Коомдук-саясый гезит
№16, 28.05.08-ж.





  Замира Ибраимова "Дизайн мода"
моделдик агентствосунун директору:

"10 жылдыкты "скромна" эле өткөрөбүз"
- Замира Алымбековна, "Дизайн мода" моделдик агентствосун ачуу идеясы кантип пайда болду эле?
- Идея Москвада тикмечи-конструктордун окуусун бирге окуган курсташ кызым Татьяна Антоненконуку. Окууну бүткөндө ал Алматыда өзүнүн моделдик агентствосун ачып иштеп жаткан. Мен да Бишкекте "Илбирстин" имаратында ушул эле тармакта иштечүмүн. 1998-жылы Таня мага "Кыргызстанга моделдик агентство ачалы" деген сунушун киргизди. Идея мага да жагып, дароо ишке кириштик. Баардык нерсенин жаңыдан башталышы кыйын болот эмеспи. Биз да имаратыбыз жок, финансы тартыш болуп абдан кыйналдык. Ушундай кыйын учурда бизге Конволдук-нооту комбинатынын директору Б. Акказиев имарат жагынан колдоосун көрсөттү. Ошентип, Алматыдагы модель кыздар Кыргызстанга келишип, биздин кыздар менен тажрыйбаларын бөлүшүп, иштеп жатышты. Башында чоң кыздар менен иштеп баштаганбыз. Жаңы баштаган жылы эле күзүндө Алматыга "Мисс туризма" конкурсуна чакырылып, Мадина Камсеитова аттуу кызыбыз 3-орунду алды. 2000-жылы Ксения Сайфутдинова аттуу кызыбыз ушул конкурстан жеңүүчү деп табылып, Турцияда өткөн эл аралык "Miss Model of the world" конкурсуна катышты. Ошол эле 2000-жылыМосквадан кичинекей кыздар-балдар катыша турган "Little miss of the world" кароо-конкурска чакыруу алдык.
Ошондон баштап кичинекей балдар-кыздарды даярдай баштадык. Ал жылы 6-жаштагы Айгерим деген кызыбызды биринчи жолу алып бардык. 4-орунду ээлегенине карабастан Айгерим "Алдыңкы орунду алмакмын"-деп ыйлап жатса, ошондо кичинекей болсо да өзү, өзүнүн Мекени үчүн намыстанганы, болуп жаткан конкурсту жүрөгүнө жакын кабыл алганы мен үчүн бир ачылыш болду. Жылдан жылга конкурстун масштабы кеңейип, "Мини мисс Центральной Азии", "Мини мисс мира" ж.б.у.с кароо-конкурстарга Бразилия, Польша, Америка, Чехия, Түштүк Африкага чейин барып, катышып келдик. Мурда чоң кыздарыбыз конкурстарда подиумга гана чыгышса, азыркы кичинекей моделдер дээрлик айырмаланып, ар тараптуу талантын да тартуулап келишет. Кыргыздардын психологиясы модель деген кесипти башкача кабыл алат экен. "Кантип эле кичинекей кыз модель болсун" дешип, башында бизди андан бетер башкача кабыл алышты. Качан гана бул модельдик агентство бир гана подиумга басканды үйрөтпөстөн, пластиканы, хореографияны, ырдаганды, актердук чеберчиликти, керек болсо сүрөткө түшкөндү үйрөтөөрүн, талантты өрчүтөөрүн билишкенде гана мамиле бир аз өзгөрө баштады. Башында чыгым көп болуп кыйналып, эки-үч жолу жабайын деп ойлодум. Ошондо ата-энелер өздөрү уруксат бербей коюшту. Алардын колдоосу менен акырындап бутубузга туруп иштеп келатканыбызга быйыл 10 жыл толуптур.
- 10 жылдык майрамды кандай белгилегени турасыздар?
- 10 жылдыкты "скромна" эле өткөргөнү турабыз. 30-майда Опера жана балет театрына "Мини мисс Кыргызстана" конкурсун уюштуруп, андан тышкары жаңы концерттик программа жана кийимдердин жаңы коллекциясын сунуш кылабыз. Быйылкы сулуулар конкурсуна 12 кыз тандалды. Аларды таарынтып албаш үчүн ар бирине номинация берилет. Майрамдын урматына белектерди тартуулайбыз. Калыстар тобунда Г. Базаров, К. Сартбаева, А.Алдашева өңдүү абдан таланттуу, чыгармачыл адамдар бар. Бааны обьективдүү, татыктуу беришет деп ойлойм.
- Балдарды кандай критерийлер менен тандап аласыздар?
- 7 жаштан баштап, ким кааласа ала беребиз. Бизде "Сен кел, сен келбе"-деген бөлүнүү жок. Баланы кичинекейинен көп нерсеге үйрөтсө, андан сөзсүз бир нерсе чыгат. Алар менен 2 ай тынбай иштейбиз. Андан кийин конкурстарга жибере баштайбыз. Бул жакка келгендердин кеткиси жок, 6-7 жашынан келген кичинекей кыздар, азыр бой жетип, 15-16 жашка чыгып калышты. Баарыбыз аралашып жүрүп, кантип бир үй-бүлөдөй болуп калганыбызды да байкабай калдык. Кээде чоңоюп калган 14 жаштан өйдө кыздар "для себя" дешип келишет. Аларга кантип түз басышты, осанканы туура алып жүрүштү, макияж жасаганды үйрөтөбүз. Азыртан үйрөнүп алышса, бул өмүр бою керек нерсе да.
- Балдардын стили менен кимдер иштейт?
- Биз бир киши менен гана чектелип калбастан ар кандай моделдер менен иштешебиз. Мисалы, Аида Майдашева деген стилист кызыбыз бир коллекцияны жалаң сайма, белдемчилер менен кыргызча колориттеги кастюмдарды тигип берди. Ал эми Бурул Мамбетова деген дагы бир стилист кызыбыз жибектен жарашыктуу костюмдарды даярдап берген.
- Ата-эне балдарын "Дизайн модага" бериш үчүн канча акча төлөш керек?
- Эки айга 3,5 миң төлөшөт. Бул акчалар кайра эле окуткан мугалимдин айлыгына, светке, телефонго, салыкка төлөнөт. Ал эми костюмга, чет мамлекетке барганга жол кирени ата-энелер өз чөнтөгүнөн чыгарышат.
- Чет мамлекетке көп барабыз деп жатпайсызбы, чет мамлекетте кыргыздарды кандай кабыл алышат? Башка өлкөлөрдөн эмнебиз менен айырмаланабыз?
- Чоң-чоң Италия, Франция, Америка катышкан конкурста, албетте бизге биринчи жакшы көңүл бурушчу эмес. Мисалы, режиссер репетицияга биздин балдарды акыркы орунга жазып коет дегендей. Качан гана биз сахнага чыккандан кийин дароо көз караштары өзгөрө баштайт. Анткени биздин даярдык деңгээлибиз ошол эле Франция, Италиядан алда канча алдыда турат. Жакында Москвага Аида Майдашеванын "Потомки белого Барса"деген аталыштагы коллекциясы менен барганбыз. Баргандын баарына жагып, "Бул жакка келип, мастер-класс өтүп бербейсиңерби" деп да суранышты. Костюмдарыбыз менен абдан айырмаланып турабыз. Кече бүткөндөн кийин ар мамлекеттен келген калыстар тобу "Мындайды көргөн эмеспиз"-деп костюмдарды кармалашкан учурлар көп болот. Ал эми балдар чет мамлекетке чыгып, кайра Кыргызстанга кайтып келе жатканда башкача сезим менен келатышканы мага дароо байкалат. Биринчиден, өздөрүнө өздөрү баа берип, экинчиден, жандүйнөсүн намыс ээлеп, үчүнчүдөн, болуп өткөн конкурстан кандайдыр бир моралдык эргүү алышат.
- Жакында дагы кайсы өлкөгө барганы жатасыздар?
- Жакында Венгрияда боло турган "Молодость Блатон" деген фестивалга даярданып жатабыз. 2009- жылы февраль айында Голливуддун өзүндө өтүүчү, баардык өлкөнүн балдары катыша турган фестивалга эмитен даярдык көрүп жатабыз. Кадыр кызы Даткайым деген кичинекей сулуу кызыбыз барганы жатат.

Эльмира Мадиева













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan