Коомдук-саясый гезит
№29, 16.10.08-ж.





  Дипломат маек

Аликбек Жекшенкулов, "Акыйкат үчүн" кыймылынын координатору:
"КМШ саммити Кыргызстанга эч кандай пайда алып келген жок"
Кечээ жакында Бишкекте КМШ мамлекеттеринин саммити өттү. Анын деңгээли тууралуу расмий бийлик төш кагып мактанды. Келген коноктор да ыраазычылыктарын билдирип кетишти. Ал эми оппозиция тарап кандай пикирде деген суроо менен "Акыйкат үчүн" кыймылынын координатору А.Жекшенкуловго кайрылганбыз. КМШ саммити менен гана чектелип калбастан "оппозиция саммити" сунуштап жаткан Конституцияга чейинки маселелер тууралуу маек курдук.

- Бишкекте өткөн КМШнын саммитине дипломат катары кандай баа бересиз?
- Былтыр бизде ШКУнун саммити болгон, тилекке каршы андан дагы, кечээки КМШ жана ЕврАзЭС саммиттеринен да Кыргызстан үчүн саясый жагынан да, экономикалык жагынан да пайда болгон жок. Бир гана мисалды айтайын, учурда Кыргызстанда социалдык-экономикалык абал өтө оор, мына ушул маселе так чечилген жок. Умтулуулар, аракеттер бар, Өзбекстан кошумча 150 млн. куб газ бере турган болду. Бирок кандай баа менен качан берилет так аныкталган жок. Мурун Казакстандан да 300 миң тонна буудай алабыз дешкен эле, анын да баасы, убактысы белгисиз. Ушундай маселелерди так, конкреттүү чечиш керек эле. Камбар-Ата-1, Камбар-Ата-2 ГЭСтери боюнча курабыз деген макулдашуулар илгери мен президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары болуп турганда эле болгон, бүгүн деле ошондой эле абал. Эгер кабыл алынган макулдашууларга тереңден карай турган болсок, маселелердин үстүртөн гана каралып, чийки бойдон калганын көрө алабыз. Дипломатияда сөздүн артында "эгерде", "чечилет" деген шарттар бар, мындай учурда "чечилет" менен "чечилди" дегендин айырмасы өтө чоң. Андыктан биз "чечилет" дегенге эле ыраазы болуп калбашыбыз керек. Кечээки макулдашууларга ылайык биз Өзбекстанга, Казакстанга суу беребиз деп милдеттенмелерди моюнубузга алдык. Өзүбүздө суу жок болуп, энергетикабыз аксап жатса, аларга кайсы сууну беребиз? Ошондон улам экономикалык жактан алганда бул маселелердин бардыгы чала бышырылгандай сезилип калды. Ар бир нерсенин өзөгүнө чейин жетишибиз керек эле, ан үчүн биздин адистер, дипломаттар алдын ала баарын бышырып даярдап туруп, кол койдуруп алышы керек болчу. Же бизде үч жыл мурун суу-энергетика, азык-түлүк маселелери жок беле? Конок тоскондорго кабыл алуунун деңгээлине карабай ырахмат айтып ыраазычылык билдирүү бул дипломатиянын шарты, мисалы мен 14 жыл дипломатияда иштедим, кабыл алган тарапка ырахмат дегенге сен милдеттүүсүң. Кыргыз элинде деле ушундай да, туурабы? Жаманбы-жакшыбы рахмат айтып кетесиң да, кеп ушунда.
- Эл аралык абал да өзгөрүп кетти. Бишкектеги АКШнын авиабазасы тууралуу кандай пикирдесиз?
- Россия менен АКШнын ортосунда ойногон күчтөр бар, ошондон улам бул маселе улам-улам көтөрүлүп атат. Бир жыл мурда президенттин америкалыктар базага болгон аренда акысын көбөйтсүн же кетсин деген талабынан кийин бул маселе ырбап кетпедиби. АКШнын базасы болобу, башкасы болобу, бир тараптуу болбой, улуттук кызыкчылыктарды көздөшү керек.
- "Жаңы Кыргызстан" партиясы саясатты жаңы нукка бурду көрүнөт. Бийликтин каршылаштары катары биригүү боюнча пикириңиз кандай?
- Менин оюмча булар кичине шашып кетти го дейм. Биздин саясатта айтылган сөз менен кылган иш кээде айкалышпайт. Андыктан биз, дагы көрө жатаарбыз. Менин оюмча генерал Исаков эркин көрсөтүп, бийликтен кетти. Президенттин саясаты менен макул эмесмин деп кетиши жигиттик иш болду. Кетишинин себеби балким мындан да жогорку кызмат алам деген максат менен болсо, анда биздин жолубуз эки башка. Эгер бүгүнкү үй-бүлөлүк башкарууну токтотуш керек, Кыргызстанды өнүгүү жолуна салыш керек деген ой-пикир айтылса, айтканына иштери дал келсе анда башкача кеп болот. Учурда бизге бүгүнкү бийликтин саясаты менен макул болбогон саясый күчтөр келип жатат, сүйлөшүүлөр болууда. Эгер алардын максаттары системаны өзгөртүү боло турган болсо анда биз андан ары да иштешебиз. Капталдан чыга калып бийлик талашуу биз үчүн максат эмес.
- Сиздер сунуштай турган Конституциянын жаңы варианты тууралуу айтсаңыз?
- Жаңы концепция, жаңы Конституция тууралуу бир чечимге келдик, жакында баардык саясый күчтөр меморандумга кол коюшат. Ал жерде эки принципиалдуу маселе бар. Биринчиден, бийликтин ичинде баланс болушу керек, анын ичинде үй-бүлөлүк башкарууга каршы чаралар бар. Парламенттик башкаруу болуп, жеңип келген партия өкмөттү түзмөкчү. Бүгүнкү "Акжолдой" болуп бир партия баарын басып албагыдай кылып, бир партия 90 орундун ичинен 50 дөн ашпай турган мандат алгыдай кылышыбыз керек. Бул саясый антимонополиялык чек болмокчу. Сот бийлигинин көз карандысыздыгын гарантиялай турган шарттарды киргиздик. Экинчи принципиалдуу маселе, бийлик менен оппозициянын мамилеси, буга чейин мындай болгон эмес. бийликке барса эле өзгөрүп кетип жатпайбы, буга жол бербеш үчүн оппозия күчтүү болушу шарт. Андыктан оппозиянын өкүлдөрү Эсеп палатасынын үчтөн бир бөлүгүн түзүп, БШКда, жергиликтүү бийликте да болушу керек. Дагы бир жагдай, жергиликтүү бийликтерге көбүрөөк бийлик укуктарын беришибиз абзел. Андан сырткары, учурда күч органдары саясатка киришип атат. Алар анын ордуна криминал менен күрөшүп, мамлекеттин коопсуздугун сакташы керек. Биздин сунуш элдин колдоосуна ээ болооруна мен терең ишенем, анткени биз калыс системаны түзүп жатабыз.
- Оппозиция сунуштаган Конституция ноябрда калың элдин күчү менен митингдин жардамы кабыл алынган эле. Бул ирет кандай болмокчу?
- Акыркы мезгилдеги Исаковдун кетиши, Кабилованын кайрылуусу бул бийликтеги чоң кризистин белгиси. Март окуяларынан бери президенттин жанында эң жакын болуп жүргөн адамдар бүгүн макул эмеспиз деп бийликтен кетип атат. Ошон үчүн президент өзү да, анын жакындары да терең ойлонушу керек. Парламенттеги талаш-тартыш токтосо эле гүлдөп-жыргайбыз деп айтпады беле! Бүгүн парламентте баягыдай талашкан эч ким жок, а экономикабыздын өскөнү кана? Бүгүн экономика өкмөттүн отчетторунда гана өскөнү болбосо, элдин жашоосу оорлоп баратат. Азык-түлүк, энергия, коммуналдык кызматтар кымбаттады, бирок элдин кирешеси өскөн жери жок. Пенсия-айлыктын көтөрүлүшү менен баалардын кымбатташынын айырмасы өтө чоң болуп атпайбы. Мындай оор абалдан чыгыш үчүн президент ойлонушу керек, а биз бир кишини эмес, системаны өз-гөртөлү деп жатабыз. Ал киши ойлонбосо, чоң саясый акцияларды баштоого туура келет.
- Чоң саясый акция болгондо кандай? Өткөн курултайдын чечиминин акыркы пунктунда "жыйынтык болбосо, чоң саясый акцияларды баштайбыз" делген. Айтып коюп эле андан бери деле тим отурабыз го?
- Оппозициянын да акылы жок эмес да. Учурда биз системалык негизде иштеп жатабыз. Жөндөн-жөн эле чечим кабыл алып, өз адамдарыбызды тобокелдикке салгыбыз келбейт. Мисалы мен, жаштарды уюштуруп чыгып, аларды көчөгө таштап койгонго жеке абийирим жол бербейт. 5-10 миң адамды уюштура коюп алып чыгалы дегенден алыспыз. Баягыдай кылып газ чачып, иттер менен кубалатып отурса ким күнөөлү болот? Бизди күнөөлөйт да. Андыктан жалпы элдин кыжыры чегине жетип, 5-10миң эмес, 50-100 миң киши чыкса бийлик эч нерсе кыла албай калат. Ошон үчүн биз элдин аң-сезимин ойготолу, кайдыгерлигин жоготолу деп жатабыз. Ошондо бийлик өзү урап түшөт же "кокуй бул системаны чогуу оңдойлу" дейт. Бул бийликтин мыйзамсыз иш-аракеттерине карабай, шайлоо жана адам укуктарынын одоно бузулушуна карабай биз мыйзам жолун тандап алдык. Менин балдарым кандай мамлекетте жашайт деп ойлонгон адамдар, патриоттор биригишибиз керек. Эски таарынычтарды, амбицияларды таштап жапа тырмак киришип элдин аң-сезимин ойгото алсак күч бизде болот, биз сөссүз түрдө жеңишке жетебиз.
- Адахан Мадумаровдун Коопсуздук кеңешинин катчылыгына дайындалышына кандай карайсыз?
- Муну менен Адахан өзүнүн бетин дагы бир ирет ачып берип, саясый туруксуздугун далилдеди. Кечээ эле "Акжол" менен иштеше албайм, булар көп мыйзамсыз иштерди жасашты деп кетти эле, бүгүн Акүйгө кайсы бети менен барып отурат, кантип иштешет, ушуну түшүнө албайм. "Акжол" менен Акүй экөөнүн бир организм экендигин жакшы билебиз. Илгери депутат кезинде популист болуп, эл үчүн күйөм дечү эле, бийликке реалдуу келгени ким экендигин далилдеди.Спикер болуп турганда элдин кызыкчылыгына каршы эки чоң кадамга барган. Биринчиси кыргыздын жери Каркыранын Казакстанга берилишинде, ратификациялоодо анын салымы чоң. Экинчиден, энергетика тармагын менчиктештирүү укугун Өкмөткө толук өткөрүп берген. Ал эми бул Өкмөттүн кандай экендиги бештен белгилүү. Коопсуздук Кеңешинин катчылыгына дайындалып отурат, же анын күч структураларында иштеп тажрыйбасы болбосо кантип иш алып барат? Бар болгону кызмат гана керек экендигин далилдеди, мунусу менен элдин ишениминен биротоло чыгып калды.
Урмат ИМАНАЛИЕВ




  Көйгөй

Бала багып алуунун жолдору кандай же Кыргызстандагы мыйзамдар чет элдиктер үчүн гана ыңгайлуубу?
(Башы өткөн санда)
Биз бул багытта бир топ иликтөөлөрдү жүргүзүү менен балдар үйүндө багылып жаткан наристелердин ата-энелеринин көпчүлүгү кимдер экендигин, алардын канчасы башка үй-бүлө тарабынан асыралып алынаары, канчасы чет өлкөлүк ата-энелүү болоорлугу, бала багып алууда кандай документтердин чогултулаары туурасында маалымат берүүнү көздөдүк. Дагы бир белгилеп койчу нерсе депутат О. Артыкбаевдин жогорудагыдай пикирине Октябрь райондук Камкордук жана көзөмөл бөлүмүнүн жетекчиси Дина Исабекова таптакыр кошулбай тургандыгын белгиледи.
Дина Исабекова, Октябрь райондук Камкордук жана көзөмөл бөлүмүнүн башчысы:
- Депутат О. Артыкбаевдин "Чет элдиктердин Кыргызстандан бала багып алуусу бизнеске айланды" деген пикирине кандай жооп айта аласыз? Дегеле акыркы жылда чет элдиктердин бала багып алган фактысы барбы?
- 2008-жылы чет элдик жарандар тарабынан бир дагы бала багылып алынган жок. Өзүңөр деле ойлосоңор, биз аларга "нормальный" балдарды бербейбиз да. Ошондой эле бизнеске айланып кетти дегендерге да таң калам. Өздөрү көзү менен көрүп туруп айтышса жакшы болмок. Чет өлкөгө буга чейинки кеткен балдардын сүрөттөрү азыр бизде сакталуу. Алар кандай балдар? Мисалы, табарсыгы сыртына жайгашып калган бир кыз берилген. Азыр ал кызга операция жасалып, жакшы шартта жашап жатат. Ал кыз чет элдик,лицензиясы бар, балдардын укугун коргоо боюнча ГААК конвенциясынан окредитация алган агенство тарабынан алынып кетилген. Алар болсо бизге жылына эки жолу отчет беришип, операция болгондон кийинки сүрөттөрүн салышып, медициналык жыйынтыктардан өйдө маалымдап турушат. Биз аларга нышан, төрөлгөндө элө сифилис болуп төрөлгөн, жүрөк оорулары менен ооруган балдарды сунуштайбыз. Кыргызстанда болсо андай балдарды эч ким багып алгысы келбейт. Кандай дарыланып жаткандыгын дагы айрым учурларда унутуп коебуз. Чет өлкөдө бизге караганда көп мүмкүнчүлүктөр бар. Ал эми бизнес туурасындагы сурооңорго жооп берсем. Кайдагы бизнес? Эгерде депутат Артыкбаев мага келсе мен балдардын кандай балдар жана диагноздору кандай экендиктерин айтат элем. Балдар наркоман, сойку, алкоголдордун балдары. Көпчүлүгү төрөлгөндөн эле сифилис болуп төрөлгөндөр. Өкүнүчтүүсү ошол таштанды балдардын бардыгы кыргыз балдары.
Иш жүзүндө бизде орустун таштанды балдары жокко эсе.
- Кечиресиз, депутаттар деле бир фактыларга таянып анан айтышты да…
- Депутаттарга айтып кою жеңил. Алар көйгөйлөргө терең сиңип киришпейт да. Жанагы табарсыгы тышына бүтүп калган кыз бул жерде кимге керек эле, мисалы. Бизде ага опперацияны ким жасайт эле? Андай эле балдарга кам көрөбүз дешсе балдар үйүн куруп беришсин. Азыр балдар үйлөрүндө кандай көйгөйлөр бар экендиги айтпаса да түшүнүктүү нерсе. Бишкекте жайгашкан балдар үйлөрү дурусураак болгону менен башка балдар үйлөрүндө шарттары кандай экендигин биздин социалдык кызматкерлер менен байланышып, сүйлөшүп көргүлөчү, айтып беришет. Башкасын айтпаганда да мына алдыда келаткан кышкы суукта жылыбаган имараттар да бар. Кичинекей балдар этап-этап менен бөлүнүп, Беловодскийдеги балдар үйүнө, ал жактан дагы башка жактарга бөлүнүшөт. Анан эле О. Артыкбаевдей болуп депутаттар айтып чыгышса оңой. Эгерде 90 депутаттын ар бири бирден оорукчан балдарды багып алышса мен алардын бул кырдаалга кандай карашаарын көрөөр элем. Дени соо аял дени соо баланы таштабайт да.
- Сиздерге караштуу балдар үйүндө 90 бала тарбияланат экен. Алардын бардыгы тең эле оорукчандарбы?
- 90 баланын ичинен 65-70 баланын ата-энеси бар. Тоголок жетимдер эмес. Аларды 4 жашка чейин ата-энеси ар кандай шарттарга байланыштуу калтырып кетишет. Аларды багып алуучуларга бергенге мыйзам боюнча укугубуз жок. Айрымдарынын эне-аталары келип, жолугуп кетип турушат. Калган 10-15 бала болсо таштанды, оорукчан балдар. Албетте, Кыргызстандан деле бала багып алгандар бар бирок алардын көбү кайра алып келип беришет.
- Эмне үчүн?
- Бизде бир соттук процесс болду. Бир баланы 12 жылдан кийин аны багып алгандар кайра алып келип беришти. Ал бала азыр 14 жашка чыгып калды. Аны багып алган ата-энеси эки жашында балдар үйүнөн алып кетишкен. Тилекке каршы. бала уруулук кыла берип, ата-энесин инфарк болгонго чейин алып барган. Ошентип, эне-атасы андан "отказ" кылышты. Дагы бир кызды кичинекейинен багып алышты эле, көрсө ал "паралич" экен. Мындай фактылар көп. Дагы бир орус баланы көргүлө деп 5-6 үй-бүлөнү жибердим. Анын болсо башы төрөлгөндөн эле кыйшыгыраак экен. А багып алам дегендерге дени сак бала керек да…
Төрөт үйлөрүндөгү бала сатууларды токтоттук деп айткандары менен андай фактылар бар. Мен андай нерселерди өзүм деле угуп жүрөм. Дени сак баланы төрөт үйлөрүнүн эле берип жиберишсе, бизге болсо индвалиддер гана келет. Ушундан соң бизнес туурасында кандай сөз болушу мүмкүн? Түшүнбөйм.
- Бүгүнкү күндө бала багып алам деген адамдар кандай документтерди чогултуусу зарыл?
- Биз 2006-жылдын 22-февралында кабыл алынган жобонун негизинде иштеп келатабыз. Мына ошол жобонун негизинде бала багып алуу үчүн мындай документтер керек. Толук түрдөгү автобиографиясы, иштеген жеринен кандай кызматта иштейт жана эмгек акысынын көлөмүн так көрсөткөн маалымдама, кирешелери туурасында декларация, жеке кирешелери туурасындагы жалпы документтердин көчүрмөсү жана туруктуу жашаган жерден үйүнүн документтеринин көчүрмөсү, жашаган үйүнө ээлик кыла тургандыгын күбөлөндүргөн документ. Тактап айтканда багып алуучунун үйүнүн болушу өтө зарыл нерсе. Ошондой эле ички иштер органдарынан соттолбогондугу тууралуу маалымдама, медициналык жыйынтык. Башкача айтканда тубдиспансерде каттоодо жокпу, онкологиялык, психоневрологиялык оорулуу эмеспи, тери оорулары туурасында жана терапевттен маалымдама топтолот.

А.Асанбекова













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan