Коомдук-саясый гезит
№23, 04.09.08-ж.





  ДЕПУТАТТЫН АПАСЫ

Зина Мамасалиева, Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Мамасалиевдин апасы:
"КЕЛИНИМЕ КААРДУУ КАЙНэНЕ БОЛГУМ КЕЛБЕЙТ
- Зина эже эмне иш менен алектенесиз?
- Кыздарга бийчилик өнөрдү үйрөтүп жатам. Өзүм бийчимин. "Акмаралда" бийлеп жүрдүм. Пенсияга чыккандан кийин бийчилик өнөрүмдү таштай албай "Балажан" борборуна келип, кыздарга дүйнө элдеринин бийлерин үйрөтүүдөмүн. "Балажан" борборунда эки тобум бар. Бири 7 жаштагы кенже кыздар, бири 16 жаштагы кыздар. Жылына эки жолу эларалык фестивалдарга катышып, чет мамлекеттерге барып келебиз. Маселен, быйыл Ашхабадга жана Стамбулга барып келдик. Стамбулдан келер замат Алишердин үйлөнүү тоюн өткөрдүк.
- Канча балаңыз бар?
- Жыйырма жыл бий деп жүрө берип, бир уул, бир кыздуу гана болдук. Уулум Алишер 34 жашта. Кызым Наргизанын азыр эки баласы бар. Кудай буюрса, небере жыттап калдым. Алишерди да жакында балалуу болот деп чыдамсыздык менен күтүп жатабыз.
- Тоюна кимдер келди?
- Атасынын менин туугандарым, ошондой эле Алишердин достору, чогуу иштеген коллегалары келди. Кудайга шүгүр, тойду ойдогудай өткөрдүк.
- Алишер, кичине кезинде кандай бала эле?
- Ал кичинесинен эле тың болчу. Айткан сөзүн аткарчу. Сөзгө туруктуу болуп, алдына койгон ой-максатына жеткенче көшөөрүп, мээнеттенчү.
- Уулуңуз кайсы мектепте окуган?
- Бишкектеги №65 мектеп- гимназиясын бүткөн. Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин, кийин юрфакты бүтүрдү. Кыскасы, эки билими бар.
- Баланын мүнөзүнүн 70%ы энени тартат деп коюшат. Алишердин сизге эмнеси окшош?
- Алишердин мага окшош экенин өзүм байкачу эмесмин. Азыр бизди тааныгандардын көбү сизге окшош деп айтып калышат. Мүнөзүндө да мага окшоштуктары бар. Мендей болуп, өтө эле чынчыл. Калп айтканды билбейт. Түз жүрөт. Өзүм кандай тарбия көрсөм, уулумду да ошондой кылып тарбиялагам. Чынын айтсам өтө кичипейил. Атасындай жөнөкөй.
- Алишер, колуктуну өзү тандап алдыбы же…
- Уулум өзү сүйүп, арзыган кызын алды. Мен Алишерге мунун кызын ал, тигинин кызын ал деп үйлөнгөнүнө кийлигишкен жокмун. Анткени, ал кичинесинен эле акылдуу жигит. Баарына акыл калчап , иш кылат. Мектептен да жакшы окуп, ардайым классташтарына үлгү болуп жүрчү. Ошондуктан баарына акылы жетет. Терең ойлонуп, өзүнө ылайыктуу жубай табат деп ойлогом. Буюрса, келиним жакшы. Алишер "Апа, ушул кызга үйлөнөм" деп тааныштырды. Атасы экөөбүз балабыздын үйлөнөм дегенине кубанып, жетине албай март айында кыргыздын салт-санаасын жасап, сөйкө салып дегендей үйгө алып келдик. Үйлөнүү тоюн кийин 15-июлда "Дасмия" ресторанында өткөрдүк. Эл катары кийит кийгизип, кыргыздын салт-санаасынын баарын жасадык. Кудайга шүгүр, келиним башынан жоолук түшүрбөгөн ыймандуу кыз.
- Келиниңиз Асель экөө кайдан таанышып калышкан?
- Анысын билбейт экенмин. Кайдан тааныштың деп деле сурабаптырмын.
- Кайсы жердин кызы?
- Келинимдин түбү Ат-Башылык. Бирок, кичинесинен ата-энеси шаарда турушат экен. Бир туугандарынын эң улуусу.
- Куда-кудагыйларыңыз купулуңузга толдубу?
- Албетте, толду. Куда-кудагыйлар да абдан жакшы, түшүнүктүү биздей эле карапайым адамдар экен. Алишерди өз баласындай көрүп, биздин улуу уулубуз деп турушат. Мен дагы Аселге келиндей эмес, кызымдай мамиле кылам. Аселге мен түгүл кайнатасы да кызым деп кайрылат. Эртең менен көрүшкөндө да. Кечинде коштошкондо да жүзүбүздөн сүйүшүп коштошобуз.
- Келиниңиз кайсы кесиптин ээси?
- Улуттук университеттин экономфагын бүтүргөн. Декретке чыкканга чейин бухгалтер болуп иштеди. Азыр үйдө. Келин болуп, кызмат кылып жатат. Башка турушса дагы эртең менен биздикине келип, тамак жасап, үй жумуштары менен алектенет. Кечинде эми үйүңөргө барып эс алгыла дегенде гана кетишет.
- Алишер бир эле уул болсо, эмне үчүн чогуу жашабайсыздар?
- Биз мурда көп кабаттуу үйлөрдө турчубуз. Жолдошумдун ден соолугуна байланыштуу Алишер жер там сатып алып, баарын оңдоп-түзөп, атам кичине чарбак менен алаксысын деп бизди жер үйгө көчүрүп койду. Эки тамыбыз болгондуктан биринде Алишер жубайы менен турат.
- Куда-кудагыйлар менен катышып жатасыздарбы?
- Албетте, майрамдарда, туулган күндөрдө барышып, келишип турабыз. Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык дегендей болуп, алыстагы ата-энебизди канчалык жакшы көрүп турсак да бул жактагы кудаларыбыз таттуу болуп жатат. Ылайым, ушул мамилебиз бузулбасын, көз тийбесин деп олтурам.
- Жалгыз кызыңыз турмушка чыкканда Алишердин ичи ачыштыбы?
- Уулумдун ичи ачышса керек. Бирок, бизге билдирген жок. Атасы кызым жаш деп кыйылса, Алишер тескерисинче, "Барсын үй-бүлө курсун, жардам берели" деди. Азыр кызыбыз эки балалуу. Жээндерибиз чоңоюп калды. Алишер жээндерин абдан жакшы көрөт. Бир жумада эки жолу белек-бечкектерин алып барып, ойнотуп, эркелетип турат. Кызым экөө абдан ынак, сырдаш. Алишер карындашын эки айынан баштап өзү бакты. Жаштыкка салып, уулума таштап жумушума кете берчүмүн. Ал кезде Алишер 6 жарым жашта болчу. Кызымды ырдап уктатчу.
- Уулуңуз саясатка кантип арлашып калды?
- Алишер чоң атасынын кайсы бир жактарын тартса керек. Себеби, кайнатам аскер адамы болчу. Менин атам дагы коммунист эле. Тамак ичип олтурганда дагы колубузда гезит болуп, бири-бирибиз менен ой-бөлүшчүбүз. Атамдын тарбиясынанбы айтор, азыр Алишер баш болуп, баарыбыз гезит окуп, тамак ичебиз.
- Кайсы гезиттерди көбүрөөк окуйсуздар?
- Колубузга тийген гезитти кое бербейбиз. Орусча болсо, орусча, кыргызча болсо кыргызча окуй беребиз.
- Үйдөн кайсы тилде көбүрөөк сүйлөшөсүздөр?
- Келиним менен кыргызча, Алишер менен орусча кыргызча сүйлөшө берем. Алишер эки тилди бирдей билет. Кайсы тилде сүйлөсөң ошол тилде жооп берет. Негедир кызым экөө дайыма орусча сүйлөшөт. Бизге сюрприз даярдайбыз дешип калганда англис тилинде сүйлөшүп калышат.
- Алишердин кичине кездеги жоруктарын эстей аласызбы?
- Балам кичинесинен мени менен чогуу жүрүп, жакшы концерттерге, белгилүү адамдар менен жолугушууларга барып, айлана-чөйрөгө карата калыптанды десем болот. Балабакчага биринчи жолу барганда эжейи "Жаман деген эмне, жакшы деген эмне" деп сураптыр. Алишер болсо, "Бирөө ыйлап, капа болсо жаман. Бир нерсеге кубанса жакшы" деп ошондо эле жаман менен жакшыны ажыратыптыр.Эжеси көпкө чейин айтып жүрдү. Мектептен дагы окууну аяктап жатканда эже-агайларына ыраазычылык билдирели деп ордунан туруп, сүйлөп, мугалимдерин да ыраазы кылганы эсимде.
- 24-мартта Алишер "Кел-келди" жетектеп турганда ойго келбеген окуя болуп кетпедиби. Ошондо эне катары балаңыздын саясатка аралашканына каршы болгон жоксузбу?
- Мага достору телефон чалып, "Балаңды тый. Тигил жакта жүрөт" дешти. Мен болсо аларга азыр жер күйүп жатат. Алишер Ата Мекенине кайдыгер карабайт. Баштаган ишинин аягына чыгат деп жооп бердим. Албетте, эне катары элдин тынчтыгын, алардын ичинде баламдын амандыгын тилеп бушайман болуп олтурдум.
- Алишердин депутат болгонун кандай кабыл алдыңыз?
- Албетте, кубандым. Бирок, төш белгисин тагынып, мандатын алып келгенде атасы абдан толкунданды. Мен болсо бетинен сүйүп, элиң үчүн кызмат кыл деп жакшы тилегимди айттым.
- "Кел-келди" түзгөнгө чейин Алишер саясатка аралашканын байкадыңыз беле?
- Биз компьютер сатып бергенбиз. Кечке эле бирдеме жазып, бошочу эмес. Бир күнү "Чынгыз Айтматов бир сынак уюштуруптур. Мен сынактан өтүп кеттим. Эми Көлгө барам"- деди. Баламдын тынымсыз эмгектенгенин көрүп, ичимден кубанып, аны кубаттап жаттым. Алишер эмнегедир кара сөз менен жакшы жазат. Кара сөздүн чебери десем да болот.
- Алишер депутат болгондон кийин мурдагыдай чай үстүндө сүйлөшөсүңөрбү?
- Өзү түйшөлүп бирдеме айтпаса, анын тынчын деле ала бербейм. Баламдын жаман жакка барбасын билем. Ошондуктан эмне дедиң, эмне иш кылдың деп анчалык деле сурай бербейм.
- Депутат болгонго чейин кайсы жерлерде эмгектенген?
- "Алмаз" радиосунда, Заманада "Новигатор" деген телекөрсөтүүнү алып барчу. Чай үстүндө саясатчылардын пикирлерин талкуулап, талашып, тартышчубуз. Көрсө, Алишер ошондо эле ичинен бышып, саясатка даяр болуп жүргөн экен. "Кел-келди" жетектегенинде деле тигиндей-мындай болду деп айта албайм. Элдин турмушун көрүп, элге жүрөгү ооруп, жаштардын кыйналганын көрүп, чыдабаса керек.
- Канча айлык аласыз?
- Аны айтпай эле коеюунчу.
- Аз айлыкка Алишер иштебей эле кой деп айтпайбы?
- Ал менин бийсиз жашай албасымды түшүнөт.
- Келиниңиз экөөңөрдүн ортоңордо пикир келишпеген учурлар болуп калбайбы?
- Мен жакшы кайнененин тарбиясын көргөн келинмин. Кудайдан да кандай келин болсом ошондой келин туш болсун деп тилечүмүн. Келиним өзүмдөй эле. Арман кылбайм.
- Сиз кайсыл жердин кызысыз?
- Карасуунун кызымын, Кызыл-Кыяга турмушка чыккам.
- Алишер тамактын кайсы түрүн жакшы жасайт?
- Атасынын туулган күнүндө ар дайым шишкебек, аш басат. Атасын кубанткысы келет окшойт.
- Кайсы тамакты жакшы көрөт?
- Анчалык деле тамак тандабайт. Бирок, лагманды жакшы көрөт. Келиним да лагманды жакшы жасайт экен.

Ч. Кутманалиева















Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan