Коомдук-саясый гезит
№27, 02.10.08-ж.





Барктабасов өлкөнү туңгуюк абалдан чыгарып кете алабы?
Башы өткөн санда
- Урмат мырза, учурда эмнеге түйшөлөсүз?
- Кыргыз Элим! Айтыңыздар маарек болсун! Кудай тилегиңерди берсин. Баарыңарга аманчылык тилейм. Жакшылык тилейм. Кыргыз эли-эгерим эч бир элге жаманчылык кылбаган, пейили кенен ниети таза элбиз эзелтеден. Элибиздин улуулугу, айкөлдүгү ушунда. Биз бүгүнкү деңгээл менен менен эмес, тарыхыбыз менен бааланчу элбиз. Албетте бүгүнкү абал бул- болгону бүгүнкү абал. Түбөлүк ушундай болушубуз мүмкүн эмес. өзөгү күчтүүнүн өсөрү күчтүү. Түбү түптүүнүн түпкүлүгү күчтүү. Байыркы бабаларыбыз эбегейсиз кең аймакты жердеп, далай башка элдерге башкөз болуп, табиятынан билимдүү, билги, намыскөй, жигиттери эр жүрөк, салттуу, нарктуу, тектүү эл болгондугу соңку тарыхий маалыматтарда тастыкталып аткан тарыхий чындык.
Улууга улуудай, кичүүгө кичүүдөй ыйман-ызаат, каада-салт нарк-дөөлөттөр, ташка тамга баскандай таамай макал-лакаптар, сөз өнөрү, уулга уулдай, кызга кыздай үй-бүлөлүк таалим-тарбия, жөн билгилик нарк-насил - кылымдар бою кыргызды кыргыз бойдон сактап келген ушул касиеттер улуулук эмей эмне?
Салттулугубузду, нарктуулугубузду, тектүүлүгүбүздү сактай алдыкпы? Ким элек, ким болдук? Дагы 20, 30 жылдан кийин эмне деген эл болор экенбиз? Жарым миллион кыргыз мекенинен безип, оокаттын айынан чет өлкөлөрдө жүрөт, өз Ата мекенинен үзүр көрө албай. Нечен миңдеген жигиттер, кыз-келиндер таңдан-кечке көчөлөрдө турат, "кул базар" атка конуп. Боконо эти ката элек бозулан тестиер балдар колараба сүйрөп канбазарларда. Кыз намысы тебеленип, кыздарыбыз кордолууда. Бир кездерде батыш, чыгыш элдеринде кыргыз образ болуп тарап, батыр чыккан уулдарын сен кыргыздай уул болдуң делип даңазаланган эл элек. Эми ким болдук?
Элибиздин элдигинин кайра калыбына келтирилишине тарыхий таамай мүмкүндүк болуп, кыргыздын кыргыз касиеттерин улантуу учуру келди эле. Бири куулуп, экинчиси келген эки бийликтин экөө тең эл кадырына жеткен жок. Адилеттик, калыстык орногон жок. Алдым-жутумчулук, коррупция ашынды. Сот адилеттиги соолуду. Эки бийликтин экөө тең элдик нарк-дөөлөттүн ашмалтайын чыгарышты. Айла-амал жеке кызыкчылыктын сазына белчесинен батты. Үй-бүлөсүн тескей албаган адам бүтүндөй бир эл журт, улут кадырына жете алабы? - Жок! Азыркы экономикалык абал - бул экономикалык кризис эмес, баш бийликтин кесепети. Кызмат орундар кызылдай акчага сатылып атса, ушундай жерде өнүгүү болмок беле. Ошондой адамдар элди ойломок беле. "Балык башынан сасып атса" кайдан жүрүп коомдо тазалык болсун!
Россияны оор абалдан Владимир Путин алып чыкты. Элине дем берди, баарын орду-ордуна койду. Таамай сөзү, иши менен таанылды. Кадыр-баркы көтөрүлдү. А бизде мамлекет башчыга нааразылыктардын тыйылар түрү жок.
Эмне болуп жатат? Коом тууганчылык, жердешчилик, мен сага, сен мага деген ыпыластыктарга малынды. Кайда барсаң паракорлук. Элибиздин руханий дөөлөтүнө, улут акылмандыгына, өзөгүнө зак кетти. Бүгүнкү күндө бүт дүйнө жүзүндөгү, адамзат турмушундагы эң башкы кризис табиятка, коомго, мамлекетке, адамдын өзүнө карата жаңыча түшүнүктөр калыптанбай жаткандыгынын кээри экендигин, адамдардын өзү, ниети, пейли, ой жүгүртүүсү оңолмоюн жакшылык болбостугун дүйнө аалымдары канкакшап айтып атышат, жаңы цивилизация керек дешип. Азыркы бийликте отургандар ушуга түшүнөбү? - Жок! Бийлик чөйрөсүнө, бири-бирин жетелеп, оңой олжо көздөгөндөр чогулду. Баарыбыздын, ар бирибиздин, улуттун келечегин кесип аткан кесепет ошол. Бул абалдан тазалануу аба менен суудай зарылчылык.
Биз кыргыздар аз элбиз, жерибиз да чакан. Дүйнөлүк деңгээлде алганда өлкөбүздүн салымы сезилерлик эмес. Мисалы немистер Мерседес, Ауди сыяктуу автомашиналар жагынан дүйнөгө таанымал. Жапония, Индия, Кытай өлкөлөрүнө теңеле албайбыз, технология жагынан. Бирок кандай болгон күндө да эл аралык деңгээлде өзүбүздүн ордубузду өздүк өнүгүүбүз аркылуу гана камсыз кыла аларыбыз анык. Түбөлүк күч - элдин өзү, элдин биримдиги. Эл биригип, жапатырмак аракеттер күч алса, ошондо гана бардыгы оңуна келет да. Ушул түшүнүктөр барбы, азыркы бийликте? - Жок. Башкарганды билбеген бийлик элди бузат. Мансапка маашыркаган азыркы бийликтин көзүн май басып, эсирүүдө. Эл өзүнчө, бийлик өзүнчө абал башталды. Кошоматчылар колдоого алынып, нарк бузулду. Даанышман, билги, дили таза адамдар көмүскөдө калды. Бийлик аларды көрбөйт, көргүсү да келбейт. Кемчилигин көзгө сайып, ачык айткандарды, айыбын ашкерелегендерлерди куугунтуктады. Элдик нааразылыктар башталса, аны териштирүүнүн ордуна күч колдонуп атат. Баш көтргөндөрүн түрмөгө камап атат. Ойлогонунун баары айла-амал, дүнүйө, мансап болуп, бийлик күчүнө сыйынууда. "Жаманды колдогондук, жакшыларды кордогондук". Ушуга түшүнөбү, азыркы бийлик? Түшүнбөйт, түшүнө да алышпайт. Мындай бийлик өкүм сүргөн учурлар эмне менен аякталары тастыкталган тарых мисалдары көп, өткөн замандарда да, азыркы заманда да.
- Түндүк түштүк географиялык гана түшүнүк болуунун ордуна соңку жылдары кандайдыр бир элге зыяндуу маселеге айлантып салышты. Элдин өзүндө не күнөө болсун. Кандай дейсиз?
- Элдин эңсеп-көксөгөнү эмне? Президент түндүктөн болсо, түштүктөн болсо деп карапайым калк эңсейби? Жок. Мындай балакет, шойкоомдуу кесепет карапайым калктын үч уктаса түшүнө кирбейт. Бөлүнүп-жарылуу элдик кеменгерликке коошпойт. Кыргыз тарыхында мындай нерсе эгерим болгон эмес.
Акжолтой, тубаса боорукер, элди, өлкөнү ар тараптан дүркүрөтө өстүрүү илээсин билген даанышман, кеменгер атуул Эл Башы болуусун эл эңсеп турат. Адай жан түндүктөнбү, түштүктөнбү, мундузбу, саякпы, кушчубу, бугубу, ичкиликпи элге анын зарылчылыгы болбойт. "Түштүктөн президент чыкканын көрө алышпай жатышат" деген сасык саясатты чыгаруучулар - аныктан-анык элдик биримдикке чыккынчылык кылуучулар.
Чыныгы элдик чыгаан орток сыймык, улут даңазасы! Муну эч ким тана албайт. Чабалды - чабал десе: бүтүндөй Кыргызстанды тентиткен абал туулганды айтса, эмне ушакпы? Калп айтуу, элге тил эмизүү, жалган: "оңолдук, жыргалга малындык, мурда болбогондор болууда, пенсияга баланча пайыз кошулду" деген апыртмалар курсак тойгузар нерселер эмес. Президент жол берер жосун эмес.
- Отун-суу, энергетика, кымбатчылык абал, жалпысынан экономика элди сарсанаа кылууда. Түңүлүп өлкөдөн кетип аткандар бар. Эмне эле оңоло албай будаланып атабыз, дешет далай адамдар. Айтсаңыз, эмне болубатат?
Ириалдыда мамлекет башчы ким, инсандык таасири канчалык? Баары ошого жараша. Эл деген жетекчиге карап түздөнө баштайт. Бийликтин күчү жалаң эле бийликте эмес. Бизнеске шыгы барларга, табышкерлерге мыйзамдык негизде кеңири мүмкүндүк түзүлмөйүн, алардын жеке менчиги ыйык, кол тийбес болмоюн, эл турмушунда ишкерлик дымак өнүктүрүлмөйүн, бирөөлөр тапкан байлыкты жыра талашкандарга тыюу салынмайын, өлкөдө экономикалык өзөк калыптанбайт. Элге реалдуу, бардыгына бирдей укуктук мүмкүндүк түзүү гана керек. А бизде эмне болубатат? Бийлик, айрыкча баш бийлик кимдин колуна тийсе, анын үй-бүлө мүчөлөрүнө, ага ини, уул кыздарына, жан-жөөкөрлөрүнө, жакындарына бардык мүмкүндүк түзүлүп, кайда барса аларга жол ачык. Кошоматчылар дароо жасап берет. Керек болсо бирөөлөрдүн оокатын тартып алып атышат. Катардагы карапайым калктын, өзү менен өзү болгондордун абалы, көргөн күнү тап-такыр башка. "Туурамчыдан тууганым болсун" деп, элдин далайында бийликте өз кишим болсо экен деген, шайлоодо анын ким экендигине карабай ошого жантарткан жагдай калыптанды. Кадр маселесиндеги жердешчилик, уруу тууганчылык улуттук өнүгүүбүзгө кадалган бычак болууда. Жалпы эл, мамлекет, кыргыз келечеги дегендин ордуна, эптеп бийликке жетсем, бийлигимден ажырап калбасам болду деп, жеке кызыкчылыгына жетеленгендердин арааны ачылды. Алар жанүрөп жалпы журтка кызмат кылуу дегендер эмес, байлыкка туйтунуу ниетиндегилер. Коррупциянын күчөп аткандыгы да ошондон. Азыркы энергетикалык кризис да ошондон. Табиятка, кургакчылыкка шылтоолоп кереги жок. Энергетиканы ушундай оор абалга дуушар кылгандар, күнөлүүлөр, ишти уюштура албагандар, өз учурунда чара көрө албагандар, алдым-жутумдар арабызда. Коом ошолордон тазаланмайын кор боло беребиз. Жер байлык, кен байлык жана башка бардык мүмкүндүктөрүбүз бар туруп, өнүгө албай жаткандыгыбыздын бир гана себеби - мамлекет башчынын коомго, элге дем ажарата албаганында.
Кыргыздар - аз элбиз. Бирок ошол аз бойдон далай каар замандардан аман чыгып, азыркы ХХI кылымда тарых сапарыбызды улантып бараткандыгыбыздын улуу сыры - элибиздин элдик касиеттери: Ыймандуулук, Калыстык, Адилеттик, жөнбилгилик, жалпы элдик намыскөйлүк. Жердин ээси - бийликте отургандар эмес, эл. Элди көзүнө илбегендерден элге жакшылык жок. Баш бийликтен баштап, башкаларынын бардыгында Элим, Жерим, Мекеним деп, жүрөгүндө оту бар, азыркы заман логикасына түшүнүгү терең кадрлар чөйрөсү түзүлмөйүн, кыргызым, сенин келечегиң бүдөмүк.
А. Асанбекова




  Экстердин айлында

Сулайман Иманбаев, БШК нын экс - жетекчиси, коомдук ишмер:
"Бакиевдин мага нааразы болушу мүмкүн эмес"
- Сулайман Иманбаевич,24- март окуясы шайлоонун жыйынтыгынан келип чыккан деген негиздеме бар. Бул учурда сиз БШКнын жетекчиси элеңиз. Кайсы бир деңгээлде ошол окуяларга өзүңүздү күнөөлүүмүн деп эсептейсизби?
- Төңкөрүшкө укук бузуулар себеп болду деп шайлоо системасын бир беткей күнөлөө да туура эмес . Бийликке умтулган күчтөр шайлоону пайдаланышты жана төңкөрүштү уюштурушту деп ачык айтаар элем.Түштүктө,Чүйдө окружкомдорду ,участкалык комиссиялардын имаратын тартып, окружкомдорду иштетпей үй-бүлөсүн коркутуп сабаган фактылар болуп, ал тургай комиссиянын төрагалары үйлөрүнө жатпай калган учурлар болбоду беле.
- Кечиресиз, А.Акаевдин балдары , жакындары талапкер катары катталышы элдин кыжырдаанусун жаратпады беле? Ушул нерсе да негиз болду да.
- Президент болгондон кийин Акаевби, Бакиевби алардын балдары бир туугандары башка жакка кетип калбашы керек. Мыйзам чегинде алар үчүн чектөө жок. Президенттин жакындары өз жөндөмдөрүнө жараша саясий ишке, экономикага, бизнеске аралашканга толук укуктуу. Мына ушул нерсенни коомчулук жакшы түшүнбөй жатат.Эсиңиздерде барбы, 2006-жылы Курманбек Бакиевдин бир тууганы Марат Бакиевди Германияга элчи кылып дайындаганда ызы-чуу болбоду беле. Ошондо журналисттер менин оюмду сураганда биринчиден, мыйзам жол береби? Жол берет.Экинчи адистиги боюнча татыктуубу мына ошол жагын караш керек. Мен ал жигитти депутат кезинен билем татыктуу ишмер жигит деп жооп берген элем. Ал эми Аскар Акаевдин кызына, баласына келсек; Кызы Бермет өз билим көрөңгөсү менен татыктуу болчу . Айдар Акаев Кеминге койду эле кеминдиктер кыжырдандыбы?.Кыжырданган жок да. Президентин жакындарына деп кыжырдангандар анын каршылыштары болуш керек. Бирок, качан болсо, кайда болсо президенттин жакындарына элдин баары эле ыраазы болбойт. Кээде туура эмес. Кээде туура наарзазычылык билдире беришет. Мына ушуну эске алып коюшу керек. Президенттин үй-бүлөсү ар дайым коомчулуктун көңүлүнүн борборунда болот. Өзгөчө оппозиция алардын ар бир кадамына баа берип, катуу сынга алат. Мындай абалда Бакиевдин үй-бүлөсү деле ушундай эле абалда.
Эң негизги маселе бийлик башындагы турган адамдардын үй-бүлөсү, анын жакын туугандары элдин коомчулуктун арасында өзгөчө тазалыкта жүрүшү керек. Мындай шартты талапты ар дайым эсине тутушу керек. Тилекке каршы, башта да азыр да андай болгон жок. Эми "уккан ушак, көргөн чын"- дейт. "Бирөө көрүп, бирөө билип айтат". Көпчүлүк апыртып-жапыртып айткан учурлар да болот.
- А эмне үчүн сиз революция болгондун эртеси Алматага кетип калгансыз?
- 24-мартта кечки саат 19 дан бир аз өткөн соң Жогорку сотко чакырып калышты. Барсам өтпөй калган беш депутат И. Кадырбеков, А.Малиев, А.Таштанбеков , А.Мамбеталиевалар Жогорку соттун мүчөлөрүн алдыңкы залга жыйып алган экен. Сыртта кыйкырган жоон топ эл турат. Алар "биз революциялык кеңештин атынан келдик шайланган депутаттар мыйзамсыз шайланды. БШКнын шайлоонун жыйынтыгын тааныган, шайланган депутаттарды каттаган чечимин жокко чыгарып бергиле" деп талап кылып жатыптыр. Мен кечигип келгендиктен Курманбек Осмонов мага алардын талабын айтып, менин оюмду сурады. Ошондо мен бул Жогорку Кеңештин шайлоосу , Баш мыйзамдын шайлоо жөнүндөгү Кодексине нормаларына ылайык Жогорку Кеңештин мөөнөтү бүткөндө мыйзамдын негизинде өткөрүлдү. Кемчиликтер болбой койбойт. 4-5 окуругда али жыйынтык чыгарыла элек. Иштери сотто. Калган округдар боюнча шайлоонун жыйынтыгын, шайланган депутаттарды каттоо жөнүндө чечим чыгып, мандаттар берилди. Бул чечимди жокко чыгарууга эч кандай укутук негиз жок деп 2-3 жолу кайталадым. БШКнын чечимин күч менен мажбурлап жокко чыгарууга негиз жок дедим. Мунуңар да туура эмес деп каршы болуп туруп алдым. Бул да эч жерде айтыла элек болчу. К. Осмоновго катуу кысым көрсөтүштү. К. Осмонов аргасы кеткенде "Биз шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгара албайбыз. Мен шайлоодогу депутаттарды каттоо жөнүндөгү БШКнын чечимин жокко чыгаруу жөнүндө маселени Жогорку соттун мүчөлөрүнө колго салам" деп, колго салып, бир бүтүмдөй кабыл алышты. Осмонов ошол жерден " бул юрдикалык чечим эмес саясий чечимди кабыл алабыз деп жогорку соттун мүчөлөрүн колдоп беришин сунуштады. Жогорку Кеңешке барып оозеки айтып берейин" деди.Мен да ал жакка бардым.Текебаев менен К.Иманалиев жаныма келишти . Аларга Баш мыйзамдын негиздемесин түшүндүрүп бердим. Эски Парламентчилер да тарабайбыз дешип турган учуру болчу.Биринчи жыйын башталган күндөн тартып ,эски парламент өз ишин токтотот,ыйгарым укугун жоготот дегем. К.Иманалев Баш мыйзамды трибунага чыгып окуп берди эле, аны эч ким да уккан жок. Айтор ызы-чуу болгондон кечки саат 10 до үйгө кетип калдым.Уулум шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгында иштечү 200 киши ооруканага жаткырылганын ызы-чуу башталганын телефон аркылуу айтып, "Сиздин коопсуздугуңуздан коркуп жатам.ИИМдеги тааныштар айтышты сиздин даректин баарын тактап сурашыптыр Тынчыгыча Алматага барып туруңуз . Бул окуялар кандай бүтөт белгисиз" деди . Саат түнкү 3-4 дө неберелеримди кемпиримди салып алып ,баламдын досторунукуна кеттик. 27-мартта кайра Бишкеке кайтып келдик.
- Деги эле Бакиев менен мамилеңиз кандай эле?
- Ал учурда Бакиевдин деле мага нааразы болушу мүмкүн эмес эле. Саламыбыз түз. Мамилебиз жакшы болчу. Бирок ,ачык айтып койгум келет бу кишинин тегерегинде менин душмандарым болсо керек. 25-мартта Алматыдан Бакиевдин уюлдук телефонуна чалсам турубканы анын жардамчысы алды. "Ал киши жыйында"- деди. Мен кызматтан кетүү жөнүндө арыз жиберээримди айтып, өз ыктыярым боюнча бошотуусун сурандып. Ишине ийгилик каалагаган ызымды жибердим. Мен арыз жазгандан кийин бир-эки сааттан соң Д.Сарыгулов барып Туйгунаалы Абдраимовду БШК нын төрагасы кылып олтургузду. Казактардын сыйын көрүп, эки күндөн кийин Кыргызстанга келдим.Келсем мени качып кетиптир деген сөз чыгарып алышыптыр.Менин кача турган эч кандай себебим жок деп жооп жаздым. Аттарын ачык айта албайм Т.Абдраимов баш болуп 6 ай ревизия кылып,эч нерсе табышпай айласыздан Замира Сыдыкованын Бермет Акаева мыйзамсыз каттоодон өттү деген арызын көтөрүп чыгышты. Ал арыз шайлоого 3 күн калганда жазылган болчу.Арызды окуп, экспертик топтун карап чыгуусуна тапшыргам. Мыйзам боюнча шайлоого 5 күн калганда, талапкерди алып салууга негиз жок. Ошондой эле арызды Биринчи май рай соту жана Жогорку сот карап четке каккан. Акыйкатты туу туткан ошол кездеги башкы пркурор А.Бекназаров дал ошол иш боюнча кылмыш ишин козгободубу. Замира Сыдыкованын арызына жооп берүүгө акысы жок деп чыгышты. Мени сыйлаган инсандар Бакиевдин наамына кат жолдошту.Баары бир акыры сотко чейин жеткиришти. Соттун акыркы жыйынында Прокурор айыптоосунан баш тартты. Мен да мыйзамдын негизинде далилдүү жазып алган сөзүмдү сүйлөп бердим. Сот коргоочуман сүйлөгөн ал сөзүмдү суратыптыр. Мен сүйлөгөн сөздү толугу менен сот өкүмгө кошуп актаган чечим чыгарды.Таң калыштуусу миллиондорду жегендерге бир да кылмыш иш козголгон жок. Бары эле суудан кургак болуп чыкты окшойт.Кайдагы акыйкатты Бекназаров туу кылат билбейт экенмин . Баш мыйзамда жазылган мамлекеттик органдар түшкөн арыздарга жооп берүүгө милдеттүү деп жазылган мына ошону да окушпаган окшойт.
Өткөн сандагы маегим сенсация деген рубрика менен чыгып кеткени кичине туура эмес болуп калды көрүнөт.Аскар Акаевди мен эмес легендарлуу Парламент алып келсе, Бакиевди Президенттик деңгээлге Акаев өстүргөн.

Ч.Кутманалиева













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan