Коомдук-саясый гезит
№19, 07.08.08-ж.





КР ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге
Бишкек шаарынын Боталиев көчөсүнүн №210 үйдүн тургуну А.Казакпаевадан
Арыз
Сизге арыз жазуумдун себеби, үстүбүздөгү жылдын 6-майында борбордогу №2 орто мектебининин 10-б классында окуган кызым, Төрөгелдиева Айжанды аталган мектепттин 11-б классынын окуучусу Акмарал менен 10-б-класстын окуучулары Асел, Гүлмира, Зухра, Берекелер сабак учурунда эшикке чакырып, мектептин артындагы бакчага алып барышып, уруп, тепкилеп, кийимдерин айрып, эс-учун жоготкуча аябай сабашкан. Эсин жоготуп жаткан жерден, колун артка кайрып, үстүнө бирөөсү олтуруп, болгон жерине туш тараптан тепкилеп киришкен. Зухра деген кыз ал мыкаачылык уруп-сабоону, соткасынын видеокамерасына тарттып турган. Акмарал "Интернетке жиберебиз, жакшылап тарт" - деп ансайын кыйкырып турган экен. Асел менен Гүлмира болсо "Давай, добивай до крови" дешип кыйкырып турушкан (Мунун баарын тегерек-четте жашаган аялдар көрүшкөн, угушкан. Алардын даректери аты-жөндөрү Рыскулов көчөсүнүн №24, 22 үйдүн жашоочулары М.Байгазиева, Т. Солтонкулова, Д.Мааткеримовдор. Берген көрсөтмөлөрү ишке тиркелген).
Өтүп бара жаткан аял, кыздардын уруп сабашканын көрүп , кызымды алардан зорго ажыратыптыр. Кызымдын баса албай, беттери шишип калтырап калган абалын көрүп, кызымдан баламдын соткасынын номерин алып, баламды чакырат. Балам Айжанды таксиге салып үйгө алып келет.Үйдөн абалы начар болгондон №4 ооруканага алып бардык. Дарыгерлер кызымды көрүп жатканда Ленин райондук ички иштер бөлүмүнөн тергөөчү Талант Төрөгелдиев келип, кызымдын абалын өзү көрүп, сүрөткө тартып,менин жазган арызымды алып кеткен эле. Кетип жатканда "бул ишти ич ара чечип алгыла, эч кандай деле жаза колдонулбайт. Эгер сүйлөшө албасаңар, силердин кызыңарга да иш козголот. Керек болсо, бул ишти алты айга чейин созом" деп коркутту. Эртеси мектепке барып, директор жана Акмаралдын ата-энеси менен сүйлөштүк. Мектепке кирип бара жатканыбызда, Акмарал эч бир жаракат албай эле так секирип жаткан жеринен, аймактык тескөөчү Садыр Байгазиев менен көргөнбүз. Байгазиев ал кыз менен сүйлөшкөн. Айжандын ооруканага жатканын арыз менен милицияга кайрылганыбызды чогулгандарга айтсам, Акмаралдын атасы "арыздашсаңар арыздашкыла" деген кыязын билдирди. 8-май күнү мектепке директордун чакыруусу менен экинчи ирет барсак, Акмаралдын атасы кызынын ооруканага жатканын айтты эле, мугалимдер "кечээ эле Акмарал так секирип жүрбөдү беле, мындай бет тырмачылыкка барбай, ата энесинен кечирим сурасын" дешти. "Арыз жазышпай эле чечишип алгыла, бүт чыгымдарыңыздарды төлөп беришет, кызыңар мектепти бүткүчө мен кепил болуп берем" деп мектептин директору өзүнүн кызматынын кызыкчылыгын ойлоду. Спорт менен машыккан 4 кыз арык илмийген кызымды ийлеп сабап, анын ден-соолугуна зыян алып келтиришсе, биз жабырлануучу тарап эмес эле, алар болуп жатпайбы. "Сен токмок жедиң" деп кандайча кызыма кылмыш иши козголот? Же, бизди мыйзам билбеген атуул дейби? Төргөөчү Төрөгелдиев, Акмаралдын окуусун бүтүп, аттестатын алгыча убакытты созуп, эч кандай тергөө амаларын жүргүзбөй, бурмалап анын Алматага качып кетишине шарт түзүп берген. Орган кызматкерлери кызматтык абалдарын өз кызыкчылыгына же жердешчилик саясатына карап чечип жаткан фактылар жөн калбашы керек деген негизде сизге кайрылып жатабыз. Баарыбызда бала бар. Алар биздин келечек. Алты саны аман балдарыбыз, кылмыш аркеттердин кесепеттеринен майып болуп калышабы? Бул иш акыйкаттуу каралып, тийиштүү адамдар өз жазаларын алышы керек. Сиздин кабылдамаңызга бир канча жолу арызыбызды киргизе албай убара болдук. Тергөөчү Төрөгелдиев тергөө иштерин бурмаласа, мындан оор адам өлтүрүү кылмышын да бурмалайбы?.. Төрөгелдиевдин аракеттерине чара көрүлөт деген ишенимдебиз.
10-июнь 2008-жыл




  Министр мырзага кат

Урматтуу Молдомуса Ташболотович!
Сизди терең урматтоо менен газетанын атынан кайрылып олтурабыз.
Өспүрүмдөрдүн иши боюнча түзүлгөн инспекция тарабынан жогорку класстар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлбөгөндүктөн, орто мектептерде кылмыштуулуктун саны өсүүдө. Өзгөчө, мектеп рэкети тамырлап, кооптуу жагдайларды жаратып жатканын өзүңүз жакшы билесиз. Эгер мындай фактыларды көз жаздымга калтырсак, арты жаман болот. Келечек муундардын тагдыры бүгүн биздин коомду терең ойго салып олтурат. Айжандын айланасындагы окуяларды жаап-жашырбай, мыйзамдуу баа бере албасак, эртең адам өмүрүн алган фактыга кириптер болушубуз мүмкүн. Аталган №2 орто мектепте мектеп рэкети болгон чегине жеткени боюнча орус басылмалары жазып чыгышты. Бул бир эле факты эмес. Күбөлөрдүн түшүнүк каттары, экспертизанын жыйынтыгы, тийиштүү далилдер турса да бул иштин али күнгө чейин сотко өткөрүлбөй жатышы, жабырлануучу тараптарды тынчсыздандырууда. Мына ушул максатта биздин газетага кайрылып олтурушат. Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү Т.Төрөгелдиевдин аракетине жана бул иштин жыйынтыгына көз салып, мыйзам чегинде жооп берет деген үмүттөбүз. Айжан Төрөгелдиеванын азыркы абалы бизди да ойго салууда. Турмуш жолуна бет ала элек кыздын укугун коргоо бул биздин милдет. Бул иш азыр башка тергөөчүгө өткөнүн билдик. Тергөөчү башка ГОМго көчүп жаткан экен ордунан таба алган жокпуз. Бул ишти көңүл борборуна аларыңызга ишенебиз.
"Асман пресс" газетасы

Р.S. №2 мектепке барып директорду таба алган жокпуз. Биз тергөөнүн иштерине кийлигише албайбыз, ага укугубуз жок. Бирок, бул ишти акыр аягына чейин иликтейбиз. Мына ушундай тагдырларга туш болгон атуулдарга биздин редакциянын эшиги ачык.




Төрөгелди Юсупов, Айжандын атасы:
"Бүгүн менин кызым, эртең канча тагдыр...
же кызымдын укугун кантип коргойм, айткылачы?"
- Төрөгелди мырза, жогоруда сиздин үй-бүлөнүн башкы министрге жазган арызы менен толук таанышып чыктык. Министрге жазган кайрылууңуздун негизи , кызыңыздын айланасында болгон окуяга мыйзам жүзүндө баа берилбей жатканы да. Же бул жерде башка негиздер барбы?
- Ушул окуядарды башымдан өткөрүп жатып аталык жүрөгүм музга айланды. Мөлтүрөгөн, алсыз кызымдын укугун ата катарында коргой албай жатканыңа ыза болот экенсиң. Ишенип берген мектеп кызымды коргой албаса, жабырлануучу тарап деп орган кызматкерлери коргой албаса, биз кайсы гумандуулук жөнүндө кеп салабыз. Кайда барба, мыйзам төө бастыга алынып,жердешчилик, тааныш деген нерселер, бир тагдырды чечип калганы таң бердирип олтурат. Мына, өзүңүздөр билесиздер, Панфилов районундагы окуя боюнча Президент, министр мырза теледен "Мектеп рэкетине чекит коюу керек, мындай маселелер көзөмөлдө болот" деп билдиришти го. Демек, министр өзүнүн кол алдында кызматкерлерге ачык-айкын, мектеп рэкетине каршы күрөшкүлө, алдын ала чара көргүлө деп жатса ички иштер бөлүмүндөгү кызматкерлер министрдин айтканын эмес, тескеринче, рэкетчиликтин өрчүшүнө шарт түзүп берип жатышпайбы? Азыр мектепте рэкет күч алып, көп учурларда окуучулар мектептен, окуудан баш тарткан фактылар өтө көп. Акчалай салык салуу да күч алган. Ал тургай соткаларын тарттырып, токмок жеп, балтыр эти ката электе зомбулук көрүп жатышат. Мектеп партасынан эле майып болуп, коомдон четтетилип калса, биз кайсы жаркын келечек жөнүндө кеп козгой алабыз, айткылачы?!
- Келиңиз, окуянын мындай нукка бурулуп кетишинин себептерине токтололу. Мектеп жеттекчилиги алгач аталган инцидент боюнча кандай чараларды көрдү?
- Кептин баары ушунда болуп жатпайбы… 6-май күнү кызымды №4 ооруканага алып барып, меджардам алган соң кызымды үйгө алып кеткенбиз. Бирок, ал түнү менен кусуп, башы ооруп чыкты. Эртеси кызымдын саламаттыгын ойлоп, Улуттук госпиталдын нейро-травма бөлүмүнө жаткыздык. Мектептин директору Чынара Маразыкованы ооруканага алып барып, бети-башы көгөргөн кызымдын абалын көргөзүп, анын тынчын эч ким албасын, баарын өз көзүңүз менен көрдүңүз дегем.10-май күнү биз жокто директор Маразыкова кызым жаткан палатага төрт аял менен келип, кызымды коркутуп, "Сен эмне үчүн ата-энеңдин тилине кирип, арыз жазып жатасың. Керек болсо, мен сени кийинки жылга окуудан калтырттырам. Сенин арызың "ломанного гроша не стоит" деп мээсине доо кеткен кызды ого бетер нерв кылып ыйлаткан. Палатада жаткандар анын баарын угуп көрүшкөн. Бул окуяны соткадан угаарыбыз менен Биринчи май ички иштер бөлүмүнө билдиргенбиз. Чакыруу тобу келгенде, директор ооруканадан чыгып кеткен экен. Келген орган кызматкерлери күбөлөрдөн түшүнүк кат алып биздин жазган арызыбызды алып кетишкен. КУП матералды алар кийин Ленин райбөлүмүнө жөнөтүшкөн. Мектептин директорунун мындай кадамдарынан кийин, Билим берүү министрлигине кайрылууга туура келди. Бишкек шаардык Билим берүү башкармалыгынын 12-майдагы №138-буйруктун негизинде беш кишиден турган комиссиянын курамы түзүлүп, иш жүргүзүшкөн экен. Анын жыйынтыгы боюнча №2 мектептин директоруна сөгүш берилиптир. Сөгүштүн мазмуну сабак учурунда окуучулардын тартип бузуусун алдын алуу боюнча жүргүзгөн иштери төмөн деген маанайда. 11-май күнү бизге ушундай жооп келди.
- Мен бир нерсеге түшүнбөй жатам, жогоруда тергөөчү Төрөгелдиев кандайча ооруканада пайда болду? Анткени, сиздер арыз менен кайрыла элексиздер да...
- Мен да ошол нерсеге таң бердим. №2 мектептеги окуядан кийинки жабыркаган кызбы деп күбөлүгүн көрсөтүп жатпайбы. Биздин арызды ошол жерден алып кетип жатпайбы.
- Маразыкованын сиздерге болгон мындай мамилеси эмнеден?
- Биздин арыз жазуубуз болду окшойт. Аталган №2 мектепте көп тартип бузуулардын болушу эмнени каңкуулайт, ал түшүнүктүү деңизчи. Акмаралдан окуучу кыздар эмес, Улуттук университеттин студент кыздары коркушат экен. Бул боюнча "Дело №" газетасы да жазып, дүң болгон экен. Акмарал деген кыз Казакстандан бул мектепке которулуптур. Мектепте мындайча айтканда "важняк" өңдүү. Спорт менен машыгат да экен. Элестетип көргүлө, спорт менен машыккан 4 кыз сабак учурунда жалгыз кызымды сыртка алып чыгып, көк ала койдой сабап, эс-учунан тандырышса. Эркек балдар да мындай тепкилешпейт го. Менин кызым сабалгандан кийин эле ошол мектептен 7-класстын окуучу кызына да рэкетчилдик зомбулук болуптур. Мына, ушул окуялардан соң ар бир эне-ата балдарынын тагдырларын ойлонушат болуш керек. Мен да кызымдын коопсуздугун ойлоп, аны башка мектепке котордум. Тартип маселесин жөнгө салууга кудурети жетпеген жетекчиге өз баламдын тагдырын ишенип бере албайм. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып шаар мэри Нариман Түлеевге да кайрылат элем. Шаардын мектептериндеги тартип бузууларга жол берген №2 мектептин башчысына чара көрүп койсо дейм.
- Кыздардын ортосундагы конфликт эмнеден улам келип чыккан?
- Кызым Айжандын айтуусунда өзү менен чогуу окуган Асел деген кыз менен айтышып кетет. Себеби, кызым бул мектепке башка мектептен которулуп келгенине жарым жыл болгон. Жаңы кыз дегендей өгөйлөп мамиле жасалчу экен. Асел деген кыз конфликт жаратып, түртүп өткөн экен. Экөө сөз менен урушуп кетишиптир. Акмаралды Асел разборкага чакырган экен. Кийин билсек, Акмарал Аселдин бөлөсү болуп чыкты. Сабактын ортосунда мугалим эжейге баш бербей, кызымды сыртка алып чыгып, ур-токмокко алышкан. Алсыз кызды кечирим суратышканы эмне деген шумдук. Ушундай зулум кыздарды тарбиялап жатабызбы? Алар эртең эне болчу кыздар да. Ата-энелер кай жакты карап жүрүшөт?
- Мына сиз төрт айдан бери акыйкат издеп келе жатыптырсыз. Биздин укук коргоо системасында мыйзамдуулукка жетүүдө эмне тосколдук болоорун билдиңиз?
- Акмаралдын атасы ачык эле "менин Башкы прокуратурада акелерим бар, арыз жазып эч нерсе кыла албайсың" деп айткан. Бул иш милиция тарабынан каралбай жатканынан Ленин райондук прокуратурасына, андан соң Башкы жана шаардык прокуратурага арыз менен кайрылгам, ал жактан деле жооп болгон. Тергөөчүнүн иш-аракетин Ленин райбөлүмдүн башчысына кирип айттым. Эч майнап чыккан жок. Ички иштер министирине арызымды көтөрүп бардым. Эки жолу жазган арызым каттоодон өтпөптүр. Атуулдарды кабыл алуу бөлүмүндөгү Зыйнат Шакирова кандайдыр себептерден улам арызды каттаган эмес. Кабыл алууга эки жолу жазылдым бирок, кирген жокмун. Акыры депутаттар аркылуу арызымды кабыл алдырдым. Азыр министр эс алуудан келиптир, 15-сентярга чейин жооп болот дешүүдө. Мен азыр эч кимге ишене албай калдым. Биз кылмыш жасаган адамдардын укугун коргосок, кайдагы системаны айтабыз. Акмаралдын ата-энесинин дарыга деп берген акчасын албайм. Кызымдын зомбулук көргөнүн акча менен өлчөбөйм. Акчага кор болгон адам эмесмин. Мыйзам жүзүндө жаза алыш керек деген принципте турган атуулмун. Менин кызымдын моралдык чыгымын сот аныктаса, ошол акчаны мен Аксуудагы жетимдер үйүнө которуп берем. Бүгүн менин кызымды майып кылышса, эртең канча кыздын тагдыры турат? Министр мына ушул нерселерди эске алышы керек.
- Азыркы күндө кызыңыздын абалы кандай?
- Көзүнүн үстүндөгү шишик кетпей калды. Угуу системасына доо кетиптир. Башын томографияга тарттырдык. Себеби, күнгө чыкса эле башы айланып калып жатат. Азыр колубузда бүт анализдер турат. Кызыбыздын ден-соолугу коркунучта. Жалгыз кызымдын мындай ахыбылга алып келген адамдар жазаларын алышы керек.

Бетти даярдаган Калыснур













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan