Коомдук-саясый гезит
№17, 03.06.08-ж.





  Укук коргоочу кайдан куда күттү?

Белгилүү укук коргоочу ыйлаган адамдын көз жашын сүрткөн Азиза Абдрасулова кызы Гүлшайырдын тоюн өткөрүп, өх деп энелик милдетин олтурган чагы. Укук коргоочу кайдан куда күттү, кантип той өткөрдү десеңиз төмөнкү маекке, үңүлө караңыз.
- Гүлшайыр кайсы жакка турмушка чыктың?
- Сокулуктун Жыламыш айылына турмушка чыктым.
- Айбек менен качан тааныштың эле?
- Негизи бири-бирибизди мурда эле танычубуз. Дегеним, ал Билим берүү министрлигинде иштеп жүргөндө мен жаштар менен иштешчүмүн. Ошондуктан тааныштык жайыбыз бар болчу. Декабрь айларында "Мен ишенбейм" акциясына катышып жүрүп, позициябыз да бири-бирибизге дал келип, мамиле түзүп, жакшы болуп кеттик. Башкалардай болуп, бир жыл сүйлөшпөй эле апрель айында турмуш куруп алдык.
- Үйлөнүү үлпөт тойу кайсыл жерде өттү?
- Той Сокулуктагы "Часпик" кафесинде өттү. Биз башкалардай болуп, бакыт үйүнө барган жокпуз. Бардык салтанат элдин көз алдында аталган кафеде болду. Мисалы, жоолук, шакекти да да кафеден салды.
Тойго кимдер куттуктап келди?
- Тойго ЖКнын депутаты Роза Отунбаева, Замир Эралиев, жана укук коргоочулар "Мен ишенбейм" акциясынын каышуучулары ошондой эле "Кел-кел" кыймылынын жаштары кайнене, кайын атамдардын атам, апамдын Жалалабаддагы туугандары келди. Кыскасы, Талас, Жалалабад, Токтогулдан өйдө биздин тойго күбө болушту. Тоюбузга Темир Сариев да чакырылган. Бирок, түптөгү окуяга байланыштуу тойдон кийин куттуктап кетти.
- Жолдошуң канча бир тууган? Канчанчы келини болдуң?
- Эки бир тууган. Үйдүн улуусу экен. Бирок, иниси мурда үйлөнүптүр. Ошондуктан келин болгондо кызмат кылып кыйналган деле жокмун. Үйдө абысыным бар.
- Айбектин кесиби ким?
- Негизи программист. Мурда фудбол ойночу. Азыр спорт мектепте балдарга футбол ойногонду үйрөтөт.
- Кайда жашап жатасыңар?
- Бул жакта квартирада туруп жатабыз. Бат-бат Сокулукка барып турабыз.
Айбек кайсыл жылкы?
- 1976-жылкы.
Ч.Кутманалиева




  Эми саясий айгайды аялдар салабы

31-майда "Ата Мекен" партиясынын аялдар канаты түзүлүп, бет ачаар аземин кылышты. Ага "Ата Мекен" партиясынын жер-жердеги аялзаттары келип, ой-да черин жазышты. Аталган салтанатка "Чынгызхан" кафесинде оюн-зооктор менен коштолду. Аталган партиянын төрагасы Өмүрбек Текебаев куттуктоо сөзүндө "Аялдар бүгүн силер партиядагы чоң күч экениңерди жарыяладыңар. Кыргызстанда кырдаал өзгөрдү. Аялдар, саясатта да, экономикага да чоң салымдарын кошуп, биринчи катарда жүрөт. 1990-жылдары эгемендүү мамлекет болгондо экономикабыздагы чоң кыйынчылыктар аялдарга болгон биздин көз карашыбызды өзгөрткөнгө чоң түрткү берди. Аялдар турмуштун оордугунан челнок болушту. Бала чакамды багам деп базарга чыгышты. Эркектер коомдогу жаңы ордун кабыл алууга мажбур болуп, аялдардын ролу өзгөрдү. Аялдар мурун өз үйүндө тартип орнотсо, эми мамлекетке тартип орнотконго аракет кылышса болот. Аялзатынын саясатка аралашканына менимче, убакыт келип жетти. Мына ушул кырдаалда "Ата Мекен" социалисттик партиясынын аялдар канатын түзүп, өз алдынча коомго таанылса, коомдогу процесстерди өзгөрткөнгө жардамдашса деген жакшы тилек менен айымдарга колдоо көрсөтүп жатабыз. Жакынкы жылдары "Ата Мекен" партиясынын аялдары олуттуу таасирдүү күчкө айланат"-деди. Аталган жакшы жөрөлгөнү куттуктап, "Ар-намыс" партиясынын мүчөсү Бөдөш Мамырова да келди. Ошондой эле ""Матрешка" оюнунан аман-эсен чыктың. Бетиңден өбүп, көйнөк кийгизе албай жүргөм. Канча аракет кылсам да мени жолотушкан эмес. Бүгүн гана сааты чыгып олтурат" деген Бермет Кармышбекова апа Өмүрбек Чиркешовичке эки жылдан бери арнап жүргөн көйнөгүн берди.












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan