Коомдук-саясый гезит
№16, 28.05.08-ж.





  Саясий төлгө

Д.Үсөнов премьер министр М.Эшимканов Мамкатчы Ч.Баекова спикер болобу?
Олуя, Бурулсун Кадыракунова:
Берилген аян…
Берилген аян боюнча кайрадан колума калемимди кармап, бул жалган дүйнөдө адашкан пенделерди туура жолго баштап, кудайымдын периштелеринин айттырганын элге жеткирип кою менин адамдык парзым деп билем. Атадан балага, укумдан тукумга уланып келе жаткан сейрек кездешүүчү касиет бул жаралган пенделеримдин миңдин бирине же миллионунун бирине берилет эмеспи. Мени жараткан ошондой касиетке ээ кылып коюптур. Сыйкыр күч, керемет, көзгө көрүнбөгөн айтып берүүчү периштелеримдин жардамы менен касиеттериме баш ийип олтурам. Эмесе пенделеримди, кыргыз элимди шайтандын азгырыгынан, бөөдө кырсыктан, бей күнөө ажалдан сактасын. Кудайым буюрса, элиме ынтымак, ыйман, сыноолорун калайык калкым көтөрө алгыдай жеңилинен берсин демекчимин. Айттырбай келүүчү ааламаттардан кудайым сактасын. Минтип эл каапыр, жер такыр болуп, карапайым калк айта турган оюн "Октон качкан кийиктей" ачык айта албай, кымбатчылык менен жумушсуздуктун сазына батып, бул жарыкчылыкта кудайымдын берген күч энергиясын да туура пайдалана албай жарыгыбыз өчүп, күн- түн экенин биле албай күн өткөрүп жатуудабыз. "Кайсыл жердин жерин жердесең, ошол жердин ырын ырда" дегендей биз бала кезде орустардын Гимнин ырдап, кудай жок деп келген болчубуз. Дин аалымы жөнүндө талаш-тартыш көп болуп, Мухаммед пайгамбарыбыздын дини башыбызга кеч жетип, эми гана баштаганда элибиздин пейилине жараша беш адамдын башы кошулса, биринчиси баптист, экинчиси аферист, үчүнчүсү молдо жана көзү ачык , төртүнчүсү артист, бешинчиси юрист болуп чыга келдик. Акаев атабыздын убагында майрам- той көп болуп, Акаев атабыз деп ырдадык. Эми Бакиев атабыздын ырын ырдап жатабыз. "Элиң бөрү болсо, бөрү бол, түлкү болсо, түлкү бол" дегендей өтүбүздүн же бөйрөгүбүздүн ооруганын билбей оорунун барын жүрөккө такап, ойлонуп олтурбай оо дүйнөгө сапар тартып жатабыз. Мунун барын көрүп билип, жакамды кармап, кудайым тынчылыгын, ынтымагын берсин деп жаратканга жалынып келем.
"Кул жеймин дейт куйрукту, Кудайым билет буйрукту". Буга чейин жана мындан кийин аты аталган саясатчылар туура түшүнүп, кабылдашса, элдерим жаман болбойт.
Азыр түлкү заманында жашап жатабыз. Ошондуктан ушул икаяны айткым келди. Кең токойдо бир түлкү аралап жүрүп, бир коен тиштеген жокмун деп арман кылыптыр. Анысыгандай Германияга барып дарыланып, атабыз бөйрөгүнүн кай жерде экенин билип келгенин теледен айтканы элди дагы бир ирет таңдандырды. Ой тобоо, напсибизди тыя албай, кай жерибиз ооруурун биле албай жашап жүргөнүбүздү карагылачы. Бийлик-мансап, Бийлик-жар таш. Ага учуп жүрүп кыраан да жетет. Жылып жүрүп жылан да жетет. Жыландын уусунан кутулуу оңой, элдин ушагынан кутулуш кыйын, адамдарым. Ошондуктан алды артыбызды карап, абайлап иш кылышыбыз керек. алдыдагы аян түшкөн азаматтарга ак жол.Ачык айтып ак сүйлөгүлө. Элиңер үчүн кызмат өтөгүлө. Кудайым баарыңарды бөөдө кырсыктан сактасын.

Бабырбек уулу Равшан, экс-министр:
Бирөөнүн жеринде султан болгуча, өз жеринде ултан болгону жакшы эле. Бирок, Равшан мырзанын азырынча алыста жүрө бергени оң. Азыр келем десе, аны Кыргызстанда темир тор күтөт.Темир тордун артында элиң менен сүйлөшө албай жаткыча алыста жүрө турганы жакшы. Жашсың, курчсуң, бир-эки жыл убакыт көз ачып- жумганча өтүп кетет. Өзүңө сак бол. Асылган оору алмайынча койбойт демекчи артыңдан түшкөндөр сени жөн койбойт. Өлө турган адам сандыкка бекинип жатса да өлөт. Сени кудайым колдосун. Ток этээр жерин айтканда жебеген- ичпеген жер алдында. Жейли -ичели дегендер жер үстүндө. Бармак басты, көз кысты болуп, тишиң барда таш чайна, тишиң түшсө аш кайда деп жаштыгыңа салып, министр болуп жүргөндө "Мен ким элем, ким болдум" десең болмок, балам. Төө кыядан өткөн соң, оо дегениң курусун дегендей оппозициянын алы кетип калганда келем деп курчтугуңа салып, аша чапканың болбойт. Бергендин алганы болот. Келечекте, 3-4 жыл ичинде эл үчүн кызмат берилет сага, Кудай буюрса. Келме кезек деген бар. Напси душман, кекиртегин тыя албай жеп-ичип алышып, пенделерим өзүнө-өзүлөрү терс иштерди жасап алышып, саптай албаган ийнесинен көрөт болбогула. Ууру кылсаң жалгыз кыл. Экөө болсо, бирөө айгак деген ушул.

Медетбек Садыркулов, Президенттин администрация башчысы:
Негизи пендем тойдум дебейт экен. Ичип-жеп, май-көл , сүт көлдүн үстүндө жүрүп көнүп калгандар пенсия жашына келсе да, кызмат ордун жаштарга өткөзүп бергиси келбейт тура. Медетбек мырза, бул жолу кызмат ордуңуз менен коштошуп, кадырыңыз , баркыңыз менен өткөзүп бересиз буюрса. Сиз досум деп сүйө бергендер кас болуп чыгышты. Кас экен деп касташкандарыңыз ДОС болуп чыга келишти. Сиз мурда эле Акүйдө Акаев атабыз менен иштешип, аны жолго салдыңыз эле. Эми Бакиев атабыз менен иштешип, аны да жолго салганы турасың…

Мелис Эшимканов, КТРдин президенти:
Мага түшкөн аян боюнча Мелис Эшимканов ордун таап, теле оңолот деп элдер эрте кубанып алды көрүнөт. Мелис мырза, азыр ээлеп турган кызматынан кете тургандай болуп калды. "Аттан төө мас болсо, тайлагы менен ДОС болот "демекчи оппозициянын мыкты, курч лидерлери Акүйдөгү Бакиев атабыз менен достошту. Карапайым эл эми иштери оңолсун десек, үч ай өтүп- өтпөй эле күн тийген жердин күкүгүндөй күкүктөр сайрап, бузукулар аралап, жеп-ичтиң деп отчет алышып, "Кечээ көргөн бүгүн жок. Атаңгөрү дүйнө бок" дегенди эсибизден чыгарып, көр дүйнөгө азгырылып, кызматтан түш көргөндөй түшүп калаарыңды эсиңден чыгарба. Жогору жактагыларга чоң берип, кызматын сактап калайын десе теледе жеп-иче турган көзгө көрүнүктүү эч нерсе деле жок. Учурда Мелис акебиз не кылаар айласын таппай ойлонуп туру. Кудай буюрса, жакынкы аралыкта тигил кызматтан түшөт. Башка кызматка бараарын бир Кудай өзү билет.Мелистин да өзүнүн колдоочусу бар.

Данияр Үсөнов, Бишкек шаарынын мэри:
Данияр мырза жакынкы күндөрү эл атасы болуп, орустун (Игорь Чудиновдун) ордуна барып, элибизди оңго салып, иштин майын чыгарып, элдин батасына ээ болот. Жарыгыңды, байлыгыңды элге чачырат. Кудай колдосун. Бакиев башчыбыздын оң колу болуп, кырсыктан тышкары жүр. Төлгө төп болсун.

Акылбек Жапаров,КРнын экономика, өнүгүү жана соода министри:
Акылбек мырза, ишине так, кырс жигит. Бир жаман көрүп калган кишисин оңой менен жакшы көрбөйт. Мурда тартынбай бетке айтчу. Азыр кызматка келгени оомо боло түштү. Бир ичсе катуу ичет. Бирок, ага ичкилик жакпайт. Жакын арада сак болсун. Аны жеп-ичти деген шылтоо менен түртүп ийишпесе эле болду. Бирок, илинип- чалынып жүрүп дагы эле чоң кызматтардын биринен орун алат.


Президенттин кадрдык жүрүшү же Мадумаров спикерликтен түшөбү?
Бизде имиштердин арты эле чын чыгып кала турган болду. Кызыгы "Асман пресс" гезитинин кезектеги саны дээрлик даярдалып калганда, тагыраагы 24- майда мамкатчылыкка бир нече адамдардын, Ю.Тойчубековдун, М. Эшимкановдун, Нур уулу Досболдун кандидатуралары көрсөтүлүп жаткандыгын жазган элек. Эки күн өтпөй мамкатчылыкка Нур уулу Досболдун дайындалгандыгы биздин өзүбүздү дагы таң калтырды. Биз андан тышкары дагы кандай кадрдык жүрүштөр боло тургандыгы туурасында "көзү ачыктык" кылган элек. Аны сиздердин алдыңыздарга жайып олтурабыз. Жыйынтыгын чогуу талдаарбыз. Ал имиштер төмөндөгүдөй : Эл арасында президенттин аброюна көбүрөөк көлөкө түшүргөн адам катары Адахан Кимсанбаевичтин аты атала баштады. Ушундай кептердин арты менен атайын "команда" болгонбу айтор, анын "огородуна" арбын "таштар" ыргып, ушундан улам "Ак Жол" партиясынын имиджин Мадумаров түшүрүп жатабы деген кыязда аны төрагалыктан түшүрүү үчүн аракеттер башталгандыгын да кулагыбыз чалды. Анын ордуна спикерликке Ч. Баекова олтурат имиш."Ак Жол" демекчи, ал партиянын парламенттеги тобун жетектеген Э. Ибраимованын вице-премьерликке келе турганынан өйдө укканыбыз уккандай чыкты (Мындайда биздин дагы көзүбүз ачылып баратканбы деп тобоо кылат экенсиң). Ошондой эле президенттин администрация жетекчиси М. Садыркулов дагы кызматтан кетип, анын ордуна пресс-катчы Нурлан Шакиевдин келиши мүмкүн. Шаардын мэрлигине болсо Алмаз Атамбаевдин "куда түшүп" жаткандыгын дагы айтып коелу. Азыркы мэр Данияр Үсөнов И. Чудиновдун ордуна премьер-министр болуп бараары да айтылууда…Ушундай. Укпадым дебегиле.












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan