Ортодогу омбудсмен

Турсунбек Акун:
"Бакиев Акүйдөгүлөрдүн эле эмес, оппозициянын да президенти"
- Турсунбек мырза, ЖКнын депутаты, депутаттын баласы жоголуп кеткен бойдон дайын жок, табылбай келет. Бир убакта ушуга окшошуп кеткен окуя сиздин да башыңыздан өткөн эле?
- Депутаттын жана депутаттын баласынын жоголушу кыргыз элин жакшылыкка алып бара турган симптом эмес, жаман көрүнүш. Эгер биз мыйзамдын салтанаты орногон демократиялык мамлекетпиз десек, анда мунун акырына чыгып, кылмышкерлерди табышыбыз керек. Эгер депутаты жана депутаттын баласын таба албасак, анда карапайым калкты кантебиз, анда жөн адамды козу уурдагандай эле уурдаган заман болуп калбайбы. Биз тиешелүү билдирүү даярдап жатабыз, токтотпосок мындайлар улана берет.
Бирок, издөө эми акыйкатчынын иши эмес да, тиешелүү органдар иштеши керек. Ал эми мага байланыштуу окуя Акаевдин заманында болгон. Буга окшошуп кетпей эле, кудум эле ушундай болуп мени да уурдап кетишкен да. Бирок, анда үй-бүлөм чыккан, эл көтөрүлгөн, пикет-митинг болду. Эл аралык уюмдар да катуу киришкен болчу. Үй-бүлө, бала-бакыра үчүн бул чоң трагедия. Бирок менин ажалым жок экен, кудайдын буйругу менен табылып калбадымбы! Ошондо мени уурдагандар ушул убакка чейин жазасын алыша элек. Ошондогу шым-көйнөгүм, кийимдерим баары азыр ИИБде турат. Азыр ага кийлигишип бир нерсе кылайын дейм, бирок кызмат абалынан пайдаланып атат деген сөздөн сестенип турам.
- Өткөндө оппозиция меморандумга кол койгонда сиз да жүрдүңүз. Бул биригүүгө кандай карайсыз?
- Бийликтин өкүлү катары жалгыз мен барган экенмин, анан журналисттердин баары башкача карап калышты. Эми бийликтин башка бутактарына караганда акыйкатчы институтунун өзгөчө миссиясы бар, биз бийлик менен элдин ортосундагы данакербиз. Мен Акүйгө президенттин жыйынына барып атам. Эмне үчүн оппозициянын жыйынына катышпашым керек деп айттым. Акыйкатчы болуш керек да туурабы? Жакында оппозициянын өкүлдөрү курултайга имарат боюнча жардам бериңиз деп келишти.Аларга айттым анан, кат жүзүндө өзүңөр кайрылгыла, алар болбосо анан мен жардам берейин деп.
Ал эми меморандум кабыл алуу "кетсин" дегенден жогору болуп жатпайбы, муну конструктивдүү оппозиция дейбиз. Президентке, өкмөткө маселени катуу коюп, өзүлөрүнүн да концепциясын иштеп чыгып жатышат. Ал эми андай концепцияны иштеп чыгуу оңой эмес, ан үчүн билим, тажрыйба, деңгээл деген болуш керек. Баарын бирден санап отурбайын, аны чоң саясатчылар жазышты. Бул саясатчыларды жаңы деңгээлге көтөрүлдү дегенди билдирет. Биздин убакта концепция деген жок эле, демократиянын алгачкы жылдарында жүрөк таза кезинде концепция жөнүндө ойлобой, чындык, акыйкат деп чыкканбыз.
Саясат деген азоо аттай, аны акырын сылап-сыйпап минет, минем деп жата калып үркүтсөң болмок беле? Бийлик менен оппозиция да ушундай, бирин-бири үркүтүп отурса ортодо эл кыйналат. Мен эки жакты тең улуттук консенсуска, диалогко чакырып жатам. Меморандум анын биринчи кадамы болуп жатат десек жарашат. Алардын концепциясын бир жактуу сындап туруп албай, бийликтин өкүлдөрү менен ал концепцияны талкуулайлы. Жакшы жактары болсо алалы, туура эмесин далилдеп берели. Курултайга расмий чакыруу алдым, барып катышам. Ал жерде улуттук ынтымакка чакырам. Бирок мен сунуштаган консенсуска бийликтин бир топ өкүлдөрү макул болуп, тескерисинче, оппозициянын айрымдары макул болбой атат, жок биз бийликке ишенбейбиз, бизди алдап кетишкен деп. Эми алардыкы да туура, бийлик бир топ нерсени айтып коюп, аткарбай койгон да, анан сүткө оозун күйгүзгөн айранды үйлөп ичет болуп атат да.
Азыр оппозиция "опытный", аны алдаганга болбойт. Акыйкатчы катары мен бийлигине да, оппозициясына да тартпаган ортодогу калыс фигура болушум керек. Меморандумга кол койсо эле аны душман, койбосо бийликтин кишиси деп, ак-карага бөлгөн болбойт. Баарыбыз Кыргызстандын жарандарыбыз, элибиз, жерибиз бир, мамлекетибиз, максатыбыз бир. Андыктан оппозиция да, бийлик да бири-бирин бир жактуу сындап туруп алганы болбойт. Мисалы, бийликтин кемчилиги болот, бирок жакшы жактары да бар.
Үч жылдын ичинде бир топ ийгиликтерге жетишти. Былтыркы ШКУ, быйылкы КМШ мамлекеттеринин саммитин кошкондо чоң иштер жасалды. Бирок, тилекке каршы, көп иштер жасалбай, коррупция токтобой жатат.
- Оппозициянын койгон талаптары менен макулсузбу?
- Концепция менен гезит беттеринен таанышып атам, оппозициянын койгон талаптарынын жөндүү жактары абдан көп. Алар менен дайыма жолугуп сүйлөшүп турам, билесиңер, көбү досторум, үй-бүлөбүз менен катташып турабыз. Мисалы, президенттин бийлигин чектөө керек дегендин эмнеси жаман? Менимче кеп Бакиев жөнүндө эмес, кеп Кыргызстандын президенти жөнүндө. Президент аткаруу, мыйзам чыгаруу жана сот бийликтеринин үстүндө турушу керек. Андыктан чарбалык иштерге, акимдердин, айыл өкмөттөрдүн деңгээлине түшүп кетпеши керек. Чарбалык иштерди премьерге, министрлерге берсе, биз муну менен президентти кыйнабайбыз, тетиринче ал концептуалдуу, стратегиялык иштер менен алектенип калат. Ушул сыяктуу жакшы жактары бар.
Бийлик бутактарынын ортосунда баланс болбой, биринин бийлиги кем болсо, анда бир буту кыска адамга окшоп калат. Бир буту кыска болсо ал аксайт, анан коом дагы аксап жатпайбы. Президент баарынан жогору туруп, үч бутакты көзөмөлдөп, бир нерсе болуп баратса, үчөөнү тең чакырып алып, акырын бурап-бурап коюшу керек. Анан президент кээ бирөөлөр ойлогондой Акүйдөгүлөрдүн эле президенти эмес, жалпы улутка тийиштүү да. Азыр президент ошол деңгээлге көтөрүлдү. Бирок Акүйдөгү кээ бир чиновниктер ал кишини Акүйдүн гана президентиндей көрүп, ошого жараша кошомат кылгылары келет. Андай болбойт, президент Акүйгө да, элге да бирдей, ал оппозициянын да президенти.
- Акүйдө администрация башчысы Медет мырза менен сизди жакшы мамиледе, дос деп угабыз?
- Ооба, көп жылдан бери теңтуштугубуз бар. Медет Чокановичти баары эле жамандаганга аракет кылышат. Улутуна чейин кирип кетип, бир казак баарын жайлап атат дегендей айтышат. Мисалы, мен Медет Чокановичти тээ комсомол кезден бери билем, анын көп жакшы жактары бар да. Эгер ал кишинин жакшы жактары болбосо анда мен ал менен жакын мамиледе болбойт элем го. Өлкөдө стабилдүүлүк орноп, президенттин бийлиги чыңдалышына анын ролу чоң. 2006-2007-жылы жалаң эле пикет митинг, жол тосуулардан колубуз бошобой, аягында 19-апрелде эмне болду? Ал эми Медет Чоканович келгени оппозиция менен да иш алып барып жатат, ошол эле Акүйдө иштеген менин да кадырымды билди. Ал кишинин бир жакшы жери ал күчтүү менеджер, уюштургуч.
Былтыркы ШКУ, быйылкы саммитти алалы, мисалы быйыл кышында газ менен проблема болбойт, кудай буюрса свет да ноябрдан бери өчпөй, турмуш калыбына келип атат. Бул жерде президенттин бутуна бут, колуна кол болгон Медет Чокановичтин ролу чоң. Эмне үчүн бул жагын айтышпайт? Ооба, бирок кемчиликтери да бар, аны дайым айтып келем. Кээде саясый оюндарды жүргүзүп жиберет, бир жагына тартып коет. Мага деле теңтуш катары убадаларды бере берет, бирок көбү аткарылбай келет. Анүчүн бир жактуу уруша берген болбойт, мамлекеттик иште жүргөн адамдын колу да бошобойт. Мисалы, бизге акыйкатчы институна көп жардам, анын ичинде мына ушул жылдын ичинде айлыкты ЖК деңгээлине жеткирип бергени жатат. Мында биздин достугубуздун жардамы тийүүдө.
Негизи биз көз карандысыз институтпуз, бирок ошентсе да Акүйгө барып маалымат берип, алдыларынан өтүп турам. Бул да чоң саясат да. Мен антүүгө милдеттүүмүн, анткени алар бизге айлык, машине берип атат. Бул кошоматчылык эмес, депутаттар беш жылга жалдап алгандан кийин кылган кызматым жөнүндө кабар берип турушум керек.
- Айрым саясатчылар президентти кетсин деп, радикалдуу чараларга барабыз дешүүдө?
- Андайлар болуп келген, боло да берет. Убагында Топчубек Тургуналиев менен Турсунбек Акундан өткөн радикал болгон эмес. Эми мен бийликке өткөн үчүн бир аз салмактуу болуп калдым. Радикалдардын чыгышы мыйзам ченемдүү, талап койгонго акысы бар, бирок эл аларды канчалык деңгээлде ээрчийт? Бийликтин чоң кемчилиги - ушундай радикал деңгээлге жеткирбеш керек болчу. Алар менен бийликке чогуу келген соң, алардын сөзүн угушу керек эле. Бирок, алар да кызматтан түшүп калса эле чыга калбай, конструктивдүү болушу керек. Эки жак тең бир-бирине кол сунушу керек. Бирок радикалдуу кадамдарга баруусуна бийлик күнөөлүү, кээде бийлик кулагы керең, көзү сокур болуп калат. Андыктан радикалдарды душман көрбөш керек.
- "Жаңы Кыргызстан" пар-тиясындагы досторуңуздун саясатынан кабарыңыз бар да?
- Алардан кабарым бар. Анан Чудинов кетсе эле, анын ордуна периште келип калбайт да. "Жаңы Кыргызстандын" талаптарынан көрө конструктивдүү оппозициянын айткандары негиздүү. Оппозиция системалык өзгөрүү деп жатат, ал эми "Жаңы Кыргызстандын" талабындай бир эле өкмөттү алмаштырганда заман оңолуп калбайт да. Бирок "Жаңы Кыргызстан" партиясы өтө чоң күч, буга бийлик көп маани бербей жатат.
- Нурлан Мотуев иниңиз АКШ базасы кетсин деп кол топтоп жүрөт, буга кандай карайсыз?
- Азыр президентти кетсин деген деле талаптар чыгып жатпайбы. Ошол сыяктуу эле авиабаза кетсин деп жатышат. Бизде түрдүү жарандар бар да. Биз демократиялуу коомду куруп жатабыз, андыктан бул алардын саясый-атуулдук укугу. Авиабаза кетсин дегенге толук негиздер бар, мисалы биздин жаранды американын жараны көз көрүнөө атып салды. Ушуга чейин ал жазасын албай кетип калды. Кетсин деп чыктыбы, демек проблема бар. Нурланга жолугуп бир жолу бизде орустардын да базасы бар, экөөнө тең бирдей кара деп айткам. Нурлан да жөнөкөй жигиттерден эмес, менин патриот иним. Башка бир улуу улуттар басып кирип келе турган болсо эң биринчи ушул Мотуевдер чыгат.
Авиабазалардын бизде жайгашкандыгынын жакшы жагы, анын биз үчүн чоң стратегиялык мааниси бар - Улуу Кытайдын бир районундай болгон кошунасыбыз. Жаман жагы биз ислам дүйнөсүнө кирген өлкөбүз. Калкыбыздын 80% ашыгы мусулмандар. Бир тарапта Афганистан, экинчи тарапта Иран турат. Мусулман өлкөлөрүнүн пикири бузулуп калбагандай болушу керек. Андыктан бул маселени президент менен парламент чечиши керек. Мисалы АКШ базасы парламенттин уруксаты менен келген, ал эми орустар андай кылган эмес. Мен орустардын базасы турганына каршы эмесмин, бирок бардык нерсе мыйзамдуу болушун каалайм.

Урмат ИМАНАЛИЕВ














Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan