Коомдук-саясый гезит
№17, 03.06.08-ж.





  Дил маек

"Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев:
"Сынган кол жең ичинде"
- Айтибай Тагаев парламентти башкарып кете алабы?
- Мурунку парламентти башкарып, ишин жөнгө салып кете алмак эмес. Азыркы парламентти башкара алат деп ойлойм.
- Спикер деген кандай сапаттарга ээ болушу керек?
- Мен Айтибай Тагаевди мен жакшы адам катары билем. Саясатчы катары билгеним жок. Жумушту кандай алып кетет анын жеке өзүнөн анан "Ак Жол" партиясынын ага болгон мамилесинен көп нерсе көз каранды. Бирок, төрага биринчиден, компроммисстик фигура болуш керек. Экинчиден, ал Кыргызстанда болуп жаткан процесстерди үстүнөн көрө билип, стратегиясын байкап турган бийик деңгээлдеги адам болушу керек. Мыйзам чыгаруу жаатында тажрыйбасы болуп, ушул мыйзам чыгаруунун технологиясын жакшы билиши керек. Анткени, кабыл алынып жаткан мыйзамдар адатта төрага комитетин жетекчилерине чоң таасири болот. Кээде айрым мыйзамдар парламентте талаш-тартышты жаратып, Парламент толугу менен талкуулап, ар ким ар жактан чыкканда мыйзам кээде түп тамырынан бери өзгөрүп кетиши мүмкүн. Ал жерде спикер мыйзамдын негизги багытын зарыл болгон учурда комментарий берип, мыйзамдын негизги багытын, максатын маңызын сактай билгендей болуш керек. Экинчиден, спикер чоң саясий салмагы бар адам болуш керек. Президент Кудай сактасын, кокусунан өз милдетин аткаралбай калса, төрага убактылуу президенттин милдетин аткарат. Мунун өзү Парламентте өлкө лидерлеринин бири олтурушу керек деген сөз. Бул өлкө үчүн запастык жол болушу керек. Кээде негизги парашют ачылбай калса, башка парашютун ачкандай эле зарыл болгон учурда негизги парашютту ачып, алмаштырганга бардык параметрлери төп келиши керек. Фракциянын лидеринин орду да кем эмес. Анткени, азыр партиялык Парламент болгондон кийин партияда, парламентте ким үстөмдүк кылса, өлкөнүн саясий келечеги үчүн өлкөнүн жоопкерчилигин алган группалар болот. Мына андай касиетке ээ болгон парламенттин үчтөн эки бөлүгүнө ээ болгон " Ак Жол" партиясы. Демек, анын фракция жетекчиси да, өлкөлөрдүн лидерлерине тете адам болуш керек. Ал өлкөнүн стреотиги, идеологу, жүзү болуш керек. Анткени, "Ак Жол" партиясы өлкөнүн тарыхы үчүн жоопкерчилигин алды. Ошентип, ушул үч илтик өлкөнүн келечегин аныктаган сапатка ээ болушу керек. Ал үчөө биригип, алар сунуштаган идея, программа өкмөткө аткарып турушу керек. Өкмөттүн үстүнөн көзөмөл жасай турган орган үч лидер. Канчалык даражада булар өзүлөрүнө койгон жүктү алып кете алат. Канчалык талапка жооп бере алат. Муну эл өзү көрүп билет деп ойлойм. Убакыт көрсөтөт деп ойлойм.
- Адахан Мадумаров менен сиздин спикерлик кызматтан кетишиңиздин кандай айырмасы бар?
- Азыркы парламент менен мурунку парламенттин асман менен жердей айырмасы бар. Мурунку парламент бийликке көз каранды болгон эмес. Көпчүлүк учурда өз алдынча чечим кабыл алып, зарыл болгон учурда президенттин каршы пикирлерин аттап өткөн парламент болчу. Ал эми 2005-жылдын аягына чейин парламент өлкөдөгү саясий окуялардын лидери, негизги демилгечиси болгон. Президент тескерисинче, өз демилгесин жоготуп окуянын артынан ээрчип калган. Ошондуктан ал кездеги президент менен парламенттин ортосундагы карама -каршылык эл алдында эмне үчүн ,кайсыл максатта карама-каршылык жүрүп жатканы көрүнүп турган. Ал эми азыркы парламент партиялык тизме менен шайланып, 70%га жакын орун "Ак Жол" партиясынын депутаттары демократиялык өлкөдө жок кээ бир нормаларды киргизип, демократиялык принципти, жакшы идеяны бузуп жатабыз. Негизи мандаттын эки түрү болот. Эркин мандат жана императивдик байланган буйрутма мандат. Эркин мандатты депутат өз абийири өз түшүнүгүнүн алдында гана жооп берип, эркин добуш берет. Ал эми императивдик мандат шайлаган же дайындаган институттун көрсөтмөсү, буйругу менен добуш берет. Тилекке каршы, Конституцияда императивдик мандатты киргизип койдук десек болот. Анткени, партия өзүнүн депутатын чакырып, мандатын алып коет деген жобону киргиздик. Бул "Ак Жол" партиясынын төрагасына Бакиевден депутаттын орду анын саясий келечегине түздөн-түз көз каранды дегенди билдирет. Ошентип парламенттин көпчүлүгү президентке баш ийген институт болуп калды. Эмнени айтса ошону аткарат. Мына ушул учурда "Ак Жол " фракциясынын ичиндеги саясий ыркы келишпестикти , Президент менен анын опаненттеринин ортосундагы пикир келишпестик катары кароого болбойт. Бул көмүскө, ачык эмес. "Сынган кол жең ичинде" болсун деген принцип менен президенттин айланасындагы группалардын чабышуусу, карама-каршылыгынын негизинде болду деп ойлойм. Жаңжал чыккан күнү депутаттар Адахан Кимсанбаевичти 70% депутаттар "Ак Жолдон" колдоп, чекесине черттирбейбиз деп турушкан. Эртеси эле баары теңирден тескери кетип, Адахан Кимсанбаевичтин "Мен жумуштан кетем" деген арызын бир добуштан колдоп, бирөө гана каршы болуп олтурат. Билесиз, убагында мен да эки жолу арыз бергем. Биринчи, арызымды Парламент күн тартибине киргизбей карабай койгон. Экинчисин канаттандырбай койгон. Үчүнчүсүндө, эмгек Кодекси боюнча арыз жазып, добушка койбой эле кеткем. Ал кездеги карама-каршылык чоң саясий көз караштан улам келип чыккан. Менимче,
А. Мадумаров экөөбүздүн кызматтан кеткенибиздин формалдуу окшоштугу болгону менен маңызы боюнча бири-бирине окшобойт.
(уландысы 3-бетте)




  Чак түш

Доогер автор студент экенин билет болду бекен?
Кечээ Биринчи май райондук соту Жаныш Бакиевдин уулу Асылбек Салиевдин доо арызын канаатандырып, "Алиби", "Де- факто" гезиттерин ар бирин 1млн. сом, макаланы даярдаган журналист Урмат Иманалиевди 3 миң сом айыпка жыкты. Макалада жол кырсыгы жазылган эле. Адам өлүмү менен аяктаган кырсыкка Салиев Асылбектин тиешеси бар болушу мүмкүн дегени соттошууга себепкер болгон. Сот доогердин моралдык чыгымын 2млн. 3 миң сомго баалады. Ал эми ал кырсыктан каза болгон Молдакунов Акбардын артында калган үй-бүлөсүнүн тапкан запкысын акча менен эсептөөгө мүмкүн эмес. Ишти судья Мадина Давлетбаева карап, бүгүн чечимин чыгарды. Чечимге нааразы болгон "Де Фокто" гезитинин жактоочусу Шамарал Майчиев жогорку сот инстанцияларына апелляциялык арыз менен кайрылаарын билдирди. "Де-факто" гезитинин башкы редактору Чолпон Орозобекова соттун чечимин оппозициялык гезитти жабуу аракети катары баалады. Ал эми "Алиби" гезитинин редактору Бабырбек Жээнбеков белгисиз себептер менен сот ишине келген жок.




  Саясый пульт

Акжолчунун ажалына ким күнөөлүү?
Беш күндөй дайынсыз жоголгон базардын директору, Арсланбаб айылынын тургуну А. Базаровдун башы кесилип, тулку бою калган сөөгү 6-май күнү Ош-Бишкек трассасындагы суу сактагычтан табылган. Башы али күнгө чейин табыла элек. А.Базаров жөнүндө маалымат берип өтсөк; 2007-жылы парламенттик шайлоо учурунда президенттин партиясынын жергиликтүү координатору болгон. Шайлоо бүткөн соң Базаров партиянын ишмердүүлүгү менен алектенген эмес деген пикирлерин жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү билдиришти. Муну менен айыл башчылары президенттин партиясына шек келтирбөө аракетин кылышкандыр бирок, маркум Базаров партиянын курамында да. Мына ошондон улам орган кызматкерлери Базаровду издөөдө түгөл көтөрүлүштү дейт укук коргоочу А.Аскаров. Акжолчу Базаровду ким өлтүрдү деген суроо бир эле орган кызматкерлерин эмес коомчулуктун да кызыгуусун туудурду. Милиция кызматкерлери маркум дененин уюлдук байланышындагы акыркы чалуулардын негизинде "Хизб ут-Тахрирдин" мүчөсү А.Алибаевди аныктап иликтөөлөрдүн негизинде аталган партиянын активисти Н.Мулладжанов кармалды. Ал кармалганда да жарым килограмм героин менен кармалган.
Бул окуянын жүрүшү саясатка айланып бара жаткандай шектүү деп кармалган Мулладжановду ИВСтен уруп сабоо менен коркутуп ,адам өлтүрүү кылмышын мойнуна алдырган деген негизде укук коргоочулар ызы чуу салышкан. Мулладжановдун каты Акыйкатчыга чейин жетип көз карандысыз иликтөө башталган чагы. Ток этээр жери акжолчу Базаровду өлтүрүү кылмышын тез арада ачуу үчүн областтык органдар күч колдонуу аракетин кылгандыр…..




Майлуусуудагы ууланууга чекит коюлду.
19- февралда Майлуусуу шаарындагы №5 мектепте тамак аштан ууланып 75 окуучу ооруканага түшкөн эле. Бул окуя боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин ачып иликтөө жүргүзүп ишти сотко өткөзгөн эле. Соттун жыйынтыгы боюнча мектептин ашпозчусу бир жылга, билим берүү бөлүмүнүн башчысы 4 жылга эркинен ажыратылды. Ал эми эми мектептин директоруна жана санэпидемнадзордун башкы врачы кылмыш жообуна тартылган жок.
Ошентип ажобуздун бекер тамагы балдардын өмүрүнө коркунуч алып келип олтурат.Балдардын саламаттыгын биринчи кезекте мектеп башчысы жана санитардык абалды көзөмөлдөгөн адамдар жоопкер. Кыргызстандын гумандуу соттору балыкты башынан эмес куйругунан тазалайт да.












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan