Коомдук-саясый гезит
№18, 10.06.08-ж.





  Саясый томук

Ишенбай Кадырбеков
Учурунда мыйзамдарды ийлеп, ийине жеткирген Ишенбай мырзага бүгүн мыйзам сыртын салып турган кези. Кечээ,Ленин райсоту Кадырбековдун баш коргоо чарасын август айына чейин өзгөртпөө чечимин чыгарды Кадырбековдун камалышы бийлик сересинде турган кимдир бирөөлөр үчүн керектир.Эмне үчүн Кадырбеков саясый коркунуч туудурчу фигурага айланды деген суроо туулбай койбойт.Эң биринчи аспектиси түндүктөн чыккан күчтүү саясатчы. Келечекте чоң чабышка чыкчулардын бири. Балким, ошол чоң оюндардын алдында чапчуларды чаап, тазалоо башталгандыр. Же бул Кадырбековду канчалык эл колдойт деген текшерүүдүр. Мындай болушу деле мүмкүн. Дагы бир айта кетчү жагдай президент Германияда дарыланып жаткандагы "прослушкада" Ишенбай мырза да илинип калган имиш. Көз тазалоонун башы бул кишиден башташкандын жөнү түшүнүктүү болду окшойт.Күз демекчи, Кадырбековдун камактан чыгышы ал учурдун курчушуна байланыштуу болот…

Нурсултан Назарбаев
Казактын дөө шаа башчысы кечээ, жакында маалымат жыйында өзүнүн "приемниги" жок экенин ачык айтып чыкты. Ден-соолугу, кудурети жеткиче казак элин башкарып иштээрин билдирди. Айрым маалыматтарга караганда Астана шаарын өзүнүн аты менен атоо сунушун киргизип жаткан имиш. Маркум Түркмөн башчыдай көзүнүн тирүүсүндө өзүнүн атын калтырууга далалат кылып жатса керек.
Дүйнөлүк кризиске карабай казак өкмөтү бааларды туруктуу кармоого аракет кылып жатканы ундун баасы төмөн түшкөнүн, казактардын жашоо деңгээли үчүн күрөшөөрүн айтты. Казак тарап баштаса кыргыз тарап илчү эле, кокус Астананы Нурсултан деп атаса Бишкекти Курманбек деп атап чыгылы дегендер чыкпаса болду.

Жаныш Бакиев
Учурда президент кандай белгилүү болсо Жаныш мырза да дал ошондой белгилүүлүккө ээ. Кай структурага баш бакпа, Жаныш мырзанын аты аталып, Кыргызстанда чечүүчү фигура экени ачык көрүнгөнсүйт. Ал тургай бул киши баарын башкарып жатканын бир топ окуялар тастыктап койду окшойт.
Кечээ, Госохранага башчы болуп дайындалды. Мындай дайындоо менен Президент өзүнүн коопсуздугун жалгыз гана инисине ишенээрин билгизди окшойт. Демек, ажо өзүнүн айланасындагыларга да жана кыргызстандыктарга ишенбей калгандай. Элине ишеним арта албаса анда ал башкаруусун элге каршы экен деп өзү эсептесе керек го.
Президентти коштоп жүргөн автоматчан кара маскачандарды машинанын терезесин ачык коюп көрсөтүшү чынында шаардыктардын кыжырдануусун жаратууда. Жаңы коргоочу мына ушундай пикирлерди эске алса деген ой.

Данияр Үсөнов
Олигарх чиновниктин айланасында бир топ кептердин чыгышы бекеринен болгон жок. Ажо ага сырт салып калганы да жөн жерден чыкпаса керек. Баягы эле пенделик дымактан чыккан интригалар да. Саясатка бел байлаганда цыганка карта ачып "Сен келечекте өлкө башкарган адам болосуң" деп айтканы Данияр мырзаны ушул убакка чейин уктатпай келди да. Аны коомчулуктун алдында мэр мырза ачык айтканы дагы бирөөлөрдүн кежигесин тырыштырды да. Мэр катары өзүн көрсөтө элек. Иштейм деп кол сунган ишкерлердин жолун тороп бир канча проектилерди колдобой жатканынын өзү кыргызча айтканда көралбастык эмей эле эмне. Эгер чындап эле шаар үчүн күйсө микрорайон курам деп киришкен атамекендик ишкерлерге жол ачып бермек. А тескеринче кайра алардын жерин тартып алмак эмес. Мэрдин мындай кадамдары албетте, бийликке доо кетирет.
Таштандыга толгон шаар тазаланмак турсун ого бетер "мусорканага" айланды. Мурда гүлзарга айланган шаардын борбор көчөлөрү эми минтип, какыраган сайга айланды. Шаар көркү үчүн кам көргөн жок. Кыскасы, мэрлик кызматтан кетишинин сааты деле чыгып калгандай….

Камчыбек Ташиев
Куугунга да, качканга жолдош болуп, алты аялды айгайлатып министирлик орунга жеткен Камчы мырза талаш-чырдын чордонунан чыга элек. Дордойдогу өрт өчүргүчтөргө тийиштүү жерлерди тартып соодогер аялдарды сөгүп ызылдатса, эми минтип иниси жер талаштын ызы чуусуна түшүп олтурат. Бул боюнча бир тарап пресс-конференция берип ачык күнөөлөсө, Ташиевдин иниси бул чырга катышы жок деп экинчи тарап коргоп чыкты.Кырсыкты да эки тарапка бөлүп кароо Кудайга жакпаган иш экенин министр мырзага эскерте кетели деп чечтик. Жер, селден жабыркагандар сиздин кабылдамада ушул нерсеге нааразы болуп армандарын эркин гезиттерге төгүшөт…




  Кыргызымдын жигити

Ильич Чокеев белгилүү ишкер:
"Жүрөктө кыргыз деген чок болсо, биз ошондо патриот болобуз"
- Ильич мырза,биздин баарлашуунун башын патриоттуулук темасында баштайт көрүнөбүз. Сөздүн тамырын түшүнүп жатсаңыз керек.Патриоттуулук десе эле улутчул деп кабыл алышат.Сиздин көз карашта патриотуулук деген сөз кандай чен өлчөмдө?
- Патриотуулук бул сенин мекениңе болгон чексиз сүйүү жана көкүрөктөгү намыс. Бул эки нерсе ар бир адамдын каны менен айланып, жаны менен бирге болуш керек.Жүрөктө кыргыз деген чок болсо, биз ошондо өз элибиздин патриоту болобуз.Бирок ,тилекке каршы күнүмдүк саясат баардык нерсени жууп кетип жатпайбы.Биз көрөңгөлүү элбиз өзүбүздүн каада салтыбыз, нарк насилибиз менен кылым карыткан улутбуз. Ата бабаларыбыздын аздектеген улуулугун сактап, кичи муунга калтырышыбыз керек.Ошондуктан улуттук иделогиябыз күчтүү болушу керек.
- Дүйнөлүк ааламдашуу же техниканын жетишкендигинин астында биз эңсеген идеология калып калбайбы?
- Ааламдашуу процессинде же техниканын жетишкен чегинде жаподор,кытайлар улуттук наркы менен келе жатпайбы.Улуулукту эч бир нерсе жогото албайт.
Менин өкүнгөнүм кыргыздын билимдүү жаштары, кадрлары чет жакка массалык түрдө кетип жатышы болуп жатат.Программанын негизиндеби биз бул процессти токтотуп калбасак аягы жаман жыйынтыктарды алып келет.
- Саясат сиздин жан дүйнөгө кандай таасир берет?
- Саясат болгон жана боло берчү нерсе.Мен саясаттан өзүмө керектүү нерсени алганга аракет кылам .Ал эми мага жат нерселерди жан дүйнөмө жолотпогонго далалаттанам.
- Ишкердүүлүктүн кыйынчылыктары сиздин жашоону өзгөрткөн учурлар болду беле.?
- Ишкерчиликтин ызгаар-суугу тескеринче бышып жетилишиме түрткү гана болгон.Кандай тепкичке көтөрүлбө сен эң башкысы адам катары калышың керек.
- Илич мырза, кандайча "Тагдырдын тамашасы" чыгармасына демөөрчү болуп калдыңыз?
- Кыргыз тилинде таасирдүү, тарбиялык мааниси терең китептер акыркы күндөрү көп чыкпай калды. Ошон үчүн китепти чыгарып жаткандар кайрылганда патриоттук сезимим козголуп, атаңдын көрү жок дегенде кыргыздын китеби дагы бирге көбөйүп калсынчы деп жардам бергем. Мен негизи киного болобу же китепке болобу анын мааниси мени канааттандырса, жардамымды аябайм.
- Сизге демөөрчү бол деп кайрылгандардын эң биринчи эмнесине көңүл бурасыз. Демөөрчү бол деп кайрылган адамгабы же чыгарманын өзөгүнөбү?
- Мен эң биринчи чыгармага көңүл бурам. Мени канааттандырса анан жардам берем. Мисалы, "тагдырдын тамашасы" китебинде атасы баласынын киллер экенин билбейт. Ким билет балким, биздин турмушта ушуга окшогон ачуу чындыктар орун алып жаткандыр. Жаштар аталган китептен таасирленип жаман жолго түшпөсө деген тилекте колдоо көрсөттүм. Ал эми "Шайтандын мөөрү" киносунда болсо, колуң менен кылганды мойнуң менен тартасың деген чоң тарбиялык мааниси бар. Ошон үчүн ири суммада колдоо көрсөткөм. .
- Сыр болбосо үй-бүлөңүз тууралуу айтып өтсөңүз…
- Мен кереметтүү Ысыккөлдүн кулунумун. Келинчегим Кочкордун кызы. Эки кыз, эки уулубуз бар. Улуу кызым 16 жашка чыкты. Эмитен эле кызымдын кадырына жеткен жигитке турмушка чыкса экен деп тилек кылып, санаркап жатам.
- Азыр колунда бар адамдардын бары эле балдарын чет мамлекеттен окутууну каалашат. Сиз дагы балдарыңызды чет мамлекетте окутайын деген оюңуз барбы?
- Азыр биз 21-кылымда жашап жатабыз. Ошондуктан, эгер балдарым чет мамлекеттен билим алабыз дешсе жок дебейм. Колумдан келген жардамымды берем. Бирок, чет элден алган билимин Кыргызстандын өсүп-өнүгүшүнө жумшашы керек.
А.Эсен













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan