Коомдук-саясый гезит
№32, 06.11.08-ж.





  Экс-премьер эмне дейт?

"Ошол жылы бекер бөлүнгөн экенбиз..."
Эсептеп, диктафондон санап чыктым Алмаз Шаршенбаевич он беш мүнөттүк маектин ичинде "мамлекеттик башкаруунун чириген системасы - үй-бүлөлүк башкаруу" деген сөздү он төрт жолу кайталап айтты. Ошондо ал сөздү ар мүнөт сайын айткан болот экен. Бүгүнкү бийлик системасынын канчалык актуалдуу экендигин ушундан да аныктаса болот.

- Алмаз мырза, эмне үчүн бул иш-чараны президент өлкөдө жок кезде шашылыш өткөрдүңүздөр?
- Президент жок кезде бул жерде аны кетсин деген бир дагы сөз айтылган жок. Ал киши менен мамилем жакшы. Кеп президенте эмес да, кеп системада. Албетте мунун башында ал киши турат. Үй-бүлөлүк башкаруу системасы сизди аңга алып барат, сиз түзүп жаткан экинчи "Алга, Кыргызстандын" арты жакшылык менен бүтпөйт деп мен ал кишиге бир топ жолу айткам. Премьер-министр болуп турган кезимде бир окуя болгон. Аграрийлердин майрамына арналган чоң жыйынга чогулганбыз. Мен ошондо өкмөт башчы катары филармонияда сөз сүйлөп жатып, миң кишинин көзүнчө Бакиевге үй-бүлөлүк башкаруу системасы өлкөнү туңгуюкка алып бараарын катуу айткан болчумун. Анын баары телевидениеден келгендер тартып калышкан, бүгүн алып карап көрсөңөр болот.
- Ал киши буга кандай жооп берди?
- Ал кишиге андай сөздү айткандардан мен жалгыз болуп калдым. Убагында оппозицияны радикалдуу күчтөр жетелеп кетпедиби, провакаторлорду ээрчибегиле десем мага да кийин таарынып да жүрүштү. Ошолорду ээрчип кетип эмне болдук? Ал провакаторлор бүгүн жылуу-жумшак бийликте отурушат. Ошондо "Реформа үчүн" кыймылын сактап калганда бүгүн мамлекеттин тагдыры, жолу башкача болмок. Ошол эле президент бийликти бергенге макул болгон да. Менимче, андай иштер бул ирет болбойт жана оппозициянын бөлүнүүсү кайталанбайт.
- Сиз бир убакта оппозициядан бийликке өттүңүз эле, бүгүн кайра оппозицияга келүү болдубу?
- Ошол жылы бекер бөлүнгөн экенбиз деп оппозициядагы менин жоро-жолдошторум өздөрү айтып жатпайбы. Ошондо бир топ адамдар Бакиевдин ордунда Куловду көрдүбү билбейм, ошондо баатыр болуп баарынан көп бакылдап аткандар азыр кайда отургандарын көрүп атабыз. Азыр биздин максат биримдик, менин байкашымча учурда "Реформалар үчүн" кыймылы кайрадан жаралып жаткандай болуп турат.
- Оппозиция бирдиктүү лидер катары тандап алган турбайбы...
- Менимче, бирөөнү лидер кылып тандоого али эртерээк. Биринчиден оппозициялык күчтөргө боло турган шайлоолорго чейин жашаш керек, дагы бышып жетилиши керек. Ар кандай адамдар бар, анан алар ар кандай методдор менен иш жүргүзүп жатпайбы.
- Бир топ оппозициялык күчтөрдүн биригүүсүнөн эмнелерди күтсөк болот?
- Оппозициялык күчтөрдүн көпчүлүгү биригишти. Бул өтө оор болду. Оң канат сол канат баары баш кошуп, Кыргызстанды бүгүнкү система менен башкарууга болбойт деген бир принциптин негизинде биригип жатабыз. Жалпак тил менен айтканда үй-бүлөлүк башкарууну токтотуш керек деген максат. Бүгүн мени эң башкысы баардык коомдук-саясый ишмерлердин биримдикке келгени кубантып турат. Биригүүдөн мурда биз баарыбыз бир президентти экинчисине, Бакиевди башкага алмаштыруудан мурда,бүгүнкү мамлекетти башкаруунун ириген системасын, үй-бүлөлүк башкарууну өзгөртүү керек экендигин жакшы түшүндүк. Ушунун негизинде консенсуска келдик, биз кабыл алган меморандумдун өзөгүн да ушул жагдай түзөт. Бүгүнкү күндө негизги проблема саясый системада болуп турат, экономикалык да, саясый да кризистер ушундан келип чыгып жатат.
- Консенсуска келүүдө кандай кыйынчылыктар болду? А.Муралиев баштаган "Бирдиктүү Кыргызстан" кошулбасын деп катуу талап койгон экенсиз...
- Ооба, биздин партия бул документке айрым күчтөр кошулбасын деп чыктык. Анткени өлкөнү ушул күнгө алып келген, Акаев маалынан бери эле ушул системаны орнотуп келген адамдар бүгүн капыстан туруп эле демократия үчүн күрөшөбүз деп оппозициянын катарына кошулгулары келип жатат. Жалпы кызыкчылык үчүн керектүү күчтөр аларсыз эле бир максаттын алдында кошулат. Биз баарыбыз мамлекеттик башкаруунун бүгүнкү системасы эч бир жакшылыкка алып келбесин жакшы түшүндүк.
- Саясый кырдаалга кандай баа бересиз?
- Учурда мурдагыдай түндүк-түштүк деп бөлүнүү жок. Бир жыл мурда бул коркунуч өтө чоң болчу. Бүгүн ал ажырымдан өттүк. Бүгүн проблема өлкөнү түштүктөн чыкканы же түндүктүн адамы башкарып жатат дегенде эмес, негизги маселе мамлекеттик башкаруу системасында экендигин элдин баары түшүнүп калды. Айкын мисал катары Кореяны келтирейин, Түштүк Корея гүлдөп өнүгүп жатат, ал эми Түндүк Кореяда проблемалар чачтан көп, курсагы тойбогон да, суукта тоңгон да ошолор. Эң негизгиси өзүлөрүнүн лидери же оору экендигин, же өлгөндүгүн билишпейт. Бүгүн биз да ошол сыяктуу авторитардык жол менен баратабыз. Бул жол бизди туңгуюкка алып келет.
- Алгачкы аракеттер кандай болмокчу?
- Негизги акция деп ноябрь айынын аягында боло турган курултайды айтсам болот. Бул өңдүү ар бир иш чара болгон сайын, жаңыланууну каалаган прогрессивдүү күчтөр биримдик керек экендигин улам жакшы түшүнүп, натыйжада биригип келүүдө.
- Системаны өзгөртүш үчүн кандай жолдор каралып жатат?
- Биринчиден бийликтин ишмердүүлүгү ачык айкын болушу керек, экинчиден, президенттин бийлиги чектелиши керек. Системаны өзгөртүүгө биз мыйзамдуу жолдор менен гана барабыз, башка жолдор болбош керек. Баардык нерсе өз учурунда, мыйзамдын чегинде болгону жакшы.Убакыт ордунда турбайт да, бул бийликтин келгенине деле төрт жыл болуп кетти. Бир аз чыдай туралы, сабырдын түбү сары алтын , чыдаш керек, бир аз гана убакыт калды, бир жыл аралыкта шайлоолор болот. Бул бийлик мыйзам чегинде кетет. Кетээрине мен толук ишенип турам. Негизги максат мамлекеттин бүтүндүгүн сактап калыш керек. Айрым күчтөр сунуштап жаткан радикалдык кадамдарга каршымын. Бизге бир эле революция жетиштүү. Бирок, баса белгилей кетчү жагдай, экономикалык абал өтө кейиштүү, муну эл көтөрө албай кетиши мүмкүн, андыктан бул башка маселе. Тилекке каршы бул система менен экономика гүлдөп, элдин турмушу оңолуп кетпейт. Андыктан элдин чыдамы, сабырдуулугу кандай болот ал белгисиз. Тилекке каршы күн сайын элдин маанайы радикалдашып баратат. Бул албетте мени тынчсыздандырат. Айрым адамдар ушундан пайдаланып калгылары келет.
- Бийлик кызмат сунуш кылса, оппозицияда болуп келген көрүнүштөр кайталанбайбы?
- Мен бул суроонун төркүнүн жакшы түшүнүп турам. Жеке өзүмдү айта турган болсом, мен президент Курманбек Салиевич менен мамилем жакшы. Бирок мында эч кандай утуш жок. Платон сен менин досумсуң, бирок, чындык кымбат дегендей, бүгүнкү абалды жакшыртабыз десек, бийликтин чириген системасынан арылышыбыз керек.
Урмат Иманалиев




  Азиялык бунттун алдында

Кубатбек Байболов:
"Балдарымды өлтүрөбүз деп, автоматчиктер камакка алып жатканда бирөөң "койгула!" айтканга жарабадыңар"
Кечээ оппозициянын бир пикирге келип, меморандумду кабыл алгандардын арасында Кубатбек Байболов да болду. Парламентке болгон "декабрь" шайлоосунан кийин саясаттан кеттим деген карт саясатчыны ал гана эмес үзөңгүлөштөрү сагынып калыптыр. Кубатбек мырза журналисттердин да көңүл борборунан орун алды.

- Кубат мырза, оппозициянын башы бирикти деп, айрымдар кудуңдап жатышат. Оппозициялык күчтөрдүн биригишинен эмнени күтсөк болот?
- Бул биз басып өткөн жолдо көп ирет басып келген жолдун бири. Өзгөчө деле ишеним артыш кыйын. Бирок жолду баскан арбытат да. Буга чейин мындайларды көргөнбүз деп тырайып жатып алганда болбойт. Саясый демилгени колдоого алышыбыз керек. Бирок айтылган сөздөрдү, идеяларды ишке ашыруунун инструменттери жок, маселе ушунда болуп турат. Учурда көпчүлүктүн маанайы эптеп эле бийлик кулап түшсө, анан ошондон пайдаланып калсам деген максатты көздөп турат. Мен аларга мындай болбойт, бийлик үчүн күрөшүү керек деп айтып жатам. Ал феномен революция деп аталат. Бирок революциянын жемиши мезгилдин өтүшү менен гана билинет, ал эми өз учурунда ал кайгыны, канды алып келет. Мен революция болушун, өзгөчө азиялык бунттун болуп кетишин каалабас элем. Бирок, биз ушул жолду көздөй баратабыз. Менин жүргүзгөн мониторингим боюнча, тилекке каршы буга өтө эле жакындап калдык. Оппозицияда бирдиктүү лидер болбой, бирдиктүү саясый уюм жок болуп, бийликтин башкаруусу жарым криминалдашып кеткен шарттарда бийлик алмашып кетиши өтө опурталдуу. Ал эми салгылаштар регионалдык, кландык деңгээлде жасалма лозунгдарга жашынуу менен болуп кетиши толук мүмкүн. Бирок мен окуянын мындай багытта өнүгүп кетишин, менин айткандарым ишке ашып кетишин каалабас элем, ушуну баса айтып койгум келет. Бирок факт деген факт, биз буга жакындап калдык.
- Меморандумдун негизги өзөгү системаны өзгөртүү болуп жатат, оппозиция системаны кантип өзгөртө алат?
- Маселен мен бул меморандумдун жанагындай акү-чүкүсүн эмес, негизги саясый демилгесин колдодум. Саясый системаны өзгөртүү биринчи кезекте бийликтин колунан келмек. Тилекке каршы андай болгон жок. Ал эми дүйнөдө бир дагы оппозициянын системаны өзгөртүү боюнча түздөн-түз рычагдары, механизмдери жок. А бул болсо оппозициянын элге жасаган демилгеси, ой-талабы. Ал демилге канчалык деөгээлде колдоого алынып, система өзгөрүп кетет аны турмуш көрсөтөт. Соңку жаңы тарыхыбызга кылчайып карай турган болсок, менимче буга анчалык деле ишене берүүгө болбойт, саясый документтерди окуй берип эл деле тажады. Бизде саясат деген нерсе жок, маселен менден саясаттан эмнеге кеттиң деп көп сурашат, мен өзүм, бар нерсе менен, болгон нерсе менен алектенгенди жакшы көрөм, журналисттерге бир аптада бир нерсени айтып коюп эле мен саясатта жүрөм дегенди мен элди да, өзүңдү да алдагандык деп эсептейм.
- Оппозициянын меморандум түзүп биригишине катышып жатасыз, саясатка кайтып келди деп түшүнсөк болобу?
- Эми ушундай чоң саясый демилге көтөрүлүп, бийлик системасын өзгөртөбүз деп жатканда мен саясатта жок элем деп кол койбой койгон туура эмес болуп калат. Ал эми саясатка кайтамбы-кайтпаймбы ал белгисиз маселе. Саясат бар болсо кайтышка даярмын, бирок саясат жок болуп жатпайбы. Кана саясат? Саясаттын туу чокусу, кылда учу бул шайлоо. Бизде өзүңүздөр көрүп жатасыздар кайдагы шайлоо, шайлоо деген жок нерсе, жомок болуп калбадыбы. Анан саясат жок болгондон кийин жөн эле тамтаңдай берген да болбойт. Ал эми өнөктөштөрдү ала турган болсок менин оюмча сөз көп, ырк жок. Башын кошуп бириккендердин эң кеминде он беши президент болсом дейт. Бул жагдай бир үйдө жашаган күндөштөрдү элестетет. Бардыгы өзүнүн жеке пайдасын көздөп, ордун эсептеп турушат. Ушул жагдай менин көңүлүмдүн калышына негизги себепкер болду да, мен ишеним артып, үмүттөнүп турган замандаштарым иш жүзүнө келгенде көр пенделиктин деңгээлинен чыга албай калышты.
- Сиз өңдөнгөн эл ишенген, аттуу-баштуу адамдар саясат жок деп коңулга кире качса, анда элдин тагдыры эмне болот?
- Коңулга кире качты деген сурооң өтө "некорректно". Маселен, мен жасагандын ондон бирин жасап, мен айткандын жүздөн бирин айтып бергилечи! Анан ошондо сөз сүйлөсө жарашат. элдин тагдыры үчүн сен эмне кылып жатасың, эл эмне кылып атат? Акыркы шайлоодо элиң эмне кылды? Шайлоону бурмалаган мугалимдерге, врачтарга, ач-жылаңач болсо да маршруткага киши салып ташып жүргөндөргө ушул суроону берип көрбөйсүңбү?!
- Жаман да болсо биздин эл да, байке!
- Туура, аны биз айтышыбыз керекпи! Анан элдин көбүнүн маанайын байкап турам, Байболовдор бир нерсе кылып революция жасашы керек, анан биз даярга келип отуруп калышыбыз керек деген маанай. Ошондой кайдыгерликтен, жатып ичерлерден арылмайынча мага окшогондордун колунан эч нерсе келбейт. Ал эми мени төө бастыга алып, балдарыңды өлтүрөбүз деп, автоматчиктер келип камакка алып жатканда бирөөң койгула, токтоткула деп айтканга жарадыңарбы? Жараган жоксуңар да. Менин да балдарым бар, тагдырым бар. Же эмне башкалар чай ичип, шорпо ичип, аялдарынан, ашканасынан чыга албай жатышса мен эмне кылышым керек? Кыргызстанда саясатчымын дегендердин ар бир экинчиси саткын болуп атат. Ошол саткындардын арасында жүрүш кыйын болуп атпайбы.
- Айрым радикалдар бийликти кулатуу керек деп жатышат?
- Революция болуш үчүн эң биринчи жөнөкөй талап - революционерлер болушу керек. Мен бүгүн революционерлерди көрбөй турам. Ал эми адетте болуп келген азиялык бунт, көтөрүлүш, төңкөрүш болуп кетиши толук ыктымал. Бизди, азыркы муундагы саясатчылар "ковровый", "паркетный" экендигибизди тажрыйба далилдеди. Биз цивилизациялуу, мыйзамдуу жолдон аша албашыбызды соңку жаңы тарыхыбыз көргөздү. Учурда абалды кескин курчутуп жибере турган күйүүчү материал кыйла даяр болуп калды. Тарыхта биздикиндей жагдай болгондо сөссүз түрдө Пугачев пайда болот. Мына ушул эң коркунучтуу жагдайды бүгүнкү бийлик анчейин көңүл бурбай, назарына албай турганы өтө өкүнүчтүү. Себеби ошол бунттан кийин кыргыздын мамлекетинин жана элинин тагдыры өтө кейиштүү акыбалга келиши мүмкүн. Ушуну эске албай жатканыбыз зээнди абдан кейите турган жагдай болуп турат. Элдин итке минип, ачкадан үшүп, тоңуп отурганы жакын арада болуп кете турган бунттун объективдүү себеби. Ал эми субъективдүү себеби ушул жагдайды бийликтин жөндөй албай жаткандыгында. Тарыхта мындай учурларда дагы бир жагдай болушу керек, ал жагдай - ушундай абалды пайдалана турган күч болушу керек, андай күч азыр бизде жок.
Урмат ИМАНАЛИЕВ













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan