Коомдук-саясый гезит
№28, 09.10.08-ж.





  Акүйдөгү ажырашаар аяк

"Жаңы Кыргызстандыктар" күчтөнө баштады
7-октябрда "Жаңы Кыргызстан" партиясынын саясый кеңешинин кезексиз чакырылган отурумунда жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоолор кескин сынга алынып, Акүйдүн алкымына тыгылган таш боло турган саясый чечим кабыл алынды. Мындай чечим бир четинен күтүлүп келген менен, бир четинен капыстан туруп капталдан урган соккудай эле болду.
Өлкөдөгү мен деген саналуу партиялардын бири катары эсептелген "Жаңы Кыргызстанды" буга чейин президенттин кеңешчиси Үсөн Сыдыков жетектеп келген эле, эми башкы катчылыкка коопсуздук кеңешинин катчысы генерал Исмаил Исаков, орун басар болуп бир аз мурда түрмө-сериалдарынан улам министрлик кызматынан алынган генерал Марат Кайыпов шайланды.
Ошентип, капысынан эле капталдан качырып, "Жаңы Кыргызстан" партиясы эгер өлкөдө орун алып жаткан азык-түлүктөрдүн кымбатташы, электр энергиясына байланыштуу маселе, бийликтеги коррупция мындан ары улана турган болсо ноябрь айынын этегинде жалпы республика боюнча саясый акцияларды уюштураарын билдирди. Чаламандын чак түшүндөгү мындай чагылганга баардык саясый күчтөр өз пикирлерин билдирүүгө үлгүрүштү. Айрымдар муну бийликтин атайын оюну катары кабылдап, демилгени өзүлөрүнө алып, бийлик-оппозиция күрөшүн көрсөткүлөрү келип жатат десе, экинчи тарап, бийликчил партиянын мындай кадамга барышы Акүйдөгү ажырымды дагы бир ирет тастыктады дешүүдө.
Анткен менен Садыркуловдун командасы менен Сыдыков башында турган топтун кармашуусу ачыкка чыгышында жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоолор эбепке себеп болуп берди окшойт. Коргоо министрлигинен шыпырылганы Исмаил мырза да ич күптү болуп жүргөн көрүнөт, ""Акжолго" баардык мүмкүнчүлүктөрдү берсек да иштеп кете алышкан жок, андыктан биздин партия Өкмөттүн кетишине аракеттенет. Ал бүгүнкү өкмөт берилген мүмкүнчүлүктү пайдалана албай кээ бир тармактарда абал кескин начарлап, элдин турмушу оорлоп кетти" кыязындагы пикирин жар салды. Бирок, оппозиция да болбой тургандыктарын айтышты. Чынында эле алар бүгүнкү бийликти ушул убакка чейин колдоп келгендигин коомчулук жакшы билет. Канткен менен Президенттин деле позициясын айныксыз колдоп келген. Бүгүн деле президентти кызматтан кетирүү ойлору жок экендиктерин айтышууда. Бирок, баары бир жиптин учу кылтыйып калгансыды. Ошондой эле электр энергиясындагы жоготуу 2 миллиард киловатт саатка жеткендигин белгилеген "Жаңы Кыргызстандыктар" эгер бул өкмөт кемчиликтерин жакын арада жеңе албаса анда алардын ордуна жаңы өкмөттү курууга даяр экендиктерин ачык эле айтышты. Бул эмнеден кабар берет? Алардын азыркы системаны өзгөртөбүз дегендери эле алдыдагы бир чоң нерседен кабар берип тургансыйт. Бул да болсо өкмөттүн аппараты менен президенттин администрациясынын тирешүүсүнөн улам келип чыккан кырдаал десек жарашчудай. Ага кошул-ташыл жергиликтүү кеңештерге шайлоонун болушу, андагы баягыл эле көрүнүштөр, алдоолор себеп болуп бергендей. Башкасын кой парламенттик шайлоодо көп орунга жетишкен "Ак Жол" партиясы дагы эле шаардык кеңешке көз артып, "оптом" болбосо да бир-бирден өзүн-өзү көрсөтүү дешип, тымызын өз кандидаттарын колдоп өткөрүп жаткандары башка бардык эле партиялардын терисин тырыштырды. Алардын катарында жогорудагы айтылган "Жаңы Кыргызстандыктар" да бар. Алар шайлоодогу айрым көрүнүштөр туурасында сотко кайрылышаарын дагы айтышты.
Күзгү саясат ушинтип күүлөндү өңдөнөт. Болгондо да кечээ эле Акүйдүн акырында жүргөндөр ачык эле билдирүү менен чыгышкандары айрым саясатчылардын алкымына азык ыргытып койду. Эми күүлөнгөндөн күүлөнүп, каякка барат аны да көрө жатаарбыз. Бир байкаганыбыз азырынча Акүйдөн биринчилерден кылып администрация жетекчисин алып ыргытуу саясаты жыттанып калган шекилдүү. Антпесе, майнап чыгышы кыйыныраак да.
А.Асанбекова




  Нурлан Мотуев, "Жоомарт" кыймылынын лидери:

"Бул митингде бизди камаса, анда…"
- Нурлан мырза, сиз революция жасаган адамдардын алдыңкы катарындагы адамдардын бирисиз. Бирок, бир топтон бери саясатка аралашпай калдыңыз эле, эми болсо күтүүсүз эле күзгү саясаттын көшөгөсүн ачкансып, Америкалык авиабазанын Кыргызстандан чыгып кетишин талап кылып чыга келдиңиз. Мунун негизги максаты эмнеде?
- Негизги максаты эң биринчиден, Аллахтын ыраазычылыгын, экинчиден, мусулман өлкөлөрүнүн ыраазычылыгын издөө. Үчүнчү максаты болсо Кыргызстанды алдыда келаткан коркунучан сактап калуу. Себеп дегенде Америкалыктар Афганистан, Иракты бомбалаганы аз келгенсип, эми Иранга кол салабыз дегенсип турат. А Ирандын Аятолла Хаменеи болсо Иранды бир эле бомба таштай турган болсо, колубуз жеткен жердин баарын бомбалайбыз деп айткан. Албетте, муну дүйнө эли анча аңдабай калды. Себеп дегенде, Иран дегенде эле атайын кызматтар иштеп. бул маалыматтын тарашын алдын-алып койду да..
- Бул маалымат каяктан алынды?
- Б. Бекешов айтып чыкпадыбы…
Демек, биз Ирандан, Тегерандан 2 миң эле километр алыстыкта турабыз. Андыктан кайсыл бир америкалыктар үчүн биздин Бишкек астын-үстүн түшүп, ойрон болуп калбашы керек.
- Америкалык авиабазаны чыгарууга бүгүнкү бийликтин күчү жетеби?
- Эми президенттин саясий эрки Акаевдикиндей эмес. Чындап каалоочу болсо чыгарып жибере алат.
- Сиздин талабыңызды коомчулук кандай кабыл алат деп ойлойсуз?
- Коомчулуктагы ичи таза мусулмандар, кыргыздын салт-санаасы менен өсүп калгандар бүт эле колдойт деп ойлойм. Мисалы, орустар деле колдойт. Анан албетте, Америка каржылаган бейөкмөттүк уюмдар, институттар каршы чыгышы мүмкүн. Коомчулукта карама-каршылыктар сөзсүз болот да. Ошентсе да Кыргызстандын негизги 80-90%ы колдойт деп ойлойм.
- Бүгүнкү күндө Кыргызстандын ички саясатында да чоң тирешүүлөр болуп, ал түгүл депутаттар жоголуп жатат. Эмне үчүн ушундай саясий окуяларга байланыштуу өз позицияңызды айтпастан Америкалык авиабаза боюнча айтып чыктыңыз?
- Депутаттын жоголгону тууралуу сөз кылганда мен СДПКны араңжан партия экен деп эле ачык айта алам. Мындан 4 жыл мурда Т.Акун жоголгондо биз, радикалдар, Акүйдү айлана курчап, он күндүн ичинде Акунду таптырттып алганбыз. А Б. Бешимов, А. Атамбаевдердин эмнегедир эки адамдын жоголушуна кайдыгер карап олтуруп калгандыктары мени абдан таң калтырды. Албетте, мен бул маселе боюнча бир нерсе айтуудан алысмын. Азырынча ар кандай версиялар, божомолдор айтылып жатат. Бирок, мен бир нерсени ачык сездим. Революциянын бизге окшогон радикалдар, духу бар адамдардын күчү менен болгондугу дагы бир жолу далилденип жатат. Революциянын алдында дагы так ушундай кырдаал жаралган. Бирок, азыр андагыдай митингди уюштура турган адамдар аз.
Анан ички саясат боюнча айтканда азыр экономикалык абал өтө оор. Суу Токтогул ГЭСинде аз. Жарыкты болсо 10-18 саат өчүрөбүз деп беттерин табактай кылып туруп өкмөттөгүлөр айтып жатышат. Бийликтегилер социалдык чыңалууну өздөрү түзүп жатат да. Мына 18 жылдан бери бийликте баягы эле бийликтин бир бутагынан куласа экинчи бутагына коно калган кишилер келатат. Мындай ашмалтай саясатчылар кетмейинче Кыргызстан оңолбойт.
- Алар кимдер?
- И. Айдаралиев, А.Ногоев, И. Болжурова, С. Балкыбеков, Сартказиев, Жолдошбаевдер. Бийликке эми Акаевдин да, Бакиевдин да доорунда иштебеген таза саясатчылар келиши керек.
- Т.Акунду Нурлан Мотуевдер өздөрү эле катып коюп, оюн жасашкан деген дагы сөздөр чыкпады беле?
- Жок. Мен андай нерсени уюштурган эмесмин. Акыркы күндөрү гана мени ошол ишке байланыштырып жатышкандыктарын укканмын.
- Бул эмне Т. Акундун ойлоп тапкандары десе болобу?
- Ооба.
- К. Кабилованы Максим Бакиев коркутуп, анан качып кетти дегенге кандай пикирди айтасыз?
- Максимди күнөөлөш туура эмес. Мен бардыгын сот чечсин деп гана айта алам.
- Канчалаган чуулар болсо да комиссиялар түзүлүп, бирок эч бир жыйынтык чыкпай дым болот. Москвага качып кеткендерди кайра алып келгенге биздеги орган кызматкерлеринин колу жетпейби?
- Акаев, Барктабасов, Малабаев, Байсалов, Кабилова… Деги Кыргызстандан качпаган ким калды? Бул суу жүрөктүк.
- Саясий санаалаштарыңыз кимдер?
- Менин санаалаштарым жогоруда айтып өткөндөй таза кадрлар. Мисалы, Т. Бакир уулу, Т. Тургуналиев, А. Бекназаров.
- 21-октябрь күнү Америкалык авиабазага карата "Өлкөдөн чыгып кет!" деп митингге чыкканы жатыпсыңар. Силерди оппозиция сыяктуу кабыл алып, камап салышпайбы?
- Эгерде Америкалыктарга каршы чыкканыбыз үчүн эле камап койсо анда бул бийликти Американын марионеткасы деп түшүнөм. Мен бир нерсени байкадым. Революция болгондон бери эле жалаң Нарындын баш көтөргөн саясатчылары камалып келатат. А дегенде эле мен, анан Жыпара Арыкова, Муктар Өмүракунов, анан Ишенбай Кадырбеков. Мунун түбү жакшылыкка алып келбейт.

А.Асанбекова













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan