Коомдук-саясый гезит
№32, 06.11.08-ж.





  Экран артында

Гүлжан Кулмамбетова, тележурналист, "Ала-Тоо" маалымат программасынын алып баруучусу, филология илимдеринин кандидаты:
"Каалаган кадрын чыгарып алып карап отургудай үй-бүлө сүрөт эмес"
- Гүлжан эже, УТРКда канча жылдан бери иштейсиз. Эфир ушул убакыт ичинде сизге эмне берип, эмнеден кур калдыныз?
- УТРКда иштегениме он жыл болуптур.
Түркүн тармактагы түмөн иштерди чагылдыруудан ар кыл адамдар менен баарлашуудан - сайраган саясатчы, эсеп чаккан экономист, жер баккан дыйкан, кээде милиция да болуп кетесиң. Ушундан улам кесибим мени аудиторияга ылайык маектешүүгө, кеп маданиятын сактоого тарбиялады. Адамдарды уга билүүгө, психологиясын баамдоого үйрөттү. Он жылдык убактымды уурдатканым гана болбосо, башкадан куру калдым деп өкүнбөйм. Эфирдин касиети бар - чыккан сайын сүрдөп, сынай караган камерадан айбыгып турам… "Айтылган сөз -атылган ок" деген нерсе эфирдин мыйзамы. Башка мыйзамдардан айырмасы - буйлаланбайт. Жоокердики мылтык, акындыкы калем болсо биздин курал - эфир.
- Эфирде ар кандай маанайдагы маалыматтарды берүүдө эмоцияга алдырып жиберген учурлар болобу?
- Эфирде жөн эле кобурап койгон супсактык болбош керек.
Көңүлкош боло албайм. Мекендештерибиздин Пекиндеги жеңиши, үч эм балдардын төрөлүшү, башкалардын ийгилиги… Мунун бардыгына маңдайым жарыла кубанам. Анан дагы кайгылуу кабарларды айтуу азапка айланат . Самолеттун кулашы, Алайдагы жер титирөө… Жакында эле дүйнө салган Садырбаевди, Миррахимовду, Чыңгыз агабызды, мурдагы жетекчибиз Карыпкуловду элге угузууда өзүмдү араң кармадым. Деги быйылкы жыл оор болбодубу. Тезирээк узап, ак жолтой айларга орун берсе экен.
- Эфирден тышкары эмне менен алектенесиз?
- Жогорку окуу жайларынын биринде сабак берем. Үйдө болсо аялзатына таандык өз түйшүгүм бар.
- Журналист, алып баруучу болбой калсаңыз кайсы кесипти аркалайт элеңиз?
- Имарат көркөмдөгөн дизайнер болмокмун. Ремонт, оңдоп-түздөө, бузуп кайра-жасоо, интерьерди өзгөртүү дегенден эч тажабайм. Кээде үйүмдо ала-жазда башталган ремонт, кышка таяп араң бүтөт. Эгер эркек болгондо, сөз жок куруучулукту тандайт элем.
Ал эми менден жыргаткан тигүүчү же медик чыкпайт болчу.
Ийне - кайчыны түзүктөп кармай албайм, анализ берердеги абалымды айтпай эле койоюн.
- Аялдардын көпчүлүгү дүкөн кыдыруудан ырахат алат экен, сизчи?
- Эми бизге "шопинг-терапия" деген түшүнүк кирбедиби, психологдордун тапканы. "Эгер башың ооруп, кабатыр болуп турсаң анда дүкөн кыдырып азем буюм ал, дароо абалдан чыгасың" - дейт. Биздин коомдогу айымдардын баары ушинтип дарыланса, анда дүкөнү да, базары да бош калмак. Анткени, азыр башы оорубаган, капасы жок аялды кезиктирүү өтө кыйын эмеспи. Өзүм болсо дүкөнгө ырахатты эмес керектүүнү издеп барам.
- Сиздин эфирдеги костюмдарыңыз өзгөчөлөнүп турат. Бир адамдын колунан тигилген кийимдерби же атайын заказ менен аласызбы? Бир айда костюмдарыңызга канча акча коротосуз?
- Тиктирбейм, даярынан эле алам. Баланча сумма сарптайм, түкүнчө фирманыкы деп балжырагандын өзү уят. Бул жеке табитиме, өзүмө гана таандык нерсе. Азыр эми кооз көйнөк, кымбат буюм менен эч кимди таңгалдыра албайсың, илгеркидей дефицит деген жок эмеспи.
- Келбетиңизди бир калыпта алып жүрүш үчүн кандай кам көрөсүз? Балким, башкаларда жок рецепт сизде бардыр.
- Тренажердук залга барам, сууну өтө жакшы көрөм. Убакыт болсо тоодогу шар аккан чоң сууга түшөм. Муз менен сүртүнүү да жакшы натыйжа берет.
- Сизди КТРдин гримеркасына кирбейт деп угабыз. Аларга ишенбейсизби?
- Ишенбейм десем, ал жерде иштегендерди таарынтып алам го. Болгону алардын жумушун жеңилдетип атпайбызбы. Визажист жардам берип жатат.
- Өзүңүздү тааныбай туруп, эфирден көрүп сүйүүсүн арнагандар болду беле?
- Анысын ким билсин, гүл берип жиберип же жумушка атайын келип жакшы пикирин айткан көрөрмандар бар эле. А эмнеге дароо эле сүйүүго бурасыз. Алар карыялар, аялдар окуучулар болсочу?
- Чыгармачыл чөйрөдөн эмессизби, мүмкүн жазарсыз?
- Эргүү келсе ыр жазам, аз гана. Анан дагы дүйнөгө таанымал улуу философтордун, акылман -ойчулдардын учкул сөздөрүн кыргыз тилине которуп жүрөм.
- Котормолордон бир-эки сап билсек болобу?
- Эмнеге болбосун, маселен, Ибн Сина: "Эгер менин досум, душманым менен ылым санашса кечирбейм. Ууга каныккан канттан, жылан заарына чыланган чымындан сактан", - дептир Андан ары уласак, Сириялык акын Абу-Аль-Фарадж - "Адам өзү кызык жаралган, ал жоголгон байлыгына катуу кайгырып, өтүп жаткан өмүрүнө эч кейибейт", "Чыдамкайлык - эң мыкты сапат, бирок көпкө чыдоого өмүр өтө эле аздык кылат", - дейт. Ал эми англиялык жазуучу Д. Аддиссон "Акыл үчүн окуп туруу - тулку бойго жасаган көнүгүүдөй" деп айтса, Француз философу, П. Абеляр "Жаштыкта кетирген катаңдын азабын, карыганда тартасың", - деп көзгө сайыптыр.
- Поэзияга башынан жакынсызбы?
- Тээ балалык кезим өткөн Ат-Башыдагы Ак-Муздун мектебинде "Жаш калем" ийрими бар эле. Физика-математика боюнча эксперименталдык класста окусам да адабиятка ооп кетчүмүн. Ошол ийрим алгачкы конкурсун жарыялап мага биринчи орунду ыйгарганы эсимде. Андан кийин ырларымды райондук, областтык, ошол кездеги "Ленинчил жаш" гезитине жөнөтөр элем. Гезит бетине ыр басылган күндү классыбыз менен майрамдап бүтө алчу эмеспиз.
- Кандай темадагы ырлар эле?
- Эне, мектеп, мекен жөнүндө. Дегеле бала кезимде ырды көп жазып, поэзияга, тилге ынтызарлыгым күчтүү болчу. Пушкиндин, Есениндин чыгармаларын, Турар Кожомбердиевдин, Муса Жангазиевдин ырларын жатка айтуу кызык эле. Тишим өтсө-өтпөсө да классик жазуучулардын томдорун, "Көтөрүлгөн дың" "Тапан" "Акыркы ок" деген китептерди кайталап окугандан, өзүмдөн чоң "Кыргыз совет энциклопедиясын" аңтаргандан тажачу эмесмин.
- Аялзатынын жан дүйнөсү назик келет эмеспи. Ишиңизде же үй-бүлөдө жүрөгүңүздү ооруткан кырдаал болсо кимге айтып жеңилденесиз? Доскобу же туугангабы?
- Капачылык болсо эреркеп жакындарымдын мазесин албайм, сыр бербейм дагы. Ар кимдин өз көйгөйү бар, ага кошул-ташыл болгум келбейт. Көңүлдүн кирин таза ойлор менен чайып, жакшы китептен күчүмду чыгарам.
- Убакыт өткөн сайын достор иргелип, аз эле калат деп айтышат. Сизге өтө жакын, сатып кетпей турган досуңуз барбы?
- Достукту мен жылаңайлак катташуу, дайыма чогуу жүрүү деп түшүнбөйм. Же көргөн-билгениңди айтып туруу эмес.
Бул жагынан алганда Ширин аттуу жакшы курбум бар, ишенесизби, жада калса мен анын үйүн да билбейм. Пейилдерибиздин түздүгү, бири-бирибизди жарым сөздөн түшүнгөнүбүз, тамашаны таап турганыбыз менен жакынбыз.
- Кайсы кафе-ресторандан түштөнөсүз? Чет жактарга чыгып жүрөсүз, башка улуттун ашканаларынан кимисиникин баалайсыз?
- Насип буйурган жердин ашын татам. Эмне болсо да үйдүн тамагына эч нерсе жетпейт. Башка жерлердин кандай гана чүйгүн даамын сызбайлы, үйдөгү ысык боорсок менен самоордун сүттөгөн чайына, мыкты жасалган кесмеге эчнерсесин алмаштырбайт элем.
Үйдө тамакты жан дилим менен даярдайм, үзгүлтүксүз улуттук суусундук жасайм. Келип ичип турунуз.
- Кандай кинофильмдерди жактырасыз?
- Бала кезден сиңип калгандыктанбы, кыргыз, орус - советтик режиссерлордун тасмалары жүрөгүмө жакын.
Т. Океевдин, Э. Рязановдун, П. Чухрайдын, С. Бондарчуктун, А. Куросаванын тасмаларын сүйүп көрөм.
"Кызыл алманы", "Кавказ туткунун", "Жаздын он жети ирмемин" миң кайталаса да тажабайм. Жаңы жыл сайын Ипполит менен Надянын окуясын күтөм.
Боевиктерди, фантастикалык тасмаларды кабыл ала албайм. Бирөө кырк кишини кырып таштаган же эркектер төрөп салган кадрларды дароо өчүрөм. Андан көрө союз маалындагы мультфильмдерден ырахат алам.
- Байкебиз сизден улуу эмеспи. Жаш айырмачылыктан улам түшүнбөстүктөр болбойбу? Мисалы, балдарды тарбиялоодо.
- Жакшы эле түшүнүшөбүз.
Маселен ал киши балдарга китеп окуп берсе, мен диск коюп берем.
Тентегин акырын айтып чекесинен сыласа, мен катуураак жазалайм. Билесизби, башкалардын кантип атканы менен ишим деле жок. Андыктан менин да жеке жашоомо, ички дүйнөмө баш бага бергендерди жактырбайм. Бул биздин турмушубуз. Үй-бүлө деген сүрөт эмес, каалаган кадрын чыгарып алып карап отургудай. Эң башкысы, жылуу сезимдер орногон очогубузда сонун уул- кыздарыбыз чоңоюп жатат.
- Кыялкечсизби?
- Романтикмин. Жамгыр төгүп атканда жол жүргөндү самайм. Жол демекчи, Нарындан Бишкекке, үйдөн КТРге чейинки жолду жакшы көрөм.

Эльмира Мадиева













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan