Коомдук-саясый гезит
№16, 28.05.08-ж.





  Кечиккен секьюритизация

Саентология сектабы же илимби?
Кыргызстан либералдуу болом деп, койнуна бары жоктун баарын киргизип алган. Адам эркиндигин улуттук коопсуздуктан жогору коюп алган заман болдубу деп турам. Өлкөбүздө ар кандай диний уюмдардын катталгандары эле ондоп саналат. Катталбаганы канча? Эксперттердин айтымында алардын арасында коомчулукка терс таасирин тийгизе тургандары бар. Кай бири Акүйдүн колдоосуна да ээ болууга жетишиптир. Анын мамлекеттик каттоодон тоскоолсуз өтүшүндө убагында Майрам Акаеванын салымы болгон деген кептер бар.

Бул Дианетика, Саентология чиркөөсү деп койсо да болот. Кыргызстанда Акаевдин "кой үстүндө торгой уялаган" заманында мамлекеттик каттодон өтүп, бүгүнкүгө чейин ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Азыр негизги "Бишкек" борбору жана "Манас" филиалы бар. Адамдарды өз катарына тартуу үчүн негизинен "жардам беребиз" деп чакырышат. Алардын өкүлдөрү чакыруу баракчаларын таратышат. Ал барактарда:

Дианетика может дать Вам:
- Более высокий интеллект, чтобы решать Ваши проблемы.
- Более высокое осознание, чтобы найти лучшую работу.
- Больше энергии, чтобы зарабатывать больше денег.
- Лучшее здоровье, чтобы справляться с трудностями жизни.
- Сильный дух, чтобы справиться с неудачами.
- Меньше отчаяния
- Больше жизни

Кайырмак
Мамлекеттеги социалдык-экономикалык абалдын оордугунан улам, "депрессияда" жүргөндөргө мындай чакырык майдай жагат. "Не болду экен, бир көрөйүнчү" дейсиң. Алар азыркы абалыңды аныкташ үчүн, ишиңдин алдыга жылбай жаткандыгын билиш үчүн тесттен өтүшүң керек дейт. Жакшысы, ал тест бекер. Тест: "боорукерсиңби, кек сактайсыңбы, жиниң тез келеби, кечиримдүүсүңбү, өткөн ишке өкүнөсүңбү, өзүңө ишенесиңби, оор турмуштан чарчадыңбы, бактылуу болгуң келеби" деген дагы толгон токой 200 суроодон турат. Аларга "ообо, жок, билбейм" деген үч вариант менен жооп беришиң керек. Жыйынтыгын кырк мүнөттө чыгарып беришет, ал ортодо фильм сунушталат. Анда айтылуу "аналитикалык жана реактивдүү акылдар" кино иретинде эң жакшы түшүндүрүлөт. Демек, тапшырган тесттин жообу даярдалгыча адам дианетика тууралуу жакшы ой-пикир жарата алгандыгын өзү да байкабай калат. Дианетика өзүн илим катары сунушташы -карапайым адамга "чын эле оор турмуштан илим аркылуу кутулса болот экен" деген ишенимди киргизип коет. 200 суроого жооп алган соң, адамдын мүнөзүн, сапаттарын аныктоо оңой. Адам баласынын табияты ушундай экен, өзүн баарынан жакшы көрөт. Андыктан өзүнүн терс жактары, жакшы сапаттары тууралуу маалыматка өтө ынтызарлык менен мамиле кылат. Дианетиканын адистери, адам өзүн өзү ачып бергенинен пайдаланып, кайра өзүнө "билерман" болуп кеңеш берет. "Ачууңуз бат келет экен, сабырдуу болуңуз. Азыркы абалга ыраазы, нааразы экенсиз, мындан жакшыга аракет кылыңыз. Буларды ийгиликтүү ишке ашырыш үчүн биздин курстардан өтүп, атайын адабияттарды окуңуз. Муну менен сиз өзүңүздү өзүңүз өркүндөтө аласыз" ж.б.у.с.

Капкан
Дианетикага ылайык адамдын акыл-эси экиге бөлүнөт: аналитикалык жана реактивдүү акыл. Ойлонуп, эске тута турганы аналитикалык акыл, ал эми жөн гана эсте жазылып кала турганы реактивдүү акыл. Мурда болгон кайгылуу окуялардын, оорулардын калдыктары "энграмма" болуп реактивдүү акылга жазылып калат да, адамдын турмушуна өтө терс таасирин тийгизет. Муну адам өзү билбейт, анткени адам аналитикалык акыл менен гана ойлонот. Ошол эле учурда өзүнүн реактивдүү акылында эмне болуп жатканын, кандай энграммалар бар экендигин билбейт. Ошон үчүн дейт, бул диндин өкүлдөрү -адамдар өзүлөрүнүн кайгы-капасынан, терс сапаттарынан арылуу үчүн реактивдүү акылда сакталып жүргөн энграммалардан кутулуш керек. Кантип? Эгер энграмма реактивдүү акылда жүрсө, ал эми адам реактивдүү акылына ээ болбосо, андан кантип кутулат? Адам ойлоно турган аналитикалык акыл реактивдүү акылга алы жетпесе?
Так ошон үчүн адамдар дианетиканын курстарынан өтүп, китептерин окушу керек. Курстардын баасы 500 сомдон 20-30 миң сомго чейин, ал эми китептери 400-1500 сом. Алардын айтуусу боюнча курстарды бүтүп, китептерди окуп чыккандан кийин адамдын акыл-эси, реактивдүү акылындагы энграммалардан толук тазаланып бүтөт. Бул процесстин жүрүшүндө адам тепкичтен тепкичке секирип отуруп, акыры эң жогорку "клир" даражасына жетет. Адам бул учурда толук тазаланып, бактылуу өмүр сүрүп баштайт.

Чындыгында
Бул диний уюмдун доктринасы, албетте, баардык эле диндер сыяктуу, тынчтыкка, сабырдуулукка чакырат. Бирок адистердин айтымында дианетиканын көмүскө доктринасы да бар. Аны ачыкка чыгарбайт. Анткени жарыя кылган официалдуу доктринасы башка. Саентология чиркөөсү Батыштын бир катар өлкөлөрүндө сот аркылуу тыюу салынган. Буга дианетиканын коомго терс таасирин тийгизе турган ишмердүүлүгү себеп болгон. Жогоруда айтып өткөндөй, "клир" болуш үчүн кымбат баалуу курстардын сериясынан өтүш керек. Бул маалда ал адам атайын контролердун (аудитордун) көзөмөлүндө болот. Демек, саентологиянын тарапкерлери көбөйгөн сайын, коомчулуктун ошончолук бөлүгүнө алар көзөмөл кылып калышат. Бул учурда ийгиликтүү иштеп жатат. Ал гана эмес саентологдор өз өкүлдөрүн мамлекеттик бийлик бутактарына да аралаштырууга аракет көрүп келишет. Бир караган көзгө мунун андай деле коркунучу жок. Бирок, адистердин айтымында коомдун кандайдыр бир бөлүгүнө диний уюмдун көмүскө тартипте катуу көзөмөл кылып турушу өтө опурталдуу.
Саентология чиркөөсү, өзүн дин-илимий кыймыл катары эсептеген адамдардын тобу, "жаңы диндердин" катарына да кошулуп жүрөт. 1954-жылы Лос-Анджелесте (АКШ) жазуучу-фантаст Лафайет Рональд (Рон) Хаббард негиздеген. Ал 1950-жылы "Дианетика-современная наука душевного здоровья" аттуу китебин чыгарган. Ага ылайык, адам акылы эки аспектиде каралат: аналитикалык, адам ойлоно турган акыл жана реактивдүү акыл, бул акылына адам ээ эмес. 1977-жылы АКШ бийлиги Хаббарддын тарапкерлерине шпион катары айып тагышкан. Бул уюм мындан сырткары, көз боемочулук, салык төлөөдөн баш тартуу жана финансылык кылмыштары үчүн айыпка тартылган. Америкалык психологдор ассоциациясы дианетиканы терапиялык колдонуу зыян деп чыккан. Ошондой эле америка медициналык ассоциациясы да дианетикага өзүнүн каршы пикирин билдирип чыккан. Саентология чиркөөсүнүн тарапкерлери буга карабай улам көбөйө берген. Дүйнөнүн 105 өлкөсүнө тараган. Хаббард байыркы чыгыштын ишенимдерин, оккультизм жана магия элементтерин дианетикага киргизүү менен аны саентологияга айланта алган.

Урмат ИМАНАЛИЕВ




  Көрүнбөй кайда кеттиңиз…

Жайнагүл Калчаева, ырчы:
"БААРДЫК НЕРСЕ МЫЙЗАМ ЧЕГИНДЕ БОЛУШУ КЕРЕК"
- Көрүнбөй эмне менен алек болуп жүрөсүз?
- Сахнадан көрүнбөй кеткениме бир чоң иштер себепкер болуп калды. Тунгуч микрорайонунда "Рухий мурас"деген жаңы конуш салынган. Ошол конуштун төрайымы болуп иштегениме 3 жылдан ашып калды. 2005-жылы жаңыдан чечим чыккан жерге, 2 жылдын ичинде 70% тамдар салынып бүттү. Жаңы конушка жол салдырып, светин күйгүздүрүп, элге керектүү чоң амбулаторияны курдук. Эми буюрса таза суу түтүктөрүн чыгарганы жатабыз. Мына ушул иштин башталышына мэрибиз Данияр Үсөнов, депутатыбыз Бейшенбек Абдрасаков чоң колдоо көрсөтүштү. Азыр конушта 1032 түтүн жашоочулар жашайт. Эл менен аралашып, элдин иши деп жүрүп бир аз чыгармачылыктан алыстап кеткеним эле болбосо, таштаган жокмун. Телевидениеге сьемкага чакырышкан учурда убактымдын тардыгына карабай келип, тартылып кеткенге аракет кылып жатам.
- Бул кызматка кантип келип калдыңыз?
- 1992-жылдан бери бизнеске ыктап кеткем. Ишиме байланыштуу алыс жактарга көп чыгып калдым. Алыс жакта жүрүп, ал жактагы заңгыраган тамдарды көрүп, бизде деле ушундай көп кабаттуу тамдарды салып, кайра сатып оокат кылса болот турбайбы деп ойлонуп, ошол боюнча бизнес кылайын деп жүргөм. Аңгыча революция болуп кетип, жерди басып алгандар пайда болушпадыбы. Жер боюнча мамлекеттик комиссияга кирип калып, Туңгучка барып калдым. Ошол учурда элдер түшүнбөстүк менен буудай өскөн жерди тебелеп жүрүшкөн экен. Мен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, "Бардык нерсе мыйзам чегинде болуш керек, жери жок деген кагазды тиешелүү жерден алып келип, документтештирип, аким, губернаторлор менен акылдашып, там салалы"-деп элдерди ынандырдым. Эл дагы мага ишенип, мени лидер кылып шайлашты. Элдин ишеничин актайын, эртеси телевизордон көрүп, мени сөөмөйү менен жаман айтып көрсөтпөгүдөй болсун деп, намыстанып иштеп келетам. Ошол элдин арасынан көбү жерге мыйзамдуу түрдө ээ болушту. Арасынан теле-радио, театрда иштеген чыгармачыл адамдар да алышты. Ортодон көрө албагандар, түшүнбөгөндөр да болбой койгон жок. "Сен филармонияга бар, бизге эмнеге келдиң, сен артистсиң"дегендер да болду. Кийин свет коюп жатканда, мен ошол кишилерге "Сен артистерди жаман көрсөң, телевизорду көргүң келбесе, радио укпасаң, гезит окубасаң, светтин сага эмне кереги бар"деп айттым. Ушундай түшүнбөстүктөр болду ортодо, бирок азыр анын баары артта калып, элим менен жакшынакай иш алып барып жатам.
- Шаардык кеңешке талапкерлигин койгон жатыптыр деп уктук. Саясатта да өзүңүздү сынайын деп турасызбы?
- Мен муну өзүм ойлонгон деле эмесмин. Элим суранды. Депутатыбыз Бейшен Токтобаевич дагы "Аялдардан депутат көбүрөөк чыгыш керек, сиз иштей аласыз"деп дем берип койду. Элим ишеним артып жатса, эмнеге боло албайм. Азыр көп эле киши депутат болгонго чейин "Тигини кылам, муну кылам"-деп убада берип коюп, шайлангандан кийин жок болуп кетип жатпайбы. А мен ойлоп көрсөм, убада менен убара болбой көп эле ишти бүтүрүп коюптурмун. Өзүбүздүн айыл өкмөтүнө караштуу конторабыз бар, мектебибиздин орду турат, буюрса 2009 -жылдан баштап ишке киришет.Элибиз ары-бери жүгүрбөй, баардыгы өзүбүздүн айылда болуп, келечекте биздин айыл "элитный районго" айланганы турат.
- Сөздү кайрадан чыгармачылыкка бурсак. Репертуарыңызды жаңырттыңызбы?
- Буюрса, көбөйтүп жатам. Жакында сегиз кыз ( Дильшат, Салима, Айчүрөк, Нуриса, Гүлзат, Гүлбүбү, Жайнагүл, Орозгүл) концерт бергени турабыз. Концертибизге УТРКнын директору М. Эшимканов, Улуттук филармониянын жетекчиси К.Турапов баш болуп колдоо көрсөтүп жатышат. Ушинтип, бизге жакшы мамилесин аябай жатышкандан кийин, демек биз белдүү эле ырчылардан экенбиз деп калдым.
- Жолдошуңуздун кесиби ким?
- Орус филологиясын бүтүргөн. Ушул кезге чейин экөөбүз бири-бирибизге эриш-аркак болуп жашап келетабыз. Эки кыз, бир уулубуз бар. Кичүү кызым Бегайым чыгармачылыкка жакын. Келечектеги балерина, Р. Чокоеванын окуучусу. Үнү да жакшы. Келечекте мен кызымдын чыгармачылыгына көңүл бөлүп, аны жарыкка алып чыгам деген жакшы тилегим бар.
Эльмира Мадиева













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan