Коомдук-саясый гезит
№24, 11.09.08-ж.





Айчүрөк Адиева,
Эркин Мамбеталиевдин жубайы:
"Эркинди дүйнө жүзүнө таанымал киллер кылып көрсөтүп жатышат"
- Айчүрөк айым, жолдошуңуз Эркин Ч.Алиевдин өлүмүнө шектүү делип А. Атамбаевдин жан сакчысы болуп жургөндө камалып, чубалган соттук процесстерди башынан өткөрүп-өткөрбөй "Ж.Сурабалдиевдин өлүмүнө себепчи" деп кайра камалды. Жолдошуңуздун акталаарына ишенесизби?
- Эркин Алмаз Атамбаевдин жансакчысы болуп иштеп жүргөндө "БМВ" автомашинасынан автомат табылып, ошонун негизинде күнөөлүү болуп олтурбайбы. Машина Р. Акматбаевдин инилериники экен. Ал жигит Эркинден карыз акча алып, акчанын ордуна өзүнүн "БМВ" автомашинасын бериптир. Машинаны Эркин "Кыргызавтомаштын" короосуна алып барып, токтотуп койгон жеринен орган кызматкерлери таап алышып, камашты. Бирок, ушул убакка чейин машинадан ок тышты деген түз көрсөтмө жок. Ч.Алиевди аткан учурда анын машинасында көңүлдөшү болгон. Ал айым менен да сүйлөшкөм. "Ок чыккан машинанын маркасы "БМВ" эмес, ак "Мерседес"" деп айткан. Машиненин артында олтуруп, болгон окуяны өз көзү менен бүт көрүптүр. Ага ок тийген эмес. Ошентип, Эркин Ч. Алиевдин иши менен бир жыл абакта отуруп, Биринчи май райондук соту жана Шаардык соту тарабынан акталып чыккан. Жогорку соттон акыркы чечим чыгаарда, Р.Акматбаевдин иниси М.Коноевди Жогорку соттун алдынан атып кетишип, иш кайра артка жылган эле. Эркин болсо эркиндикте жүргөн. 2006-жылы хадж башталып, жолдошум 18-декабрда аэропортко таанышын узатканы барса, аэропорттун начальниги өзүнүн кабинетине чакырып, ГУУРга телефон чалып, "депутат Ж. Сурабалдиевдин өлүмүнө шектүү" деп кармап кетишет. Ошол күнү түнкү саат 1де тергөөчү Кайрат Жукеев башында турган топ үйүбүзгө тинтүү жүргүзүшүп, бирок бизге эч кандай маалымат беришкен жок.
Эми кайсы кылмышты жолдошумдун мойнуна илип, күнөөлөшөт экен деп сарсанаа боло баштадым. Ошол убакта К.Көлбаевке да кол салуу болуптур. Алгач Эркинге так ошол Көлбаевдин ишин илишмек экен. Ал учурда Эркин Кыргызстанда эмес болчу. "Кыргызстанда жок болчу" деген далилдүү справка-документтерди тапшыргандан кийин, Ж.Сурабалдиевдин ишин жармаштырууга киришишкен. "Сурабалдиевдин Эльвира деген кызы бар, ал азыр атасынын ишин улап жатат" деген сөздөрдү угуп, Эркинди кармагандан бир жума өтпөй ал кызга бардым. Кабинетинде бирөө менен сүйлөшүп отуруптур. Бери чыгып: "Сиз эмне жумуш менен келдиңиз" деп сурады. "Сенин атаңдын өлүмүнө шектүү деп менин жолдошумду кармашты, мен анын аялымын. Сүйлөшөйүн деп келдим" дедим. "Качан кармады"- деди. "3 күн болду" десем: "Эже, эмне үчүн дароо келген жоксуз?" деп сурап, менин: "Бул жаңылыштыкты өздөрү билип, кое берет болуш керек деп ойлогом. Менин күйөөмдүн буга тиешеси жок" дегенимди угуп, бул жөнүндө маалыматы жок экенин айтып, "Атам каза болгондо апам экөөбүздү да сурак кылышып, атам минип жүргөн машинени "уурдалган машине" дешип бизди да кыйнаган" деп 2-3 мүнөт сүйлөштүк. Анан телефонун алып, "Азыр мен шоферго чалайын, ал билет болуш керек" деп Бегалы Айтматовго чалса, анын телефону өчүк экен. Кайра бирөөгө телефон чалып, "Передайте Беку, пусть он срочно позвонить мне" деп, оозун ачып-жыйгыча эле дароо звонок келди. Эльвира: "Бек байке, задержали Мамбеталиева, вы в курсе? Вы его знаете? Это он да стрелял папу?" деп сурады. Ал "Мен Мамбеталиевди билем, бирок ал аткан эмес" - деди. Эльвиранын жанында жакын отургам, мен да уктум. Телефонун өчүрүп: "Эже, он единственный свидетель, он вашего мужа знает, он не стрелял" деп жатат деди. Кетейин деп жатсам, "Жүрүсөңүз" деп нары жакта отурган бир орус кишиге алып барды. Ал юрист экен. Эльвира Бегалынын айткандарын ага айтып, "бул аялдын күйөөсүн жөнү жок жерден камап коюшуптур" деди. Юрист "Сурабалдиевди өлтүргөн күнү сиздин күйөөңүз каякта эле"? деп сурады. "Бул жума күн болчу. Ал жума намазды калтырбай, мечитке дайыма барат" -десем, "Эгерде ошол күнү аны көргөн күбөлөр бар болсо, Бек да ал эмес деп жатса, демек, ал эмес" деп айтты. Ошентип, 10 мүнөттөй сүйлөшүп туруп, чыгаарда Эльвира өзүнүн мобилдик телефонунун номерин берип, "Эч уялбастан, каалаган күнү байланыша бериңиз" деп узаткан.
Анан эле сот болгон күнү Бегалы Айтматов "Мамбеталиев аткан, мен да жооп кылып атканымда шоферуна ок тийип, ал өлдү, аны нары түртүп, рулга Мамбеталиев өзү отуруп айдап кетти" деп кайдагы жомокторду айтты. А башында беттештиргенде (очный ставка) "Дене түзүлүшү бир аз окшош, бирок үнү таптакыр башка экен" дептир болчу. Анткени киллер Сурабалдиевди атаарда "Жыргал байке" деп чакырып туруп, анан аткан экен. Айтматов антип айтканы аз келгенсип, Сурабалдиевдин кызы Эльвира дагы "Мамбеталиевдин аялы мага келип, коркутуп, "Күйөөмө көрсөтмө бербесин"-деп айт" деп мени мажбурлап, шоферго телефон чалдырткан" деп таптакыр башкача көрсөтмө берди. Эркиндин санкциясын сот эки айга узартты. Анын ортосунда Абасов, Курбаналиев, Бокушевдердин өлүмүнө күнөөлү деп, ал иштерге да жабыштырышты.
Иши кылып бардыгы болуп 12 эпизодду мойнуна илишип, азыр ал 12 эпизоддун эки эпизодун калтырып, ошонун негизинде сот биринчи инстанцияда өмүр боюкамакка алуу чечимин чыгарган. Экинчи инстанцияда ал чечимди 25 жылга алмаштырышты. Эми Жогорку сот кандай чечет билбейбиз. Мен башка кандай арга кылмак элем. Жолдошум бирөөлөрдүн кылмышына жооп бербесе экен деп зар какшайм.
- Ошол киши өлтүрүүлөрдүн бардыгына эмне үчүн Эркин Мамбеталивди күнөөлөп жатышат?
- Анткени ал органда иштеген, Кыргызстандагы курал-жарак арсеналдарын пайдаланганды жакшы өздөштүргөн адам деп ыңгайлуу көрүп жатышат. Анан бул иштер боюнча бары бир кимдир бирөө жооп бериш керек эле, эптеп кылмыштын бетин ачыш керек да. Анын үстүнө Эркинди Р. Акматбаевдин оң колу деп эле баарын ошол жакка буруп жатышат. Рысбек Акматбаевге Эркиндин эч кандай тиешеси жок болчу. Анын бир тууган иниси Тынычбек Акматбаев менен дос болушканы чын. Тынычбектин аялы Кожоналиева Гүлбүбү экөөбүз мединститутта бир курста чогуу окуганбыз. 1992-жылы мединституттун бүтүрүү кечесинде Тынычбек менен Эркинди тааныштырган биз болчубуз. Ошондон баштап экөө жакшы дос болуп, үй-бүлөбүз менен катышып турчубуз. Азыр деле Тынычбектин үйүнө барып, куран окутуп, өзү жок болсо да барышып-келишип турабыз. А Рысбек Акматбаевди мен бир да жолу көргөн эмесмин. Эркиндин өзүнүн айтуусу боюнча ОМОНдо иштеп жүргөндө уюшулган кылмышкерлер тобуна рейдке чыгып, ошондо бир-эки жолу Рысбекти көргөн экен, андан башка ал жөнүндө сүйлөгөнүн уккан эмесмин. Өзү кылмышкерлерге каршы кызматта иштеп жүрсө, кандайча анын бандасына кошулуп калат билбейм. Эгерде Эркин аларды өлтүргөн болсо Кыргызстанда бир мүнөт да турбайт болчу.
Экинчиден, Эркинге буларды ким заказ кылган? Ким акча төлөп турган? А биздин турмушубузду көрүшсөн эң жөнөкөй. Элчилеп дачабыз, менчик машинабыз жок. Керек болсо өзүнүн туулуп-өскөн айылы Өрнөктө да үйүбүз жок. Болгону Бишкекте 3 бөлмөлүү квартирабыз бар. Аны дагы 1 бөлмөлүү квартирабызды сатып, Атамбаев жардам кылып, 1800 доллар үстүнө кошуп берип, анан алганбыз. Балдарыбыз да жөнөкөй эле мектепте окуйт. Мейли Эркин мен-мен деген депутат, полковниктерди өлтүрүптүр, анда эмне үчүн өлтүрдү, жөн элеби? Башында Алиевдин аялы сотко келген сайын бизге кыйкырып эле жатып калчу. Азыр "Мен бул ишти Эркинден көрбөйм. Эркин кудайга ишенген адам. Мен да кудайга ишенем" деп калыптыр. Ал деле биз жөнүндө сураштырып, Эркинди жок жерден күнөөлөп жаткандарын түшүнүп, өзүнчө бир жыйынтык чыгарды болуш керек.
- Азыр СИЗОдо убактысын кантип өткөрүп, эмне менен алаксып жаткандыгы туурасында кабарыңыз барбы?
- 5-сентябрь туулган күнү болчу. Аны УКМКнын камерасынан СИЗОго ошол күнү которушту. Азыр СИЗОдо да Эркин беш маал намазын жазбай окуп жатат. Арап тилин үйрөн деп китеп киргизип бергем. Ичинде телевизор бар экен. Эркиндин эрки күчтүү, эгер эрки жок бирөө болгондо эмгиче чөгүп кетмек.
- Президентке кат менен кайрылып көрдүңөрбү?
- Өзүбүздүн үй-бүлөнүн жана айылдагылардын атынан Президентке, Омбудсменге кайрылганбыз. Алардан эч кандай жооп болгон жок. Кайнатам ошол кездеги министр Б. Ногойбаевдин кабылдамасында болгон экен. "Аксакал, балаңыздын күнөөсү жок экенин билем, аны жок жерден күнөөлөп жатышат" деп өзү айткан деп кайнатам азыр айтып алып, күйө берет. Элдин психологиясы ушундай экен, жамандай берсе, жек көрүп калышат. Азыр Эркинди тим эле дүйнө жүзүнө таанымал киллер кылып көрсөтүп жатышат.
- Жолдошуңуз камакта жатса, үй-бүлөнүн түйшүгүн кантип көтөрүп, балдарыңызды кантип багып жатасыз?
- Өзүмдүн кесибим врач, бирок учурда соода-сатык менен алектенем. Туугандар, достор жардам берип турушат.
- А. Атамбаев ал-акыбалыңарды сурап турабы?
- А. Атамбаев премьер-министр болуп турганда силерге окшогон бир журналист дагы мындай суроо берди эле, "Азыр Атамбаев премьер-министр болуп турат. Бул ишке байланыштуу кандайдыр бир жардам бердиби?"-деп. Убагында анын министрлик креслосун өзү да, биз да пайдаланган жокпуз. Ал киши Эркинди таптакыр унутуп калды деп айтпайм, кез-кезде акчалай жардам берип калат. Балдарга жаңы жыл сайын белегин берет. Экөө бирге 5 жыл иштешти. Эркин Атамбаевди бир жолу өлүмдөн да алып калган.
- А А. Акаевге кандайча жан сакчы болуп калды эле?
- Эркин анда ОМОНдо иштеп жүрүп Египетке барып, "Антитерроризм" боюнча окуп келген. Ошол жактан келгенден кийин эле жумушка чакыртып алышты. А.Акаевде 3 жыл иштеп, акча маселесинен улам А.Атамбаевге келген. А.Акаевде иштеп жүргөндө айлыгы аз болчу. Эркин президенттин жанында жүрсө эле элдер "Акаев өз чөнтөгүнөн Эркиндин чөнтөгүнө салып тургандай" ойлошчу экен. Азыр президент К. Бакиевдин кароолунда Эркиндин иниси менен өкүл балабыз иштейт. Президент алардын айлыгын көтөрүп, майрам сайын белегин берип, өзү улам сайын акыбалыбызды сурап турат дейт. Жансакчынын иши абдан оор жана кооптуу экенин билсе керек. А Эркиндин убагында канчалык ишине берилип иштешсе да А. Акаев буларга анча көңүл бурган эмес.
- Балдарыңыз атасынын камакта экенин билишеби?
- Айгерим менен Аскар билишет. Туулган күндөр, мектептеги чогулуш сыяктуу кечеле болуп калганда "Атам келсе, атам барса" дей беришет. 4 жаштагы кенже уулум Рысбек билбейт, "Папам командировкада" дейт. Кээде мен бир жакка чыгып баратсам "Мама, сотко барасыңбы?" деп сот эмне экенин билбесе да, бирок, ошо сотко папасы келээрин билип сурайт. Куран окуп "оомийн, папам келсин" деп бата тилейт. Экинчи жаза өкүмү 25 жыл бергенде "пожизненно" дегенге караганда бир аз болсо да жеңил деп оор улутунуп алдык. Азыр амандыгын тилеп эле отурабыз, болгону убакыттын өтүп жатканы өкүндүрөт. Балдары атасы бар туруп, анын тарбиясын көрбөй өзүнчө чоңоюп жатышат. 25 жыл эмне деген убакыт… Азыр үмүтүбүз Жогорку сотто. Аны миң жамандап жалаа жабышса дагы, ал биз үчүн татыктуу ата, мага жакшы жолдош.
- Улууңуз Рысбектин атын Рысбек Акматбаевдин урматына койгон эмес белеңер?
- Ырыскылуу бала болсун деп ысымын Рысбек койгонбуз. Муну көбү ушинтип ойлошот экен. Анын атынан коюлган күндө деле ал мага эч жамандык кылган эмес. Жердештеринин айтуусу боюнча, ал сыймыктанчу эле киши болчу. Балам ал кишиге окшош болсо жаман адам болбойт. Ал кишини тартса мен тескерисинче, сүйүнмөкмүн. Кыйынчылык мезгилде төрөлгөн балдар башкача келеби, билбейм. Уулум 3 жашынан баштап "фатиха" сүрөөсүн жатка билет. Атасына да абдан жакын, тили биринчи "ата" деп чыкты. Берки балдарым папа дешет, эч ким ага үйрөткөн да эмес. "Мобу менин атам, тааныйсыңарбы?" деп атасынын сүрөттөрүн ар кимге көрсөтүп, сыймыктана берет.
Э. Мадиева














Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan