Коомдук-саясый гезит
№26, 25.09.08-ж.





  Экстер айылында

Сулайман Иманбаев, коомдук ишмер:
"Аскар Акаевди да, Курманбек Бакиевди да мен сунуштаган элем"
- Сулайман Иманбаевич, көп убакыттан бери сиз менен баарлашсак деген ниетибиз болгон. Март окуясынан бери көптөгөн окуялар өз нугу менен агып, мезгил таразасы бардык нерсени өз чегинде таразалап жаткандай. Учурунда кандайча БШКнын төрагасы болуп калдыңыз? Экс-президетке карата мамилеңиз өзгөргөн жокпу?
- БШКнын төрагасы деген кызмат өтө жооптуу кызмат. Учурунда Аскар Акаев чакырып, "БШКнын төрагасы болуп иштеңиз" деп калды. "Аскар Акаевич, 64 жашка чыктым. Мени "пенсияга кетиңиз" деп айтат го… " деп күлгөн элем. "Биринчиден, менин кесибим врач. БШКнын башчысы болуш үчүн юрист болуш керек" дедим. Ал киши да күлүп, "Сизди көп жылдан бери байкап жүрөм. Тажрыйбаңыз бар, колуңуздан келет" деди. "Кээ бирлер ойлонуп келип, эртең айтайын дейт экен. А мен болсо, ойлонбой эле макулдугумду берейин" деп күлүп айткам. Ал кызматта 9 жыл иштедим. Ал учурда БШКнын ишине жогору жактан кысым болуп же кийлигишчү эмес. Керек болсо ошол эле Садыркуловдор, Жанузаковдор айтып көрүшсүн, бирөөсү да кийлигишкен эмес. Төрага болуп калышымдын кыскача тарыхы ушундай.
Ал эми экс президент жөнөндө айта турган болсом, кандай айтпайлы, Аскар Акаевичтин мамлекетибиздин түптөлүшүндө эмгеги өтө зор. Билим, интеллекти жогору. Ал кишиге урмат менен мамиле кылгам, кайра өзүңө ошондой урмат-сый кылчу. Дагы бир баса белгилеп кетчү нерсе ошол жана азыркы учурда мамлекет башында иштеген азаматтар Аскар Акаев менен чогуу иштешишкен да. 15 жыл Акаев жалгыз иштеген эмес. Болгон ийгиликтер, кемчиликтер баардыгыбыздыкы. А.Муралиев, К.Бакиев баштаган мен сыйлаган азаматтар өкмөттү жетектешти. Бир эле кишини күнөөлөш туура эмес. Эгерде баарыбыз башкача иштегенде, ал киши да башкача иштемек.
Учур келди окшойт. Көптөн бери бул нерсени ачык айтып же белгилеп койсом деп жүрдүм эле. 1990-жылдары Кыргыз Республикасынын президенти ким болот деп 114 адамдан турган топ баш катырма абалда турганда, атка минем дегендердин көпчүлүгү өтпөй калган. Мына ошондо туңгуюкка кириптер болгон элек. Илгиз Айтматов, дагы бирөөлөр бар эле ошондо, Илгизге "Аскар Акаевди көрсөтсөк кантет, көп маселерди көтөрүп жүрөт?" деп калдым. "Ой, туура айтасың" деп кубаттап калды. Табабызбы десек "табабыз" деди. Илгиз мырза аны унутпаса керек.
- Демек, Чынгыз Айтматов Ошто жыйын өткөрүп, бир ай мурун Аскар Акаевдин кандидатурасын тандап алган деген сөздөр туура эмес экен да...
- Болгону сөз ошол жерден чыккан. Акматовдор түнү менен издеп табышкан. Аскар Акаев "Кыргызстанга шайланып калдым" деп келген. Эртеси Президент болуп шайланып калды да.
- Аскар Акаев, сиз сунуштаганыңызды билди беле?
- Аны биле албайт экенмин. Дагы бир маселе бар. Бул маселе азыркы Президент Курманбек Бакиевге байланыштуу.
- Өтө кызык жагдай көрүнөт…
- 1991-жылы Курманбек мырза менен чогуу көлдө эс алып калдык. Чай үстүндө сүйлөшүп отурдук. Мындай баамдасам сылык, ийкемдүү, Орусиядан билим алган кадр экен. Ал кезде А. Акаев жаңы президент болуп, президенттин бүт милдетин өзүнө ала элек болчу. Жогорку Кеңешке келип кадр маселесин талкуулап калган жыйында түштүктүн кадрлары жөнүндө маселе козголгондо Карманбек Бакиевдин ысмын айтып, эстүү, билимдүү жигит экен, көңүл буруп койсоңуз деп, Акаевге сунуш кылгам. Эки күндөн кийин Бакиев мага телефон чалып, ыраазычылыгын билдирди. Ошондон кийин көтүрүлүп кетти.
- Аскар Акаев менен сүйлөшүп турасызбы?
- Жок, жакын саналаштарынан бир жолу салам-дубай айттырып ийиптир.
- Президент К. Бакиев менен март окуясынан кийин баарлаша алдыңызбы? Дегеним сизге Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, сотто эч кандай себеп жок деген чечимдин негизде акталып чыктыңыз эле. Мындан тышкары куугунтуктоо болгон дешкен эле.
- Бул суроолорго жооп берүүдөн алды бир жагдайларга токтолуп өтүш керек.
(уландысы кийинки санда)

Маектешкен М.Элчиев




  А-уу, Акүй

Кыймылдар кыймылдап жатат…
1- сентябрда "Бирдиктүү Кыргызстан" кыймылынын жыйынын өзөгүн профессионалдар, башкача айтканда, ар бир иштин көзүн билген адистер, Кыргызстанга нечен жыл кызматын көрсөткөн мурунку жетекчилер, саясатчылар, экономикалык менеджерлер, ал гана эмес азыркы бийликке да, мурунку бийликке да таш ыргыткан оппозиционерлер түздү. Бир эле аксакал башы менен форумга келип катышып, негизги доклад менен чыгып сүйлөгөн Т. Усубалиев эмнени билдирет… Андан тышкары экс-премьер А.Муралиев, Эл жазуучусу М.Байжиев, академик Д.Маматканов, экс-депутаттар Т.Кожомкулов, Р.Мамыров, К.Алымкулов, Э.Каптагаев, ж.б. калайык-калкка белгилүү инсандар коюлган маселелердин данегин чагып, азыркы түзүлгөн кризистин кантип пайда болгонун жана андан чыгуунун эң оптималдуу жолдорун көрсөтүп да, далилдеп да чыгышты.
Кыргызстанды 23 жыл башкарган, өлкөбүздүн экономикалык пайдубалын түптөгөнгө зор салымын кошкон Т.Усубалиев азык-түлүк камсыздыгын жаратуунун негизги беш жолун ортого салды. Эң биринчиси, азыркы чачырап кеткен жеке чарбаларды ирилештирип, айыл чарбасын кайра реформалап, колдо болгон сугат жерлерди эффективдүү пайдалануу керектиги айтылды.Экинчиси, кант кызылчасын өстүрүүнү кайра калыбына келтирип, аны атайын жок кылуу аракетин жасап аткан кайра иштетүү өнөр жайларына мамлекеттик деңгээлде чара колдонуу керектиги баса белгиленди. Мындан тышкары, мал чарбачылыгы зооветеринарлык эрежелердин негизинде өнүктүрүлүп, мурунку уяң жүндүү койлорду жандандыруу зарылчылыгы, ошону менен бирге жибекчилик, үрөнчүлүк иштери мамлекеттик деңгээлде колго алынуусу, ал үчүн адстерди ишке тартуу керектиги, өкмөткө да адистерди ишке тартуу керектиги, өкмөт дегээлинде программалар иштелип чыгуусу керектиги айтылды.
Экономикалык форумдагы абдан курч талкууланган маселе -энергетика маселеси болду. Чынын айтыш керек, чычкан сойсо да касапчы союш керек деген сөз ушул талкууда айрыкча ачык көрүндү. Т.Уметалиева кызуу талкууга жакшы жем таштаган соң кыргыз энергетикасынын таанымал адистери жана менеджерлери Т.Кожомкулов, Р.Мамыров, К.Алымкулов, академик Д.Маматканов, саясатчы Э.Каптагаев азыркы кризистин чоо-жайын, аны жоюунун конкреттүү жолдорун ачык-даана кылып чечмелеп беришти. Көрсө, азыркы энергокризистин эң эле негизги себеби коррупция, иш билбегендик, суу башында, энергоблоктордо отурган менеджерлердин жоопкерсиздиги, дегеле бул тармакта караманча тартиптин жоктугу экен. Бул кейиштүү көрүнүштү терип-тепчип айтып беришкен белгилүү энергетиктер Т.Кожомкулов менен К.Алымкуловду угуп отуруп, айласыздан деги каякка баратабыз деген ойго капталат экенсиң.
Мурунку депутат, көп жылдар бою ушул тармакты тейлеген жетекчилердин бири Р.Мамыров маселени кабыргасынын койду: ырас, республикадагы кырдаал чынында да өтө кооптуу. Токтогул ГЭСиндеги суу деңгээлин калыбына келтирүү үчүн эң кеминде үч жыл убакыт керек.Эмне кылуу керек?
Эң биринчиси, Р.Мамыровдун ою боюнча, электр жоготууларын азайтуу үчүн конкреттүү чаралардын комплексин иштеп, аны чып-чыргасын коротпой ишке ашыруу керек. Экинчиден, кыштан аман-эсен чыгуу үчүн Өзбекстандан 3 млрд. киловатт электр кубатын алуубуз турган иш. Буга кошунабыздын макул болбоско чарасы жок, анткени бары бир жаздан баштап суу сурашка аргасыз. Ошол маалда Токтогул суу сактагычына сууну жетээрлик кылып толтуруп алуубуз зарыл. Ошол эле мезгилде Бишкек ТЭЦинин кубаттуулугун кандай болбосун көбөйтүү керек. Ал эми көмүр кендерин иштетүүнү нормалдуу акыбалга келтирбесек, элди камсыз кылбасак, кышта кыйын социалдык-саясий абал түзүлүшү турган нерсе. Мындан тышкары, азыркы жапырт жарык өчүрүү практикасын токтотуп, андан көрө ар бир регионго, ал гана эмес чарбалык субъектерге электр кубатын пайдалануунун так лимитин чектөө бирден-бир зарыл иш.
Конкреттүү сунуш ушундай болду: тез аранын ичинде энергетика боюнча мыйзам иштеп чыгуу зарыл, деле маселени комплекстүү карап, бул тармакты жөнгө салууга бардык күч-аракеттерди жумшоо керек.
Бирок, ошол саясий эрк, стратегиялык ой жүгүртүү биздин жетекчиликте барбы? Профессионализмчи? Алдын ала көрө билүү, аналитикалык ой жүгүртүү кандай? Же араандай ачылган коррупциялык аппетит, мурдунан алысты көрө албаган кемпайлык, иш билбегендик уурулук менен алдым-жуттумдук элди ачкачылык менен караңгычылыкка алып келүүбү?
Айтор, форумдун үлкөндөрү президентке өз сунуштарын айтып кирүү аракетин кылышмакчы.Бийлик үлкөндөрү угубы аны айта албайбыз. Коомдогу пикирлерди чагылдыруу биздин милдет.Аны канчалык деңгээлде бийлик кабылдайт, кеп ошондо.
Жылдыз Жумагулова














Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan