Шоу-биз...

Борончу Кудайбергенов
Соңку учурларда ырчы жана куудул Борончу Кудайбергеновдун убактысынын көбү уюлдук телефонуна жооп берүү менен өтүп жатат. 13-14-ноябрь күндөрү Спорт ордосунда концертин берүүгө даярданып жүргөн өнөрпозго байланышка чыккандардын 80 пайызы узун, олоң чачтуу айымдар жана бийкечтер болууда. Ал эми мындай көрүнүштүн себеби, Борончу Кудайбергенов алдыдагы концертинин алкагында эң узун чачтуу айымдардын сынагын өткөрөт. Борончунун айтуусунда, ага кайрылып, сынакка жазылып жаткандардын чачынын эң кыскасы тизеден ылдый болууда. Ал эми Бактыгүл аттуу эжекенин жибек чачы боюнан эки карыш узун экен.

Омар
Жакында эле Талас, Ош жана Жалал-Абад областтарына болгон гастролдук турунан кайтып келген Омар учурда үй курулуш жумуштары менен алектенүүдө. "Алла Пугачеванын Алтын жылдызынын" ээси аймактардагы күйөрмандарына 2008-жылдын ийгиликтүү жыйынтыктарына болгон отчеттук концертин тартуулаган соң, бир аз эс алууну чечкен. Бир үй-бүлөнүн жалгыз уулу Омар учурда ата-энесинин жаңы салынып жаткан үйүнүн соңку жумуштарын бүтүрүүдө. Ал эми ноябрдын соңунда жылдыздуу ырчы Ысык-Көл жана Нарын областтары боюнча гастролдук концерттерин өткөрөт.

Сема мерген
Ырчы жигит Сема атбашылык Карыпбай аттуу мергенчинин чакыруусу менен ак кар, көк муздуу Аксайдын жанындагы тоолордо аңчылыкка чыгып келди. "Ал жакта кар эбак эле түшүптүр. Катуу суук экен, үшүгөнүмдү айтпай эле коеюн. Ал эми жергиликтүүлөр сөөктөн өткөн суукту сезип да коюшпайт экен. Мергенчи катары эч нерсе атып ала албасам да, эң сонун эс алып келдим", - дейт Сема. Ырчынын айтуусунда, ал Ат-Башыдан такыр эле олжосуз кайтпаптыр. Карыпбай мергенчи ага "Азиат" тукумундагы күчүктү белек кылган экен. Тулку бою жылтылдап капкара түстүү болгон күчүктүн төшүндө гана алакан отундай агы бар болгондуктан, Сема ага Актөш деп ат коюп алды.

Асема кино тартып жатат
Жаш актриса жана ырчы Асема Токтобекова дагы бир кесип боюнча өзүн сынап көрөйүн деген окшойт. Учурда акын Жыпара Исабаеванын "Адашкандар" чыгармасы боюнча сценарий жазып чыгып, кыска метраждуу көркөм тасма тартып жатат. Асема ушул жайда кинорежиссер Эрнис Абдыжапаровдун мастер-классына катышып, режиссерлуктун алгачкы сабактарын алган болчу. Режиссерлук менен эле чектелип калбастан "Адашкандардын" башкы каарманы Акшооланын образын дагы Асема өзү жаратат. Ал эми экинчи баш каарман Ынактын ролун эстрада ырчысы Замир Арыкбаев, бири-бирин сыйлаган бул эки жаштын үй-бүлөлүк очогуна суу сепкен көзү ачыктын ролунда актриса жана ырчы Сайра Момунбаева болмокчу. "Жайында Эрнис агайдын курстарынан кийин катышуучулардын ар бирине тасма тартуу боюнча тапшырма берилген. 15-ноябрь күнү бул сынактын жыйынтыгы чыгарылат. Көрүнүктүү режиссердон алган билимим текке кетпегенин далилдөө максатында ушул тасманы тартууга бел байладым" - дейт Асема.

Съездбектин сыйлыгы
Обончу жана аткаруучу Съездбек Искеналиевге Кыргызстандын Маданият жана маалымат министрлигинин Ардак Грамотасы тапшырылды. Биздин өлкөнүн маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата берилген мындай сыйлыкты ырчыга министр Султан Раев маданият жана искусствонун өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн ыйгарды.












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan