Коомдук-саясый гезит
№19, 07.08.08-ж.





  Болот Жанузаков, коомдук ишмер:

"Акаев Кыргызстанга келбесин деп телефон чалышты"
- Болот Чыныбаевич, бир топ адамдар биригип, жаңы кыймыл түзүпсүздөр. Максатыңыздар эмне болду? Айталы дегенибиз, мурдагы түзүлгөн бир нече кыймылдар сыяктуу бийликке оппозицияда болосуздарбы же башка дагы иш-пландарыңыздар барбы?
- Бүгүнкүдөй азык-түлүк кризиси башталып, кымбатчылык болуп турганда өлкөнүн келечеги үчүн биригип, ушундай кыйынчылык кырдаалдан чыгуунун жолдорун издеп, иш жүргүзсөк кандай болот деген сунушту мурда бир катар мамлекеттик кызматтарда иштеп келишкен адамдар колдоп, натыйжада "Бирдиктүү Кыргызстан" деген кыймыл түзүлдү. Кыймылдын максаты - бүгүнкү оор, өтө опурталдуу этаптан тынчтык жолу, аман-эсендик, акылдуулук, абийирдүүлүк менен чыгып кетиш керек. Болбосо өлкөбүздүн, элибиздин келечеги жаман болуп калат го деген жүрөктү ооруткан маселе болуп калды. Кыймылды түзүүгө түздөн-түз 52 адамдын тиешеси бар.
Биз азыр эң биринчи экономика маселесин карап чыгалы деп турабыз. Ушул бийликке биз конкреттүү маселелер менен конкреттүү сунуштарыбызды берели, кандай кылып чечсек туура болот, кайсыл маселелерди алып чыксак туура болот, эгерде ошолорду туура кабыл алса биз өзүбүз кошулуп иштеп берели деген маселелерди көтөрүп жатабыз.
- Оппозиция тарап кандай кабыл алды? Биз мындай кыймылды кабыл албайбыз дегендей сөздөрдү Жекшенкуловдор айтышыптыр деген дагы маалыматтар тарады го…
- А. Жекшенкуловдун антип айтканын мен билбейм. Тескерисинче, биз туралуу жакшы пикирлерди айткан интервьюсун окудум. Кептин бардыгы эл үчүн деген күчтөрдүн бардыгынын башын бириктирип, бир багытта алып кетиште. Антпесек, азыр биз мамлекеттүүлүктү жоготуп алуунун алдында турабыз.
- Ошондой бир күчкө бириге алаарыңыздарга ишенесизби?
- Эгерде биз өзүбүздүн атуулдук милдетибизди, ар-намысыбызды күнүмдүк кызыкчылыктан, бийлик менен чөнтөк кызыкчылыгынан жогору койсок, анда бириге алабыз.
- Жогоруда эгер бийлик сунуштарыбызды кабыл албай койсо, элге кайрылабыз дедиңиз, эл колдоп бере алабы?
- Менимче, колдойт. Анткени, бардык кыйынчылыктан чыгуу элдин өзүнүн гана колунда. Болгону бийлик туура саясат жүргүзүшү керек. Мына биздин кыймылдын жыйынында Турдакун Усубалиевич өзү айтып берди. Бүгүнкү күндө бизде 1 миллион 100 миң гектар сугат жер бар. Ошол кишинин айтып олтургандарын угуп олтурсак, бүт документацияга дал келип олтурат. Кыргызстан көрсө соңку 91- жылга чейин четтен буудай алчу эмес экен. Баарын өзүбүз камсыз кылчу экенбиз.
- Сөзүңүзгө аралжы, азыр суу жетишсиз деген дагы бир маселе айтылып жатат го?
- Бул эми баягы эгинди өстүрө албай чегирткени күнөөлөйт деген болуп жатат да. Сууну талкалап жок кылганга биз өзүбүз күнөөлүүбүз. Эл өзү эле айтып олтурат, 2006-2007-жылдары кышкысын сууну агызып туруп, электр энергиясынын бардыгын сатып жиберген дешип. Болгону 1.1 центтен гана сатылган экен. А бүгүнкү күндө биз өзүбүз алып жаткан электр энергиясы 72 тыйындан, башкача айтканда 20 центтен. Мына айырмасын көргүлө. Ал акча кайда кеткен? Кумшекерди деле эч качан четтен албай өзүбүз өстүрчү экенбиз. 2001-жылдан баштап кумшекер жакшы кетти. Биз жылына 90-100 миң тоннанын тегерегиндеги кумшекерди өндүрүп алчубуз. Жылына 120-130 миң тоннанын тегерегиндеги гана кумшекер алсак, мурда болсо 160 миң тонна кумшекер алчубуз.
Ошондой эле 400 миң тонна жүгөрү данын алчу экенбиз. Ошол 400 миң тоннанын 200 миң тоннасын сатып, башка материалдарды алчу экенбиз. А картошканы Россиядан гана алчу экенбиз. Бул Турдакун Усубалиевичтин айткандары. Жүн, эт, сүт, шекер, буудай, жүгөрү, айтор дээрлик бардыгы менен өзүбүздү-өзүбүз гана камсыз кылчу экенбиз.
- А эмне үчүн азыр эл, коомчулук алсыз болуп жатат? Бардык кыйынчылыктардын бардыгын азыр эл өзүнүн жон териси менен сезип жатат да…
- Мунун дагы бир топ себеби бар. Бир убактарда биз жапайы базар деп айттык элек. Ошол жапаы базар биз жаңыдан базар экономикасына киргенде бар эле. Акырындык менен кийин бардыгы иретке келип, көзөмөлгө алынып калган. Бүгүнкү күндө болсо анын бири да жок. Ким кайсыл бааны койсо - өзү билет.
Дагы бир нерсени белгилеп койгум келет, Президент көң жаккыла деп жатпайбы. 21-кылымда көң жаккыла дегендин өзү жаман. Бүт дүйнө жүзүндө алдыга өсүп жатса, биз көң жага баштасак мындан 100 жыл артка кеткенибиз ошол. Менин билишимче, Кара-Кечеде изилденген көмүрдүн запасы 4 миллиард тонна. Азыр Кара-Кечеде ушунча көмүр жатат. Эң көп дегенде тоннасы 1000-1300 сомго чыккан көмүр азыр 3000-3500 сом. Цементтин тоннасы 1700 сом болсо азыр 4000ге чыкты. Ошондо "Акаев сволоч" деп чыгышкан. Мамлекетти башкаруунун, мамлекеттин өсүшүнүн өзүнүн жолу бар. Ошону карай турган мына өкмөт.
- Болот Чыныбаевич, темадан бир аз алыстасак, дүйнөгө кыргыз уулун таныткан бир уулубуз, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов каза болгондо Аскар Акаевич Кыргызстанга келип, маркумга топурак салуу үчүн абдан аракет кылгандыгы тууралуу айрым адамдардан угуп калган жайыбыз бар. Тилекке каршы, келе алган жок да? Сиз бул туурасында кабардарсызбы?
- Ооба, Чыңгыз Төрөкулович каза болду дегендин эртеси болсо керек эле, Аскар Акаевич мага телефон чалыптыр. Өзү Францияда экен, Парижде жүрүптүр. Чыңгыз ага тууралуу уккандыгын айтып, "журналисттер кайрылышыптыр, аларга айтчу сөзүмдү айттым. Азыр Кыргызстанга барып топурак салуу үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрдү карап жатам. Аскар Чыңгызович менен дагы сүйлөштүм" деди. Эртеси эле күнү эртең мененки саат сегизде мен тааныган эле балдардын бирөө мага телефон чалып, "Болот Чыныбевич, эртең менен саат алтыда мага администрациядан чалышты. Аскар Акаевич келем деп жатыптыр, азыр келгенге мүмкүнчүлүк жок" деди. Түштөн кийин саат төрттө үнү бөлөк дагы бир киши чалды. "Мага азыр айтышты. Аскар Акаевич келем деп жатыптыр. Сейчас не время. Бул тууралуу ойлонбосун" деп койду. Мындай сөздөргө караганда анын Кыргызстанга келүүсүнө жолтоо болуп коюшса керек. Албетте , келсе жакшы болмок, Чыңгыз Төрөкуловичти абдан сыйлачу эле. Бардыгыбыз адамбыз да. Адамгерчиликтин эң жогорку касиети топурак салуу экендигин ар бирибиз жакшы билебиз. Эгерде бийлик төбөлдөрү акылдуу болгондо кайра чыкырып туруп топурак салдырмак беле деп ойлойм. Албетте, мен ушинтип кай бир учурларда ачык айтып койсом таарынып калышат. Мен деле Кыргызстандын атуулу катары президентти сыйлайм. Анткени ал конституциялык орган. Ошол себептен мен президентти, Кыргызстандын гербин, желегин, гимнин каалаймынбы-каалабаймынбы сыйлаганга милдеттүүмүн. Бирок, Курманбек Бакиевдин жүргүзүп жаткан саясатынын туура эместигин мен ачык айтам. Кээде казак, орус достор менен чогуу олтурганда "Ваш президент" деп айтса, "Вы не имеете право критиковать моего президента. Он президент моей страны. Вы можете критиковать Бакиева, как личность, как человека" деп дароо жооп айтам. А президенттин жүргүзүп жаткан саясаты мага жакпайт деп мен ачык эле айта алам.




"Абдыгул Чотбаев, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты"
"Бизде суу жетиштүү, мээ гана жетишпей жатат"
- Абдыгул Абдрашитович, жакында эле шаар башчылыгына дагы бир жаңы адамды дайындашты. Бишкек шаардык кеңешинин депутаты катары Нариман Түлеевдин бейнесине кандай пикирлерди айтаар элеңиз?
- Мен депутат болгондон бери сегизинчи мэр менен иштешип жатам. Албетте, мурдагы мэрлердин жакшы же начар иштегендиги тууралуу азыр айтуудан мен алысмын. Ал эми жаңы мэр тууралуу айта келсек, мактагандык эмес, көп эле убадаларды берип, прессаларды чогултпай эле өз ишин, өз милдетин аткарып келатат. Бул мен үчүн абдан жагымдуу нерсе.
- Эс алуу жайларын шаардын чекесине көчүрүү, көчөлөрдө семичка сатпоо туурасындагы жарлыктарга кандай карайсыз?
- Эми бул маселелер бүгүн эле чыккан жок да. Депутат катары дагы, комиссиянын жетекчиси катары мага дагы көпчүлүктөн кайрылуулар келип жатат, өзгөчө Панфилов паркы боюнча. Бир жолу мындай окуя болгон экен. Аттракцион учурунда свет өчүп калган экен. Бул эмненин белгиси? Бул жерде эс алып жаткан элдин коопсуздугу деген чоң маселе турат. Анын үстүнө бардык жабдыктардын эскилиги жеткен. Мына чет мамлекеттерди мисалга алсак, аларда эс алуучу жайларды көбүрөөк курушат. А бизде болсо майрам күндөрү атракциондордо кандай кезекке тураарыбызды өзүңөр билесиңер. Азыр эл жаңы технологиялар менен жабдылган, жаңы "Фламинго" сыяктуу эс алуу жайларына бара башташты. Ошондой, элдин талабына ылайык эс алуучу жайлардын шаардын сырт жагына курсак жакшы эле болмок.
Ал эми семичка сатканга тыюу салуу боюнча айтып жаткандарга мен кошулам. Азыр көп нерселерге тыюу салыныш керек деп ойлойм. Мисалы, шаардын чыгышжагында деле, батыш жагында деле жолдун жээгинде канча деген автомобилдер сатылып жатат. Саткан кишилер Кыргызстандын жарандары эмес, Пакистан, Афганистандын жарандары. Ошондой эле бардык стихиялык соодага тыюу салынышы зарыл. Борбор шаарыбыз семичкадан тартып автотранспортко чейин саткан аралашма базарга айланып бараткандыгын кантип танабыз?
- Кечиресиз, үч фазалуу электр эсептегичтерин колдонбоо туурасында Президент баш болуп айтып жатышат. Чынында эле Президент айтмакчы тезек менен үй жылытып калсак, чет элдиктердин алдында Кыргызстан кандай аброй күтө алат десек болот?
- Теледен деле, гезит аркылуу деле сиздер айтмакчы Президенттен тартып, энергетиктерге чейин "суу жок, көмүр жок" деп эле айтып, Токтогул суу сактагычы тууралуу бир эле көйгөйдү айтып жатышат. Менин оюмча, суу бар, мээ жок бизде. Азыр көмүрдү мисалга алсак деле ортодо алып сатарлар эле жыргап жатышат да. Ортодогу акча 1000 сомдон ашып кетти. Президент деле "Эмне үчүн базарда алып сатарлар жыргап жатышат" деп атат го. Мен таптакыр түшүнө албай койдум. Айыл чарбасындагы өндүрүлгөн азыктарын дыйкандар өздөрү сатып алуусу үчүн альтернативдүү, муниципиалдуу базар ачышыбыз керек деп туура белгилеп коюп, ошол эле нерсени эмне үчүн көмүргө киргизсе болбойт? Эми жанагы тезек туурасында мамлекеттик телеканалдардан байма-бай айтып, мындайча айтканда реклама кылып жатышат. Биз аны менен дүйнөгө уят болуп жатабыз. Цивилизация, алдыга жылалы, 21-кылым, электрониканын кылымы деп атып эле тээ тезек терген заманга кетип калып дүйнөгө күлкү болбойбузбу деген суроо туулат. Албетте, мен деле түшүнөм, эртеңки күнү кыш каат болсо эл даяр турсун деген нерсе деңизчи, бирок аны дүйнөгө жар салып жарыя кылуу зарыл беле?
- Ата-Түрк паркындагы жер талаш тууралуу дагы айтып өтсөңүз. Ал жерде Акаев мезгилиндеги чиновниктердин бардыгы жер алган деп айтып жатышпайбы? Сиз дагы алардын катарында барсызбы же?..
- Жашырганда эмне, мен депутат катары ал маселени жакшы билемин. Ал жерден көрүнүктүү эле министрлердин, мен билген эле генералдардын, азыркы бийликте олтурган адамдар жер тилкелерин бөлдүрүп алышкан. Бирок меники жок, эч жерде. Мен калыс бир нерсени айтып койгум келет. Азыр бардыгы эле Акаевдин учурунда бөлүнүп кеткен деп айтып жатышат. Азыр эмне таптакыр жер бөлүнгөн жокпу? Акыркы бөлүнгөн жерлер бүгүнкү бийликтин учурунда бөлүнгөн жерлер дагы бар. Мыйзамсыз берилген, кайра алып алабыз деген сөздөргө дагы мен каршымын. Биз бир нерсени айтаардан мурда алдыга, анан артка бир кылчайып туруп сүйлөгөнгө үйрөнсөк. Эгерде эртеңки күнү дагы бийлик алмашса, алар дагы бүгүнкү бийликке өчөшүп, жерди кайтарып алабыз десе не болот? Биз ошончолук эле принципиалдуу болобуз десек, бардык нерсени башынан туура ойлонушубуз керек.
- Бүгүнкү күндө Кыргызстандын коопсуздугу эмнеден коркунучта?
- Жалпысынан алганда Кыргызстан азыр, биринчиден, диний экстремизмден, экинчиден, терроризмден, үчүнчүдөн, наркотрафиктен коркунучта. Мына ушул үч нерсе бири-бирине байланыштуу нерселер. Эгерде биз биримдикти жоготсок алар ушул нерседен пайдаланып турушат. Бул факт. Алар бийлик менен элдин ортосунда ажырым пайда болуп, биримдик кетсе алар баш көтөрүшөт.
А.Надырова













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan