план иштеп чыкса болбойбу? Канча интеллигенциябыз, академиктерибиз бар!
- Туура айтып жатасыз. Бирок, баарынын башы кошулбай жатпайбы! Тирүүгө өрүш, өлгөнгө конуш болуп, баарын акыры түбөлүк бириктирген жер-энени Мекен деп кабыл албай, сатып жатпайбызбы! Түбүбүз бир ата-энеден тараганыбыз, аны эске салып турган тарыхыбыз, санжырабыз, салтыбыз, атүгүл эне тилибиз унутулуп баратса - анан кантип башыбыз кошулуп, жүрөгүбүз бирикмек эле?!
Совет доорунда калыптанган интеллигенциянын көбү улуттун уюткусу, калктын көрөңгөсү болмок түгүл, тескерисинче, жети атасын, тегин, уруусун билбеген "улут" деген сөздү оозуна алгандан корккон "интернационалист", демек, улутсуз маңкурттар болуп, кыргыз маданиятсыз, жапайы, жакында эле эл болуп калыптанды дегенге терең ишенген рухий чыккынчыларга айланышпадыбы!!! Арасында - кыргыз болуп төрөлгөнүнө кейип, ардангандар да аз эмес.
Бирок Кыргыз мамлекетинин жараны катары чет өлкөлөргө барып соода, ишкерлик жүргүзүп, байып жатышат.
"Манастын" бир сабын окубай, комуз күүлөрүнүн бирин да билбей, кыргыз тилин онтоп, челип-чанып, өңгү-дөңгү сүйлөгөндөрдөн кыргызга жакшылык алып келчү акыл чыкмак беле?
- Бирок ушул интеллигенциянын иш-аракеттери аркылуу маданиятка жетип, илимди өздөштүрүп, демократия, адам укугун таанып, цивилизациялуу өлкөлөрдөн үлгү алып, алардай жакшы турмушка жетсек деп жатпайбызбы?!
- Бабаларыбыз "маданияттуу бол" деп бата берчү беле? "Ыймандуу, адептүү бол" деп тилек кылышчу эмес беле. Орустун, батыштын маданияттуулугу "убал, сооп, адал, арам, кесир, кусур, көңүл, пейил, ыйман, ырыс, насип" жана башка кыргыздын адеп-ахлак нарктарын таанып түшүнөбү? "Кесири тиет, кусуру урат, сугу өтөт, арам жукпайт, балдарыңа каргыш, наалат калтырба, адам көңүлүн оорутпа, шагын сындырба, назарын суутпа" жана башка ушул сыяктуу бабаларыбыздын акылын орус, англис тилине которуу мүмкүнбү?
Орус, батыштын маданиятын өздөштүргөн "маданияттуулар" элин алдап, талап, тоноп, тентитип, жакырлантып, жерин сатып, уурулук, эки жүздүүлүк менен байлыкка, бийликке жетип, калган "маданияттуу" интеллигенциябыз мекенибиз кертилип, кемип жатса да көбү кошоматтанган "дүжүр", калганы оозун ачпаган балык болуп бүгүнкү абалга келгенибиз жалганбы?
Өлкөбүздө жүз миңдеген адамдар жумушсуз, миллиондогондор жарды кембагал. Ушунча кишинин адам болуу укугу тебеленип жатканда кайсы "адам укугу" жөнүндө сөз кылып жатабыз?
Демократиянын эң башкы жана жалгыз максаты - эл бийлиги аркылуу коомдо, турмушта адилет, калыстыкка жетүү жана аны бекем сактоо.
Баарын акча, алдамчылык чечип турган коомдо кайсы демократия, кайсы эл бийлиги жөнүндө сөз болушу мүмкүн? Бабаларыбыз илгери эле айткан: "Бул дүйнөнүн эң асылы - адилет менен калыстык. Адилет болбой эл жарыбайт. Эл байлыгы адилет, таянычы калыстык, келечеги акыйкат" деп. Союздан калган завод, фабрикалар элге буюрбай, жок болуп кетпедиби.
Кыргыз илгери эле накта демократияга жетип, саясый, рухий, чарбалык эркиндикти, теңдикти, эл бийлигин орноткон. Ал жалпы элдик шайлоо, Элдик Курултай, элдик сот - бийлер, элдик салт, нарк, адат аркылуу ишке ашырылган.
"Мыйзам көбөйгөн сайын турмуш бузулат" деп айткан бабаларыбыз. Мыйзам адамды ыймандуу, жароокер, боорукер, кайрымдуу, адептүү, намыстуу, уяттуу кылбайт. Ал болгону адамдын ач көздүүлүгүнө, бейбаштыгына чек коет Жана коом турмушун жазалоо коркунучуна негиздейт.
Кыргыз коому сый-урмат, ыйман-ызаатка таянган. Бүгүн болсо кыргыз мыйзамдаштырылган жапайылыкка өтүп баратат… Эмнени чанып, эмнеге баратканыбызды терең ойлонуп, салыштырып көрбөйлүбү?
- Улут алдында карызыбызды кайрып берелик деп көп айтып жүрөсүз. Кайсы карыз жөнүндө сөз болуп жатат?
- Кыргыздын тилин, салтын, наркын, дөөлөтүн жүздөгөн улуу муун бабаларыбыз жаратып, таап, түптөп бизге мурас кылып калтырган.
Кандай тарых, турмуш тажрыйба, билим, өнөр бизге энчиленген! Бейиштин төрүндөй жерди бизге Мекен кылып калтырышкан. Миң жылдар бою аны канын төгүп, жанын берип, душмандардан улуу муундар коргоп, сактап келген.
Демек, ошонун баарын кемитпей, бүлдүрбөй сактап, жаш өспүрүмдөргө, келечек муундарга өткөрүп берүү ар бирибизге жүктөлгөн милдет, улут алдында ыйык парз, түбөлүк карыз болуп турбайбы! "Жер эненин карызынан денеңди берип кутуласың, Улут алдында карызыңдан жаныңды берсең да кутула албайсың" деп байыркылар айткан экен.
- Кыргыз илим-билимге совет доорунда эле жеткенин жакшы билебиз. Кыргыздын кайсы билими жөнүндө сиз айтып жүрөсүз?
- Алты миң жыл тарых жолунда кыргыз керемет билим түптөгөн экен. Бул билим далай турмуш тажрыйба, орду толгус жоготуулар, чексиз азап, түгөнгүз арман, жесирлердин көлдөгөн көз жашы, жетимдердин кайгы-муңу жана көкүрөк туюм, сезгичтик менен табылган көөнөрбөс билим.
Табиятты жандуу деп таанып, аны менен эриш-аркак жашаткан билим.
Адам мамилелерин ыйман-адеп нарктарынын чегинен чыгарбай сый-урматка гана негиздеген билим (байлык, мансапка эмес). Адам гана эмес, жан-жаныбарлардын да убал-сообун таанып, адилеттүүлүктүн эң бийик чегине кыргызды көтөрүп, жеткирген билим. Сабырдуулукка, кайраттуулукка, боорукерликке, кайрымдуулукка үйрөтүп, адам пейилин тарытпай, көңүлүн оорутпай, рухий наркты өлүк дүнүйөдөн өйдө баалантып, бактылуу турмушка жеткизген билим.
Адилет, калыстык, теңдикти бул дүйнөнүн эң асылы деп кабыл алдырып, улуулукка чакырган билим. "Тирүү жүргөн адамга мындай кордук салбасын. Ата Журттан айрылып, адам эмес, айбан да тентип калбасын" дедирип Ата Журттун жалындуу отун жүрөктө өчүрбөгөн билим.
Бир жыл мурун алдын алып, жаан-чачын күндөрдү тогол, ай арасы аркылуу айтып берген билим. Бул билимдин көбүнө адамзат бүгүн да жетелек.
- Эгерде кыргыз чын эле ушундай билимге ээ болсо, анда эмне үчүн элибиз жарды, тентип, чачылып, тезек терген абалга жетип турат?
- Бир кылымдан ашык убак айтылган билимди кыргыз жоготуп келатат. Өзүнүн тарыхый тажрыйбасына таянбай, кулк мүнөзүнө жат, наркына, салтына каршы, төп келбеген турмуш жолу кыргызга күч менен таңууланып келген үчүн бүгүнкү туңгуюкка түшүп отурабыз. Албетте, өнүккөн өлкөлөрдөн жаңы технология, жабдык, финансы, соода, банк менеджментин үйрөнүп, өздөштүрүүбүз зарыл.
Бирок, алты миң жылдык улуу тажрыйбабызды чанып, андан кечип, аттап кетүүнү акылдуулук деп айтабызбы же акылсыздык дейбизби?
- Өлкөнүн бүгүнкү абалына кайдыгер карабай "Адилет үчүн" деп аталган коомдук кыймыл жаңы концепциясын талкууга коюп, парламенттик башкаруу керектигин жактап чыкты. Жакынкы күндөрү өз курултайын өткөрө турган болду.
Сиздин пикириңиз кандай?
- Парламентке катардагы дыйкан, мугалим, дарыгер, айдоочу жана башка шайлана алабы? Албетте, жок. Бүгүн парламентке жалаң гана капчыгы калың, шайлоого 2-3 миллион сом чыгым кыла алчу адамдар келе алат. Алар элге кызмат кылам деп келбейт. Байлыгын дагы 3-5 эсе көбөйтсөм деп келет.
Кийинки 17 жылда бири да элге жооп берген жок. Анан ушундай башкаруу өлкө абалын оңдоп кетмек беле?
Бирок, маселе башкада.
Кыймыл иштеп чыккан концепцияда маегибизде учкай айтылган Кыргыз дөөлөтү эске алындыбы? Алынган жок.
Алар үчүн кыргыздын алты миң жыл тарыхы жокко эссе. Ушундай үстүртөн мамиле менен алар кантип мамлекеттин абалын оңдой алат?
- Революциялык комитет чечкиндүү кадамга барабыз деп жатпайбы. Мындай аракет натыйжа береби?
- Аны турмуш көрсөтөт. Бийликке нааразы адамдардын саны күн сайын өсүп баратат. Бирок, нааразычылык - талкалоочу, кыйратуучу күч эмеспи. Ал куруучу күчкө айланыш үчүн улуу, аруу максат, жакшы тилек менен бириксе жакшы болот эле.
- Ал кандай максат болушу мүмкүн?
- Кыргыздын улуу, байыркы тарыхый тажрыйбасына таянып, керемет дөөлөтүнө кайрылып, аны билип, баалап, барктап, эске алып, намысына, эркине келип, кулдук сезимден кутулуп, өз акылына, күчүнө гана ишенип, демек, кайра жаралып, бөлөк өлкөлөрдү ээрчигенди токтотуп, көптөгөн терс көрүнүштөрдөн, ыплас жетекчилерден тазаланып, өз өнүгүү жолуна түшүү.
Бирок, эң алды өзүмчүлдүктөн арылып, Мекен, улут туусунун алдында биригип, ынтымакка келүү.
Элибизди бакубат турмушка жеткизе алчу жалгыз жол ушул.

Мирбек Элчиев












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan