Коомдук-саясый гезит
№23, 04.09.08-ж.





  Жансыр

Бүбүсаранын элеси Айтматовдун келининдеби?
Окурмандардын эсине:
"Асман пресс" гезитинин №19 (07.08.2008)санында жарыяланган "Бүбүсаранын элеси Айтматовдун келининдеби?" аттуу макаланы кайталап басып олтурабыз. Албетте, бул макаланын уландылары андан кийинки сандарга жарык көргөндүгүн да сиздер жакшы билесиздер. Бирок, окурмандарыбыздын көпчүлүгү жайкы эс алуудан соң жарык көргөн № 19 саныбызды алып окуй албай калгандыктарын, андыктан кайталап басып коюшубузду өтүнүшүп, редакцияга байма-бай телефон чалышууда. Андан сырткары, аталган макаладагы (маек) каарманыбыз, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун келини Чолпондун бүгүнкү күндөгү турмушу, өзү туурасында жакындан билүүнү каалагандар арбын.
Биз дагы бир нерсени сиздерге маалымдап койсок. Бизге Чолпондун маеги жарык көргөн соң өзүнүн үйүнүн жанынан ага 28-августта кол салуу болгон экен. Айтмакчы, туура бир жыл мурда, так ушул числодо Элдар менен Чолпондун үйлөнүү тою болгон. Кызыгы, ал экөөнүн ажырашкандыктарынын себебин чагылдырган маектин үзүндүсү дагы биздин гезитке так ушул 28-августта басылган эле. Албетте, бул жөн гана дал келүүбү же кандайдыр бир байланыштары барбы аны биз так айтуудан алыспыз. Бирок, Чолпонго байланышкан бардык окуялар бир числодо болгондугу бизди абдан таң калтырды. Капысынан эле ага кол салган жигит анын колундагы телефонун, ошондой эле мойнундагы алтын чынжырчасын кулону менен жулуп кеткен. Учурда тергөө иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу жана Чолпондун коопсуздугу үчүн биз Чолпон туурасындагы калган материалдарды токтото турууну эп көрдүк. Бул нерсе балким тоноо болушу мүмкүн. Бирок, атайын даярданып күтүп тургандай капысынан кол салган жигиттин Чолпондун телефонун жулуп, өмүрүнө коркунуч келтиргени эмнеден кабар берет? Эгерде издөөлөрдүн жыйынтыгы болуп, ал жигит табылып калса, жана тергөөнүн жыйынтыгы билинсе сиздер Чыңгыз Айтматовдун тирүү кезиндеги сүртүмдөрү менен кайрадан Чолпон аркылуу кабардар болосуздар.

- Чолпон, тагдыр буюруп, замандын залкар жазуучусу Чыңгыз аганын кичүү уулуна келинчек болуу сизге буюруптур. Алгач Элдар, сизге үйлөнүү тууралуу сунуш киргизгенде кандай кабыл алдыңыз эле?
- Албетте, мага бир чети сыймыктуу, жагымдуу болду. Себеби, Элдардын адамкерчилилиги, жароокерлиги менин жүрөгүмдү тез эле багынтып алган болчу.
- Элдар менен кайдан, кантип таанышып калдыңыз эле?
- Элдардын энеси Мария Урматовнанын апасы каза болуп, куран окутуп үйүнө барганбыз. Ал бир киного актриса керек болуп жатат деп cүрөтүмдү алып калган.
- Мария Урматовна менен мурунтан тааныш белеңиздер?
- Ал эже менин таэнемдин жакын синдилери болот экен. Мария эже менен таанышканымда эмнегедир менин кайда иштээримди сурамжылап,сөрөтүмдү алып калган. Мен ал кезде НБТда жана моделдик агентстводо иштечүмүн. Биз үйдөн чыгып бара жатканда Элдар кирип келди. Учурашып, ошол эле учурда коштошуп кете бердик. Бир жылдан кийин белгисиз бирөө телефон чалып, мени издеп жатканын айтып, бир телефон номерге тезинен чалып коюмду суранды. Берилген номерге чалсам, бир кафеде күтүп жатканын, ал жакка тез келишимди, шашылыш иш бар экенин айтып өтүндү. Айтылган дарекке барсам иш боюнча эмес эле Элдар досу менен экен. Ошондон кийин Элдар экөөбүз жакындан таанышып, жылдызыбыз келишип, мамиле түзүп кеттик. Көп өтпөй эжеси Ширин жана атасы менен тааныштырды 3-4 айдан кийин Элдар тезинен Европага кетүүгө туура келди. Ал жактан күндө тез-тез телефон чалып, сүйлөшүп жүрдүк. Күндөрдүн биринде Элдар билет алып коюп, мени Европага келишимди өтүндү.
"Үйдөгүлөр сага үйлөнүшүмө каршы болуп жатышат.Чолпонго үйлөнсөң ,бизден жардам күтпө"- дешти. "Сен ошого макул болсоң кел,турмушту өз күчүбүз менен баштайбыз" - деди.
- Сиз ошол шартка макул болдуңузбу?
- Ооба,макул болдум,себеби мен анын ата-энеси, атак-даңкы же байлыгы үчүн эмес,Элдардын өзүн сүйгөн үчүн макул болгом.
- Чыңгыз ага менен таанышканда сизге алгач кандай мамиле кылды эле?
- Алгач Элдар атасы менен дом кинодон тааныштырганда эле ал кишинин жөнөкөйлүгү,мээримдүүлүгү,сылыктыгы мени аябай таң калтырган.Дүйнөнү дүнгүрөткөн бийик инсандын мага жасаган мээримдүү мамилеси төбөмдү көккө жеткирген. Ал эми Брюсселден кайнатам экөөбүз жолуккан күн ушул күнгө чейин көз алдымда. Элдар Брюсселге менден биринчи кетип, көп өтпөй мени чакырды дебедимби. Ага чейин Элдар күндө мага телефон чалып сүйлөшүп жүрдүк. Ошентип, мени Элдар Брюсселге чакырып, аэропорттон тосуп алды. Ошол эле күнү Элдар үйүндөгү сүрөт тарткан өнөрканасына алып барып, шампан ачып, салтанаттуу түрдө үнүн бийик чыгарып, "Мен Элдар Чыңгызович Айтматов, - деп өзүн дагы бир ирет тааныштырып, - мага турмушка чыгасыңбы? Мен сени 27 жыл күтүп, акыры өз бактымды таптым. Ал бактым сенсиң. Мен ушул күндүн келээрин чыдамсыздык менен күткөм. Бүгүн менин өмүрүмдөгү эң бактылуу күн. Ушул бактыбыз түбөлүктүү болуп, эч ким биздин бактыбызды бузбаса экен деп тилейм" деп официалдуу түрдө колумду сураган. Элдардын ошондогу олуттуу, суроолуу көз карашы менен колумду сураганы күлкүмдү келтирип, сага турмушка чыккым келбесе, анда эмне үчүн келдим? - деген болчумун. Көп өтпөй Брюсселге Элдардын атасы келди. Буга чейин Элдар, экөөбүздүн үйлөнүшүбүзгө үйдөгүлөр каршы деп айтканынан, эми атасы экөөбүздү урушат го деп кооптонуп, сарсанаа болуп турдум. Бир чети урушса эмне экен, эң башкысы Элдар экөөбүз бири-бирибизди жакшы көрсөк болду да деп өзүмдү сооротуп,баарына даяр турдум. Кайнатам үйгө кирип келип эле Элдар менен учурашып туруп калышты. Анан Элдар "Ата, мен Чолпонду аябай жакшы көрөм. Мындан ары Чолпон биз менен жашайт, Чолпон келген" - деди да, дароо эле мени чакырды.
Оо, жакшы болгон турбайбы! Кандай, кызым, жакшы келдиңби,кыйналган жоксуңбу? Европага биринчи келишиңби? - деп көңүлү көтөрүнкү бапырандап ар кандай суроолорду берип жатты. Мага ушунчалык мээримдуу мамиле кылат деп күтпөгөн жаным,окуянын жакшы нукка түшүшү мени күтүлбөгөн кубанычка салып, кайнатамдын кеменгерлигине дагы бир ирээт баа бердим.
- Сиздин ата-энеңиз залкар жазуучунун баласына турмушка чыгам дегениңизге каршы болушкан жокпу?
- Биздин үй-бүлөдө андай нерсе жок. Ата-энем бизди эркин өстүргөн. Тигил адамга же бул адамга турмушка чык деп бизди чектебейт. Адам бул дүйнөдө өз бактысын таап, сүйгөнү менен турмуш куруу керек деп түшүнүшөт. Чынында менин ата-энем "Сен Айтматовдун өзүнө эмес,алардын атак даңк,байлыгына эмес, анын баласына турмушка чыгасың. Элдар өзү жакшы болсо, экөөңөрдүн жылдызыңар келишсе биз каршы эмеспиз" - деп анчалык деле маани беришкен эмес. Байлык колдун кири, бүгүн бар да эртең жок.Бирөөнүн акылы бирөөгө акыл болбойт. Элдар өзү жакшы болсо, сага жакса болду деп таэжемдер да көп айтышчу. Негизи менин туугандарым адамкерчиликти, жандүйнө байлыгын, жандүйнө тазалыгын биринчи орунга койгон адамдар.




Гулбайра Осмоналиева:
- Менин оюмча, акыры Чолпон менен Элдар табышып алса керек. Менин апам Чыңгыз аганын биринчи жубайы Керез апанын кошунасы болгон. Керез мединститутта окуп жүргөндө Чыңгыз ага жолугушууга барчу экен. Кыздар шыңкылдап күлүп, "борбойгон балага жолугасың" дешсе, кийин "баары борбойгондон чыгат" деп, Чыңгыз агадан кеменгер адам чыгаарын сезген акылдуу жан болгон экен. Чындап келгенде Керез апанын акылдуулугунан экинчи аялын алган дешет. Мария эженин боюнда болуп мүңкүрөп, эми эмне кылам деп турганда "Тур, партияга жеткирбей үйлөн. Усубалиевге мага тил билген аял керек де" деп айтып уруксат берген дешет. Керез апа каза болгондо колунан сылап, өөп узаткан экен. Керек болсо Чыңгыз ага Керез апанын атын чыгарып, "Керезден эки балам бар. Керез менен апам Нагима эне менен кыздай таттуу мамиледе болушкан" деп жылуу эскерген макалалары бар. Негедир азыркы жубайы тууралуу бир дагы макаласында жазган эмес. Керездин агалары каза болгондо кадимкидей өкүрүп барчу дешет.
Мага Чыңгыз ага ушундай деңгээлдеги адам болсо дагы балдарын бийликке умтултпай тарбиялаганы жагат.

Назира, Бишкектен:
- Мен Чолпондун маегин окугандан кийин көпкө ойлондум. Залкар адамдын келини бактысыз болуп калганы кейитти. Чындап келгенде Чыңгыз агага келин болуу кимге буюруптур. Чолпондун биринчи маектерин окуганымда "кандай бактылуу, замандын залкар жазуучусуна келин болду" деп суктангам. Маегин сиздердин гезиттин улам бир санын күтүп, кууп окудум. Ажырашканын билип, ичим ачышып калды. Эки жашты жайына коюшса болмок экен деп өкүнүп олтурам. Бирок, баары бир Чолпон Элдардан ажыраса дагы бактылуу. Ал анткени, 10 ай болсо дагы дүйнөнү дүңгүрөткөн адамдын келини болду. Тарыхта калчу кыз деп ойлойм.

Алимжан Осмонкулов, ардагер:
- Чыңгыз ага каза болгондо эмнегедир үй-бүлөсү тууралуу билгим келип, кызыгуум арткан. Кудай жалгап, көктөн издегеним жерден табылып, кичүү уулу Элдардын жубайы Чолпондун маеги "Асман пресс" гезитине чыгып калды. Улам кийинки санын чыдамсыздык менен күтүп, Чыңгыз аганын өмүрүнүн акыркы мүнөттөрүн билем го деген үмүттө окуп жаттым. Тилекке каршы, уулу Элдар менен жаркылдаган келини Чолпон да кимдир-бирөөлөрдүн кийлигишүүсү менен ажырашып кеткенин окуп таң галдым. Баарыбыз ата-энебиз. Балабыз бактылуу болсун дешибиз керек эле. Баланын бактысын акча менен эсептегенге болбосо керек.
Мен дагы бир нерсеге таң калдым. Кыргызда жөнөкөй ата өлсө да балдары бир жыл аза күтөт. Генийден гений туулбайт окшойт. Чыңгыз аганын уулу атасы каза болгондон кийин эле кайра үйлөндү деп угуп абдан капа болдум. Европада жүрүп эле, балдарын европалыктарча тарбиялап койгон экен, кайран Чыкем деп каңырыгым түтөдү.

Мирбек Садыркулов, студент, Таластан:
- Чыңгыз ага касиеттүү, кеменгер, кыргыздын бактысына жаралган уул. Кыргызга Кудай Чыңгыздай уул бергенине кубанып жашашыбыз керек. Чыңгыз болбосо, бизди башка мамлекеттер таанымак эмес. Бактыбызга Чыңгыз жаралып, кыргыз мамлекети таанылып олтурат. Өкүнүчтүүсү хандын да бир татым тузу кем болуптур дегендей болуп, бири-бирин сүйгөн жаштар, өмүр бою сүйүүнү даңазалаган жазуучунун уул-келини сүйүшүп турса дагы ажырашканын окуп, жүрөгүм ооруду. Бири-бирин чексиз сүйгөн эки жаштын арзыбаган нерсе үчүн эки бөлөк жашап калганына кейип турам.

Акылай, мугалим:
- Чыңгыз Айтматовдун келини Чолпондун жансырын окугандан кийин аябай бушайман болдум. Баарынан да гүлчөтай жеп чоңойгон адам карыганда гүлчөтайды эңсеп, бирок, жей албаганы кыжаалат кылды. Биз Европанын шумдук түркүн-түстүү тамактарын жесек дагы, баары бир кыргыздын улуттук беш бармагына жетпесе керек. Мага Чолпондун Айтматовго күлчөтай жасап бере албай калдым деп өзүн күнөөлүү сезип жатканы аянычтуу болду. Аттиң, Айтматовдун беш бармакты сагынып, бирок, жей албай кеткени өкүнүчтүү.

Ч. Кутманалиева













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan