Талас тутанат

Революцияны эми Ревком баштадыбы?
Бир кезде Бакиевге каршы митинг өткөрүп жаткандарга каршы антимитингди Топчубек Тургуналиев баш болуп уюштуруп, "оппозицияга ишенбегиле, булар бийликке жетпей калып, айласы кеткенде ушуну кылып жатышат. Бакиев сонун иштеп берет" деп жүрүп эле ошондогу айткан сөзүн кайра артка алып, "Мен ошондо катуу жаңылыпмын" деп элинен кечирим сурап, бүгүнкү күндө Азимбек Бекназаров менен бирге түзүшкөн Революциялык кыймыл "Бакиев кетсин" дегендерди катарына кошкону жер-жерлерди кыдырмай болушту. Элдик революция кыймылы алгачкы элдик курултайын Манас жердеген Талас жергесинен 18 ноябрда башташты.
Ревком Талас жергесиндеги курултайды борбордук аянтка өткөрүүнү суранышкан экен, бирок, аянттын жанында "Кыргызтелеком", мектеп жайгашкандыктан жана 18-ноябрь жумушчу күнүнө туш болгонуна байланыштуу жумушчуларга жана автомашиналардын каттосуна тоскоол кылат дешип, борбордук стадионду беришиптир. Саат 12 де деген жыйын убагынан кечикпей башталып, саат 3.30да бүткөнгө чейин УКМКнын кызматкерлери баштан-аяк камерага түшүрүп алышканын ошол жердеги адамдар эле айтып жатышты. Курултайга 1200дөн ашуун адам - башы Талды-Булак, аягы Аралдан бери келишсе, ар бир региондун да атайын өкүлчүлүктөрү келип катышышты. Уюштуруучу Роза Нурматова "Эл мындан да көп келмек, атайын элди алаксытыш үчүн, ар бир айыл-өкмөтүнө ат-чабыш оюнун уюштуруп койушту. Элдин көбү оюн-зоокко кызыгып ипподромдорго кетип жатышты. Бирок, мамлекеттин тагдырын оюндан биринчи койгон атуулдарыбыз да аз эмес экен" деп Таластын эли менен бирге 10 күн бою тызылдап, уюштуруп жүргөн эмгеги талаага кетпегенине ыраазы болду.
Жыйын башталгандан жарым саат өтпөй экс-омбудсмен Турсунбай Бакир уулу менен "көмүрчү" Нурлан Мотуев ээрчишип келип калышты. Мотуевге "Бакиев кетсин дегендерге кошулганга келдиңизби" деп сураганымда "Азыр ойлонуп жатам" деген эле, микрофон колуна тийгенде элдин сүрөөнүнө эреркеп кеттиби же ойлонуп ушундай чечтиби "Бакиев кетсин" деп катуу бир кыйкырып алды. Таластын бир аксакалы чыгып бийликке болгон нааразычылыгын айтып жатса бирөө кулагына "светти айт, светти"деп шыбырады эле, шашып кеткен жарыктык киши "Мына светти эле алалы, 10 күн бар да 30 күн жок" деп стадион ичин каткырыкка бөлөдү. "Ата-Мекен" партиясынын мүчөсү Б. Жээнбеков "Ата-Мекен " партиясы Ревкомдун койгон талаптарын колдойт" деп өзүнүн атынан эмес, партиянын атынан бул оюн билдирди. Бул сөздү айтканга партиянын лидерине телефон аркылуу байланышып, уруксатын алды окшойт. Ал эми Талас мэринин орун басары Чаргынов чыгып, "Биз жакшы эле жашап жатабыз, элдин курсагы ток, кийими бүтүн. Бир жылдын ичинде Талас эли 1, 200 дөн ашык келин алдык, ар бир үй-бүлө бирден машина алдык, бул жакшы жашоонун белгиси" деп элдин атынан сүйлөп кирди эле, отурган миңдеген эл кыйкырык-сүрөөн салып сөзүн улаганга мүмкүнчүлүк беришкен жок. Ошентип, Ревкомдун мүчөлөрү А. Бекназаров, Т. Тургуналиев, Э. Бөлөкбаев, Р. Нурматова У. Барыктабасов, Д. Чотонов, А. Артыков, Р. Дырылдаев Талас элине ошондой эле бүткүл кыргыз элине: "Жалпы эл биригип, көтөрүлүп К.Бакиевди кызматтан кетүүгө мажбурлоо керек. Эгер биз Бакиевди кызматтан кетире алсак мамлекеттик башкарууну өзгөртүү кандайча башталып, кандайча өтөөрүн эл азыртан билип, эртеңки күнү көзөмөлдөй турган болушу керек. Максатыбыз ишке ашкан учурда К. Бакиевди кызматынан мөөнөтүнөн мурда кетирүүгө активдүү салым кошкон атуулдардан регионалдык катышты сактоо менен Жалпы Улуттук Кеңеш түзүлүүгө тийиш. Андан кийин Ревкомдун оюу боюнча Убактылуу Революциялык Өкмөт Жалпы Улуттук Кеңешке баш ийет. Убактылуу Революциялык Өкмөт үч айдын ичинде жаңы Жогорку Кеңешке шайлоо өткөрөт. Жогорку Кеңешти шайлоодо элге "Кандай башкаруунун жолун каалайсыз?" деген суроо кошо коюлат. Парламентпи, президентпи, аралашпы муну эл өзү чечиш керек. Жаңы Жогорку Кеңеш шайланып, расмий ишке киришкенден тартып убактылуу Революциялык Өкмөт ишин токтотот. Убактылуу Революциялык Өкмөттүн тарыхый миссиясы - таза, акыйкат шайлоо өткөрүү болот. Жаңы Жогорку Кеңеш мамлекеттик башкаруу боюнча сурамжылоодогу элдин пикирине ылайык бийлик органдары түптөлөт. Эгер эл президенттик башкарууну тандаса, Кыргызстанда премьер-министр институту аппараты менен жоюлат. Президент өзү алган чечимине өзү жооп берет. Эгер эл парламенттик башкарууну тандаса, парламент премьер-министрди дайындап, Өкмөттүн курамын бекитет, укуктары чектелген Президентти шайлайт. Андан ары Конституцияга ылайык жашоо улана берет" деген сунушун киргизишти. Таластыктар "Жашообузда сөзсүз жаңылануу, өзгөрүү болушун биз да каалайбыз. Өлкөбүздүн турмушун ушул бойдон калтырууга ар бирибиздин моралдык укугубуз жок. Биздин жашообузга президенттин баласы же бир тууганы жеке көр тирлигибизге чейин кийлигишип, жайы менен азап тартып өстүргөн төө буурчагыбыздын баасын алар бычып, аныктаганын каалабайбыз. Биз каалаган рынок баасында, каалаган жерде сатышыбыз керек. Бул бийлик кетмейинче биз оңолбойбуз"дешип, Ревкомдун койгон талаптарын колдоп беришти. Ошентип, Талас эли менен Ревком мүчөлөрү бирдикте Ревкомдун төрагалыгына Азимбек Бекназаровду шайлашып, кабыл алынган сунуштар менен жер-жерлерди кыдырууну улантуу чечимин кабыл алышты. Ревком 29-ноябрда "Акыйкат үчүн" кыймылы уюштурган курултайга да бараарын, эгерде "Бакиев баш болгон бийлик тобу кетишсин" деген талабыбызды колдошсо, анда алар менен биригүүгө даяр экенин жашырышкан жок.
Азимбек Бекназаров, Ревкомдун төрагасы:
- Биз биринчи курултайыбызды Кыргыздын экинчи Меккеси, Манас атабыздын ордосу Таластан баштап жатканыбызды уккан кээ бири "Ал жерде Манастын тукуму калбай, жалаң Абыке, Көбөш тукуму калган. Кууп чыгышпаса болду" айтышты. Бизге айткандар жаңылышыптыр. Талас эли дагы деле Манастын руху, духу менен жашаган эл экен. Буларга эч кандай Абыке, Көбөш дегендер тоскоол болуп бере албасына дагы бир ирет ишендик. Талас эли бизди колдошту. Биз ушул дух менен бардык региондорду кыдырып, жүрүшүбүздү уланта беребиз. Биздин негизги максат үй-бүлөлүк кланды талкалоо. Таза шайлоо, татыктуу жашоо.

Роза Нурматова, Ревкомдун мүчөсү:
- Азыркы Ревкомдун мүчөлөрү башында Бакиевди колдогонбуз. Анан 3 жылдан ашык иштеп майнап чыгарбаганына, адилетсиз бийлик жүргүзүп, ыймансыздыкка, намыссыздыкка жол берип жатканын көрүп туруп мындан ары чыдашка мүмкүн болбой турганын билдик. Азыр эл Бакиевди Акаевдин учуруна салыштырып "ошол эле учур укмуш экен"деп жатышат. Демек, биз жаман деп айткан Акаевдин бийлигинен да бул бийлик он эсе жаман болуп жатканынан кабар берет. 2005 жылдагы революция аягына чыккан жок. Ошондогу берген убадасына президент турган. Өзүмдүн ыйык, куттуу Талас жергемде турам, бир да жолу Бакиев жөнүндө Талас жергесинен жылуу пикир уккан жокмун. "Шорубузду шорподой катырды" деп наалат, каргыш айткан эле адамдар. Президент элди мындан ары да кыйнабастан өзүнүн сыйы менен "эптей албадым" деп ачык айтып кетсе, эл журт алдында жүзү жарык бойдон калып, чоң бир эрдик кылат эле.

Каныбек Сарымсаков, Кыргызстан Жашылдар партиясынын жаштар канатынын лидери:
- Мен бул жалпы улуттук жыйынды өз максатына жетти деп ойлойм. Таластын эли Ревкомду колдоп берди, себеби, Ревкомдун негизги максаттары элдин талабына жооп берди. Дагы бир себеби, элдин турмушунун оор абалга жеткендиги. Бул курултайдан кийин мен дагы бир жолу келечекке, кыргыз элимди Манас атамдын арбагы колдоп, тизелеп турган абалдан бутубузга тураарыбызга көзүм жетти. Бүгүнкү бийлеп турган бийликти жок кылуу элимдин колунан келет деп ишенем. Мен ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып элимди, жаштарды жер-жерлерде боло турган Ревкомдун жыйындарын колдоп, Кыргызстандын келечегине кайдыгер карабашыңарды суранат элем.

Асанкул Касымбеков, Арашан айылынын тургуну.
- Т. Тургуналиев, Э. Бөлөкбаев баш болгон адамдар келип элдин көйгөйүн көтөрүп жатышат. Биз Талас эли, Манастын урпактары булардын айткандарына кошулабыз. "Бакиев кетсин" дегенди бир добуштан колдойбуз.

Токтосун Бектенов, Арал айылынын тургуну
- Атайын жолдун алыстыгына карабай Аралдан бери келдим. Ревкомдун айткан сөздөрүнө ынанса болот. Эгерде алар эл менен бирге болуп, ынтымакта ушул темп менен кетишсе, иштери илгерилей берерине ишенем. Булардыкы башкалардай болуп "Тиги кетсе, анын ордуна мен барсам" деген амбиция жок болуп жатпайбы. Баарын эл чечсин деп эң туура айтып жатышат. Качанкыга чейин элдин сыртынан тон бычып келишет.

Николай Нипов, Талас шаарынын тургуну
- Мен 37 жыл почта кызматында иштедим. Алган пенсиям 10 жыл иштегендер менен бирдей эле. Бизде азыр калыстык жок. Бакиевди калыстыкты, туруктуулукту орнотот деген үмүт менен мен өз добушумду бергем. Өзүм биринчи топтогу майыпмын, кемпирим дагы оорукчал, анан биздей картаң кишилерге жылуулук менен тамактан башка эмне керек? Ошого да тыңыраак жетпей отурабыз.
Э. Мадиева.
Бишкек-Талас-Бишкек













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan