Коомдук-саясый гезит
№17, 03.06.08-ж.





 "Сынган кол жең ичинде"

(Башы 2-бетте)
- А. Мадумаров ремонт кылам дегенден жаңылдыбы же кызматтан кетишинин дагы башка себептери барбы?
- Менин оюмча, төрагалыкка А. Мадумаровдун талапкерлиги компромисстик талапкер болгон. Ал эми компромисс тең тайлашып турган учурда гана орток жыйынтыкка келет. Келишим эл алдында ачык болсо, бузулбай калмак. Келишим жең ичинен болгондо ким күчтүү болуп кетсе, ал келишимди буза берет. Бул жерде экинчи тарап күчтүү болуп, келишим бузулуп калды. Баланс бузулуп, экинчи тарап, өтө жогорку күчкө ээ болду дегенди билдирет. Ремонт маселеси жөн гана шылтоо болду. 40 млн. абдан көп акча экен деп айтып чыгышты. Бирок, эки күндөн кийин Президент Бакиев өзү айтпадыбы. "Туура, мага келишкен төрага орун басарлары менен. Мен макул болгом. Бирок, азыр эмес. Жаңы жылдан кийин эмдиги жылы жасасаңар жакшы болот эле дедим" деп айтты. Эмдиги жыл деген январь ага алты ай калды. Ага акчаны бүгүндөн камдап бөлүп бериши керек. Ошондуктан президент бул маселе боюнча каршы болбогонун өзү айтып олтурат. Менин оюмча, Адаханды ушул учурдан пайдаланып, кызматтан алып салышты.
- Эл арасында күзүндө президенттик шайлоо болот деген имиштер арбын айтылып калды…Кокус президенттик шайлоо болсо, шайлоого аттанасызбы?
- Мен имиштерге комментарий бере албайм. Күтүүсүз саясий өзгөрүүлөр болушу мүмкүн. Анткени, өлкөдөгү кырдаал кескин өзгөрөт. Бүгүнкү бийликтегилердин күн өткөн сайын абалы начарлап, элдин аларга болгон ишеними жоголуп барат. Мына ошондуктан ыңгайлуу убакытта опоненттери, атаандаштары даяр боло электе күтүүсүздөн акция жасап, 5-7 жылга өз абалдарын бекемдөөгө аракет кылышы мүмкүн.
Аны мен азыр ачык айта албайм. Убакыт көрсөтөт.
- Андан тышкары жаңы жылга жаңы Парламент менен барып, референдум болот деген имиштер да бар…
- Билбейм. Кайра -кайра эле референдум боло бербесе керек. Анткени, референдум деген шайлоого тете иш чара да. Андан кийин дагы шайлоо өткөрсөк кандай болот? Биз өкмөттү жылына экиден алмаштырып жатабыз. Министрлер, губернаторлордун алды үчтөн алмашылды. Мына ушундай учурда кайра-кайра парламентти да алмаштырсак кандай болоорун билбейм. Кандай саясат болуп кетет. Өз акылы болуп туруп, өз убагында мүмкүнчүлүк саясий кырдаал талап кылып калса, анда биз кайра шайлоого барууга мажбур болобуз. Барганга мажбур болсок түшүнсөк болот. Саясий оюн, технология катары мындай кымбат баалуу элдин эркин кайра-кайра бурмалап, алдай бере турган жол болсо, менимче мунун аягы жакшылык менен бүтпөйт.
- Революцияны чогуу жасаган адамдар Курманбек Салиевичтен алыстап бара жатат. Бул эмнени каңкуулайт?
- Менимче, өз эрки менен кеткен революционерди байкаганым жок. Ал тээп кетирип жатат болуш керек. Март окуясын жасап, Бакиевди кызматка алып келген адамдар аны менен тең атабыз деп өздөрүн эсептешет. Өзүлөрүнүн саясий кырдаалга көз караштары бар. Аны ачык айтпаса да ойлорун сактап анда-мында айтып жүрүшөт. Ал эми бийликтин абалы чатактаганда бийлик өзү саясий тарыхы өзүнөн көз каранды болгон адамдарга "Ак Жол" партиясынын депутаттары бүгүнкү абалы үчүн президентке ыраазы. Анткени, аны ошол алып келип койгон. Ошол ордун алып коюшу мүмкүн. Мен өзүм өтүп келдим деп эч ким айта албайт. Президент өзүнүн айланасына өзү бутуна тургузуп, өзү тандаган адамдарга таянсам деген аракети болуп жаткандай.
- Коомдук парламент бийликке таасир эте алдыбы?
- Коомдук парламенттин таасир этүүсү түздөн-түз билинбейт. Бирок, коомдук парламент кооомдук пикирге таасир этет. Өлкөдө болуп жаткан кээ бир процесстерге өзүнүн көз карашын жеткире алды. Маселен, территориялык, энерго секторлук маселелер боюнча. Башка коомдук институттардай эле коомдук парламенттин да салымы болду.
- Кулов энергосекторго кызматка келеринде сиз менен кеңешкен дейт. Ошол чынбы?
- Ал маселе боюнча кеңешкенибиз жок. Бирок, мен түшүнүү менен кабыл алдым. Ар бир саясатчы өз саясий келечегин иштөө ыкмасын бийлик менен мамилелешүү формасын аныктап алса болот. Бийлик менен таптакыр эле мамилелешпейбиз, саламдашпайбыз деген туура эмес. Тегерек үстөлдө, конференцияларда кат аркылуу билдирүү жасоо жолу менен бийлик менен кызматташса болот. Ошондой эле митинг, пикет да бийлик менен кызматташуунун формасы. Алар таптакыр укпай сокур болуп калганда айласыздан митинг, пикет чыгат. Ошондуктан тигил саясатчы же партия пикир алмашып, консультация алып жатыпыр деп күнөөлөп кээде чалкабыздан түшүп калабыз. Негизи баа берүүдө этият болушубуз керек. Кимдин кандай максаттары бар экени карап анан баа беребиз.-
- Оппозициянын кадыры кетип калды дегенге макулсузбу?
- Коомдук кырдаал тынымсыз өзгөрүп турат. Ардайым эле оппозиция 2006-жылкы ноябрь айындагыдай кардуу жана күчтүү болуп турбайт. Башка өлкөлөрдү карасак деле ушундай. Мезгил-мезгили менен кырдалга бийликтин кетирген кемчилигине жараша толукталып турат. Калган убакта оппозиция коомдук пикир менен иштейт. Бийликтин кетирген кемчиликтери, өзүнүн программа көз караштары жөнүндө айтып, коомдук пикир менен иш алып барат. Бул табыгый нерсе. Бул оппозициянын алсыздыгы эмес.
-Ф.Кулов, М.Эшимканов, А.Атамбаевдердин оппозицияга келип, кетиши оппозицияга терс
таасирин тийгизген жокпу?
- Оппозиция биринчи кезекте адамдардын туруктуу составы эмес. Оппозициянын тутунган адамдар өзгөрүп турушу мүмкүн. Бизден башка демократиялык өлкөлөрдө деле партиялар бийлик менен компромисске барып, жоопкерчиликти өзүлөрүнө алып, бийлик менен карама-каршы болгон учурду официалдуу айтып, өкмөттөн кетип, оппозицияга өткөн учурлар көп кездешет.
Ч.Кутманалиева




  Насваизация

Баңгиликтин башаты
Учурда жаштардын арасында кеңири тараган "оокаттардын" бири насвай. Лекция учурунда насвай аткан студенттерди мындай кой, сабак маалында нас "чикать" эткен окуучулардын саны көбөйдү. Иши оңоолордун ити чөп жейт деген сөз бар. Улуу сөздө уят жок, насвайдын тооктун кыгынан жасалаарын эске алып, жогорку сөздү азыркыга которо келсек, заманы "оңолоордун" балдары бок жейт болуп жүрбөсүн? Бул баңгиликтин башаты. Жеңил наркотик. Мындан жапа чегип милицияга арыздангандар, ал тургай ден соолугуна зыян таап ооруканага кайрылгандар жок. Андыктан бул маселе мамлекеттин башын оорутпайт. Дегеле бар жогу билинбеген нерсе. Бирок…

Эл аралык наркобизнестин кол баласы
Насвайчылар тажрыйбасын мектеп курагынан башташат. Мектептин залдарын, класстын полдорун көк-жашылга боёп жаткан балдарын тыя албай педагогдор убара. Энелер балдарынын чөнтөктөрүнөн уйпаланган оокаттарды таап алып урушкандан тажап бүтүштү. Насвайдын жакшы нерсе эместигин педагогдор, ата-энелер билет дечи, бирок бул өнөкөттүн арты эмне менен бүтөөрүн жаш насвайчылар анчейин биле беришпейт. Токсиндерге болгон көз карандылык күчөй берет. Анын курамына айрым учурларда героиндин чаңын да кошуп колдонгон учурлар катталган. Расмий түрдө баңги заттардын катарына кирбеген соң насвайды базарлардан тамеки, семичке сыяктуу эле сатып алууга болот. Айрым амалкөй тың чыкмалар абалдан пайдаланып насвайды бизнеске, жөн эмес, баңги бизнеске айландырууга кызыкдар. Насвай бүгүнкү күндө Орто Азия мамлекеттеринде гана мода эмес. Акыркы мезгилдерде мурдагы СССРдин ар кайсы шаарларында жаштар наркотиктин белгисиз бир түрүн модага айлантышты деген маалыматтар алына баштаган. Учурда Орто Азиянын аймагынан алыс чыгып, чет өлкөлөргө ийгиликтүү экспорттолуп жатат. Бир пакет насвай болжолу 30 дозага барабар. Анын баасы Казакстанда 10 теңге (1АКШ доллары 130теңге) же 10 америка центине тете. Ал эми Кыргызстанда 2 сом же 5 цент. Товар Россияга жеткенде баасы кымбаттап, бир пакети 10дон 100 рубльга чейин жетет же 0.3 тартып 3 АКШ долларына бааланат. Кызыкчылык ушунда жатат. "Грандтабак" табак дистрибьютерлеринин ассоциациясынын (http://www.grandtabak.ru/rus/businesshotnews/2004/aug.html), маалыматына таянсак 2004-жылдын биринчи жарымында Россия 67 тонна (16.5 миң долларга бааланган) көлөмдөгү насвайды импорттоп алган. Бир кило товардын наркы 15 центтен 1.1 долларга чейин бааланган. Бул бажыда катталган баа, ал эми базарда канчадан сатылаары так белгилүү эмес. Насвай Казакстандан, Кыргызстандан, Тажикстандан да келе баштаган. Орус наркологдорун баасы 1.1доллар болгон тажик насвайы өзгөчө тынчсыздандырат. Анткени Тажикстан ооган апийимин таркатуу боюнча негизги борбору. Насвай Россиянын дээрлик баардык аймактарында жаштардын жакшы көргөн өнөкөтүнө айланып отурат. Буга эмгек мигранттарынын да салымы бар. "Финансовые известия" басылмасынын маалыматы боюнча Россияга насвайды жалгыз канал -Казакстандык жеке ишкана алып кирет. Бул контрабанда болгондуктан баасы жана көлөмү тууралу маалыматтар жок. Жаштарынын наркотиктин жаңы жеңил түрү менен алектенип баштаганына Украина жана Белоруссия өлкөлөрү да кабатырланууда. Эстониялык ММКлар да жаштарга дискотекаларда насвай сунушталып жатканын кабарлашкан.

Насвай таржымалы
Насвайдын белгилүү болгон Ташкент, Анжиян, Фергана жана башка түрлөрү бар. Ар бири өзүнчө технология менен жасалат. Мындан сырткары жасалыш ыкмаларына карата жергиликтүү сорттор да кездешет. Илгери өсүмдүктөн жасап келишкен. Бүгүн болсо негизги компонентин махорка, акиташ, айрым өсүмдүктөрдүн уругу жана төөнүн же тооктун кыгы, айрым учурларда май колдонулат. Мурда күкүм бойдон пайдаланып келишкен. Жаңы -майдаланган макарон формасын алууда кадимки "мясорубканы" колдонушат. Бул массалык колдонуу күчөп, өндүрүүнүн жарым-жартылай фабрикалык жолуна түштү дегенди билдирет. Бул көрүнүштү теске сала турган мыйзам базасы жок. Андыктан аны менен иштешүү мүмкүн эмес. Азыр насвай саткандарга чара көрмөкчүмүн деген милиционер өзү кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Эгер насвай баңги заттарынын катарына кире турган болсо абал түп тамырынан бери өзгөрмөк. Россияда насвайга статус берүү багытында мыйзам долбоору даярдалып, курамын, зыяндуулугун аныктоо үчүн лобараторияларда эксперттер иш алып барууда. Бизде "Мындан башкасы жетишпей жаткансып, кайдагысын таап чыкты" деп айтышаары турган иш. Насвайдын айрыкча жаштар арасындагы масштабы эмнегедир эч кимди тынчсыздандырбайт. Бул багытта Түркмөнстандын тажрыйбасына токтоло кетүү абзел. Түкмөнбашы Ниязовдун 2004 -жылдын 13 августундагы указына ылайык насвай колдонууга министрликтерде, баардык мекеме-ишканаларда, аскер жайларында, окуу жана балдар мекемелеринде, театрда, транспорттун баардык түрлөрүндө, деги койчу, дегеле коомдук жайлардын баарында тыюу салынган. Сатууга шаар чекелериндеги мал базарларда гана уруксаат берилген. Коомдук жайда колдонгондорго эки минималдык айлык акы (85 доллар), саткандарга 170 доллар айып тагылган. Кечээ жакында түркмөн бийлиги насвай кургак учук жана рак ооруларына алып келет деп билдирип насвай колдонууга расмий тыюу салды.

Медицина эмне дейт?
Айрым насвайчылар тамекиден кутулуу үчүн колдоном дешет. Анүстүнө быкшыган түтүнү жок, баасы да абдан арзан. Бирок билгенге мунун зыяны абдан чоң. Жөнөкөй мисал, тооктун богун жеп алып ууланып өлгөн кой-эчки, тай-торпокторду айылдык ар бир кыргыз билет.
1. Өзбек онкологдорунун маалыматы боюнча, тил, эрин жана ооз көңдөйүнүн рак оорусуна чалдыккандардын 80% насвайчылар.
2. Насвайдын курамында жаныбарлардын кыгы, акиташ болгондуктан ар кандай инфекциялык ооруларга, ошондой эле гепатит вирусуна чалдыгуу коркунучу чоң.
3. Каалаган бир өсүмдүктүн түбүнө чылап туруп тооктун кыгын куйса өсүмдүк күйүп кетээрин ботаниктер жакшы билет, акиташ деле ошол. Врачтардын айтымында адам организми деле ошондой: ооз көңдөйү, ичеги карын жабыркайт. Акыры ашказан жарасы пайда болот.
4. Адистердин айтымында насвайдагы табак чылым чегүүдөн да зыян. Никотинге болгон көз карандылыкка алып келет
5. Наркологдордун айтымында насвайга табактан сырткары заттар да колдоннулгандыктан, никотинден башка да химикалык заттарга көз карандылык жаралат.
6. Насвайды психотроптук заттарга кошсо болот. Муну колдонгон өспүрүмдүн психикалык өнүгүүсү начарлап, кабыл алуусу, эске тутуусу начарлайт.
7. Жаш өспүрүмдөр үчүн насвай атуу тез арада адатка айланып норма болуп калат. Мындан да күчтүүсүн издей баштайт. Баңги заттарын колдонбойт деп эч ким кепилдик бере албайт.
8. Насвайчылардын айтымында тиштер да катуу жабыркайт.
Урунаарга жоо таппай турган жаш өспүрүмдөр арасында насвай тууралуу ар түрдүү мифтер айтылып жүрөт. Улуусу кичүүсүнө ушинтип үйрөтөт. "Косяк" кетиргендерин насвай жегизип жазалаган учурлар да болгон. Бул илдетке каршы күрөшүүнүн учурдагы жалгыз жолу -анын зыянын түшүндүрүү. Мыйзам жаатындагы кемчиликтерден пайдаланган амалкөй замандаштарыбыз балдарыбыздын ден соолугуна жана келечегине балта чаап жатат. Айтайын дегеним, алар жоктон, жоктон эмес боктон акча жасаган шумпайлар.

Урмат ИМАНАЛИЕВ













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan