Коомдук-саясый гезит
№20, 14.08.08-ж.





  Көң заманда көң саясат

Оппозициянын эркин басылмаларды коргоого финансы каражаты жетеби?
Кыргыз Фемидасы тактап айтканда шаардык сот да 18-июль күнү Жаныш Бакиевдин баласы Асылбек Салиевдин пайдасына чечип, айып төлөө чечимин "Де-факто", "Алиби" басылмаларына чыгарды. Учурда бул эки басылма жабылып калуу алдында турат. Саратан жай аптасында кичине өпкө каккан оппозициянын эрендери аталган эки басылманын сактап калуу ниетиндеби айтор, чөнтөк кагып ортодон акча топтоп, бийлиги, байлыгы бар Бакиевдердин үй бүлөсүнө сот чечкен сумманы төлөп берүүнү чечишиптир деген маалымат тараган эле. Бул жерде оппозиция өздөрүнө упай топтоо менен "Бакиевдерге акча эле керек болсо мына"дегендей саясатты билдиришмек. Ийри олтуруп түз кеңешип акча маселесине келгенде жыртык чөнтөк жылт чыгып дегендей баягы эле кызыл чекеге түшүшүптүр дейт. Өмүрбек Текебаев гана "Алибиге" көңүл акча алып келип, колдоосун билдирди. Ошентип оппозициянын айла амалы ишке ашкан жок окшойт. Ал эми Бакиевдер бийлик черенесинде коомчулуктун реакциясын эске алуу менен тынымда турат. Ал тынымдын өзү күч бизде деген түшүнүктү билдирээри бышык.
Чынында бул сот процесси өз нугунда саясатка айланып кеткен. Анткени, эки басылманын артында мен-мен деген оппозициянын эрендери тураарын коомчулук деле жакшы билет. Демек, басылманын артында тургандар өздөрү белгилегендей "мусапыр" эмес адамдар. Акыл көрөңгөсү, билим деңгээли жада калса тыйындан Бакиевдерден кем калышпай тургандар. Бийликке таянгандардын көксөөсүнө жигитчилик менен сот аткаруучуларды зордотпой эле ал акчаларды садага чапса алардын беделдери көтөрүлмөк.Мусапырлык менен рейтингин көтөрүү эмес мыйзамды сыйлаган атуул катары өз жүздөрү менен калуу керек. Жер тоголок эртең ал айлампада Бакиевдер да калат, ошондо азыркы тараптар да мыйзамдын аткарылышын талап кылышы мүмкүн. Кандай күндө да мыйзамдын бийлиги үстөмдүк кылышы керек…

Кымыздан ууланып 7 адам каза болуптур
Мындан эки жума мурун Көлдүн Актатырынан чаначтын ичиндеги кымыздан ууланып, 7 адам каза болуптур. Жолдо сатылган кымызды эртең менен өтүп бара жаткан жүргүнчү 2 аял ичип, бир топтон соң машинанын ичинен жан беришкен экен. Таксинин айдоочусу кымыз ичпептир. Ал милиция кызматындагыларга билдирип кымыз ичкен жерге келишет. Кымыз сатуучу "кымыз сонун эле" деп өзү ичип ошол жерден жан бериптир. Милиция кызматкерлери чаначтын ичин карашса, уулу жылан чыгыптыр. Мына ошол күнү так ушул жерден мындан тышкары 4 адам кымыз ичкени билинди. Маалыматтарга караганда алар да кымыздан ууланышып каза болушкан.
Бул окуя туристтик сезондун учурунда болуп калганынан маалымат коомчулукка билинген жок окшойт.

"Ата Мекенден" шаардык кеңешке талапкерлер өткөн жокпу?
Аталган партиянын билдиргенине караганда шайлоого катышууга белсенген 8 талапкердин бешин шаардык шайлоо комиссиясы өткөргөн жок. "Атамекенчилер" БШКга кайрылганы жатышат.

Мелисти "М"лар коргоп калдыбы же бул "постановабы"?
Ички иштер министринин орун басары Мелис Тургунбаевдин тегерегиндеги "кыз зордуктады" деген өңүттөгү окуя атайын уюшулган интрига болуп чыкты окшойт. Жабыркаган кыз дал ушундай ыкмаларга гана карата колдонулганын күч органындагылар жакшы билишет. Дал ошол кызды зам министрге карата колдонуу аракетин күч органындагы аткаруучулардын кылганы жогору жактын хлопушкасы. Бул окуяга чекит коюлду деген маалыматты билген соң Мелисти "М"аттуулар кыл сууругандай сууруп чыгышты дейт. Бири Мелис Эшимканов, экинчиси чоңубуздун уулу экен.

Алиевди ИИМдин полковниги заказ кылып өлтүргөнбү?
Анвар Алиевди өлтүргөн киллердин фотороботу түзүлдү. Күбөлөрдүн көрсөтмөсүндө 18-20 жаштагы азиат улутундагы, кара спорт костюм кийген жигит экен. Мындан тышкары эки күн мурун Алиев жашаган короого эки орто жаштагы адам келип, бирөөсү "ИИМдин полковнигимин" деп тааныштырып, Алиевдин кайсы квартирада жашаарын, кайсы убакта келээрин тактаган. Демек, Алиевди өлтүрүү үчүн күн мурун дыкат даярдалган көрүнөт.

Назарбаев эмнеге нааразы?
Казак президенти Нурсултан Назарбаев кечээ көгүлтүр көл жээгинде кыргыз президенти менен чай үстүндө жолугушту. Салыктан саясатка чейин масилет курушуптур. Айтор салыгыбыз боордошторго жакпаган өңдүү.













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan