Коомдук-саясый гезит
№32, 06.11.08-ж.





  Койбогондор

Мирослав Ниязов:
"Кол койгондорду колдобойм"
Дээрлик баардык оппозициялык күчтөр меморандумга кол коюп бир пикирге келишти. Ал эми Мирослав Ниязов бул жол туура эмес, адаштыра турган жол дейт.

- Мирослав мырза, оппозициялык күчтөр биригишти, сиздин бул меморандумга кол койбогонуңуздун себеби эмнеде?
- Мен бул меморандумга кол койбогонумдун бир эле себеби бар. Бул меморандум Кыргызстандын өнүгүү концепциясын бекитип жатат да. Ал концепцияны биз талкуулап, элге алып чыгалы дегем. Анткени, ал мамлекеттик түзүлүштү аныктай турган концепция болуп жатат. Бир аз киши чогула калып эле Кыргызстандын келечеги ушундай болот дегени туура эмес. Менин оюмча эл дагы аралашып, кайсы жолду тандайбыз деп өз пикирин билдириши керек. Биринчиден, беш-он киши, ашып кетсе кырк-элүү киши чогулуп алып, Кыргызстандын келечеги ушундай болот деп жатканына көп деле ишене албайм. Экинчиден, ал ишке ашкан күндө дагы, ал жолду туура жол болот деп айта албайм. Андыктан адегенде концепцияны талкуулап, талашып-тартышып бир жыйынтыкка келип, андан кийин анан меморандумга кол коелу дегем. Ушул себеп менен мен макулдугумду берген жокмун. Анткени, бул меморандум боюнча биротоло парламенттик республика болушубуз керек экен. Менимче, биз парламенттик башкарууга али даяр эмеспиз.
- Эмне себептен сиздин пикир менен эсептешип, макул болушкан жок?
- Ачыгын айтканда булар эмне үчүн мынчалык тездеттирүү жолу менен шашылыш чечим кабыл алып жаткандыгын мен да түшүнө албай жатам. Ошон үчүн колдогон жокмун. Бирок, саясый күчтөрдүн чогулуп минтип демилге көтөрүп жатканы бул өзү жакшы көрүнүш, туура нерсе. Бирок баары бир өтө шашылыш болуп жатат. Кыргызстандын келечеги менен ойноого мүмкүн эмес, үчүнчү жолу адашууга болбойт, ага жол бербешибиз керек.
- Атамбаев айрым күчтөр бизге кошулбасын десе, сиздин позицияны Мадумаровдун таасири менен байланыштырып жаткандар жок эмес. Радикал маанай менен Бекназаров өз алдынча аракет кылууда. Бүгүн баардык оппозициялык күчтөр бириге алган жокпу?
- Ортодо ар кандай сөздөр чыга берет, мен аны туура түшүнүп жатам. Бирок, мен бирөөнү ээрчип кете турган жаш бала эмесмин, тажрыйбам, өзүмдүн ой-пикирим бар. Кыргызстандын келечеги үчүн ойлоном, кайдыгер адам эмесмин. Ал эми оппозицияда биригүү үчүн аракеттер болуп жатат, анткен менен биригүү болуп жатат деп мен айта албайм. Бирок мындай аракеттерди колдойм. Бекназаровдун саясатын так билбейт экенмин, бирок революциялык комитет деп, революция кылабыз десе мен ага каршымын. Биринчиден, биз Кыргызстандын келечегин, жолубузду тандап, тактап алышыбыз керек. Андан кийин анан аракетке өтүшүбүз керек. Жол тандабай туруп эле бийликти көтөрүп чабабыз десек анда бул айбанчылык. Кыргызстандын келечеги үчүн бүгүн оппозицияда чыгармачыл изденүү болуп жатат. Болуп жаткан ал процестерди токтотпош керек.
- Башкалардай болуп меморандумга кол койгон жоксуз, демек санаалаштарыңыздан өз алдынча аракеттене турган болуп бөлүндүңүзбү?
- Коомдук парламенттин мүчөсү катары андагы баардык иш-чараларга катышам. Бирок, алардын бүгүнкү толук бойдон парламенттик республика болобуз деген сунуштарын колдобойм, биз ага даяр эмеспиз. 17 жылдын ичинде эки президентибиз тең элдин ишеничин актабай, үй-бүлөсү менен Кыргызстанды талап киргенин көрдүк. Азыр оппозиция толук парламенттик республика болуп, партия менен келип өкмөттү өзүбүз түзөбүз деп жатат. Менин сунушум боюнча президенттин бийлигин чектеп, ортодо тең салмак болушу керек. Бир президенттин бийлигин чектей албай, алардын үй-бүлөсүнүн мамлекеттик ишке аралашып кетип жатышын токтото албай жатабыз. Эми элестетип көрөлүчү, жүз парламентарий келип премьер-министр баш болгон аткаруу бийлигин шайлайбыз деп жатышат. Ошол жүз депутат үй-бүлөсүнүн жана өзүлөрүнүн жеке кызыкчылыктарын премьер жана министрлер аркылуу ишке ашыра баштаса кантебиз? Бир президентке алыбыз келбей жатып, жүз кишини кантип токтотобуз?

Урмат ИМАНАЛИЕВ




Азимбек Бекназаров:
"Эгер саясий күчтөрдүн баары бириге турган болсо, биз биригүүдөн качпайбыз"
- Азимбек мырза, Ревкомду жетектеп туруп, эмне үчүн меморандумга кол койгон жоксуз?
- Меморандумдан баш тартты деген сөздүн өзү туура эмес. Биринчиден, биздин кыймылдын мүчөлөрү региондордо болгондуктан чогула алган жокпуз. Экинчиден, биз түзгөн революциялык кыймылдын максаттары бар. Конституциялык өзгөрүүлөр Акаевдин, да Бакиевдин да учурунда болду. Бирок, кыргыз элинин карапайым эли эмне максатка, ийгиликке жетти. Бар болгону Кыргызстанда үй-бүлөлүк башкаруу күндөн-күнгө күч алып бара жатат. Ошондуктан Ревком өз максатына ылайык, ушул үй бүлөлүк башкарууну башында турган президентти кетирип, андан кийин Конституциялык реформага баруу керектигин 18 жылда басып өткөн жолубузга, тарыхыбызга таянып туруп айтып жатабыз. Бул президент бийлик башында турганда эч кандай Конституциялык реформа жүрбөйт. Бакиев үч жылдын ичинде үч жолу Конституциянын тамтыгын кетирип, өзүнө ылайыктап жаңылап кол койду. Бирок, Бакиев кол койгон Конституция Кыргызстанга жакшы жашоого өбөлгө түзгөн жок. Жаңылык алып келген жок. Ошондуктан биздин максатыбыз президентти бийликтен кетирип, убактылуу өкмөт түзүп, жаңы түзүлгөн өкмөт элге кайрылып, силер кандай мамлекетте жашагыңар келет деп сурап, кыргыз элинин ой-пикири менен эсептешип, ошого жараша Конституциялык реформаны жүргүзөлү деген максатыбыз, ниетибиз бар. Эгер кечээ кол койгон меморандумда ушул максаттар айтылса, биз токтосуз кол коебуз. Бул максаттар айтылбаса, биз дагы баягыдай болуп, алданууга бара албайбыз. Аны ачык айтып коюшубуз керек.
- Азимбек Анаркулович, биздин максаттар меморандумда айтылса, кол коймокмун деп жатасыз. Сиздин мындай кадамыңыздан оппозициянын бириге албай жатканын көрсөттү дегендер да жок эмес…
- Биз биригүүнү дайым көтөрүп келгенбиз. Биригели, бирок кайсы максатта биригебиз. Бийликке келүү үчүнбү же Кыргызстанга демократиялык система куруу үчүнбү. Мына ушул маселени чечип алышыбыз керек. Меморандумга кол коюп алып, эртең эле бийликке келсек, мындай мамлекет курабыз деп дагы үстүртөн даярданып барып, мурдагыдай болуп жаңылып калбайлы деген максатта сактанып жатабыз. Ошон үчүн эң биринчи баардык оппозициялык күчтөр, саясий топтор биригип, ушул үй-бүлөлүк башкарууну сындыралы. Андан кийин эл каалаган мамлекетти түзүп, эл тандаган мамлекеттик башкаруу системасын орнотуп, ошого жараша бийлик өкүлдөрү келишин талап кылалы.
Буга чейин үй-бүлөлүк башкарууну сындыруу маселесинде ардайым пикирибиз Темир Аргенбаевичтер менен бир болуп келген. Азыр дагы пикирлерибиз окшош. Бирок, үй-бүлөлүк башкарууну кантип түп тамыры менен жоготобуз ушул жагынан гана айрым пикирлер бири-бирине дал келбей турат. Балким, эртең, бүрсүгүнү ар тараптуу талкуудан кийин дал келип калышы мүмкүн. Биз бирикмейинче эч кандай жеңишке ээ болбойбуз. Эгер баардык саясий күчтөр бириге турган болсо, биз эч убакта биригүүдөн качпайбыз.

Ч. Кутманалиева




Топчубек Тургуналиев:
"Оппозиция элди алдабаш керек"
Мунун эки себеби бар. Биринчиси, Биз түзгөн элдик революциялык кыймыл меморандумдун концепциясын талкуулай элекпиз. Ошондуктан. Экинчи себеби, азыр оппозиция дагы ар кандай болуп жатпайбы. Кээ бири Жогорку Кеңеш тарасын десе, айрымдары Өкмөттү кетирсин деп жатышат. Демек, Өкмөт да, Жогорку Кеңеш да тараса Бакиев өзү калып калат экен да. Биздин революциялык кыймыл "Силер экөөнү тең таркатканы менен кылгылыкты кылып кыл жип менен бууган Бакиевдин өмүрүн узартып жатасыңар" деп айтып жатабыз. Азыркы Өкмөт Бакиевдин так текеси болсо, Жогорку Кеңештин "Акжолчулары" анын каражолтой уюткусу. Оппозиция азыр жөн эле бириге бербей, чечкиндүү кадамдарга даяр болгон соң биригүү керек. Биз аларга барып же алар бизге келгенин биригүү дебеш керек. Жок дегенде оппозиция элди алдабастан туура саясат жүргүзүшү керек. 25-ноябрда дагы курултай өткөргөнү жатабыз дешпедиби, эгер чакырышса, ал жаккаа барып дагы оюмду айтам.
Э.Мадиева













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan