Коомдук-саясый гезит
№15, 21.05.08-ж.

Меймансап
Форум




  Парапсихологдун бурчу.

Лариса Асанбекова акын академик
Парапсихолог жооп берет
- Майрамбек Атакеев. Бишкек шаары.
Мен көптөн бери ооруп, барбаган жерим калган жок. Медицинадан жардам болбогон соң, кыргызчылыкка кайрылгам. "Сенде дуба (порча) бар экен, көз, сөз тийиптир"-дейт. Порча деген эмне? Көз тийген деген эмне? А каргышты кандай түшүнсө болот?
- Порча - деген бул бир адам экинчи адамдын астральдык же ментальдык денесине күчкө салып программалоо, башкача айтканда терс энергияга сөздүн күчү менен болобу, диндеги Эгрегорлордун жардамы менен болобу, терс энергия менен заряддап туруп адамдын денесине күчкө салып киргизүү эсептелет.
Мындай энергия өтө чоң күч менен жиберилгендиктен адамдын көзгө көрүнбөс денесин тешип кетет да денедеги энерго чакралардын бирине жайгашып, ал жайгашкан чакранын туура иштешин бузат. Чакра туура иштей баштаган соң, терс энергия көбөйө баштайт да ошол чакрага кайсы органдар тийиштүү болсо, ал органдарда оору пайда болот же ошол бузулган чакранын аткаруу функциясына жараша адамдын жашоосу, мүнөзү, тагдыры өзгөрөт. Мындай күчкө салынып жиберилген терс энергия бардык эле адамга бирдей зыян келтире бербейт. Мисалы, адамдын ички жандүйнөсү таза болсо, тигил адам тараптан келген терс энергия адамга өтө чоң зыян келтире албайт. Себеби, ички жандүйнөсү таза адамдын энергиясы сырттан келген терс энергияны денесине өткөрбөй туруштук берет да кайра эки эсе күч менен артка кайтарат.
Терс энергия жиберген адам өзүнүн жиберген жамандыгын эки эсе өзү алат. Ошондуктан бирөөгө жамандык жасаардан мурун жакшылап ойлонуш керек. Кыргызда "Бирөөгө көр казба, өзүң түшөсүң"-деген сөз бар. Ал эми жанагы терс энергия адамдын денесин тешип кетип, ден-соолугу ар кандай зыянга учураган адамдардын ички жандүйнөсүндө терс энергия көп болгондуктан, сырттан келген терс энергияны тартып алат. "Окшоштук окшоштукту тартат" ( Подобное притягивает подобное)-деген Космостун закону бар. Ошондуктан "Мени дубалаптыр, мага жамандык жасаптыр"-деп бирөөнү күнөөлөөнүн ордуна, өзүңөрдүн жандүйнөңөрдү таза алып жүрсөңөр силерге эч ким зыян келтире албайт. Тескерисинче, силерге жамандык жасаган адам өзүнүн жасаган жамандыгын эки эсе күч менен кайра өзү алат.
Көз тийди- деген бул энергиясы күчтүү адамдын, энергиясы аз адамга суктануусунан же көрө албастыгынан жаралган энергия. Мындай энергия атайлап жасалбаганы менен энергиясы аз аламдын көзгө көрүнбөгөн денесин тешип өтүп, ден-соолугуна, жашоо-тагдырына зыян алып келет. Көз тийүү көбүнчө энерго денеси калыбына келелек жаш балдар ошондой эле энергиясы аз адамдар көп зыян тартышат. Ошондуктан ар кандай методдор таза жана күчтүү кармаганга аракет кылыңыздар.
Каргыш- деген бир адамдын, экинчи адамга эң күчтүү эмоция менен сөздүн күчүнөн жаралган энергия. Каргыштын күчүнөн жаралган энергия жалаң эле каргыш айтылган адамга эле зыянын тийгизбестен, анын тукумуна чейин өтүп, ар кандай зыянга учуратат. Эгерде каргыш энергиясы күнөөсү жок адамга туура эмес жиберилген болсо, анда ал энергия каргыш айткан адамдын өзүнө жана анын жети тукумуна өтөт. Ошондуктан адамдар бирөөнү каргап жамандык жасоодон мурда, өзүңөрдүн келечегиңерди ойлонгула. Ачууга алдырып, ар кандай каргыш сөз айтуу өзүңөргө өтө чоң зыянын тийгизет. Адам өмүрүндө ар кандай кырдаалга туш болуп калган кезде, силерге жамандык жасаган адамды каргап, өзүңөр жазалоого аракеттенбей "Кудайга тапшырдым"-деп койсоңор, Кудай өзү жазалап, кимдин-ким экенин тез эле өз ордуна коет. Өзүңөр да ар кандай зыяндан алыс болосуңар. Сизге жамандык каалаган адамдарга тескерисинче, жакшылык каалап койсоңуз, ошол жакшылыкты Кудай өзүңө берет. "Таш менен урганды, аш менен ур"-деп бекеринен айтылбаса керек. "Ачуу-душман, акыл -дос"-дейт элибиз, сабырдуу болуңуздар.




Касиет көздү нур колду дарыгер
Менин баян кыла турган каарманым элдик медицинага эмгеги сиңген кадырлуу дарыгер Ислам апа.Бул дарыгер апаны бүгүнкү күндө тааныбаган Кыргызстандык жок болуш керек. Мына 10-15 жылдан бери миң түрлүү чөптөрдүн тамырларынан тандал байыркы сейрек сакталып келген рецептердин негизинде кылдаттык менен жасалган дары менен канча бир оорулууларды айыктырып келе жатат.Болгондо да шишик, медицина тили менен айтканда рак ооруларын айыктыруу менен күрөшүп келе жатат.Бир канча ирет дарыгердин кабылдамасында болуп оорунун азабынан Кыргызстандын булуң, бурчунан келген адамдар менен пикир алышып, алардын дарыгерге болгон ишенимине таң берген элем. Алардын арасында ооруларынан сакайып жакындарын дарылатып апага алкыш гана айтып отургандарга күбө болосуң. "Мен Ислам ападан дарыланып айыккан жокмун" деген бир кепти ушул убакка чейин уккан жокмун. Демек мунун өзү эле дарыгердин күчтүүлүгүн далилдейт.
Ислам апанын дарыгерлик таржымалы туурасында кыргыз орус тилинде эки китеп жарыкка чыккан .Ал китепте оорулуулардын кандай ахыбалда келип сакайып кеткендиктери боюнча далилдүү баян жазылган.Союз таркап эгемендүүлүк алган күндөн тарта элдик медицина тармагында канчалаган дарыгерлер бир жарк этип дайынсыз болуп аты -жыты ушул күнгө чейин билиндегендер канча.Бара бара иргелип чыныгы касиетке эгедер болгон гана дарыгерлер калбадыбы. Алардын арасында Ислам апа өз орду менен келе жатат десек болот.
Эгерде мындай уникалдуу дарыгер чет жакта болгондо эбак аздектеп, шарт түзүп, канча миңдеген оорулуулардын сообуна калышмак.Мына Ванганы болгарлар кандай аздек тутушкан.Кыргызда "Жакынкы суунун баркы жок" демекчи өзүбүздөн чыккан күчтүү энергиялуу дарыгерлерди барктай албайбыз. Бирок Ислам апа жардамды эч кимден күтпөйт, кара жанын карч уруп чарчап чалыкканына карабай ооруларды сакайтуу менен алек.
Баштын ар түрдүү шишик ооруларын богок, өтүшүп кеткен талма эмчектин шишигин жүрөк жана башка ооруларды сакайтат.Дарылоо үч формада жүргүзүлөт. Башкача айтканда, 1-2-3 сеанс менен (ар бир сеанс 15 күндүк) дарылайт.Бир эки сеанс алган соң ооруган оорулар ар кандай формада козголот.Дарыгер мунун барын өзү дыкат көзөмөлдөйт.Кабыл алуу биринчи күндөн бешинчи күнгө чейин жүргүзүлөт. Дареги Бишкек шаары, Пишпек району, Осмонова 1 а телефондор 92-71-71













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan