Коомдук-саясый гезит
№17, 03.06.08-ж.





  Анаш Кадырова, УТРКнын башкы директорунун орун басары:

Дикторлуктун мектебинен өтүү оңой эмес
- Анаш Кадыровна, алгачкы эмгек жолуңузду эстеп берсеңиз? Бир кезде "Кыргыздын Чолпон жылдызы" деп аталган айым кандай жолдорду баскан?
- Тагдырдын буйругубу, же таланттын ышкысыбы айтор, мен өзүмдүн күлгүндөй жаштыгымды, жалындаган күч- дареметимди, алгач касиеттүү Сулайман тоосунун этегинде жайгашкан - Ош телерадио тармагына арнагам. Ушул чөйрөдөн алгачкы кадамымды шилтеп, чыгармачылыктын ысык- суугуна күйүп, жашоодон өз ордумду таптым десем болот.
Өткөн күндөрүм текке кеткен жок. Родио уктуруулар, теле көрсөтүүлөр менин жүрөгүм , дилим, тилим аркылуу өтүп, угарманын издеп Алатоону аралап, анын көк мелжиген чокуларында, жанга жагым жашыл түрлөрүндө дирилдеп , ар бир кыргыздын үйүндө, көз алдында турду. Ошондогу жаш дебей , кары дебей, аял дебей, эркек дебей алкаган, мактаган, суктанган, жакшылык каалаган элимдин ак пейил, кең пейилдигин кантип унутайын.
Алгачкы эмгек жолумду баштаган "Ош көрсөтөт" "Оштон сүйлөйбүз" теле радио студиялары өтө эски эле. Кышкысын студиянын ичи аябай суук, жайкысын Кара кум чөлүндөй 40 даража ысык. Муздаткыч, ысыткыч деген жок. Аба кирбей демиктирип турат. Ушундай шартта кышкысын суукка карабай жибек көйнөк кийип, жайкысын тердеп кургап майрамдык теле берүүлөрдү алып барууга туура келет. Ушундай ыңгайсыздыкка карабай "ары карап ыйлап ,бери карап күлүп" дегендей, жаштык кез экен, моюн бербей иштеп жүрдүк. Ал кезде биз дайыма эфирге түз чыкчубуз. Запис деген кийин, Фрунзеден эски ПТВС берилгенден кийин анча- мынча боло баштады. Ошол кезде бизге белгилүү гана бир убакыт , 45 мүнөт же бир саат убакыт берилчү. Демек ошол учурда берүүнү толук жыйынтыктап калыш керек. Эгер убакытты туура пайдаланбасаң теле берүү жабыла элегинде эле Фрунзе эфирди жулуп кетчү.
"Саламатсыздарбы! Кутмандуу кечиңиздер менен" деп эфирге чыгуу мен үчүн элдин астында өтүүчү экзамен сыяктуу эле. Ар бир телеберүүдө өзүмө өзүм баа койчумун. Түз эфирде бир сөздөн жаңылсам чоң трагедия катары кабылдап, өтө катуу кейүчүмүн. Чындыгын айтыш керек, азыркыдай шарты жок түз эфирде иштөө дайыма ийненин учунда жылаңайлак тургандай абалга туш кылат. Бирок элдин астында анын баарын билдирбей жаркылдап күлүп чыгууга туура келүүчү. Ага салыштырмалуу радиодо иштөө мен үчүн жеңил болду.
- Чыгармачылыктын табияты , дикторлук тууралуу эмне дейсиз?
- Менимче чыгамачылыкта эч качан эс алуу болбойт. Акыл, аң- сезим чексиз болгондой эле рухий дүйнө андан да чексиз. Алла таала рух дүйнөсүнүн казынасын ушунчалык кең кылган, ошол казынадан буга чейин эчендеген инсандар азык алып келет. Каалашыңча алсаң да кемибейт. Бирок чиркин, көр пенделер жанындагы бирөө чыгармачылыктын бийик чектерине чыгып баратса ошол адамдай изденбегенине, аракет кылбаганына өзүн- өзү күнөөлөбөй, алдыга умтулган адамды күнөөлөшөт эмеспи. Эми ар ким өз кудурет -күч кубатына жараша ченелет деңизчи. Бирок жеке мен чыгармачылыктын казынасын ушунчалык..... сөз менен түшүндүрүп бере алгыс , кенен, берекелүү кылган Кудайга ыраазымын.
Дикторлуктун мектебинен өтүү оңой эмес. Ар бир тамга менен , ар бир сөз менен, ар бир сүйлөм менен иштөө өзүнчө чоң түйшүктү талап кыларын көпчүлүк жакшы биле бербесе керек. Чыныгы диктор тек гана тексти кубулжута окуп коюу менен чектелбейт. Ошол окулуп жаткан сүйлөмдөгү логика , ой- жорум менен кошо жашап, кошо жүрүү чоң чыгармачылыкты талап кылат. Ар бир сөз жүрөктүн, жан дүйнөнүн түпкүрүнөн чыкса гана жүрөккө жетет. Менимче бул нукура диктордун ар бир мүнөтүн , а тургай бүтүндөй бир өмүрүн чыгармачылыкка баш оту менен кирүүгө мажбурлайт.
- Анаш Кадыровна, ишиңизге байланыштуу өткөн кездердердеги күлкүлүү окуялар болсо эскере кетсеңиз?
- Негизи эле телерадио ишине байланышкан бырс күлдүрө турган окуялар көп болот. Туруп-туруп эле кээ бир диктор микрафондо текст окуп жатып эле таптакыр башка бир нерселерди сүйлөп , же маанилүү бир адамдын атын айтам деп жатып өзүнүн баласынын же жубайынын ысымын айтып ийген учурлар кездешет. Айтор бул кесип өтө аярдыкты, сактыкты, тактыкты талап кылат. Ал эми теленин диктору болуш үчүн үстүңдөгү кийген кийим да чоң роль ойноп калат.
Эсимде 1986- жылы Сузак районунун "Кара алма" деген жаңгак токой чарбасынын ыңгайлуу бир аймаганда "Октябрь берген бак таалай" деген майрамдык теле берүү тартып калдык. Аны ошол кезде Фрунзедеги борбордук теле берүүдө диктор болуп иштеп жүргөн Сатыбалды Жээнбеков экөөбүз алып бармай болдук. Сакем бул жактан атайын телеге тартылууга ылайыктап ак костюм-шымын алган экен. Анын чөнтөгүндө жүргөн калемсабын байкабай калса керек. Жолдо анын сыясы төгүлүп, өзгөчө шымын аябай булгаптыр. Аппак шымы көкала болуп эле жатып калган экен . Таптакыр кийгенге жарабайт. Аны да ошол, мына эми телеге тартууну баштайлы- деген учурда көрүп жүрбөйбү. Же жаныдагылардын эч киминде Жээнбековдун костюмуна окшош шым жок. Өзү болсо андан башка, жолго кийген спорттук кийим менен жүрөт. Баарыбыз эле Сакеме "Эл күтүп калды го эми кантебиз, телеге тартуу кечигип калабы " деп ар тараптан жаалап ийдик. Анда кайран киши " Ой эмнеси бар экен белден өйдө пайдалана бергиле, ылдый жагын жөн коюп"- дейт үстүнө костюм ,галстук, этегине спорттук шымын кийип, операторлорго карсылдай күлүп. Ага болбой бир аз чырылдашып отуруп, акыры бирөөнүн ак шымы табылып, ал теле берүүбүздү тартып бүткөнбүз.
- Сиз УТРКнын радио тармагынын жетекчилигине Элдик революциядан кийинки кыйын учурда келдиңиз. Келгениңизден бери кандай жаңыланууларды жасадыңыз?.
- Бүгүнкү күндө улуттук радио-классикалык үлгүдөгү академиялык радио. Үч жактуу тармак менен иштөөдө: биринчи форматы-коомдук саясый, экинчи, социалдык-экономикалык жана музыкалык-көңүл ачуучу. Мындан сырткары улуу муундарга, жаштарга, аялдарга арналган, жана көркөм-публистикалык уктуруулар бар. Жалпы жонунан биздин теле-радио коомчулуктун калың катмарына арналат.
Жеке демилгем менен угармандар менен жакындан байланышуу максатында интерактивдүү уктуруулар көбөйдү. Ар кандай саясый, экономикалык, социалдык проблемалар боюнча угармандар ток-шоуларыбызга катышкан адистер менен эркин байланыша алат. Жадакалса музыкалуу программалар да интерактивдешкен. Патриоттук нукта "Мен Кыргызмын" радио берүүсү уюштурулду. Элдик революцядан бери биз обьективдүүлүгүбүздү эч качан өзгөрткөн эмеспиз, өзгөртпөйбүз дагы. Материалдык- техникалык базабыздын абалы да бир топ жакшырды. Жаш, энергиялуу кадрларды тарбиялап , даярдоонун үстүндөбүз. Ал эми калганы ар бир журналистин талантына, аракетине гана байланыштуу. Радиодогу уктурууларыбызды мындан да кызыктуу, мындан да мыкты кылууга издене беребиз. Канткен менен чыгармачылыктын чеги болбойт эмеспи.
(уландысы кийинки санда)
Э.Мадиева




  Тагдырдын тамашасы

Качандыр бир кездерде ал Россиядагы киши-өлтүргүч киллердин эң мыктысы эле. Эми болсо-мезгил өзгөрдү. Америкалык миллионерлердин маскасынын артында учурунда эң эле кыйын аталган киллер жашынып тургандыгы эч кимдин оюна да келген эмес. Ал киши өлтүргүч болсо өткөн-кеткен турмушун унутууга аракет кылып "тынч жашоого" далалат кылып жүргөн болчу. Бирок ошентсе да андай нерселерди унутуп коюш өтө эле кыйын болот эмеспи. Кээ бирде болсо өткөн нерсе кайра кайрылып да келиши мүмкүн. Анын сыңарындай киллер күтпөгөн жерден кайра "буюртма" алып аргасыздан оюнга аралышып калат. Оюнга кирип жатып бул оюнда ал мергенчи гана болбостон курмандыкка чалынып жаткандыгын сезген да жок. Анын артынан калбай, "буюртманы" аткараары менен эле жоготуп салыш үчүн кимдир бирөө изинен калбай жүргөнүн эч билген эмес. Ошол кимдер бирөө өзүнүн жакын эле адамы болчу. Өтө эле жакын кишиси болуп калаары анын үч уктаса түшүнө да кирген эмес. Ошондуктан ал буга ишена да албай, түшүнө да албай башы маң болуп турду… Тагдырдын тамашасы аттуу чыгарманын кыскача мазмуну ушундай. Эмки саныбыздан баштап чыгарма сандан-санга чыгып турмакчы.

Улутчул, патриот Ысык-Көл областынын Ак-Суу районунун Таш-кыя айылында Коенбай ата менен Жаңылкан апанын үй-бүлөсүндө тогузунчу перзент болуп төрөлгөн Чокеев Ильич сиз окуй турган "Тагдырдын тамашасы" аттуу чыгарманын жарык көрүшүнө өз үлүшүн кошту. Ильич Мырзабек Айдаралиев тарткан "Шайтан араба" тасмасынын да каражатын көтөргөн. Кыргыз маданияты, адабияты өнүксө, Кыргызстан гүлдөгөн ааламга атагы чыккан өлкө болсо деген тилеги бар.




Суроолорго академик, парапсихолог, акын Лариса Асанбекова жооп берет
Парапсихологдун бурчу
Мээрим, Бишкек шаарынан:
- Биз жолдошум экөөбүз,эки жыл сүйүшүп,күйүшүп жүрүп үйлөнгөнбүз.Үч жыл аябай бактылуу жашадык.Эки балалуу болдук.Жолдошумдун иши да жакшы болуп,эч нерседен кем болгон жокпуз. Кайындарым да мени абдан жакшы көрүшөт. Мен да аларды өз ата-энемдей сыйлайм. Кыскасы телегейим тегиз эле. Ушундай бактылуу күндөр өмүр бою уланат деп эч нерседен кабатыр болбой жүргөн күндөрдүн биринде,бактыма таш тийгендей талкаланды.Жолдошум бир жолу Көлго эс алууга достору менен менсиз кетти. Себеби мен экинчи баламды жаңы төрөп,кыркы чыга элек болчу.Жолдошумдун досу туулган күнүн Көлдө өткөрмөкчү болуп баарыбызды Көлгө чакырды. Албетте мен баралган жокмун. Жолдошум үч күндөн кийин келди. Ошондон баштап негедир мүнөзү өзгөрө баштады. Эмнегедир ойчул тартып, мени менен көп сүйлөшкүсү келбейт. Мен дагы анын кыймыл аракетинен кыйкым таап урушкум эле келип турат. Бирок өзүмдү токтотуп, урушпаганым менен,мамилем салкындап баратканын сезип,өзүмдү өзүм түшүнбөй жүрдүм.Жүрөгүм бир жамандыкты сезип жүргөнсүдү. Бирок, жаман ойлорду жолоткум келбей,балдарга алаксыган болом. Бара бара жолдошумдун мүнөзү таптакыр өзгөрдү. Ичкиликти да көп ичип, үйгө да көп келбей калчу болду. Балдарын аябай жакшы көрчү эле аларга деле көп көңүл бурбай калды. Мага болсо мамилеси теңирден тескери өзгөрдү. Мурда телефон чалып беш мүнөт сайын абалымды сурап,сүйөөрүн айтып сагынып турчу. Азыр үйгө келсе кабагы ачылбай, ар кайсы шылтоону айтып менден оолактап турат. Кээде уктап жатып чочуп ойгонот да, шашылып кийинип үйдөн чыгып кетет. Ушундай жашоо менен эки жыл жашаптырбыз. Жолдошум башка аял менен байланышы бар экенин сезсем да, кантип өз бактымды сактап калсам деп ичтен сызып жүрдүм.Бир күнү бар күчүмдү жыйнап, жолдошума ичтеги оюмду айттым. Эгер башка аялды чындап сүйгөн болсо ага тоскоол болбошумду, тескерисинче бакыт гана кааларымды айттым. Башын жерге салып унчукпай үшкүрүнүп олтурган жолдошум,капилеттен мени кучактап алып кечирим сурап ыйлады.Эки жылдан бери эки ортодо кыйналганын,тиги аялды сүйбөсүн ,бирок эмнегедир андан кол үзө албай жатканын айтты. Мени жана балдарды сүйөөрүн, кандайдыр белгисиз күч бизден алыстатып,тиги аялга жетелеп кетээрин айтып жардам сурады. Пендечилик кылып,күнөөсүнөн актанып жатат деп жиним келген менен ички туюмумда ага ишендим. Жолдошум экөөбүз тиги аял менен сүйлөшүп да көрдүк. "Мен сени кармаган жокмун кыйын болсон кетип көр"- деп экөөбүздү тең кайра шылдын кылды. Жолдошум болсо болду эми экинчи барбайм деп коюп,кайра эле ага бара баштады. Баарыдан да шылдыңдап, "Кыйын болсоң күйөөңдү менин үйүмө келип алып кет"-деп телефон чалат. Күйөөм ата- энесин деле укпай калды. Үйдө болуп калса тиги телефон чалса эле эч нерсеге карабай ага жөнөйт. Айлам кетип көзү ачык бир орус аялга барсам, "Күйөөңдү приворот жасаптыр, өзүңдө болсо отворот бар, бирок менин күчүм жетпейт дейт. Айтыңызчы ушу чынбы,чын болсо кантип мындан кутулабыз? Кыргыздар ысытма, суутма, баш айлантма деп коет дейби?
- Ооба, сиздин үй -булөдо ушундай дуба бар экени чын. Биринчиден сиздерге көз да тийген экен. Көз тийген жөнүндө өткөн санда жазганбыз. Жолдошуңузга ичкиликке баш айландыруунун дубасын окуп ичирген экен. Ичкилик дубасыз эле баш айлантат, дубалангандан кийин адам өзүн башкара албай калат. Башкача айтканда тамакка болобу ,буюмга болобу,терс энергия менен заряддап туруп, ал энергияны керектуу адамдын энерго денесине жиберет.Жиберген адамдын максатына жараша ал энергия тиги адамдын энерго денесиндеги чакралардын биринен орун алат да күчкө кирип,өзүнүн эрки менен эмес тиги адамдын көздөгөн максаты менен жашай баштайт. Ысытма энергиясы көбүнчө жүрөк туштагы чакрага жана жыныс туштагы чакрага барып орун алгандыктан айтылган органдар да оору пайда боло баштайт. Кыскасы адам өз эркин башкара албай, ысытма жасаган адамдын башкаруусунда калат. Ал эми ысытма жасалган адамдын түгөйүндө да терс энергия автоматтык түрдө пайда болгондуктан,түгөйү өзү түшүнбөстөн андан алыстай баштайт. Сиздин жолдошуңуз өзү түшүнүп жардам сураса демек тез эле айыктырса болот. Себеби кудай адамга эркиндик берген. Адам өзү түшүнүп суранса андай терс программадан тазалап ордуна койсо болот.Бул үчүн жолдошуңуз экөөңүз тең бирдей сеанстан өтүшүңүздөр керек.












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan