Коомдук-саясый гезит
№17, 03.06.08-ж.





  Адам өлүмүнө күлгөн болбойт

"Назиранын чырактай жаны чындык издейт"
Баатыр, сен эч качан бейкут жашай албайсың…
Баатыр Атамбаев сен данектей кызыбыз Назираны өлтүргөнүң аз келгенсип, мага акыл айтып, тыңсынып, кат жолдопсуң. Сен негизи күнөөңдү сезип, мойнуңа камчыны салып, кечирим сурагандын ордуна адам баласынын акылына сыйбаган жорукка бардың, сен ансыз деле кудайдын алдында кечирилгис күнөөгө баткан элең.
Негизи мен силерден мындан дагы жаман "заказдарды" күттүм эле, себеби, Ички Иштер министрлигине, ошондой эле бүт укук коргоо органдарга ачуу- чын, сын пикирлер мен тараптан "ачык катымда" айтылган болчу.Албетте, алар да мага "сокку" (удар) жасашы керек болчу. Бирок, менин сиңдимдин өлүмүн аралаштырып атка минген мырза жигиттер, ошондой эле сен жазган гезит ээлери мага мындай учурда "удар" жасабасаңар туура болмок, бул жасалган кадамдар кудайга да жакпаган иш болду.
Б. Атамбаев сен канчалык мени каралайм десең дагы, аның өтпөйт, себеби эл-журт, коомчулук менин ким экенимди билет. Ал эми мени мусулманчылыкка туура келбеген (өтө оор мезгилде, сиңдимди жоготуп, жан дүйнөм кейип турганда, Назиранын кыркы өтө электе) өтө ыплас, пастык менен мени сындырам десеңер анда жаңылышасыңар. Мени эч ким сындыра албайт, мурунку бийлик учурунда эчен ирет "тегирменден" өткөрүштү, бирок максаттарына жете алышпады. Сен эмес, сенин "заказчигиң" дагы сындыра албайт.
Биринчиден, Ички Иштер министри М. Конгантиевге ачык кат жазылган соң, Ош облусунун ички иштер бөлүмү тергөө ишин ачып, азыр тергөө иши жүрүп жатат, экинчиден, мен ойлойм Башкы прокуратура жана сот бийлиги акыйкатты орнотот деп.
Эми сага жооп берейин Баатыр Атамбаев, сен эгерде адам баласы ойлоп тапкан мыйзамды сатып алып, жоопко тартылбасаң, жараткандын мыйзамы алдында сен жана башкалар ушул трагедиялуу окуяга текебердик мамиле менен жасаган адамдар да өзүнүн жазасын алат деп ишенем.
Назира чынында эле өзгөчө кыз болчу, 3 жыл менин үйүмдө жашап чоңойду, тагдыр экен ата-энеси ажырашып кетишти, бирок жайкы каникулда жыл сайын биздин үйдө, шаарда, Ысык- Көлгө барып эс алышып, эс тарта баштады. 2 комнаталуу квартира алып бердик, эки бала эч нерседен кем болбой чоңоюшту. Сен жазыпсың " Фонддон деле жардам берип койбойсузбу?"-деп. Фондсуз эле үй-бүлөмдүн бюджетинен мен аларга эле эмес, канча муктаж болгон үй бүлөлөргө жардам берип келе жатам. Курманжан Датка эненин арбагына сен сөз тийгизбе. Сен эмес, бийликте олтурган анча-мынча жигиттер Эненин баркын билбейт.
Батыр, сен кудайды карап жазбайсыңбы, жалганды кантип жаздың? "Тажиясын өткөрдүк"- деп жазыпсың. Колунда жок мүңкүрөп калган бей-бечара да кызын өлтүргөн кишиге тажиясын (похоронун) өткөртпөйт. Экинчиден, сенин балаңды өлтүрүп койгон кишиден сен 100 миң сом сурайсыңбы? Балаңдын куну болгону 100 миң сомбу? Баатыр, сенин ушул жалган жалааларың үчүн мен сени сотко берем, мыйзам алдында жооп бересиң. "Заказды" аткарганда да ойлонуп, сага жазып берген кагаздарды жок дегенде окуп туруп анан кол койбойсуңбу, албетте, сен мындай катты өзүң жаза албайсың, анча-мынча журналист же болбосо юрист да жаза албайт. Ошол эле учурда бир тууган эжең Бүсара келип Назиранын тажиясында Дамира абдан кайгыга батып, шордоп турганда "Жылдыз эжең Баатырды сотко берет экен" деп дары-дармакке деп берген 8 миң сомуңарды ый, өкүрүк болуп жаткан жерде чыр салып алып кеткен. Бул чындык. Сен каяктагы тажиянын чыгымын көтөрдүм деп айтып жатасың?
Менин жана профессордун чыгымын кантип сен төлөп олтурасың, эгерде биз 12 апрелде учуп барсак, сен эмне Бишкекке келип бизге билет алып бердиңби? Ал эми 13 -апрелде кантип мен сени менен сүйлөшөм, мен сени көрбөсөм. Себеби, 12-13- апрелде биз бир гана кыздын өмүрүн сактап калуу менен алпурушуп жүрдүк. Сени мен 14- апрелде гана көрдүм саат 12лер чамасында, ошондо да катуу ачуум келип, "Кана, күнөөлүүлөр, эмне үчүн Назиранын абалын сурап коюшпайт?"- десем, сени эжелериң чакыртышты. Көрсө, сен ошондо биринчи жолу келипсиң, ооруканага. Уялбастан Дамира менен мен авария болгон күндөн баштап күнү- түнү бирге жүрдүк деп жазыпсың. Авария 12.30 да болгон. А сен болсо 11.20 да болгон деп жазып жатасың. Сага Жылдыз Жолдошованы каралоо боюнча атайын жазып берген "заказ" экени ушул фактыдан анык билинип калды. Сени мен ээрчитип реанимацияга алып барып, өлүм менен алпурушуп жаткан Назираны көрсөткөнүм ырас болгон экен. Сен канча жашасаң, ошончо Назиранын элеси сени ээрчип жүрө берет. Сен эч качан бейкут жашай албайың. Сен кайда болбогун Назиранын өлүмү үчүн жоопко тартылышың керек. Ал эми мени каралоо "заказ" оюну гезит аркылуу жазылгандан кийин Назиранын өлүмү акыйкат каралабы?- деп ойлонуп калдым…
Ал эми Баатыр Назиранын өлтүрүп коюп күнөөсүн сезбестен гезит аркылуу шылдыңдаганы үчүн ал сөзсүз өз жазасын алат.
Баатыр, сен Назираны өлтүрүп бир Кудайдын каарына калсаң, эми жалган жалаа жаап, "заказ" аткарганың, ошондой эле "заказ" бергендер да эки эсе күнөөгө баттыңар, сен болсо бул күнөөдөн эч качан арыла албайсың.
Биз өткөргөн өтө кайгылуу, аянычтуу күндөрдү- түндөрдү эч ким өткөрбөсүн, баарыңыздарга ден-соолук, балдарыңардын аманчылыгын тилеп,
Жылдыз Жолдошова
28.05.2008-ж.



Кеңешбек Ырысов, Медициналык Академиянын нейрохирургия факультетинин профессору:
- Сизге бир эле сурообуз бар, Назираны операция кылуу үчүн сизди Бишкектен Ошко ким чакырды эле жана чыгымдарыңызды ким төлөп берди? Дегеле сиз ал учурларда күнөөлүү тараптын өкүлдөрүн көрө алдыңызбы?
- Мени Ж. Жолдошова алып барган. Биз депутаттык бөлмө аркылуу аэропорттон саат 17:00 дө, 12- апрелде Ошко самолет менен учуп бардык. Барсак Назиранын абалы өтө оор, комада жаткан экен. Мен бир күн барып эле эртеси кайра кеткенмин. Бирок, ошол аралыкта күнөөкөр тараптан бир да адамды көрө алганым жок. Менин чыгымдарымды төлөп бердим деп Атамбаевдин "Де-фактого" жазганын уктум. Бирок, менин чыгымдарымды төлөмөк тургай Назиранын абалын сурап, ооруканага келип да койгон жок.
Дамира, Назиранын апасы:
- Эже, айтсаңыз, кырсык болгондо күнөөлүү тараптан сизге кандай колдоолор болду?
- Эч кандай колдоолор болгон жок. Анча-мынча гана дарыларына жардам берген, анын канча суммада экендигин биздин адвокаттарыбыз азыр изилдеп жатышат. Ал эми тажияны өткөргөн эмес. Ага бүтүндөй республикада аброю өтө чоң аял катары кайынэжем Ж.Жолдошова да эч качан жол бербейт. Экинчиден Назира кызым кайын-журтумдун тукуму, уруунун аксакалдары дагы жол бербейт.Атамбаев бул жерден өтө аша чаап, өзүн акташ үчүн жанын жеп, кудайга жакпаган жалган сөздөрүн айткан. Дарыга деп берген 8 миң сом акчасын кайтарып бергиле деп эжеси Бүсара тажия күнү чыр чыгарып алып кеткен.
- Б. Атамбаев сизге качан жолукту?
- 14- апрелде кайынэжем "кана күнөөлүү тарап" деп сурап жатып, чакыртып жатып араң келген. Ага чейин күнөөлүүдөй болуп бир да басып келген жок. Эгер адамкерчилиги болсо кырсык болгондо, макул мен Казакстанда болоюн, үйдө кыздын атасы бар эле да. Эмнеге ага жолукпайт? Мен деле 12синде келдим. Басып келген жок.
- Кырсык болгондон баштап аялым экөөбүз Дамиранын жанында ооруканада болдук дептир го?
- Калп. Мен капитан Мадумаровду да ушул күнгө чейин көрө алган жокмун.
- Мадумаровдон башка укук коргоо адамдары келдиби?
- Келген жок. Мына тажиясы түгүл кызымдын кыркы өттү, Карасуу ички иштер бөлүмүнөн келдим деген бир милицияны көрө элекмин. Ал эми кайынэжем Ж.Жолдошова жазган ачык каттан кийин Ош областык ички иштер бөлүмү тергөө ишин козгогон. Мен бул иш акыйкат тергелип, соттор дагы акыйкат чечимин чыгарат деп ишенем.




Үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде 13 жашар Назира оор автокырсыкка кабылган. Авария Ош шаарынан аэропортко алып барчу трассада болгон экен. Ал эми кырсыкка учураган автомашинанын айдоочусу болгону 12 гана жашар, оозунан эне сүтү кете элек жаш баланын болгондугу кимди болбосун ойлондурбай койбойт. Ага ким машинаны айдоого уруксат берген? Кеп ошондо. Эгерде биз "Курманжан Датка" фондунун жетекчиси Ж. Жолдошованын "Лица"(24- апрель, 2008-жыл) гезитине берген макаласына таянсак, анда кытай компанияларынын биринде иштеген Баатыр Атамбаев аттуу адам өзүнүн 15ке дагы толо элек уулуна "Джип" маркасындагы кызматтык автомашинасынын ачкычын берип, картошка салынган каптарды ташып келүүгө жибергендиги айтылат. Жолдо келатып, ал үч окуучуну мектепке таштап коюну чечет. Бала, баланын иши чала деп кыргыз бекер жеринен айтпагандыр, эдиреңдеген уул тез ылдамдыкта айдап бараткан автомашинаны башкара албай, натыйжада машина ала салып кеткен. Жүргүнчүлөрдүн ичинен бир гана Назира оор жаракат алган. Тилекке каршы, кан көп жоготкон окуучу кыз 8 күн ажал менен алышканына карабай о, дүйнө салып кете берген.
Жылдыз айымдын айтуусунда кылмыш ишин ачтырбоо үчүн Атамбаев тиешелүү адамдарга 10000 сом берген экен.
Албетте биз журналист катары он гүлүнүн бир гүлү дагы ачылбай, балалык бае мүнөзү кала элек, оюнга тойбогон курагында каза болуп калган Назиранын өлүмү үчүн ким күнөөлүү деген гана суроого жооп издөөнү көздөдүк.
Жылдыз Жолдошова, "Курманжан Датка" фондунун жетекчиси:
- Айтсаңыз, Б.Атамбаевди сотко берем дегениңиздин себеби эмнеде?
- Мен премьер-министр И. Чудинов баштаган делегация менен Польша, Латвия, Белоруссияда жүргөн кезде Атамбаевдин каты жарык көрүптүр. Келгенде билдим. Ушундай ыплас сөздөр менен, менин гана аброюма эмес, Курманжан Датка энебиздин атын алып, нечен майыптарга жардамы тийип келген Фонддун дагы аброюна доо кетирген катты окуп алып, абдан жаман болдум. Биздин Фонд канча кыйынчылыктар болбосун, жеке өзүмдүн канча ден-соолугум кетсе дагы, акча маселесин кыйынчылыктар менен чечсек дагы 2005- жылдан баштап 200 дөн ашык өтө татаал диагноздогу балдарды алыскы жана жакынкы өлкөлөрдөн 5-50 миңге дейре АКШ долларына турган операцияларды жасатып өмүрүн улап келе жатат. Мисалы,Аман Абыкеев деген жүрөк оорулуу баланы 2005-жылы, анда 4 жашта эле, АКШнын клиникасы бекер дарылоого(операциянын баасы 80 000 доллар) макул болуп, биз жолуна 3000 доллар таап бердик. Ошондой эле жалгыз бой эненин Элеман аттуу 3 жаштагы уулун, Оштон келген Нурсултан деген баланы, Москва районунан келген 16 жашар Тыныбек уулу Адилетке ж.б. жардамыбыз тийди. Тыныбек уулу Адилетке 12 000 доллар, дагы бир Олеся Мауль деген кызга 44 000 доллар каражатты биздин фонд элге кайрылып жатып чогултуп бергенбиз. Бул балдардын бардыгынын диагноздору татаал болуп, аларга чет өлкөдөн гана операция жасоо керек болгондуктан алардын ата-энелери бизге кайрылышкан. Биз алардын өчүп бараткан үмүтүн жандырып, чоң жардам бере алгандыгыбызга сыймыктанабыз. Бул эмгектер азыр айтылбаса да качандыр бир мезгилде айтылат. Бирок, азыр менин кабыргамды ушунчалык кайыштырып, сыздатып, боздоткон нерсе, сиңдим Назиранын жаш кеткени. Акыйкат табылып, Назиранын арбагы тынч жатса дейм, жараткандын алдында күнөөлүүлөр өз жообун алышаарына мен ишенем. Ал эми 12 жашар баласына машинасын айдатып, ошонун кесепетинен Назиранын өлүмүнө себепчи болуп, жалган жалаа менен, биздин фондго тийишип, тажияны мен өткөрдүм, профессор менен менин чыгымымды көтөрдүм деп, анысы аз келгенсип мени акча сурады дегени үчүн Б. Атамбаевди жана "заказной", такталбаган маалыматты коомчулукка таратып, менин жана фонддун аброюна доо кетиргендиги үчүн "Де-факто"гезитин дагы мен сотко берем. Мыйзам алдында жооп беришсин.
- Кечиресиз, газета сиздин жана Атамбаевдин катын чыгарды да...
- Атамбаевдин катын түрдүү шрифтер менен кооздоп, жалган маалыматты өзгөчөлөнтүп, аз келгенсип басмырлап, шылдыңдагансып сиңдимдин сүрөтүн Атамбаевдин заказной катына тиркеген "Де-фактонун" башкы редактору Ч. Орозобековага телефон аркылуу байланышсам кыйкырып мени укпай койду. Андан кийин Атамбаевдин катына жооп жазып алып бардым, бир чети редактор айымды көргүм келди. Барып, эмнеге такталбаган маалыматты бердиң, мейли Назиранын арбагын сыйлаба, бирок журналистикадагы этиканы сактап, жок дегенде Атамбаевдин жазган катынын негизинде мага да суроолоруңду берип, экөөбүздүн сөзүбүздү тең жарыкка чыгарбайсыңбы дедим. Чолпон айым мага жооп бермек турсун башкы директор Ж. Эдигеев менен да сүйлөштүрбөй койду. Ушундан соң мен заказной материал экендигине көзүм жетти. Албетте, заказчиктер чоң сумманы сунушташкан, бир топ гезиттерге. Бирок, эч кимиси баспай койгон. Мисалы, алар "Жаңы ордо" гезитине да барган, алар баспай коюшуптур. Биринчиден, алар Назиранын арбагы акыйкат таппай учуп жүрсө, экинчиден, аймончоктой кызды өлтүрүп коюп дагы ушундай ыплас дооматтарды коюп келгенине ачуулары келип, үчүнчүдөн, "Биз Ж. Жолдошованын ким экендигин билебиз" дешип заказ материалды басуудан баш тартышкан. Эне, аял деген кандай кырдаал болбосун биринчи кезекте ошол кырдаалга өзүн коюп көрөт. Гезиттин аты менен менин жана мен жетектеген "Курманжан Датка" фондунун аброюна шек келтиргендиги үчүн ал гезит да мыйзам чегинде жооп берүүгө тийиш.
Биз бул тууралуу экинчи тараптын да пикирин угуу максатта "Де Факто" гезитинин редактору Чолпон Орозобековага кайрылдык:
- Биз адегенде Жылдыз Жолдошеванын кайрылуусун бергенбиз. Андан кийин анан Баатыр Атамбаевдин кайрылуусун чыгардык. Эч кандай комментарий бербестен эки тараптын тең пикирин берип, журналисттик милдетибизден кутулдук.

Даяардаган
А.Асанбекова













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan