Саясый базар

Марат Кайыпов:
"Биз - бийликтин партиясыбыз"
Учурда коомчулук "Жаңы Кыргызстан" партиясынын позициясын түшүнө албай турган учур. Президентти кош колдоп колдошот, ошол эле учурда анын саясатын кескин сынга алышып, өкмөттү отставкага кетишин талап кылууда. Көрсө партиянын өкүлү экс-министр Марат Кайыповдун айтымына караганда өкмөткө өзүлөрү барышы керек экен.

- Марат мырза, учурдагы абалга кандай баа бермекчисиз?
- Биринчиден, оппозициялык күчтөр биригип жаткандыгын көңүлгө алып коюшубуз керек. Алар жыйын өткөрүшүп, бирдиктүү меморандум кабыл алышты. Экинчи маселе Кыргызтандагы экономикалык кырдаал менен байланыштуу. Финансылык жана энергетикалык сектордогу абал күндөн күнгө оорлоп баратат, андыктан президент чукул арада кескин кадамдарга барып, курч чечимдерди, керек болсо Игорь Чудиновдун отставкасын кабыл алышы керек.
Оппозиция тууралуу айта турган болсок, алар бардык маселелер боюнча, бир гана лидерин тандап алуудан башкасы боюнча өз ара келишип алышты. Бул эми мезгилдин маселеси болуп турат окшойт. Оппозициялык күчтөр кубатына кирип баратат, буга бийлик структуралары өзүлөрүнүн энергетикалык саясаттагы туура эмес иш-аракеттери менен шарт түзүп берип жатат. Бул жагдай оппозициянын бийликти сынга алуусуна негиз болуп берүүдө.
- Мындай учурда "Жаңы Кыргызстан" партиясынын позициясы ачык билинбейт. Президентти колдойбуз деп, ошол эле учурда кескин сынга аласыздар?
- Бул нормалдуу эле көрүнүш. Кыргызда "Ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат" деген жакшы макал бар. Биз кризистин тереңдешин, саясый абалдын начарлашын каалабайбыз. Болгону иштин жүрүшүн түздөп коелу деген оюбуз бар, ал эми мындай ойду дайыма эл алдында ачык айтууга туура келет. Биз Курманбек Бакиевге ачык кат жазганбыз. Октябрдын башында биздин партия саясый чечим кабыл алып, президентке өкмөттү отставкага кетирүү, энергетикалык саясатты өзгөртүү жана президенттин администрациясында кадрдык алмаштырууларды жүргүзүү боюнча сунуш киргизгенбиз. Бул сунушту биздин партиянын генералдык катчысы Исмаил Исаков жарыялаган болчу. Азыр биз анын жыйынтыгын күтүп жатабыз, президент менен диалог болот деген үмүтүбүз бар. Биз өзүбүздүн программабызды жана өкмөттүн стуктурасы боюнча өзүбүздүн көз карашты сунуштагыбыз келет. Өлкөнү саясый жана экономикалык кризистен алып чыгышыбыз керек. Эгер биздин сунуштар эске алынбай турган болсо, "Жаңы Кыргызстан" ноябрь айынын аягында саясый акцияларды уюштуруу укугун ишке ашырмакчы, бул саясый кеңеш кабыл алынган чечим. Андыктан, азыр бардык нерсе президенттин чечиминен көз каранды. Эгер ал туура чечим кабыл ала турган болсо, эч кандай саясый акциялар болбойт. А эгер президент эч кандай кадамдарга барбай турган болсо, анда биз абалды өзгөртө турган акцияларга барууга туура келет.
- Бул кызылдай эле саясый соодалашууну элестетет экен?
- "Жаңы Кыргызстан" саясый партиясынын азыркы өкмөттүн иши үчүн элдин алдында жоопкерчилиги бар. Игорь Чудинов баштаган министрлер кабинети бийликке "Акжол" партиясы аркылуу келген. Бирок ага "Жаңы Кыргызстан" жол ачып берген, учурунда биз аларга агитация жасаган болчубуз. Эсиңиздерге сала кетейин, президент бир нече партиялардын башын бириктиргенде биз шайлоого баруудан баш тартып, мамлекет башчысын колдоорубузду билдиргенбиз. Учурда биз өкмөттүн бюджетти үнөмдөй турган, жөнөкөйлөтүлгөн структурасын сунуштап жатабыз. Ага ылайык административдик министрликтердин, демек алардын жетекчилеринин да саны эки эсе кыскартылат. Андан сырткары өкмөттүк кызматтарга компетенттүү адамдарды сунуштап жатабыз.
- Максатка жетүүдө башка саясый күчтөр, оппозициялык партиялар менен биригүүлөр болушу мүмкүнбү?
- Биз оппозициялык партия менен бийликтин партиясын ачык айырмалап билип алышыбыз керек. Биз - бийликтин партиясыбыз. Биз Кыргызстандын президентин колдойбуз, ошон үчүн мен муну баса белгилеп айтып жатам. Ал Акаевге каршы чыкканда, "Жаңы Кыргызстан" аны талапкер катары көрсөтүп, бийликке алып келген. Биздин партия элди "Акжолго" үгүттөп иштеп жүрдүк, алар республикадагы кырдаалды стабилдештирип, жаңы өкмөт курамын, анын ичинде биздин мүчөлөрдү да бекитүүгө жардам кылышты. Мисалы, "Жаңы Кыргызстан" саясый партиясынын мурдагы башкы катчысы Нур уулу Досбол - азыр мамлекеттик катчы, партиянын төрагасы Үсөн Сыдыков азыр президенттин кеңешчиси. Ушундан эле жыйынтык чыгарса болот, эгер партиянын бир эле мүчөсү бийликте боло турган болсо, анда ал партия оппозициябыз деп айта албайт. Биз оппозициялык партиялар менен биригели, жалпы билдирүүлөр менен чыгалы деген ниетибиз жок. Биздин өзүбүздүн партиянын мүчөлөрү бар жана алардын саны жетиштүү деңгээлде. Партиябыздын өзүнүн тарыхы, максаты бар. Биз президентти колдойбуз жана анын бийлигин бекемдейбиз, ошол эле учурда өз алдынча программа менен өз алдынча саясат жүргүзөбүз.
Чубак Ниязалиев




  Телефон маек

Өкмөттү кетирип, өздөрү өкмөт болгусу келгендер кимдер?
Элдик революциялык кыймылдын мүчөсү Топчубек Тургуналиев менен маек
- Топчубек агай, сиздер эмне үчүн Жогорку Кеңешти, өкмөттү кетсин дегендерге кошулбай жатасыздар?
- Бири Жогорку Кеңешти кетсин десе, бири өкмөттү кетсин дешет. Биз болсо "Кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууган" Бакиев баш болуп кетсин деп жатабыз. Азыр кызыктай жагдай пайда болду. Бакиевге нааразы болуп, бирок, Бакивди колдойбуз. Өкмөттү кетирип, биз Өкмөт болобуз дегендер да бар. Алар: Марат Кайыпов, Исмаил Исаковдор. Менимче, алар да адашып жатышат го. Себеби, Бакиевдин бийлик ооматы кетти. Аны эч ким калыбына келтире албайт. Ал үч жарым жылдын ичинде Кыргызстанды өңүктүрүүгө жөндөмсүз экенин көрсөттү. Бул сөздү башка бирөө айтса бир жөн эле. Революцияга чейин да, андан кийин да Курманбек Бакиевди сүрөп, колдоп жүргөндөрдүн бири мен элем. Бир учурда Бакиевге көкүрөгүмдү тосуп, бар күчүмдү жумшап колдогом. Акыры менин оюм, үмүтүм көпчүлүк эл сыяктуу эле үзүлдү.
Биздеги кырдаал Байыркы Римдеги Цезардын окуясына окшошуп бараткансыйт. Цезардын эң жакын жан жолдошу Брут деген болгон. Цезарь Римди башкарып турган учурда ага каршы кутум уюштурулган. Ал Форумга кирип бара жаткан жеринен, кол алдында иштеген жетөө ар бирибиз бирден бычак саялы деп сүйлөшөт. Айтканындай кылып, бычак сайышат. Бирөө Цезардын эки далысынын ортосуна бычак саят. Цезарь кайрылып караса өзүнүн шакирти эң жакын жан жолдошу Брут экен. Ошондо кайрылып туруп "Брут, сен дагыбы?!" дептир. Анысыгандай Курманбек Бакиев мен демократияны курам, эл үчүн иштеп берем деп революцияга чейин да, андан кийин да сөз берген. Бирок, революциядан кийин, былтыркы референдумда, парламенттик шайлоодо демократиянын далысына учу ууга чыланган найза сайды. Ошондон кийин Курманбек Бакиевдин эки жүздүүлүгүнө көзүм жетти.
- "Жаңы Кыргызстан" партиясынын өкмөттү кетсин деген талабы жең ичинен бийлик менен соодалашуу эмеспи?
- Албетте, алар бийлик менен соодалашып, анан Бакиевди сактап калып жатпайбы. Ал түгүл президент Жогорку Кеңешти таркатсын дегендер да Бакиевди сактап калып жатышат. Элдик революциялык кыймылдын мүчөлөрү башкы күнөөкөр Бакиев кала береби деп Бакиевдин кетишин талап кылып, тигилерди "силер Бакиевдин бийлигин коргоп жаткан турбайсыңарбы" деп айтып жатабыз. Ошондуктан "Жаңы Кыргызстан" партиясынын мүчөлөрүнүн айткандарына макул эмеспиз. Балким, оппозициянын башка уюмдары, бирикмелери Исмаил Исаковдор бүгүн болбосо эртең, эртең болбосо бүрсүгүнү биз дагы Бакиевден түңүлдүк деп анын кетишин талап кылабыз десе, анда биз алар менен биригүүгө даярбыз.
- Бир учурда "Реформа үчүн" кыймылы түзүлүп, бийликтин жүрөгүн болк эттирген. Оппозициянын айрым лидерлерине бийлик устукан тартып, кызматка чакырган. Курманбек Бакиев Германиядан келсе, дагы ошондой кадамдарга барышы мүмкүнбү?
- Оппозициянын арасынан бийликке акыркы бир-эки-үч жылдын ичиндегидей болуп сатылып кете тургандар болсо, Ф. Кулов, А. Атамбаев, Ж. Сатыбалдиев, М. Эшимканов, Ө. Субаналиевге окшогондор дагы болсо, алар элдин каарына калат. Алар менен биз эки дүйнөдө чогуу болбойбуз. Бирок, андайлар болушу мүмкүн. Анткени, азыр эле Алмаз Атамбаев меморандумга кол койсо да, аны сүрөп, премьер-министрлик кызматка олтургузалы деген күчтөр бар экен. Демек, алардын баары тең бийлик үчүн жан талашып, Бакиевди сактап калабыз деп жандалбастагандар.
- Меморандумга кол койгондордун ичинен бир гана Өмүрбек Чиркешович алдыга койгон максаттарга жетебиз деп жатыптыр. Көпчүлүгү бийлик менен соодалашып жатат деген күбүр-шыбыр кептер да айтылууда. Ошондон кабарыңыз барбы?
- Чынын айтсам менин кабарым жок. Тилекке каршы, былтыркы парламенттик шайлоо учурунда дагы "Ата Мекен" партиясынын лидерлери бийлик менен сүйлөшүп, соодалашып жүргөнүн билем. Силер болсо Өмүрбек Чиркешовичти мактап жатасыңар. Жалгыз эле ушул күрөшүп жатыптыр деп. Кээ бир маалыматтарды ошол кишилер өздөрү таркатат.
- Бир учурда Аскар Акаев кетсин деп кол топтодуңуз эле. Эмне үчүн Курманбек Бакиев кетсин деп кол топтогон жоксуз?
- Менин оюмча, Акаев кетсин деп кол топтогонумдун себеби, Акаев колундагы парламентти карайт эле да. Азыр Бакиевдин кол баласы болуп, жүргөн "кара жолчулар" андай кадамды жактырбайт дагы, өткөрбөйт дагы. Аны референдумга коюш керек. Референдумга президент же парламент коет. Ошондуктан биз аргабыз жок башка жолун тандап жатабыз. Азыркы президент элдин кыжыры келтирип, нааразы кылып, ал түгүл жарыксыз калтырып, эл байкушту тезек тергизип салды. Сасыган май менен олтуруп калдык. Элдин каары барган сайын күчөп баратат. Бир күнү болбосо бир күнү катуу жарылат.
- Өткөндө конференция учурунда октябрь, ноябрь, айларында элдик революциялык кыймыл чечкиндүү кадамдарга барат дедиңиздер эле...
- Чечкиндүү кадам деп биз элдик революциялык кыймылды түптөп, уюм катары алдыга жылдырып деген мааниде айтканбыз. 18-ноябрда Таласта жалпы улуттук жыйын өткөрүп, силер айтып жаткан көйгөй маселелердин баарын ошол жерден талкуулайбыз. Революция деген киши кааласа түндө түш көрүп, эртең менен турса эле болуп кала турган нерсе эмес. Революция үчүн эки негизги шарт керек. Биринчиси, эл ушунчалык нааразы болуп, арасында 100 миң деген чекиндүү, ачык, бийликтин, өкмөттүн укуругунан, бийлигинен коркпогондор чыгышы керек. Экинчи шарт бириккен уюшкан саясий оппозиция ошол элдин алдына чыгып, башкарышы керек. Менимче, ошол учур аз-аздан калыптанып келе жатат.
- Бүгүнкү күндө оппозициянын жүзү кандай, ишеним артса болобу?
- Оппозицияда бир эле уюм жок. Аркандай уюмдар бар. Маселен, коомдук парламентке кирип, меморандумга кол койгондорду үчкө бөлсө болот. Биринчиси, алардын ичинде тазалары аз. Экинчиси, Акаевчилер абдан көп. Үчүнчүсү, сатып кете тургандар да бар. Оппозиция дегендердин арасында "Адилеттик үчүн" деген бирикме, "Элдик революция" деген бар. Менимче, бул дагы чоң бирикмелерден.
- Оппозицияга ар түркүн адамдардын баарын кошо берип, баркын кетирбей татыктуусун иргеп алуу жөнүндө критерий жокпу? Кызматка таарынгандын баары эле оппозицияда деп айыптап калышат…
- Критерий мурдатан эле бар да. Оппозицияда сатып кетпей турган чечкиндүү адамдар керек. Былтыр Кулов 11-19-апрелде бийликти алам деп жарыялап, бирок жаш балдарды каматып, жашынып алды. Текбаевдердин баары жоопкерчиликти моюнга албайбыз деп качышты. Чыныгы лидерлер элдин алдында болуп, жоопкерчиликти моюнга алып, бийликтин куугунтугунан качпашы керек.
- Эмне үчүн сиз революцияга катышсаңыз дагы тийиштүү кызматка келген жоксуз?
- Мага бир эмес, эки жолу кызмат сунушташкан. Бирок, макул болгон эмесмин. А Бакиев болсо мага ылайыктуу кызматты ойлонуп көрөйүн деген. Ушул убакка чейин ойлонуп жатса керек.
- "Бирдиктүү Кыргызстанды" эмне үчүн сындап жатасыз?
- Алар Акаевчилер. Меморандумга арасынан А. Муралиев келип кол койду. Демек, алардын ана башчысы кол койгондон кийин Акаевчилер дагы аралашып, оппозициянын баркын төмөн түшүрөт да.
- "Элдик революциялык кыймыл" чечкиндүү пикирге келе алдыбы?
- Учурда бир пикирге келдик. Бирок, меморандумга кол койгондор менен бириге албайбыз. Анткени, 25-ноябрдан 29-ноябрга которулган курултайында Бакиев баш болгон бийлик кетсин деп жазсаңар биз биригүүгө даярбыз деп айттык Алар жооп берише элек.
- Кыргызстанда финансылык кризис болушу мүмкүнбү?
- Акылбек Жапаровдун акылына таң калып жатам. Бир жарым ай мурун "дүйнөдө кризис болуп жатат, бизде жок" деп айтканын уккам. Азыр 10 мүнөт мурда радиодон "дүйнөдөгү татаал кризистер Кыргызстанга тийбейт" деп жатат. Кыргызстан дүйнө жүзүндөгү мамлекетпи же башка малекеттерге тиешеси жок, финансылык кризистин аймагына кирбеген мамлекетпи?! Мага ошол кызык болуп жатат. Дүйнөдө финансылык кризис болуп жатса, бизге кантип таасири тийбесин? Тийип жаткан үчүн күйүүчү майдын баасы мурда 20-25 сомдон болсо, азыр 32-36 сомго көтөрүлүп, учурда 32 сом 40 тыйын болуп кармалып турат. Бул финансылык кризистин таасири тийип жатат деген сөз. Эгер ал айткан экономика өсүп жатса, анда оозуна май.

Ч.Кутманалиева













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan