Коомдук-саясый гезит
№17, 03.06.08-ж.





  Гүлчамбар

Дооронбек Садырбаев:
"Алар алыс сапарга чыккан эңсөөнүн, теңчиликтин, демократиянын кербенинин жолун буза албайт"
Кыргыздын чоң саясий айдыңынын бир чети оюлду. Оюлганда да оңурая оюлду. Өзүнүн каргылданган үнү менен кай жерде болбосун чындыкты сүйлөп, чычалаактардын чычаңын толгой жүрчү Доке (Д. Садырбаев) 69 жашында о, дүйнө узап кете берди. Ал Кыргыз элинин Эл артисти гана эмес Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине үч жолу депутаттыкка шайланган коомдук, саясий ишмер катары баарыбыздын эсибизде калды. Таягы менен жер сабап, азыркы күнү ар бир адам башын чайкап күлө турган "ОБОН" ("Отряд баб особого назначение") деген таамай атты тапкан Докенин (Аны бардыгыбыз ушинтип айтчубуз) арабыздан кетиши чоң жоготуу болду.

Кайран эл калыс сүйлөгөн дагы бир чыгаан уулун жерге берип, олтуруп калды. Ал өзү айтчу эле "Башта бир өлүм. Эгерде кимдир бирөөлөргө менин өлүмүм эле керек болсо мен мына. Мен өлүмдөн коркпойм. Мен элимдин алдында ар-намысым тепселенип калгандан корком. Мен элимдин келечегинен корком" деп. Албетте, ал өзүнүн чыгармачыл дагы, саясий дагы жолун жакшы жашады. Артында кино, китеп, саясий иштери, балдары, неберелери калды. Ошон үчүн Доке эч кимден коркчу эмес. Эмне дейбиз, ал жөнүндө айтса сөз көп. Балким келечекте ал тууралуу далай чыгармалар, далай китептер жазылаар. Анткени ал келечектин сыйына татыктуу жашап өттү. Кош болуңуз, ардактуу Дооронбек ага. Бир учурда сиз парламенттин ичинде дуу күлдүргөн парламенттеги депутаттар менен журналисттер сиздин кайталангыс адам экениңизди айтып, кейип калдык. Өлүмгө арга жок тура.
Урматтуу, окурмандар. Төмөндө Дооронбек Садырбаевдин акыркы жылдарда берген маектеринен берилген үзүндүлөр. Биз анын кандай адам болгондугун ошол өзү сүйлөп кеткен сөздөрүнөн улам баалайбыз…

"Алиби" гезити 05.09.2007-ж.
… "Түн ичинде таптакыр эле мага бейтааныш адамдар телефон чалышып, "келатабыз" дешет. Ким экендигин да айтышпайт. Эмне болду десем "Балакетиңди алайын Доке, кетип калчы. Турцияңа же башка жакка кетип калчы. Бүгүн саунада сүйлөшүп олтурушуп "Тиги чалды тынчыттыңарбы?"деп бирөөлөр сүйлөшүштү" деп айтышты"...

"Агым"гезити, 07.06.2006-ж.
"Ооба, кимдир бирөөнүн оозунан ачуу сөз чыкмак. Абдан катуу сөз айта турган депутат катары мисалы, мен "эч кимди мамлекеттик төңкөрүшкө, улуттар аралык араздашууга чакырбайм, порнографияны пропаганда кылбайм, президентке акаарат сөз айтпайм, мамлекетти сактап калуунун, өнүктүрүүнүн конкреттүү пландарын айтып берем, бирок аны Бакиевге, Куловго, КТРге ишенбейм, ак жеринен күйбөйм, бардык ММК катышса, КТР түптүз алып көрсөтсө катышам, сүйлөйм" деп жарыялагам. Эмнеден коркуп, чочулайсыңар, ишиңердин актыгына, дилиңердин тазалыгына ишенсеңер, пенсиядагы чалдан үркпөй эле койбойсуңарбы дедим. Мени менен сөз айкашка чыккыла, жок, коркок болсоңор, менин оозумду жаппагыла, оозумду жаап өзүңөр сүйлөп алып, жооп укпай качып кеткиңер келип жатат, анда барбай эле коелу, ошондо жыйыныңар тузу жок ботко болот дегем"…
… "Мен да мактай алам. Бирок, мен берки депутаттардай бекер мактабайм. Мен мактасам, акчага мактайм. Төлөп беришсе, ыр менен мактап берем. Экинчиси, бүгүн балдарга тамашалап жатам, ырахмат, менден күндү талашкан жок, "эгер кезекке туруп министр, чиновниктер сауна- мончого алып бара турган болсо, мончонун пайшамба күнүн мага бергиле" дедим. 15 жылдан бери Акаевге оппозицияда жүрүп, аны кетириштин теориялык жолдорун жазып чыгам деп атып, мен да карып-арып, жешилдим. Эми ар пайшамбада Акүйдүн саунасына түшүп, оңолоюн"….
"Агым", 16-июнь, 2006-ж.
… "Эки кыргыздын бири чынында эле сокур саясатчы болсо, анын эмнесине теригем? Көбүнчө соңку кезде атаандаштарына алы келбей шаштысы кетип баратканда, Аскар Акаев айтаар эле "Ит үрө берет кербен жүрө берет" деген учкул сөздү. 14 жыл бою көзүн карап, анын кол алдында иштеген Курманбек Салиевич устатынын дайыма айтып жүргөнүн бир жолу кайталап койгондон эчтеке өзгөрбөйт. Ага эмне мынча териктиңер?"…
… "Ал эми ит иттигин кылбай коймок беле. Үрө берсин арсылдап, борсулдап, каңкылдап, кааласа ызы-чуу түшүп, ар замандын, аркыл бийликтин чоң- кичине дөбөт, канчык иттери болбой койбойт экен. Алар алыс сапарга чыккан эңсөөнүн кербенин, теңчиликтин кербенин, демократиянын кербенинин кылын кыйшайтып, жолун буза албайт. Саламата болгула!"

"Асман пресс" гезитиин эмгек жамааты Кыргыз эл артистти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин үч жолку депутаты

Дооронбек Садырбаевдин
дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.




  Биз билген да, билбеген да Рысбек

(Башы өткөн сандарда)
Нурлан Коноев: "Рысбек авам кыргызга күйгөн жигит болчу"
- Рысбек баатыр депутаттык мандат алып, парламентке келгенде эл алдында премьер-министр Феликс Куловдун Тынычбектин өлтүрүлүшүнө түздөн-түз тиешеси бар экендигин, Азиз Батукаев менен ширелишкен байланышы Ички иштер министрлигин жетектеп жүргөндө эле болгонун 70 барактан турган документтер аркылуу далилдей турганын кеп салган. Феликс Куловдун Батукаев жана анын шериктери менен түшкөн алты сүрөттү "кийин газетаңарга чыгарасыңар" деп мага берген. Ушул документтер тууралуу эмне кошумча айтмакчысың?
- Рысбек авам бир сырдуу жигит эле, бирок бир тууган болгондон кийин өтө орчундуу маселелердин көбүн мага айтчу. Ошон үчүн менин жана менин иним Мирландын артынан түшүп жок кылганга аракет кылган күчтөр бар. Алар кимдер, артында кимдер тургандыгын Мирлан иниме Чолпон-Атадагы үйдүн жанында номерлери жок машиналар менен келген маскачандар кол салганда эле билинип калды. Рысбек авамды мечиттен чыгып келатканда атып кеткенден кийин атам баш болгон 6 адамдан турган делегация президенттин кабыл алуусунда болуп, ошол сүрөттөрдү, документтерди республикабыздын баш прокурору К. Конгантиевге тапшырган экенсиздер. А Мирланда болсо Тынычбек авамдын өлүмүнөн тышкары чоң саясый, маанилүү маалыматтар бар. Кездешүүдө өлкөбүздүн президенти айткан экен, Рысбектин балдарын куугунтуктоо болбойт деп. Президенттин айткан сөзү аткарылып турса туура болот эле.
- Батукаев менен Рысбектин байланышы бар беле?
- Рысбек авамдын Батукаевден айырмасы ушунда- ал эч убакта кримкоманда түзгөн эмес. Мурунку маектеринде өзү айткандай, намыскөй кыргыз балдардын баштарын бириктирип, элдин кызыкчылыгын көздөгөн. Ар бир элдин өз жери, өз эли бар. Ошондуктан ар бир эр жигит өз элинин намысын коргогон патриот болушу керек дечү. Батукаев өз керт башынын айынан жандалбастап телевизордон элге туура эмес маалымат берип жатат. Айласы кеткенде гана Кулов тууралуу толук маалымат берет деп ойлойм. Сот бүткүчө Батукаевди жайлап салбаса болду.
Бу Батукаев, башкалар Кудай алдында ыйманын сатпай сүйлөсүн. Кимдин кандай жол менен бийликке келгени, бийлик үчүн күрөштө жанында жүргөн жан-жөкөрлөрүн кийин эмне кылганы тарыхта белгилүү да.
- Алты айдын ичинде орду толгус жоготуулар болду. Ченебеген эки депутатыбыздан айрылдык. Балыкчы шайлоо округунун шайлоочулары Жогорку Кеңешке өздөрүнүн өкүлү жоктугунан жетим баладай томсоруп турат. Сен өзүңдүн талапкерлигиңди депутаттыкка коесуңбу?
- Авам айтчу эле ислам динин бек тутуп, шарияттын жолунда жүргөн инсанга саясаттын кереги деле жок экен деп. А бирок, карапайым элге таандык ак нанды жогорку жактагы саналуу эле адамдар бөлүшүп, жеп коюп жатса, баарын көрүп туруп, чыдай албайт экенсиң дечү. Аз убакыт болсо да Балыкчы шайлоо округунун элине Тынычбек байкем, Рысбек байкем дагы мүмкүн болушунча жардам берди. Достуктун баркын башыңа иш түшкөндө билесиң дейт. Авамды жакынкы, алыскы чет өлкөдө жашаган достору Рысбек бардагыдай эле колубуздан келген жардамыбызды аябайбыз дешти. Элге жүз слм берип бай кыла албайсың, андан көрө жумушчу орундарды уюштуруп, социалдык маселелерди чечип, материалдык жардам берип, ар бир үй-бүлөнүн жашоосун оңдосок, ошол иште барк болот. Мыйзам элдин кызыкчылыгы үчүн кызмат кылышы керек. Ушул тапта Ортотокой айлында Рысбек авам курулушун баштап кеткен мечитти бүткөрүп жатабыз. Балыкчыда чач тарачты толук ремонт кылып бердим, өз элимден жардамымды аябайм. Мындан ары да, биз Балыкчы гана эмес, жалпы эле кыргыздын кызыкчылыгын көздөгөн проблемалардын үстүнөн иштөөгө умтулабыз. Турмушубузду оңдосок болот, өзүбүздүн конкреттүү идеаларыбыз бар. Буюруп, депутаттыкка кимибиз болсо да барып калсак, ошол ойлорду ачыкка чыгарабыз.
- Нурлан, бийлик өкүлдөрү ачылбай калган кылмыш болсо эле Рысбекке чаптай салууну модага айлантып алышкан эле.
- Рысбек авам көзү тирүүсүндө эле көп жалаалар жабылып, ар кандай ушак кептер таратылып жүрөөр эле. Бирок, анын бары жалаа болгондуктан Рысбек авамдын моюнуна коюп бере алган жок. Эми алар жанталашып жүрүп, атып жоготушту. Бардык жалаалар Рысбек авама жүктөлсө, буга эч таң калууга болбойт. Рысбек авам шарият жолун бек туткан киши эле. Көзү өткөн кишиге жалаа жабуу мусулмандын иши эмес. Эки дүйнөдө тең ал жакшылык көрбөйт. Бул жалаалар ким тарабынан чыгарылып жатканы бардыгыбызга белгилүү. Эми көзү өткөн кишиге жалаа жаппай эле тим койбоду. Ким жалаа жапса да эсинде болсун- авамдын артында анын абийирин, намысын коргоп кала турган ага-тууганы, жоро- жолдоштору бар.
(Уландысы бар)
Кадыр Момоев













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan