Коомдук-саясый гезит
№22, 28.08.08-ж.





  Сакалчан саясатчы

Өмүрбек Текебаев, "Ата Мекен" партиясынын төрагасы:
"Оппозицияда деле кыргызчылык бар"
- Өмүрбек мырза, карапайым калк "оппозиция күзүндө чоң жүрүштөрдү жасайт экен" деген күбүр-шыбырларды айтып жатышат. Оппозициянын күзгү жүрүшү кандай болот?
- Акыр заман улам эле артка жылдырылып келе жатпайбы. 1970-жылы болот деди. Анан 2000-жылы дешти. Анын сыңарындай акыркы кезде өзүн политологмун деген адамдар болобу же карапайым калкпы заман алмашаарын айтып, мөөнөтүн өздөрү чечип, жазда болот, күздө болот деп келатышат. Бирок, бийлик, заман, идеология түп тамырынан бери алмашкан окуя чанда болот. 2005-жылы башталган заман өзгөрүү бүгүнкү күнгө чейин бүтө элек. Мен муну өткөөл мезгил деп эсептейт элем. Бирок, бул мезгил канчага созулат? Же ушул өлкөнүн өнүгүшүндөгү жаңы этаптын, жаңы замандын башаты болуп калабы? Бул да белгисиз. Эмне үчүн адамдар өзгөрүүнү эңсеп жатышат. Бир нерсе болот деген сөз өзгөрсө экен деген үмүт, ниет да. Анткени, 2005-жылда келген жаңы бийлик элдер нааразы болуп келген эч нерсени өзгөрткөн жок. Эски саясат улантылып, тескерисинче, күчөтүлгөн формасында элдин алдында бети ачылып, эмне кылып аласың деген зордук-зомбулук менен жүргүзүлүп жатат. Албетте, адамдар мындай саясатты каалабайт. Анын өзгөрүшүн каалайт. Кыргызстандыктар мындан да кыйын убактарда жашаган. Кеп экономикалык кыйынчылыкта деле эмес, электр энергиясы күнүнө сегиз сааттан өчүп жатат. Электр энергиясы жок убакта деле жашаган. 90-жылдары деле айыл жеринде электр жарыгы тынбай үзгүлтүккө учурап келген. Кеп үмүттүн жоктугунда. Адам үмүт менен жашайт. Үмүт адамзаттын кыймылдаткыч күчү. Үмүт болуш үчүн ишеним болуш керек. Тилекке каршы, бүгүнкү бийликке ишеним жок. Анткени, алардын программасы, келечекке умтулган ой-ниеттери жок. Сөз жүзүндө айтылган убадалары ишенимдүү эмес. Балким, ушундан болсо керек, биздин калк жазында, күзүндө, кышында кайра жазында "бирди көрүшөт го" деп күтүп эле олтурушат. Бирок, андай өзгөрүү белгилүү тарыхый убактарда гана болот. Күч колдонулбаган өзгөрүш өзүнөн-өзү болгон өзгөрүш. Система өзү чирип, өзүнүн урандылардын алдында өзүлөрү калып дегендей... Муну дүйнөдөгү белгилүү теорик, революционер, практик В. И.Ленин мындай айткан "Жогору жактагылар башкара албай, төмөн жактагылар каалабай калган учурда болот" деп. Мына ушул эки шарт бир убакта келгенде гана өзгөрүү болушу мүмкүн. Саясий аналитиктер "Экономикалык, ошонун ичинде энергетикалык кризис күчөйт, кыш катаал болот. Мына ушул убакта адамдардын нааразычылыгы чыгышы мүмкүн. Анын кесепетинен саясий кырдаал кескин өзгөрүп, саясий режимдин өзгөрүшү күтүлөт" деген ой-пикирлерди айтып олтурат. Муну ушундай болот деп айтуу кыйын. Анткени, эгерде бүгүнкү Өкмөт, бүгүнкү бийлик кризистин себептерин элге ынандырып көргөзүп, андан чыгып кетүүнүн жолдорун даана көргөзө алса, элдин ишенимин калыбына келтире алса, эл бул кыйынчылыкка, менин оюмча, чыдайт. Мен ушул энергетикалык, азык-түлүк кризисине тете андан да ашып кеткен негизги кризис - ишеним кризиси деп айтат элем. Бийликке болгон ишеним, бийлик башында турган адамдарга болгон ишеним бүгүн чоң кризиске учурады. Элдер чыдабай өзгөрүүнү каалап, чечкиндүү аракеттерди күттүрткөн ушул ишенимдин жоктугу. Өкмөттө албетте, мүмкүнчүлүк бар. Бирок, ал күндөн-күнгө азайып кетип олтурат. Мен жакында гезитке берген интервьюда доктурлар акыбалы оор адамды мындан ары кандай дарылайбыз дегенде консилиум чакырып, врачтар менен кеңешип, айыгабы же айыкпайбы деп чечим чыгарып, анан айыктыруунун жолдорун издейт. Бүгүнкү бийликтин кылган аракеттери, сүйлөгөн сөздөрү, акыл дарамети, уюштуруучулук жөндөмдүүлүгүн карап туруп, "Бул бийлик мал болбойт" деген диагноз койгуң келип кетет. Эми кандай болбосун бийликтин да иши илгерилеп, Кыргызстандын экономикасы өссүн. Бирок, булардын кылган ишине, койгон пландарына менин ичим чыкпайт.
- Бир учурдагы канатташыңыз Кубатбек Байболов "Азаттык" радиосуна берген интервьюсунда "Мен саясаттан бийлик бизнесимди кыскан үчүн эмес, оппозициянын биримдигинин жоктугунан кеттим" дегендей сөз айтты эле...
- Оппозицияда эч убакта аналиттүү биримдик болбойт. Кыска убакытта, кырдаал талап кылганда конкреттүү маселелерди чечүү үчүн биригип, бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарышы мүмкүн. Бул Кыргызстанда эле эмес, бүткүл дүйнөдө деле ошондой. Анткени, оппозиция ар түрдүү көз караштагы адамдардан, ар кандай идеологиядагы, багыттагы партиялардан турат. Ошондуктан оппозиция аналиттүү, бир болушу мүмкүн эмес. Оппозиция дагы кыргыздардан турат. Ал жерде деле кыргызчылыктын мыйзамдары өкүм сүрөт. Оппозициянын иши жүрүп, ити чөп жегенде кол кабыш кылам дегендер "ой, мен да бармын, бул жерде турам, көрүнүп коеюн" дегендер толгон-токой болуп, көбөйүп кетишет. Ишиң кыйшайып калганда баары салам да айтпай, телефонду албай, качкан учурлар да болот. Албетте, азыркы кезде бийлик репрессиясын күчөтүп, "Ата Мекен" партиясын шайлоо убагында колдогондорду жөнөкөй мугалим, кароолчу болсо дагы кысып, жумуштан кетирип жатканда чоң бизнес, чакан бизнес дебей баарына тоскоолдуктарды уюштуруп, аларды кысып, кээ бир партиялаштардын үстүнөн иш козгоп, алардын урук-туугандарына чейин куугунтукталып турган учурда эч ким ашыкча проблеманы алгысы келбейт. Биз аны түшүнүүдөбүз. Аларды айыптабайбыз. Ошондуктан, бүгүн биздин көп партиялаштарыбыз иштөө режимине өтүшкөн. Жергиликтүү кеңешке шайлоо болуп жатат. Бишкек шаардык кеңешине 20дай талапкер коюп жатабыз. Алар негизинен жөнөкөй адамдар. Жумушу жок, же жалданып жеке фирмада иштеген адамдар. Алардын бийлик алып кое тургандай эч нерсеси жок. Алар куугунтуктоодон коркпойт. Бир нече жолу милиция тарабынан кармалып, штраф салынып, 10-20 күндөп камераларда отуруп чыккан жаштарыбыз дагы көп. Мына ушуларды карап туруп, балким, Байболов убактылуу иштөө режимин өзгөрткөн болуш керек. Бирок, саясаттан биротоло кетиши мүмкүн эмес.
- Шаардык кеңешке шайлоо учурунда былтыркы Жогорку Кеңештеги кырдаал кайталанып, сиздерди сүрүп чыгарып коюлары мүмкүнбү?
- Административдик ресурс, финансылык ресурс сөзсүз колдонулат. Алардын басымы аныктоочу күчкө ээ. Бүгүнкү бийлик андай болбойт. Оппозиция көзү ачыктык кылып, эмитен эле кыйкырып жатышат. Анткени, өзүлөрүнүн ордуларын билет деп жатышпайбы. Муну биз түгүл карапайым-калк дагы билет. Алыскы тоодогу шайлоодо балким, эч ким кызыкпай, эч ким талашпай мыйзам сакталуу менен өтөөр. Бишкектеги шайлоодо сөзсүз акчанын күчү чечүүчү күчкө ээ болот. Мыйзамдуулук сакталбайт.
- Эмне үчүн сакал өстүрүп алдыңыз? Саясаттан кетип, динден чындык издейин дедиңизиби?
Ага баары көзүн жуумп, уткан адамды куттуктап, "мен ушуну билгем, азаматсың" деп куттуктап, ошону менен мамиле түзүп, акырын жылып кете берет.
Биздин эң негизги максат шайлоого катышып, мандат алуу гана эмес. Биринчи кезекте катышуу жолу менен шайлоону адилеттүү, мыйзам ченемдүү өтүшүн көзөмөлдөө. Атуулдарга биз сынганыбыз жок. Парламенттик шайлоолордон кийин каршылык көргөзгөнгө ар дайым даярбыз деп өзүбүздүн чечкиндүүлүгүбүздү, эркибизди көргөзгүбүз келет. Кээ бирөөлөр оппозициялар бийликке умтулган адамдар дешет. Биз, оппозиция, биринчи кезекте өзүбүздүн принциптерди коргогон, колдогон адамдарбыз. Бийликке умтулган адамдардын жүрүм-туруму, кылык- жоругу башкача болот. Кыргызстанда эки жүздүүлүк, кошоматчылык, паракорлук күч алган. Мына ошонун негизинде чоң-чоң кызматтарда олтургандар заман өзгөрсө дагы өзгөрбөй келет. Алар Брежневдин убагында да Горбачев, Усубалиев, Масалиев, Акаев, Бакиевдин убагында деле чөкпөстөн калкып жүрүшпөйбү. Накта жалгыз гана бийликке умтулгандардын натурасы башка.
- Парламенттик шайлоодо оппозиция бириге албаганынан улам көп добушка ээ болбой калды дешти эле. Шаардык Кеңештеги шайлоодо оппозицияда биригүү демилгеси болгон жокпу?
- Шайлоого катышабыз деген бир топ оппозициялык партиялардын өкүлдөрү жолугуп, кеңешип жатабыз. Бири-бирибизди колдоп, кол кабыш кылып, тоскоол болбой аракет кылалы деген пландарды түзүп жатабыз. Шайлоого ар бир партия өзүнчө катышат. Же партиялар биригиш керек же өзүнчө катышыш керек. Саясий партиялардын биригиши олуттуу болбой калат. Анткени, мен жогоруда айткандай ар бир партиянын тарыхы, тагдыры, келечеги, үмүтү бар. Ар дайым эле Шайлоо болгондо биригип, шайлоо бүткөндө бөлүнө берсе, партиялардын деле аброю кетпейби. Ошондуктан, шайлоодо үч-төрт партия өз-өзүнчө барып, бирок, чогуу иш алып баралы деп сүйлөшүп жатабыз.

(Уландысы бар)
Маектешкен Ч.Кутманалиева




  Эстутум

Билал бийликте эмес, бийикте болчу
Чыныбаев Билал Садыкбекович, 1963-жылы 14-октябрда Суусамыр өрөөнүндө төрөлгөн. Улуту кыргыз. Билими жогорку. 3баланын атасы. Акыркы жылдары Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болуу менен бирге Биринчи май райондук депутаттар тобун жетектеп келген.
Кыргыз улуту ушундай дагы бир уулунан ажырады. 2008-жылдын 24-мартында "Манас" аэропортуна жакын жайгашкан Сокулук районундагы Жаңы-Жер айлынын жанында болгон авиакатастрофадан каза тапкан 65 адамдын ичинде Билал Садыкбекович дагы болгон. Өзүнүн кыска өмүр жолунда Б.Чыныбаев көптөгөн эмгектерди жасап, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, жергиликтүү жетекчи жана саясатчы катары коомчулуктун эсинде калды. Ал ар дайым Бишкек шаарын Кыргызстандын жүрөгү катары эсептесе, өзү шайланган Биринчи Май районун борборубуздун мээси катары элестетчү. Анын арабыздан кеткени бир гана үй-бүлөсү үчүн эмес, бүтүндөй кыргыз журтчулугу үчүн дагы оор жоготуу болду.
Биз, "Асман пресс" гезитинин эмгек жамааты, Билал Садыкбековичтин үй-бүлөсүнө жана жакын ага-туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Авиакырсыктан каза болгон Бильгис Ибраимовдун апасы Замира Ибраимова:
"Балам башкалардын өмүрүн сактайм деп каза болуптур"
Ошондо энелик жүрөгүм бир нерсени сезгендей болгом. Уулумду эмнегедир жибергим келген эмес. Айтып алып калайын дейин десем, бир да бир жүйөлүү себеп таба албай койдум. Себеби, окуусун да мыкты окуп, өз алдынчалыкка жетишип калган эле, азыр ойлосом жаштыгына карабай оор жүктү аркалап алган тура балам. Кадимкидей колума кол бутума бут болуп, мени көп эле түйшүктөн арылтып калган эле. Бирок, эмнегедир жибергим келбей жатып узаткам. Узатып жатып жолуңа деп салып берген нанды "Апа, баштыкка батпай койду" деп кайра мага бергенде, болбой эле "Кудайдын берген ырыскын батпай калды дебе" деп кыйнап эле салып берип койсом, балким нандын улуктугу сактап калат беле деген ойлор жаныма тынчтык бербей, жакшынакай баламдан айрылып калганыма ишенгим келбей турат. Учаарына аз калып, каттоодон өтүп бүткөндө мага телефон чалып "Апа, каттоодон өттүк, азыр учабыз. Мен кайра келгенде убара болуп тоспой эле кой, кереги деле жок" деген болчу. Ошондо мен каршы болуп "Жок балам, мен сени тосуп алам" десем, балким тирүү тосуп алат белем!? Тоспой эле кой десе мен дагы макул деп койбодумбу. Эч нерседен капарсыз үйдө олтурсам балдарымдын достору келип самолет жарылганын укканда шаардагы ооруканалардын баарын кыдырып, түнү менен баламды издедик. Төртүнчү ооруканада он эки жарат алгандардын тизмесин бергенде баламдын тизмеде жок экенин көрүп, бакырып ыйладым. Медсестра "тирүү калгандардын баары келген, башка жок" деп айтып алып, кайра менин абалымды көрүп чочуп кетти" эже кээ бирөөлөр шок болуп. туш келди качышты дешет, балким ошолордун арасындадыр" десе баламды өлүмгө кыйгым келбей, акырына чейин үмүтүмдү үзбөй баламды тирүү көрөм деп күттүм… Баламдын бою эки метрге аз эле жетчү эмес. Узун бойлуу, келбеттүү, спорт менен машыгып, ден соолугу чың баламдан айрылып калганыма кантип ишенем? Сөөгүн жерге бергиче, "баламдын буттары узун,ал сөзсүз секирип кетип аман калат"деген ишеничим бар эле. Бильгистин самолетто аман калган достору келип, Бильгис башкаларга окшоп өзүнүн өмүрүн сактагандын ордуна башкалардын өмүрүн сактап самолет жарылгыча жардам берип өзү ичинде кала бериптир. Сөөгү таанылбай, мойнундагы сүйгөн кызы белекке берген чынжырча менен кулондон таанып, баламды ушунчалык адамкерчиликке тарбиялабасам балким тирүү калат беле деген ой мени жеп, өзүмдү коерго жер таппай турам. Эсимди жоготуп жатып тирүү калган досу менен да, сүйгөн кызы ким экенин да билбей, сүйлөшпөй калыптырмын.
"Асман-пресс" гезитинин эмгек жамааты Замира Ибраимовага терең кайгыруу менен көңүл айтат.













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan