Коомдук-саясый гезит №17, 03.06.08-ж. |
Биздин күндөрдө Татьяна Бакиева мээрман эне боло алабы? Берегидеги сүрөттү көргөндө кимдин болбосун бул кайсыл бактылуу эне эгиз балдарын кучактап сүрөткө түшүптүр деген жакшы ой келиши толук мүмкүн. Бирок, сизди, бизди суктанткан сүрөттү Камилова Кыймат аттуу 61 жаштагы эне колуна алып, "Менин неберелерим" деп сүрөттү бир карап, "Кызым мени тартып, эки жолу эгиз бир жолу жалкы төрөдү" деп неберелеринин аттарын атап, Айболот, Нурболот, Калнур, Айзат, Бегзат деп кубангандай таасир калтырды. Колундагы сүрөткө тигиле карап, Кудай кээ бирөөлөргө байлыкты ченемсиз берип, бирок, ошол байлыктары көзүнө көрүнбөй перзенттүү кылбай кыйнайт тура бири кем дүйнө деген ушул дегенсип, оор үшкүрүнүп алып сөз баштады. "Мен үч жолу эгиз, жети жолу жалкы төрөдүм. Баары болуп, 13 баланы тарбиялап өстүрдүм. Сүрөттөгү кызым Батма да эгиздин түгөйү. Мени тартып эки жолу эгиз төрөдү. Бирок, жашай турган жеринин жоктугунан беш баласы менен азап чегип жүрөт" деп оор үшкүрүп , "Эгиз балдарга эне болгон кубанычын да кут кылбай жокчулук кыйнап жатпайбы" деп көзүнөн жаш кылгыртып ыйлап алды. "Неберелерим 1-июнь балдардын күнүндө маңдайы сүйүнүп, башка балдардай кубана алган жок" деп жүрөгүн өйүгөн армандуу сөздөрүн айтып, "Падышабыз мээримдүү жан көрүнөт. Көчөдө илинген көрнөк-жарнактарда балдарга мээримин төгүп күлүп, көтөрүп турган сүрөтүн көрдүм. Ажобуз чындап эле баланы жакшы көрсө, эмнеге бизге окшогон жардамга муктаж, анан калса эки-үч жолу эгиз төрөгөн аялдарга жардам бере албайт. Анан кантип Кыргызстандын калкынын саны көбөйсүн. Дагы калктын санын өстүрүш керек деп сүйлөп коюшат. Жараткан бала берсе, анын ырыскысын кошо берет деп койчу эле. Бирок, учурдагы төбөдөн баскан жумушсуздук, кымбатчылык, ансыз да араң жашоо кечирип жаткан бизге окшогондордун айласын кетирип жатпайбы.Какаганга муштаган болуп, кызым бир ай мурун эгиз уул кызын төрөгөндө ичинде бир нерсе калып калганбы айтор, төрөттөн кийин эс-учун жоготуп койчу адат таап алды. Ооруканага жатып, дарыланганы менен анчалык деле жардам болбоду. Ошону угуп, санаам тынбай, курган жүрөк чыдабай Ноокаттан борборго келдим. Кыргызчылык кылып, молдолорго дем салдырдым. Кичине жакшы болуп калды. Кудайдын мунусуна да шүгүр, деп жалынып олтурам. Кызым Батма ооруканада жатканда күчтүү дарыларды алып, жаңы төрөлгөн балдарга дарынын терс таасири тийбесин деп жасалма тамактандырууга өтүп алганбыз. Эми эмгизсе сүтү чыкпай сүт сатып алганга акчасы жок эгиздерди кантип тойгузар айласын таппай кыйналып жатат. Күйөө балам да жетим бала. Ал байкуш балдарын элден кем кылбай багайын деп Астанага иштегени кетип, курулуш болуп жаткан жерден кулап, белин оорутуп ишке жараксыз болуп келди. Жокчулук жанды кейитип, кымбатчылык жанга батып турганда акча тапчу адамы да оорукчан болуп калды. Беш баласы менен тыгылып, чычкандын ийининдей болгон Сокулуктагы кичинекей батирде баш калкашат"- дейт көзүнүн жашын чуурутуп. " Азыркынын баатыр энеси беш бала деп кулагым чалган. Союз мезгилиндегидей кылып, "Баатыр энелерге" мамлекет кам кордугуна алса болот эле. Жок дегенде жер, же Акаев доорундагыдай там берсе, көктөн тилегени жерден табылып оор турмушу жеңилдей түшпөйт беле. Биз жаман деп жерге сууга чапкылап жаткан Аскар Акаев ырайым кылып, эгиз төрөгөндөргө же үч эм төрөгөндөргө там берчү эмес беле. Эмнеге азыр ошонун бири жок. Мурдагы канайым Майрам Акаева "Мээрим" фондусун жетектеп кандай болгон күндө да бизге окшогон жардамга муктаж үй-бүлөлөргө жардам берчү эле го. Эмне азыркы президенттин жубайы Татьяна Бакиева мээрман эне боло албайбы? Боло албайт десең, теледен балдардын эл аралык күнүнө карата белек бечкегин берип, куттуктап, мээримин төгүп жүрөт. Анысы чын болсо, эки жолу эгиз төрөгөн аялдарга эмне үчүн жардам бере албайт? Деги бизге окшогон карапайым адамдардын арыз муңун укчу жан барбы? Мамлекет башындагылар күнүмдүк жыргалдын кучагынан чыга албай жатышат көрүнөт. Же биздин карапайым элдин кыйналганыбызды сезишпейби. Күндө болбосо да, анда-мында ыйлаган элдин көз жашын сүртүп, жардам берип койсо эмне. Беш баласы менен буларга квартира да табылышы кыйын экен. Балдар ыйлайт-чырылдайт дешип квартирант кылып алгандан да баш тартышат тура. Алардын баарын өз көзүм менен көрүп, заманам куурулуп олтурам. Деги бизге жардам берчү жан барбы?Айтмакчы, "Курманжан датка" фондусунун төрайымы Жылдыз Жолдошевга кайрылганымда 1000 сом берди. Ошондой эле аталган фонддун камкордугуна алабыз деди. Ага да Кудайга шүгүр,өө деп олтурам. Ч.Кутманалиева Саясый төлгө Олуя, Бурулсун Төлөмүш кызы: "үч айдан кийин Жогорку Кеңеш тарайт" Айтибай Тагаев, Жогоку Кеңештин спикери: - Ар бир пендемдин маңдайына ырыскысы, бактысы, тактысы жазылган. Негизи адам баласынын маңдайга жазылган беш кайып бар. Андан сырткары илме кайып деген бар. Илинип, чалынып, жетилелек болсо да чоң кызматтарга кокусунан келип калып жатпайбы. 1. Өмүр кайып, өмүрүбүз узун болсун деп сүрөп жүрүшүбүз керек Алладан. 2. Буйрук кайып, буюрса деш керек. Буюрса баары болот. 3.Насип кайып, бир тасмалдан даам сызуу. 4.Нике кайып, маңдайга жазылган пенделер нике буюруп үйлөнгөндөр. 5. Өлүм кайып, өлүмдү кечинен берсин, бөөдө кырсыктан, бей күнөөдөн сактасын деп тилек кылып жүрүшүбүз керек. 6. Илме кайып менен Айтибай Тагаев атабыз Адахандын ордун басып олтурду. Тажрыйбасы анча эмес. Үч ай спикер болот. Андан соң Парламент тарайт. Кайра шайлоо башталат. Туз сураган койлордой болуп элдер этек, жеңин түрүнүп, Акүй, Көкүйдөгүлөрдөн жакшы үмүттөр менен эми жашоо оңолот деп күтөт. Бирок, кайра эле телевизордогу мультфильмдегидей бүгүн көргөн эртең жок, баш аламан болот. Урмат Барыктабасов Азырынча Урмат Барыктабасовдун алыста жүрө турганы оң. Элине кайрылып келсе, ызы-чуу көп болот. Ошондуктан алыста жүрө турушу керек. Беш жылдан кийн келсе, иши да, өзү да оңолот. Чолпон Баекова, вице-спикер: - Кыргыздын Курманжан даткасы. Себеби, революцияда качып кетпей туруштук берди. Негизи ар бир адамда жакшы да, жаман да сапат болот. Аны өзүңөр жакшы билесиңер. Майрам Акаеваны канайым деп эрте атап, кубанып алган экенбиз. Аттуу баштуу кыргыз элинин аялзаттарынын жүздөрүнө көө шыбап, беттерине чиркөө кылып кетти. Ошондон улам хан болчу айымдар өйдө көтөрүлө албай жатат. Чолпон эже аялдардын көк жалы. Айтканынан кайтпаган жан. Консоттон агарып-көгөргөн. Ошол жерде эле олтуруп иштей берсе болмок. Дагы бир жолу Кукемдин бал тилине алданып,Парламентке келди. Парламент таркаса , эс алууга чыгат. Кудайым эжебиздин ден- соолугун берсин. Темир Сариев,экс-депутат: - Атың Темир, өзүң темир. Теңирим дөөтү, пайгамбарым колдосун. Темирдин башы-баш. Буга бут тоспой кызмат берсе, майын чыгара иштемек. Ар нерсеге көзү жетет. Ишине так, ак жигит, оомо эмес. Ушундай гана жигиттер эли үчүн турат. Кудай буюрса, 5-7 ай ичинде эли үчүн кайрадан тактыга келет. Азимбек Бекназаров, экс-депутат: Азимбек ден-соолугун карап олтура бергени оң. "Бөрү карыса бир койлук алы бар" дегендей жакшы эле саясий аренада эли үчүн аракеттенди. "Көнүшкөн жоо атышканга жакшы". Кукем менен тил табыша албай койду. Акыл сөзүн айтып, жазып жатып сойду да. Бирок, кызмат бербей агасын кыйнап койду да. Ошондуктан байлыгыңа, бийлигиңе да ишенбей адамдарым акылыңарга ишенгиле. П. Рысманбетова |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|