sms-мүнөздөмө

Саясатчың ким?
Урматтуу окурмандар! Саясат айдыңында жүргөн атуулдарыбыз бир топ. Бирок, алардын бардыгы тең эле сиздин купулуңузга толо бербесе керек. Же тескерисинче бардыгы тең эле жаман адамдар эмес болушу мүмкүн. Андыктан "Асман пресс" гезити сиздин ар бир саясатчы туурасындагы оюңузду билгиси келет. Эгерде биздин sms-мүнөздөмөгө катышкыңыз келсе "Асман пресс" тарабынан сунушталган бир саясатчыга мүнөздөмө бересиз. Ал кандай адам, түнтпү, ачыкпы, сараңбы, берешен же урушчаакпы, айтор, сиз анын мүнөзүн сүрөтү аркылуу аныктайсыз. Эгерде сиздердин мүнөздөмө ал саясатчынын өзүнө-өзү берген мүнөздөмөсүнө туура келсе анын белегине ээ болосуз. Жыйынтыгы ар бир айдын аягында жарыяланып турмакчы.
smsтерди 0543 11-45-98, 0543 03-53-03 номерлерине же saiasat@bk.ru электрондук дарегине жазып жөнөтүңүздөр.
Эмесе сиздердин кийинки элегиңиздерде КР Экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек ЖАПАРОВ.
Эскертүү: орой, сөккөн, тилдеген билдирүүлөр кабыл алынбайт.




Өмүрбек чиркешович Текебаев
Текебаевди ажолукка шайлайлы, бу дагы Акаев, Бакиев болуп калса, анда кыргыздар тарайлы!
0 773 35-24-хх

Кыргызстандагы эң туруктуу саясатчы - бул Өмүрбек Текебаев.
Таалай Кубаталиев

Текебаев өз элинин мекенчил, акылдуу, адамкерчиликтүү, бийик, туруктуу саясатчысы, элине боорукер, эл тагдыры үчүн күрөшкөн, Кыргызстанды саясий кризистен алып чыга турган инсан. Кыргыз эли ага ишенет.
Мүсүр. 0 777 36-35-хх

Өмүрбек мырзаны жактай коем деп көп эле адамга жаман көрүнгөнүм бар эле. Кыргызды бөлүп-жарбаган патриот. Бир минусу - элдин айтуусунда көлдүк жеңебиздин айтканынан чыкпайт дегени гана ойлонтпосо, башкасы төп эле келип турат. Бирок, азыр биз айранды үйлөп ичип калбадыкпы.
0 772 01-07-хх

Текебаевдин таманынан башына чейин эле мээ. Кочкорлуктар президенттикке көрсөтөбүз. Достору дагы мыкты адамдар - Байболов, Сариев, Шерниязов... Тилегеним эле аман болсо экен.
Каныбек 0 773 56-2х-хх

Ою терең, интеллектуалдуу, маданияттуу, нукура кыргыз, патриот, чырайлуу, сөзүнө бек турган эр жигит. Эң биринчи элине күйгөн, законду билген, чынчыл, боорукер, элинин жалгыз ишенген инсаны катары баалайм.
Врач-педиатор Кенжегүл, 0 777 02-хх-хх

Өмүрбек Текебаев чынчыл, сөзүнө турган, байлыкка, бийликке эч азгырылбаган кыргыздын азаматы десем жаңылышпайм. 2010-жылы президенттик шайлоодо утса элибизди кризистен алып чыгат деп ойлойм.
0 773 36-88-74

Ашыкча мактагандан алысмын. Анча-мынча нерсеге арданып кеткен жагы бар. Парламентте спикер болуп турганда саясатка анча быша электиги көрүндү эле. Эми кандай такшалды билбейт экенмин, бирок, байкашыма караганда бир аз токтолуп калгандай.
Асек, Бишкектен

Өмүрбек Чиркешович жумшак мүнөз, сылык, аккөңүл, кылдаттык менен иштеген, бирок жини бат келген, эмоцияга бат берилген, баарына көңүл бөлгөн инсан.
Окурманыңар

Өмүрбек мырза бийликтин чекесине чыккан чыйкан. Чындыкты бетке айткан, кыялы чорт адам.
0 777 82-хх-хх

Мен Өмүрбек Текебаевди келечекте Кыргызстанды гүлдөтө турган президент деп эсептейм.
0 777 80-09-03

Өмүрбек Чиркешович табиятынан таза, чынчыл, жөнөкөй, бетке айткан, бой көтөрбөгөн, кызмат үчүн жанталашпаган, байлык үчүн элин таштап качпаган, бийликке сатылбаган, жаш кезинен бери жалаң эли үчүн күйүп келген инсан.
0 772 26-хх-хх

Өмүрбек ага экстремалдуу учурларда өзүн колго ала албай, эмоцияга алдырып жибергени өзүнө көп учурларда тоскоол болот.
0 777 77-хх-хх

Азыркы Кыргызстанда Ө. Текебаевдей таза, намыстуу, кызматты туу тутпаган саясатчылар азыраак. Текебаев баардык жагынан такшалган, мекенибизди туңгуюктан чыгара турган, журт атасы деген наамга татыктуу боло турган патриот лидер.
Кыргыздын келечегин ойлосок Ө. Текебаевди тезинен президент кылып шайлоо керек. Ошондо гана түндүк-түштүк деген оорулуу маселе орду түбү менен жок болот. Эң негизгиси элибизди тезек терген кордуктан куткарып чыгат.
0 772 15-хх-хх

Өмүрбек Текебаев акниет, чынчыл, тарбиялуу, билимдүү, бетке айткан, айтканынан кайтпаган, "жигиттин сөзү өлгөнү өзү өлгөнү" демекчи намыскөй. Элинин ишенген ушундай жигиттери көп болсо кана! Өмүрбектей беш жигит болсо Кыргызстан оңолот эле. Өмүрбектей атасы бар үй-бүлө бактылуу. Узун өмүр, ишине ийгилик, душмандары жок болуусун каалап,
Турдугүл

Өмүрбек байкедей лидер жок деп айтам, эмнеге дегенде ал элдик киши. Бар болуңуз!
Көлдүк иниңиз Эшмат.
0 777 35-хх-хх

Чыдамкай, анча-мынча сөздөрдү сөз деп деңгээлин түшүргүсү келбейт. Кызмат үчүн көпүрө эмес аба да болгусу келбейт. Кээде эмоцияга алдырат. Аялымдын кирешеси менен жашап жатам деп сүйүнбөй агын сууларда майда ГЭСтерди көбөйтсө болмок, диета кармап курсакты жоготсоңуз, биз суусаган Кыргыздын чыныгы лидери, чыныгы шумкары экениңизди далилидейсиз.
0 777 22-хх-хх

Ө.Текебаев мен абдан сыйлаган саясатчылардын бири. Бул инсандын саясатчылар арасында тоодой орду бар. Чындыкты чыркыратып бетке айткан , сабырдуу, көрөгөч, эң негизгиси туруктуу адам деп билем. Кудай буюрса бийликке барганда сынайбыз. Мага эң жакканы өзүн суктанаарлык алып жүрүшү. Бар болуңуз!
Динара. 0 772 41-хх-хх

Өмүрбек Чиркешович таза, чыныгы улутчул, чындыкты ачык бетке айткан тартынбаган, ондогон жылдардан бери саясатта жүрүп, түштүк-түндүк деп эки жээкке бөлгөн саясатчылардан деңгээли бир топ жогору инсан. Менин жеке оюмда президенттин деңгээли ушундай болууга тийиш.
Эмгек сиңирген машыктыруучу Өмүралы. 0 773 14-хх-хх

Текебаев мырзанын мүнөзү: чынчыл, өз элинин патриоту, ойлогонун жүзүнө айткан, кошоматчылыкты жаман көргөн, акча менен эмес, иш кылган саясатчы, Акман айлынан чыккан жигит.
Тырышчаак, шайлоодо бардык жетишкендиктерге өз күчү менен жетишкен. Кыргыз элинин тарыхында кала турган киши. Саясатчылар үчүн саясий чөйрөдө кумир болгон.
0 773 70-хх-хх













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan