Коомдук-саясый гезит
№18, 10.06.08-ж.





  Күзгүдөн көрүн

Кыргыздар "обноглели" дейт казактар...
Туризм боюнча агенттиктин директору Турусбек Мамашовдун билдиргенине караганда, быйыл Кыргызстанга эс алууга бир жарым миллиондон кем эмес турист келет. Ал үчүн эс алуу жайлары даяр. Ысыккөлдүн жээгиндеги эс алуу жайларын вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Элмира Ибраимова баштаган комиссия 6-июнда текшерип, стационардык дааратканалары, тазалоочу атайын жайлары жок жана даяр эмес эс алуу жайларын иштетүүгө уруксаат берилбейт деген чечимге келип, мындай кемчиликтерди жоюу мөөнөтү белгиленди. Учурда Ысыккөлдүн жээгинде 180ден ашык пансионат жана жүздөгөн жеке мейманканалар иштейт. Турусбек Мамашовдун билдирүүсү боюнча, быйыл эс алуунун баасы пансионаттарда 10 доллардан 500 долларга чейин, ал эми жеке эс алуу жайларында 200 сомдон 1000 сомго чейин болот деп күтүлүүдө.
Былтыркы жылдын 18-июнуна карата Ысыккөлдө эс алуу күн санап кымбаттоодо деген маалыматка казак эс алуучулары да бир копшолуп алган.
Бир адамдын бир сутка эс алуусу, үч маал тамагы менен:
Бааларды уккан коноктордун кабак-кашы кандай болду экен? Алардын өз ара интернет маегин төмөндө эч өзгөртүүсүз беребиз.

- "Солнышко" - $45 дан жогору (1707 сом*);
- "Рахат" - $35 дан жогору (1330 сом);
- "Диларом" - $26дан жогору (987 сом);
- "Радуга" - $135 (5120 сом) - эки адамга;
- "Голубой Иссыккуль" - 730 сомдон жогору;
- "Алатоо" - 500 сомдон жогору;
- "Эколог" - $18дан жогору (680 сом);
- "Золотые пески" - $20дан жогору (760 сом);
- "Утес" (Кажысай, түштүк жээк) - $12дан жогору (450 сом).
*- КРнын Улуттук Банкынын курсу менен.

Казак комментарийлер
№1 18:16:26 - 18.06.2007 Юля г.Алматы.

Обнаглели совсем! Сервис не улучшается, зато цены 100 $ в сутки. За эти деньги можно в Турции хорошо отдохнуть.

№2 09:56:20 - 19.06.2007 fs .

юля ты в радуге была? оно того стоит тем более что на двоих. а цены на все остальные пансики помойму меньше не то что 100 а даже 50 баксов. наймитка турецких курортов :)

№3 13:49:24 - 19.06.2007 Nisae г.Алматы.

to Юля Что значит "обнаглели"? Их товар, их услуги - по чём хотят, по том и продают. Давненько не слышала такого тона в разговоре с продавцом, думала - он навсегда в прошлом.
Что касается Турции - да, курорты хорошие и цены сравнимы. Но в Турцию надо лететь (600$) и не меньше, чем на 10 дней, а Иссык-Куль - за порогом, шесть часов за рулем. Можно на выходные смотаться. И дорога хорошая. Когда на Алаколь такую сделают - буду отдыхать на Алаколе, а пока альтернативы ИК не вижу. Капчагай не в счет: вреден для здоровья и стОит в три раза дороже ИК.

№4 16:54:42 - 19.06.2007 777 .

Как будто больше пансионатов нет и частники все перевелись.

№5 13:29:42 - 21.06.2007 Юля г.Алматы .

to Nisae
Цена услуг должна соответствовать их качеству. А на Иссык - Куле я этого не вижу.

№6 09:23:47 - 27.07.2007 Бауржан maya_plus@bk.ru г.Иссыккуль.

Люди, здрасьте во-первых, во-вторых щас я на Иссыккуле, в третьих по поводу цен- согласен чуть чуть подорожали, но частный сектор все-таки лучше чем в пансионатах - контроля нет, когда захотел столько и поспал (посторонних шумов нету), покушал что захотел, а не то что тебе по меню, ну и цены по 450 сом с питанием в Бостерях живу, правда чуть выше чем пансионаты, но пешком ходить до пляжа намного полезнее, чем выбежав из озера и в мокром одежке в номер забегать, да и много чо по дороге увидишь, кстати часто бывают пасмурные дни, но в эти дни нас тут турфирма "Майя плюс" в с. Бостери, называеся вроде - на экскурсии водит по вполне нормальным ценам, Жетиогуз посмотрели - великолепное впечатление, Григорьевское смотрели - но оно чуть лучше нашего Борового, завтра предлагают Соленой (Мертвое) озеро - говорят необычное и целебное - так что завтра мы туда! короче земляки - сюда! - на Иссыккуль!!!

№7 09:28:36 - 27.07.2007 Ермек baronchik@rambler.ru г.Шымкент.

насчет эскурсий - да, согласен с Вами Бауржан - Ыстыкуль - прекасное место, но мы были с турфирмой "Студтур" называлась - так бардак был страшный - во первых час ждали пока они забьют микроавтобус, потом 3 часа ехали на скорости 60 км в час до этого Джетигуза, а гид совсем спал по дороге, скинь плизз... телефоны "Майя плюс", на днях мои родственники едут, тоже на эскурсии хотят.

№8 09:32:40 - 27.07.2007 Бауржан г.Иссыккуль.

Они в с. Бозтери, на перекрестке "Золотые Пески", тел: +996 3943 35465, и мобильный дали, +996 555 376240, и еще у них прямой номер на територии Иссыккуля 161 с простых телекомовских телефонов.
... млииин - сказали что завтра мы все-таки не едем на Соленое - так как там сильные дожди - дороги селем размыло - а находится он на южном побережье.... :-(, а послезавтра мы уезжаем....спасибо хоть предупредили
Кыргыз Туроператорлорнун Ассоциациясынын аткаруучу директору Нуржан Эрнесованын айтымында Ысыккөлдөгү пансионаттар эч бир ассоциацияга биригишкен эмес жана эч кандай бирикмеге биригишкен эмес, андыктан эч кимге баш ийишпейт. Туристтердин келиши боюнча айтсак Казакстан лидерлик кылат. КМШ өлкөлөрүнөн Россия жана Өзбекстандан да чоң агымдар келет. Алыскы чет өлкөлөрдөн айтсак, Евросоюз, АКШ жана Жаңы Зеландия. Мисалы, 2000-жылы алыскы чет өлкөдөн 30 миң турист келген болсо, өткөн жылы 100 миң адам келген. Эс алуучуларды адегенде мыкты сервис, тейлөө маданияты жана тамак-аштын сапаты менен багындырыш керек. Бизде негизги кемчилик - көп учурда тейлөө сапаты менен баа айкалышпайт. Конок койдон жоош дегенди колдонгонубуз болбойт, андыктан конок бышты десе бакандагы эт бышат деген сөздү туу тутсак оң болчудай. Эс алуучунун көзү менен карай турган болсок, жолдорубуздун абалы, ага кошумча МАИчилердин кыялы жана дааратканалар маселесин жөнгө салуу эң орчундуу маселелердин тизмесинде алдыңкы орундарда турат.
Урмат
Иманалиев




  Абалың кандай айыл чарба

?"Өмүркул Дүйшөкеев, кыргыз мал чарба, ветеринария жана жайыт илим изилдөө институтунун башкы адиси\: "
"Азыр айыл чарбасын тейлей турган кадрлар начар"
Маектешибиз Өмүркул Дүйшекеевичтин эмгек жолуна саресеп салсак, 1958-жылы Кыргыз мал чарба, ветеринария жана жайыт илим изилдөө институтунун ири мүйүздүү малды өстүрүү бөлүмүндө кенже илимий кызматкер болуп иштөөдөн баштап, бүгүнкү күнгө чейин институтта 50 жылдан бери үзүрлүү иштеп келе жатат. Жигердү эмгеги жана изилдөөлөрү менен биздин өлкөдө ири мүйүздүү малдын "Алатоо" тукуму, уйдун көп сүт берүүчү тибин, 5 линия, 22 семействалврды чыгарууда жана алардын бүгүнкү күнгө чейин сакталып келүүсүндө салымы зор. Асылдандыруу ишинде көп сүт берүүчү малдардын тукумдарын көбөйтүү максатында зоотехникалык илимий жаңы ачылыштарды жасаган. Ушул ачылыштар боюнча энелик тукумдуулуктун басымдуулугун, мал төлүнүн жатындагы өсүү шарттарынын тукумга тийгизген таасирин, генетикалык сапатын жакшыртууга жана букачарлардын кунардуулугун жаш чагында божомолдоонун жогорку натыйжалуу ыкмасын иштеп чыккан.
160тан ашуун илимий макала, сунуштарды жана 6 монография жазган. Талыкпаган эмгегинин натыйжасында 5 селекциялык жетишкендиктин, эки ойлоп табуунун автору. Бул кишинин илимий жетекчилигинин астында илимдин 3 кандидаты, 1 доктору даярдалган. Бүгүнкү 75 жаш курагында да айыл -чарба илиминин 3 кандидаттык жана 1 докторлук диссертациясы даярдалып жатышы анын айыл чарба тармагын көтөрүүдөгү өзгөчө зор салымы деп эсептейбиз.
Талыкпаган илимий эмгектерин мамлекет жогору баалап, 2001-жылы "Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмери" наамын жана 2002-жылы профессор, окумуштуу наамын ыйгарган.


- Азыркы учурда айыл-чарбасы эмнеден аксап жатат?
- Чынында акыбал оор. Жерлер кургап, суу жетпей, буудайдын түшүмү начар болуп жатат. Буга биринчи себепкер: жерлерди сугарып жаткан каналдардын баардыгына лотоктор аркылуу суу алып келчү. Ошол лотоктордун көбүн уурдап, талкалап жок кылышты.
Ошондуктан суу жетпей, жерлер кургап жатат. Минералдык жер-семирткичтер жок. Жылда жерди которуштурбай жерлер арыктап жатат. Убагында колхоз-совхоздорду Талгарбеков деген министр үч жыл катар депутаттар каршы болгонуна карабай таркатып жиберди. Азыр эми кооперативдик чоң чарба кылалы дейт, ал үчүн да көп акча, жер-семирткичтер, күйүүчү май керек.Кыскасын айтканда көп жылдык келечектүү программа жок. Аныстүнө айыл- чарбасын тейлей турган кадрлар начар.
- Адис катары айтсаңыз, ушундай кыйын кырдаалдан чыгыш үчүн биринчи кезекте эмне кылуу керек?
-Менин оюмча эң биринчи Өкмөттө отурган кишилер, эң алды Президент баш болуп, анын жардамчылары төш болуп, айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча атайын мамлекеттик чогулуш өткөрүш керек. Эмне кылсак айыл чарбасын көтөрөбүз деген маселени республикада иштеген тажрыйбалуу адистер менен бирдикте тегерек үстөлгө отуруп, атайын программа түзүп, ар кимисине бул тармак боюнча тапшырма берилиши керек. Ошол программаны Жогорку Кеңеш талкуулап, указ чыгарып, профессионалдык сапаты бар мамлекеттик структурада иштеген адамдарды конкурстук негизде жөндөмүнө жараша кызматка алып, айлыгын көбөйтүп бериш керек. Аларга жоопкерчиликти катуу коюп илгерки тартип боюнча кызматка алыш керек. Азыр кызматка баары эле жулунуп жатышат, аткарган иши жок. Мына айыл-чарба министрлигинде 10 жыл ичинде 11-12 министр алмашты. Бирөөсү да иштебей, алчусун алып, жечүсүн жеп баса беришти. Ичиң күйөт. Акаев канча элдин баарын алдап, байлыкты үй-бүлөсүнө ташып, элди парокорлукка, алдамчылыкка үйрөтүп кетти. Мамлекеттик тартип болгон жок. Азыр бийлик элге кызмат кылуу үчүн эмес, элдин эсебинен кантип байышты ойлоп жулунуп калды. Эгерде элдик курултай уюштуруп, калыс адамдардан турган адамдар айына бир жолу жолугуп, өкмөт башчылардын отчетун угуп, канааттандырарлык иштесе калтырып, жакшы иштебесе иштен бошотуп, элдин контролуна койсо, иштейт эле.
(уландысы 6-бетте)
Э. Мадиева













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan