Коомдук-саясый гезит
№28, 09.10.08-ж.





  Концерт алдында

Айгерим расул кызы, эстрада ырчысы
"Келечекте бизнесвумен болом"
- Айгерим, бул жолку концертиң кандай өзгөчөлүк менен коштолот?
- Жеке концертимди экинчи жолу койгону жатам. 10-октябрь туулган күнүмө карата Спорт Ордосунда 10-11 октябрда 20дан ашык ырчылар, 40тан ашык бийчилер катышкан чоң программадагы концертимди тартууласам деп турам. Бизде ырчылар жеке концертин сахнага 3 жолу эле чыгышып бүтүрүп коюшат. А мен сахнага 15 жолу чыгам. Ар бир чыкканым ар кыл жаңы костюм, сценарий менен коштолот.
Бийчилердин, өзүмдүн костюмдарымды сегиз тигүүчү цехке заказ кылдык. Биздин бийчилерге юбка-топик кийген көнүмүш фасонго айланып калган. Эптеп жалтыраса болду дегендей эле. А менин бийчи кыздарыма тиктирип жаткан костюмдар заманбап стилде, биринен-бири өзгөчөлөнүп турат. Керек болсо андай костюмдарды ырчы кыздар да кие элек. Концертим жомоктогудай болот. Хан атам Расул, Ханыша Айчүрөк эже. Мен ханбийке болом. Сахнанын жасалгасы төрт-беш жолу алмашылат. Бир жолку жасалгасында мен самолеттон түшөм. Ушуну айтсам баары эле кызыгып жатышат... Концертим башкалардан айырмаланып 2 саат эмес 3 саат болот. Негизги максатым акча табуу эмес, элге өзгөчө оригиналдуу концерт тартуулоо. Атам бул концертиме чыгармачыл жактан жардам берсе, апам рекламалык жактан чуркап жүрөт. Өзүм болсо бийчилердин аркасынан чуркап, үчөөбүз тең кызуу даярдыктын үстүндөбүз.
- Тиктирген формаларыңды бийчилер сатып алышабы же сенде калабы?
- Өзүмдүн каражатыма тиктиргендиктен, формалар менде калат. Тескерисинче, форманы кийген кыздар мага акча төлөшөт. Анткени мен аны жууп-тазалап, сактайм да. Алардан кийинки келген кыздар да кийиши керек.
- Эмне үчүн бий тобуңду "Айкадем" деп атагансың?
- Айка менин атым. А мени коштоп бийлегендер мага дем берип турсун деп "Айкадем" деп атап койгонбуз.
- Инди бийин да бийлеп чыгасыңбы?
- Мен Индиянын киносуна абдан кызыгам. Кичине кезимде да биринчи сахнага инди бийин бийлеп чыккам. Бул жолу да курбум Индиана Твинкел экөөбүз чогуу бийлеп чыкмакчыбыз.Курбумдун айтуусу боюнча индия киносундагы ырларды актрисалар өздөрү ырдашпайт экен. Ырчылар үнүн сатып отура беришип, бирок абдан чоң гонорар алышат дейт. Бизде ырчылар чоң роль ойносо, аларда актрисалар чоң ролду ойнойт тура.
- Сен популярдуулукка атаң Расул Маматкулов аркылуу жеттим деп ойлойсуңбу же талантың аркылуубу?
- Атам мага көп ырларды жазып берди. Өзүм да талбай эмгектендим. Мен Расул Маматкуловдун кызы болуп калганыма сүйүнөм. Ата-энем аркылуу мен көп нерсеге жетишип жатам.Негизи ырчыны биринчи аябай "раскрутка" кылыш керек. Бул жагынан атама рахмат. Бирок, кээ бир ырчыны канчалык "раскрутка" кылсаң деле таланты жок болсо ал чыга албайт. Мени попуярдулуукка жеткирген "Түнкү Бишкек" деген ырым болду. Азыр кээ бир ырчылар бир-эки ыры менен деле концерт коюп жатышпайбы. А мен аларга караганда Расул Мамткуловдун кызымын деп отура бербей, тынбай эмгектенем. А мындай карап көрсөк мен-мендеген ырчылар деле бир ыры менен өтүп кетип жатпайбы. Кээ бири 30-40тан ашык ырым бар дешет, бирок, ырларынын көбүнүн сапаты жок.
- 3-октябрда Жалал-Абат шаарына ушул концертиңди тартуулап келипсиң, жердештериң кандай кабыл алышты?
- Эсиңдеби" деген ырым Ош менен Жалал-Абатта аябай популярдуу экен. Атайын туулган жериме коеюн деп биринчи ошол жактан баштадым. Концерт "Курманбек" стадионунда өттү. Эл көп келип, мени сүйүнтүштү.
- Атаңдан башка да демөөрчүлөрүң барбы?
- Динара, Айчүрөк, Гүлнур эжелер менин атамдын жакын достору. Былтыркы Цирк имаратында койгон алгачкы концертиме Гүлнур эже келип, 50 миң берген. Динара эже бул жолку концертиме эки жаңы форма тиктирип берип жатат. Айчүрөк эже да өзүнүн көп кеп-кеңештерин айтып турат. Кыскасы мени ар тараптан колдогондор ата-энем жанан алардын достору.
- Быйыл окууну аяктаганыңды уктук. Жогорку окуу жайга тапшырдыңбы?
- Ооба, окууну быйыл бир класс аттап бүттүм.
Жогорку окуу жайга тапшырайын десем, быйыл концертиме чуркап жүрүп аябай "нагрузка" болуп кетти. Эмки жылы журналистика факультетине тапшырайын дегем тилегим бар. Мага адамдар менен баарлашкан, белгилүү адамдар менен сүйлөшкөн абдан жагат. Ата-энем "Эгер жакшы окусаң гезит ачып беребиз" деп жатышат. Алар сөз бергенден кийин сөзсүз аткарышат. Кийин ырчы айымдарга арнап модельдик агентсво да ачкым келет. Агентсво форма тигип, модель кыздарды жумушка алып, алар ырчыларга "показ" кылышып, а ырчылар каалаган формасын тандап, сатып алышып же убактылуу алып турушса болот. Ал жерден бири-бирине окшош костюмдарды эмес, ар биринин тарыхы бар костюмдарды тигебиз. Ырчылар өздөрү каалагандай фасонду заказ кылышса да болот. Бул менин азырынча тилегим. Өзүм кыялданып чийген 150дөй костюмдун фасонун компьютериме сактап койгом. Келечекте модельдик агентсво, редакция, бий аянтын жетектеген бизнесвумен болгум келет.
М. Элчиев













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan