Коомдук-саясый гезит
№27, 02.10.08-ж.





  Артисттер айылында

Неля: "Урмат менен жүргөн жокмун".
Нуриса: "Эртең турмушка чыгам" дейт
- Нуриса эже, Неля чыгармачылыгыңарда эмне жаңылык?
Нуриса: -Жакында Ошко барып, ДДД студиясынан Сагын Молдоевдин сөзү, обонуна таандык "Сагынам" аттуу ырына клип тарттырып келдик. Төрт күндө тартып бүтөбүз деп пландаштырып барганбыз. Клипке тарттыра турган үй таба албай ал аз келгенсип, жигит таба албай үч күнүм жөн эле өтттү. Биз барганда театрдагы актерлордун баары эс алууга кетип калышыптыр. Кудайдын мага бору ооруду окшойт, төртүнчү күнү үйдү да, жигитти да таап берди. Алишер Тоотаевдин "Ансыз деле жашоо жалган, өмүр аз" деген ыр саптары бар жаңы ырга клип тарттырайын деп, сценарийдин үстүндө иштеп жаткан учурум.
Неля: -А мен болсо үйдө эс алып жатам. Орозо кармадым. Искусство институтуна экинчи дипломду алайын деп окууга тапшырдым.
- Неля деп жеңилдик беришсе керек?
- Жок, эч кандай. Кадимкидей экзамен тапшырдым. Сочинение, диктант жазып дегендей.
- Нуриса эже, болочок жолдош болчу жигитти таптыңызбы?
- Менден "Күйөөгө чыккан жатасыңбы" деп сурашса " Ооба, бирок бүгүн кеч болуп калды. Эми эртең чыгам го" десем, күлүп калышат. Анынсыңарындай буюрганын көрөбүз да.
- Неля, сени Урмат менен кыз-жигит болуп жүрүп атышыптыр деп уктук…
- Замир Мырза менен "Кайып булакка" тартылгандан кийин да экөө жүрүп атышыптыр деп чыгарышкан. Азыр Урмат менен "жүрдүртүп" жатышат. Мындай нерсе мага көнүмүш эле болуп калды. Мындай сөздөргө көңүл бурбайм деле.
- Нуриса: Бизде карап койсо күлдү, күлүп койсо сүйдү дей беришет эмеспи.
- Бактыгүл Бадыева гезиттеги бир маегинде "Мага Нелядай чыккынчы курбунун кереги жок" деп айтыптыр. Анчалык эмне кылдың эле?
- Мен дагы угуп алып таң калып жатам. Ушул сөздөрүн жөн эле айтып койбой, негиздеп, далил менен айтса болмок.
- "Сахнада достук жок" деп көп эле ырчылардан угуп жүрөбүз. Анын бир далили Бактыгүл менен Нелянын достугу болду деп айтсам Неля таарынбайт болуш керек. Ал эми Нуриса эже силер тескерисинче 8 ырчы биригип "Досторго" концертин бердиңиздер. Силердики сахнадагы эле достукпу же…
- Быйыл 8 курбу чыгынып элге жакшы маанай тартуулап алдык. Биз турмушта да курбуларданбыз. 4-5 жылдан бери ай сайын шерине ойнойбуз. Бирок, биз бир айды күтүп отура бербей, бирөөсү муздаткыч же телевизор алса шылтоолоп чогула беребиз. Алардын ичинен мага жакыны Салима Балтаева, 8 кыздын ичинде жок жакын сахналаш курбум Эльмира Кайып кызы.
- Неля: Мен сахнадагы кесиптештерим менен бирдей мамиледемин. Өзүмчө жүрө берем, эч ким менен ишим жок. Мүнөзүм ушундай. Концерт учурундабы же башка жердеби жолугуп калсам жылуу учурашып койом.
- Нуриса эже сизди "Нурисанын үнү деле укмуш эмес, бирок үнүндө кооздук бар" деп айтышат. Өзүңүз кошуласызбы?
- Өзүм деле үнүм укмуш деп айтпайм. Бирок, мен кантсе да актрисамын. Ар бир ырга образ берип, жан-дүйнөм менен берилип ырдайм.
- Неля: Мен Нуриса эжени биринчи көргөндө кандай болсо, азыр деле ошол боюнча. Келбетин айтып жатам.
- Өзүңүздү бир калыпта кантип алып жүрөсүз. Сырын ачып бербейсизби?
- Бир жумада бир мончого түшүп бууланып турам. Балким сыр ушундадыр же башка себеби барбы, өзүм деле билбейм.
- Үйдөн эмне кылганды жаман көрөсүңөр дагы эмне кылганды жакшы көрөсүңөр?
- Нуриса: Негизи уктаганды жаман көрөм, бирок өзүм аябай уйкучумун. Аябай чарчап, маанайым чөгүп турганда түндөсү кир жууганды жакшы көрөм. Жинимди кирден чыгарам. Тамак жасаганды жакшы көрөм, бирок жасабайм. Үйдө жеңелерим бар. Кээде журналдардагы тамак-аштын рецебин бир карап туруп эле жасап койом. Анан "Ии жакшы эле кожейке болот окшойм" деп коем.
Неля: Мен жер үйдө жашагандыктан огородго каралашам. Тамак-аш жагынан кондитердик азыктарды жасаганды жакшы көрөм. А мындай күнүмдүк тамакты мен үйгө келгиче эле мамам менен сиңдим жасап коет.
- Өзүңөргө кандай мүнөздөмө бересиңер?
- Нуриса: Мен жакшы эле "скромный" болоюн дейм. Бирок, болбой эле тамашөкөй адатым кармап кетет. Мени көбү "наглый" деп ойлошот экен. Мен тескерисинче "наглый" адамдарды көрүп ошондой болгум келет. Жашоодо "шустрый" болгонум менен аябай тартынчаакмын. Тойлорго да "Канча миллион сомго" барасың деп сурашса да "Мага 10 миллион бергиле" деп айта албай, той ээлерине "Көңүлүңөрдөн чыккан акчаны бергиле" деп айтам. Тойдо отургандар суранып калышса көңүлүн оорутпай бир ырды ашыкча ырдап берип коём.
- Неля: Мен эмне кылам, кай жакка барам деп баарын алдын-ала пландап, блокнотума жазып алам. Апам кичинемден ушундай тактыкка үйрөтүп койгон. Той ээси саат сегизге десе, ошол сааттан кечикпей барам. Мени сыртымдан көргөндөр "Бой көтөргөн кыз" деп айтышат экен. А бирок, сүйлөшө келгенде абдан жөнөкөймүн. Өзүмдү кандай чөйрөгө туш келсем, ошол чөйрөгө ылайыктап алып жүрөм.

Маегиңерге рахмат.
Эльмира Мадиева.













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan