Коомдук-саясый гезит
№27, 02.10.08-ж.





  Тележылдыз

Эмне үчүн Мамбетова Президент менен чет жакка көп барат?
- Асел, башка адамдардын иши дүйшөмбүдөн башталса, сеники жекшемби күндөн башталса керек…
- "Ала Тоо жумалыгы" эфирге түз эфирден кетпегендиктен, жуманын негизги темаларын тандап алып, дүйшөмбү күндөн баштап эле алдын-ала даярдай баштайм. Жуманын негизги темаларын анализдеп, тандап, сьемкага өзүм чыгып, репортажды өзүм даярдап, өзүм интервью алам. Программанын жоопкерчилиги башынан аягына чейин менин мойнумда. Монтажды да өзүм жасайм. Эфирдин эртеси, дүйшөмбү күнү ишке келем бирок, бир оор жүктөн кутулгандай жеңилдеп, эс алгандай болуп калам. Башкалар дүйшөмбү күнү чымырканып иштеп баштаса, мен тескерисинче өзүмдү бош таштап коем. Адамдар күн санап жашаса, мен жума санап жашайм. Ушиндай тартипте иштегениң, жашоого да өз таасирин тийгизет экен. Жума ичинде негизги нерселерди ойлоп жатып, турмушуңда да негизги нерсени ойлонуп калат экенсиң. Дүкөнгө киргенде да негизги нерселерди алып, ширеңке, туз сыяктуу майда нерсени унутуп чыга берем.
- Эфирден сүрдүү анан улуу көрүнөсүң, а турмушта башкачасың.
- Программманын өзөгүн саясий материалдар түзгөндүктөн, олутту алып барганга туура келет. Ошого жараша жашым да улуу көрүнөт болсо керек. Турмушта көргөндөр "Ой, сен жаш эле кыз турбайсыңбы, канчадасың?" сурап калышат. Эфирден тышкары убакта боенбойм. Кээ бир сьемкаларга барып калганда, мени дайым жакшы формада, алып баруучу катары кабылдап калгангабы, көбү таң калышып, көнө албай башкача карап калышат.
- Кээде адамды сыртынан көрүп башкача ойлойсуң. А сүйлөшө келсең, сен ойлогондой болбой калат. Сен да саясатчылар менен баарлашууда ушундай абалга кабылган учурлар болду беле?
- Биздин кыргыздарга таң калам. Кызыккандары эле саясат, анан чоңдор. Мисалы, бир чиновник жумушун так аткарса эле анын образын да ошондой так, жакшы деп түзүп алабыз, анан ал башкача кадамдарга барса, таң калып калабыз. Пендечилик ар адамга таандык да. Мен эл кызыккан чиновниктерден, чоңдордон интервью алып жүрөм. Кээ бирин абдан акылдуу ойлоп, "Эми ага эмне деген суроо берсем, анын астында уят болбосом экен"- деп кабинетине араң кирип, беш мүнөт сүйлөшкөндөн кийин, ал адам мен ойлогондой болбой чыгат. А кээде "Бул эмнени айтмак эле, 1-2 суроого эптеп жооп берсе эле болду" -деп кирсең, ал адамдын ички көрөңгөсүн, интеллектуалдык бийик деңгээлин көрүп, өзүң уялып каласың. Алардын аттарын атасам кээ бирине бекер пиар, кээ бирине антиреклама болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан аттарын атабай эле койсом. Кыскасы экрандан адамдын баардык сапаттарын бере албайбың да.
- Эфирден тышкары да саясат жөнүндө сүйлөшкөн жагабы?
- Эки жыл мурун уктасам деле түшүмдө саясатка байланышкан нерселер кире берчү. Бул жумушума аябай берилип иштегенден болсо керек. А саясат жөнүндө азыр сүйлөшкүм келбейт. Азыр үйгө барып тамак жасагым келет, дүкөн кыдыргым келет, курбуларыма жолуккум келет. Турмушта саясаттан башка кызыктуу нерселер да арбын. Музыка,театр, адабият, тели-теңтуш. Билбейм, азыр мага ушулар кызык. Адам өзүнүн жеке турмушун ойлош керек экен. Саясат саясатчынын өзүнүн турмушу. Мисалы, саясатчы сага интервью берет да андан ары кетет, а сени унутуп калат. Анан биз эмнеге алардын жашоосу менен жашашыбыз керек. А бирок, убагы келгенде саясат менен алпурушканга алган билимим, даражам жетет.
- "Эмне үчүн Президент барган чет мамлекеттеги расмий иш сапарларга Асел Мамбетова эле бара берет" дешип кесиптештериң атаандашпайбы?
- Менден башка Р. Садырбекова, Н. Ахмедовалар деле көп барышат. Бизди кезек-кезеги менен жумуштан дайындап жиберишет. Мени көп жиберишкенинин себеби, расмий иш сапардагы саясий окуялар жумалыктын ичине кирет да. "Башка бирөө баргандан көрө өзү барып, окуянын маанисин түшүнүп, көрүп келип, өзү даярдаганга оңой болот" деген принцип менен мени жиберишет болуш керек. Эми, атаандашып, артымдан ушак айткан айткандарга көңүл бурбайм. Ар кандай ушактар биздин чөйрөдө мурдатан эле болуп келаткан көрүнүш. Мисалы, бир жумада "Ала Тоону" төрт жолу алып барып калсаң, "Эмне үчүн бул көп чыгып калды да мен аз чыгып калдым, демек бул жетекчиге жагат экен" деген сыяктуу сөздөр чыга берчү. Эгерде ушундай ушактарга көңүл бура берсең, жумушуң экинчи да эмес, бешинчи планга калып калышы мүмкүн. А менин биринчи планымда жумуш жана анын натыйжасы турат.
- Алып баруучулардын арасынан күткөн курбуларың барбы?
- Өзүмдүн "Ала Тоонун" кыздары менен кесиптеш катары сый мамиледемин. Кесиптик майрамдарда чогулуп калганда жакшы отурабыз. Өзүмө жакын "Заманада" иштеген Анара, "Дөөлөт" студиясында иштеген Аида деген жакшы санаалаштарым бар. Мен негизи адам менен достошкондо алардын жумуш ордуна карап, эмне менен алектенерине көңүл бурбайм. Тескерисинче "Бул теледе иштейт экен, достошуп алайын" деген ой менен, мени менен дос болгусу келген кыздар болгон. Андай достук көпкө созулбайт да.
- Чет-жерлерге көп эле чыгып жүрөсүң. "Бизге калып иште" деген сунуштар болгондур?
- 2007 жыл мен үчүн кыйын учур болду. Жеке инсандык жана чыгармачылык жактан абдан кысымга алындым. Телевидениеге келген жаш жетекчилер адамдык сапатымды тебелегенге аракет кылышты. Мен азыр аларды күнөөлөп же аларга өчөшүп айтып жаткан жокмун. Бул баардык адамдын башынан өтүүчү керектүү этап деп эсептейм. Эгерде ошондой бут тосуу болбосо, мен бүгүнкүдөй чыга алмак эмесмин. Жанымдагы адамдардын кимдин-ким экенин ошондо түшүнгөм. Адам кыйналганда бир жерде тура бербей, издениш керек экен. Ошол учурда Алматыга барып, эки жума Россиялык белгилүү журналисттердин тренингдерине катыштым. Ошондо Казакстандын белгилүү продесер, редакторлору тарабынан көп сунуштар түшкөн. Бир жолу ОРТга ойдо жок жерден, жөн эле кат жазып койгом. "Мы готовы с вами сотрудничать" деп кат келиптир. Бирок мен Улуттук каналды башка телевидениеге же башка каналга эмес, алмаштырсам башка чөйрөгө алмаштыргым келет. Себеби каякка барсаң деле жумуштун процесси ошол сьемка, монтаж, эфир. Мүмкүн саясатта, балким илимде иши кылып жаңы, табияты башка нерседе иштегим келет.
- Сени таанып, жаныңа келип учурашкан адамдарды кандай кабылдайсың?
- Эгерде жөнөкөй адам келип, мисалы жашы улгайып калган эжелер, байкелер "Кызым кандайсың, сени көрүп турабыз" деп батасын айткан адамдардын сөзүнө абдан ыраазы болом. Ал эми жалпылап айтканда галстукчан чиновниктер, "Сизди тааныйбыз, тигиндей, мындай" деп комплименттерди айткандарды жактырбайм, жагалданып айтылган сөздөрдү да кабыл ала албайм. Кээде маршруткага түшсөм айдоочулар акчамды албай койгон учурлар болот. Негизи ар бир алып баруучу бир-эки эфирге чыккандан кийин жылдыз оорусу менен ооруйт. Менде деле балким башында ошондой болсо керек, а азыр "Элдин баары мени тааныйт"- деп көкөлөгөн сезим менде жок. Анткени, бизде иштеген мыкты редактор, журналисттер, биздин устаттарыбыз убагында андай оорудан айыктырып кетишкен.
- Үй-бүлөң менен тааныштырсаң?
- Атам Көлдөн, Апам Оштон болот. Ата-энем айылда жашашат. Атам айыл-өкмөт структурасында иштейт. Апам мугалим. Мен үйдүн эң улуусумун. Бир сиңдим, эки иним бар. Сиңдим турмушка чыгып, бир уулу бар. Үч айлык жээним баарыбыздын сүймөнчүлүгүбүз. Азыр студент иним менен бирге турам.
- Качан турмушка чыгайын деп жатасың?
- Эмнегедир менин жеке жашоомо бияктагы кесиптештеримден бери аябай кызыгышат. Жеке нерсе өзүңдө эле калыш керек деп ойлойм. Мен башкалардын жеке турмушуна көңүл бурбаган үчүнбү, өзүмдүн да жеке турмушумду эч кимге айтпайм. Кудай буюрган күнү турмушка чыгам деп ойлойм. Учурда жакын адамым бар.

Эльмира Мадиева














Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan