Коомдук-саясый гезит
№32, 06.11.08-ж.





  Хирургдун бир күнү

Сабырбек Жумабеков,
травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун башчысы:
"Кара костюмчан акжолчу болгондон көрө, ак халатчан акжолчу болгум келген"
- Сабыр мырза, медицинанын башка тармагында эмес, ортопед болуп калышыңыздын сыры эмнеде?
- Ортопед болушума эки нерсе себеп болду. Биринчиси, 10 жашта болсом керек эле. Атамдын буту катуу ооруп, түнү менен уктай албай, жанынын айласын таппай кыйналчу. Ал кезде ортопед дегенден деле түшүнүгүм жок болчу. Бирок, атамдын бутунун сөөгү ооруганын көрүп, чоңойгондо сөөк доктур болом деп ниет кылгам. Тилегиме жетип, минтип ортопед болуп олтурам.
Ал эми экинчи себебин таенеме байланыштырам. Мен таенемдин колунда өскөм. Таенем элдик медицина менен алектенчү. Кыргызстандагы дарылык касиети күчтүү чөптөрдөн не бир сонун дарыларды жасап, көп кишинин дартына дабаа тапкан адам болчу. Балким, таенемдин дарыгерлик касиети да мага өткөнбү деп ойлоп коем.
- Кыргызда "Аккан арыктан суу агат" деп коет. Дегеним, ата кесиби ардактуу деп уул-кыздарыңыздын ичинен сиздин жолду жолдогону болдубу?
- Азырынча жок. Анткени, улуу эки балам башка адистикти тандашты. Чынын айтсам мен аларды менин жолумду жолдо деп кыйнаган да жокмун. Анткени, мен атасы профессор, академик болуп, баласынын медицинага көңүлү келбесе дагы өзүнүн жолун жолдошун талап кылып, медицина тармагында кыйнап иштететкендерди көп эле билем. Алар атасынын баркы, күчү менен жасалма билим алып, жасалма илимий иштерди жактагандарын көрүп ирээнжип калгам. Чындап келгенде ал профессордун же академиктин балдары жөнөкөй врачтан дагы билими төмөн болуп, бирок, даражалуу наамга ээ болуп жүргөндөрүн жашоодо көп эле кездештирип жүрөм. Ошондуктан менин балдарым да мен мисал келтирген адамдардай болбосун деп каалаган кесибин тандоого уруксат бергем. Ал эми кичинекей балдарымдын менин кесибимди тандаар тандабасын азырынча билбейм. Бир туугандарымдын ичинен бир карындашым мени тартып медик болду.
- Сабыр мырза, сизди уникалдуу ортопед деп аташканына сыймыктанасызбы?
- Ооба, мен жасаган операциялар дүйнөлүк масштабдагы операциялар болуп эсептелет. Анткени, мен операция кылган Теңизбек, Нурбек, Нурсултан, Бексултанда кездешкен ооруулар Америкада, Европода дагы кезиккен эмес. Америкалык, европалык коллегаларым ушундай оорулардын Кыргызстандан чыгышына таңгалышат. Анткени, мындай оорулардын болгону эле өзүнчө уникалдуу нерсе. Аларга жасалган операциянын өзү дагы уникалдуу операция.
Бул нерсе дагы барып эле элдин, мамлекеттин деңгээлине жашоосуна жараша болот. Бай өлкөлөрдө бала жатында жатканда эле оорулуу болоорун билишсе дароо алып салышат. Ал жакта оңой менен майып балдар төрөлбөйт. Төрөлсө да аз санда болот. Кокус майып болуп төрөлүп калса, жеңил кезинде эле операцияны жасап коюшат. Бизде болсо кыргызчылыкка салып, этибар албай жүрө беребиз. Убагында баланын ден соолугун чыңдоонун жолун издебейбиз. Эр жетип чоңоюп, "ата бул эмне кылганың" - деп 18ге чыгып айтмайынча, сарайда козу, торпокту кармагансып, үйдө камап олтура беребиз.
Балким, кээ бирлери учурунда врачтарга кайрылышкандыр. Бирок, эч ким жоопкерчилигин алып, операция жасагысы келбеген чыгаар…
- Сиз декабрь айындагы парламенттик шайлоодо депутат болуп өткөнүңүздө, медицина тармагы боюнча жакшы мыйзамдарды кабыл алып, иш алга жылат деп ойлогонбуз. Тилекке каршы, депутаттык мандаттан баш тарттыңыз?...
- Биринчиден, мен "Ак Жол" элдик партиясынын мүчөсүмүн. Аталган партияга мүчө болгондон кийин партиянын идеясын колдогом. Мени кандидат катары тизмеге киргизишине макулдугумду бергем. Партиянын иши, идеологиясы мен үчүн улуу, бийик нерсе. Бирок, ички дүйнөм депутат болгонго макул болбой турганда, шайлоочуларымдын "Сизди депутат эмес, врач катары эле көргүбүз келет" деген сөздөрү да кошумча болуп, депуттаттык мандаттан баш тарттым. Бирок, депутат болбосом да бир жылдын ичинде Талас облусунан 1200 адамды кабыл алып, алардын 600үнө жардам бердим. Кайсы депутат мендей болуп, 600 адамга жардам бериптир. Керек болсо мен мандаты жок эле элиме кызмат кылып жатам десем болот.
- Сизге эки бийликтин кимиси көбүрөөк көңүл буруп, жакшы иштешиңизге шарт түзүп, наам берди?
- Медиктерге кызматка ким келсе деле баары бир. Саясат менен анча ишибиз жок. Өз ишибизди кылып, ыйлап кайрылган кишинин көз жашын аарчып, жанды кыйнаган дартынан арылтууга чын дилибизден аракет кылып, өз ишибиздин түйшүгү менен алек болуп жүрө беребиз. Менимче, Курманбек Бакиев бийликте келгенде медицина тармагына көңүл бурулуп, жаңы техникалык жабдуулар менен толукталып, ооруканалар ремонттолуп, бир топ жакшы нерселер болду. Борбордогу ооруканаларда иштеген медсестралардын айлыгы 150 доллар болуп калды. Менимче, бул жакшы көрсөткүч. А. Акаевдин учурунда да эмгек сиңирген врач деген наамга ээ болгом.
- Учурда жарык өчүрүлүп, Улуттук Кордиялогиянын миллион сомго барабар аппараты күйүп кетти. Сиздердин ооруканада андай көрүнүштөр орун алган жокпу?
- Бизде свет өчкөн жок. Реанимацияда көп адамдар аппарат менен дем алышат. Эгер өчсө көп адамдарыбыздан айрылып калабыз.
- Кокус жарыкты өчүрүп койсо, генераторуңар барбы?
- Генератор алганга бюджеттен акча бөлүнүш керек да. Акча бөлүнбөгөндөн кийин светти өчүрбөш керек.
- Шакирттериңиз барбы?
- Шакирт болбосо болбойт да. Кудайга шүгүр, шакирттер көп. 15тен ашыгы илимий кандидаттыгын жакташты. 20га жакыны илимдин үстүндө иштеп жатышат. Учурда Кыргызстанда ортопедия травматологиясынын мектеби түзүлүп калды десем болот. Ошол мектепти негиздеп, өркүндөтүп, өстүрүүгө аракет кылып, чоң багытта иш алып барып жатабыз.
- Сиз патриотсузбу?
- Албетте, менде патриоттук сезим бар. Кыргызмын. Кыргызстанда гана жашагым келет. Кыргызстандан кетип, башка мамлекетте жашагым келбейт. Эгерде 10 жыл мурун бүгүнкү күндөгүдөй болуп, контрактар, чакыруулар азыркы шарт менен болсо, балким, жаштыкка салып кетип калмакмын. Азыр мени эч ким сүйүктүү мекенимден эч жакка алып кете албайт.
- Сиз менен мамиле түзүп, дос болууга көптөр куштар болсо керек. Досторду кайсы тармактан көбүрөөк күттүңүз?
- Менин досторум көп. Бирөөсүн атап, бирөөсүн атабай койсом таарынып калышы мүмкүн. Ошондуктан аттарын атабай эле коеюун. Мурунку бийликтен дагы азыркы бийликтегилердин арасында дагы кыйышпас досторум бар. Бирок, досторду кызматына, байлыгына, бийлигине карап күтпөйм. Эң негизгиси, адамдык сапатына карап дос күтөм. Мен кызматтагысына жагалданып, кызматы жогуна сыртымды салбайм. Баарына тегиз, мамиле кылам. Кээ бир досторум, министр, губернатор болгондо өзгөрүп кеткендери болгон. Андай досторду тизмеден чийип, мамиле түзбөй койгом. Кээ бирине жолуккан жерден бүгүн министр болуп тура бер эртең башка күн бар. Кечирип кой деп басып кеткен күндөрүм да болгон.
- Канча бир туугансыз?
- Мен 11 бир тууганмын. Үйдүн эң улуусумун.
- Жубайыңыз менен кайдан, кантип таанышып калдыңыз эле?
- Талас облусундагы Сатке айылына тамекиге "селхоз работага" барыптыр. Тамекинин арасынан таанышып, көңүлүбүз табышып, мамилебиз келишип калды. Сүйлөшүп жүрүп үйлөнүп алдык. Кудайга шүгүр, эки уул, эки кыздын ата-энеси болдук.
- Жубайыңыз кайсы кесиптин ээси?
- Экономист. Мурда өз кесиби менен иштечү. Азыр балдар менен үйдө. Кичүү балам 4тө. Улуусу 24тө.
- Кайсы жердин күйөө баласысыз?
- (күлүп) Кыргызстандын.
- Бул жашоодо эмнеден ырахат аласыз?
- Башка адамдар сыяктуу эле балдарымдын, жакындарымдын ата-энемдин ийгилигине сүйүнөм. Алардын кубанычына ортоктош болгонумдан ырахат алам. Анан күнүгө жасап жаткан 5-6 операциям ийгиликтүү болуп, мага кайрылган оорулуу адамдардын ишеничине татып, өмүр бою арыла албай келаткан дартын алып, сакайтып, көз жашын аарчыганымда, алардын купулуна толгон иш жасап, батасын алганда өзүмдү рахаттын туу чокусуна чыккандай сезип, абдан ыраазы болуп эс алам. Жүрөгү зырылдап, жаны көзүнө көрүнгөн оорулуу адам гана врачтын, медицинанын баркын билет.
- Бул дүйнөдө эмнеге өкүнөсүз? Сизди санааркатып, кыжаалат кылган нерсе барбы?
- Былтыр атам 65 жашында дүйнөдөн өтүп кетти. Бул мага чоң сокку болд. Көпкө чейин өзүмө келе албай кыйналдым.
Мени кыжаалат кылган дагы бир нерсе, экономикалык абалыбыз оңолуп, элибиз жакшы турмушта жашап, биз суктанган жогорку деңгээлдеги Америка, Европадагыдай медициналык кызматка жетишсек, ошол убакты көрсөм деген ой-санаа.
- Айрым чыгармачыл адамдар эмнегедир көрпенделиктен арылалбай көрөалбастыктын курмандыгы болуп келишет. Медицинада дагы көрөалбастык болобу?
- Албетте, болот. Жакшы ишиңден да кынтык издеп, ишиңдин ийгилигин көрөөрдө жаманатты кылганга аракет кылышат. Бирок, Кудай сактасын, мен андай көрө албас адамдардын торуна кабылган жокмун.
- Атаандаштыкчы?
- Албетте, болот. Атаандаштык деген жакшы нерсе. Мен мындан кыйын болоюн деп аракет кылып, көп нерсени ачууга дилгирленет, умтулат. Мага Америкалык, Борбор Азиялык, Европалык коллегаларым да атаандашат. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ошондуктан мен атаандаштыкты боло берчү, болуп келген көрүнүш катары кабылдайм.
- Сизди Аманбек Карыпкулов менен ата-баладай жакшы мамиледе болгонуңузду уктук…
- 30 жашымда кандидаттык диссертациямды жактап келсем, Накен Касиев ошол кездеги Саламаттык сактоо министри болчу. "Мен мындай адисти заказ кылган эмесмин" деп жөнөкөй врачтыкка да кабыл албай койгон. Алты ай жумушсуз бош жүрүп калдым. Анан өз демилгем менен "Манас 1000" дирекциясына бир ай бекер волонтер болоюн деп барып, ошол жерден Аманбек Карыпкулов менен таанышып калгам. Абдан жөнөкөй, адамкерчиликтүү инсан экен. Мен 10 жылдан ашык Кыргызстанда болбой еврей, орустар менен жүрүп, эл менен мамиле түзүүнү да, унутуп калыптырмын. Ал киши мага 10 жылда үйрөнүүчү нерселерди бир айда үйрөткөн. Уюштуруучулук иштерди да ошол кишиден үйрөнгөм. Кыскасы, ал кишиден мен көп сабак алдым. Мага көп кеңеш берчү. Жакшы мамиледе болуп жүрүп, кийин үй-бүлөлүк катышта да болдук. Тарбиялык дагы, уюштуруучулук иштерди да жолго сала билген касиети бар, үлгү гана алчу адам эле. Ал киши каза болгондо катуу кайгырдым. Тоо кулагандай эле туюлду.
Ч. Кутманалиева













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan