Коомдук-саясый гезит
№15, 21.05.08-ж.

Меймансап
Форум




  Зилзала

Кытай трагедиясы Кыргызстанда 2011-жылы кайталанышы мүмкүн
Кытай жергесинде болуп өткөн жер титирөө дүйнө коомчулугунун үшүн алды. Акыркы эсептер боюнча 50 миңге жакын адам зилзаланын курмандыгы болду. Кыргызстан жер титирөө коркунучу күчтүү райондо жайгашкан өлкө. Кытайдагы абал бизге таасир тийгизиши мүмкүнбү? Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын Сейсмология институтунун директору Канат Абдрахматовду кепке тартабыз.

- Коңшулаш өлкөнүн абалын көрүп атуулдарыбыз тынчсызданып атат.
- Ооба, коомчулук Кытайдагы жер титирөө бизге да таасир тийгизиши мүмкүн деп кооптонуп жатат. Мисалы, Алматыда ар кандай имиштерден улам кайчы пикирлер жаралууда. Алматы акимиатынын өзгөчө кырдаалдар департаментинин өкүлдөрү "Кыргыздарга ишенбегиле" деген маалымат берип жатышат. Кытайда чоң трагедия болду. Бирок ал биздин сейсмологиялык абалга таасир бербейт. Анткени анын литосфералык плитасы алыс. Кыргызстан индо-австралиялык литосфералык плитанын аймагында жайгашкан. Ал эми Кытай жергеси өзүнчө кытай плитасынан орун алган.
- Жакынкы аралыкка кандай божомолдор бар?
- Биз жер титирөөнүн күнүн, саатын так айталбайбыз. Антүүгө биздин мүмкүнчүлүктөр чектелүү, чукул арада аныктай турган деңгээлде эмеспиз. Бирок, 2010-2013-жылдардын аралыгында орто эсеп менен 8-9 балл жер титирөө болушу мүмкүн. Бул сөссүз түрдө болот деген кеп эмес. Иликтөө методдорубузда "допуск" болуп калышы мүмкүн. Элге маалымат берүүнүн максаты коркутуу эмес, алдын ала даярдык көрүү үчүн берилет. Тянь-Шань илгертен бери титиреп келген жана ал процесс токтоп калбайт. Бул үчүн дүрбөлөңгө түшүүнүн кереги жок. Психологиялык жактан чабал адамдар мындан чоң трагедия жасап алышы мүмкүн. Учурдан пайдаланып коомчулукка кайрылып кетээр элем: Көрүнгөнгө ишене бербей, бизге, адистерге ишениш керек. Биз менен кабарлашып турсаңар болот. Менин убактым аз, ишим көп. Бирок, ага карабай атуулдар кайрыла турган болсо жооп берем.
- Кыргызстанда жер титирөө коркунучу күчтүү райондор кайсылар?
- Биринчи орунда Алай аймагы жана ага жакын Ош областынын айрым райондору турат. Биз бул аймакта 1992-жылдан бери мониторинг жүргүзүп, сейсмологиялык станцияларды коюп изилдеп жатабыз. Июнь айында кошумча приборлорду орнотмокчубуз. Экинчи район, бул Чүй аймагы. Мында эл да көп, борборубуз да ушул жерде. Коркунучтуу район десек болот. Азыр Бишкекте 10 америкалык станция бар. Эгер коркунуч туулса Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кабарлайбыз. Мындан сырткары Ысыккөлдүн күңгөй тарабы да сейсмологиялык кооптуу район болуп саналат. Бизде жыл сайын 3 миңге чукул жер титирөө болуп турат. Анын ичинен сезилгени 10-15, күчү 4-5 баллга жетет. Анын бири 6-7 баллга жетип, күчтүүсү болуп саналат. Бул көрүнүш кээде тынчып калат. Ушул тынчып калган учур 2008-2010-жылдар болушу керек. Күндүн активдүүлүгү 2011-жылы жогору болот. Бул жер титирөөгө өз таасирин тийгизет. 2011-2013-жылдары 8-9 балл болшу мүмкүн. Ысык-Ата жаракасы боюнча акыркы силкинүү 1885-жылы болгон. Мындай тенденция 100-115 жыл сайын кайталанып турат. Анан эсептеп көрүңүз. Россиялык кесиптештер силер тарапта 2018-жылы 7-8 балл жер титиреши мүмкүн деп кабарлап жатышат.
- Бишкекте коркунучтуу райондор кайсылар?
- Борборубузда эки участок бар. Алардын бири Чоң Чүй каналынын күңгөй жагы -суу, саздак жер. Экинчиси тоо тарап. Ысык-Ата жаракасы деп коебуз. 12-кичирайондун артындагы бөксө тоолор бар эмеспи, ал жерде 400 метр зонанын ичинде курулушка уруксат берилбейт.
- Азыр бизде тыюу салганга карабай, мыйзамдарды тоготпой эле курулуштар жүрүп жатпайбы?
- Ооба, кабинетимдин терезесинен көрүп эле атам. Биздин мекеме Ысык-Ата жаракасынын так түбүндө жайгашкан. Кокус бирдеме болсо, биринчи өз жон терилери менен сезсин дешсе керек. Бул тамаша деңизчи, бирок тамашада да чындыктын үлүшү болот. Тыюу салынган жерлерде курулуш жүрүп атат. Биз илимий мекеме болгон соң айткандан башка аргабыз жок. Эскертебиз бирок, барып колунан тартууга укугубуз жок.
- Бишкектеги курулуштар сейсмологиялык талапка жооп бербейт деген пикирлер да бар?
- Кыргызстанда илгертен эле үйлөр 7 типте курулган. 104-105-106-сериядагы үйлөр эң туруктуу деп саналат. Ал эми жаңы салынып жаткан үйлөр каркастык негизде салынып жатпайбы, туруктуулугу материалдын сапатынан жана курулуштун өзүнөн көз каранды. Негизинен курулуш стандарттарын сактабай куруп жаткан көптөгөн жеке компаниялардын салган үйлөрү жапа чегиши мүмкүн. Алар тез арада там салып, батыраак сатып акча табыш үчүн иштешет. Эртең эле ал ЖЧК жоюлуп кетет. Ошон үчүн жоопкерчилиги чектелген ишкана болуп жатат да. Азыр борбордо 300 ашык объектилер курулуп жатат. Ал эми курулуш-архитектуралык көзөмөл боюнча мамлекеттик агенттикте болгону 30 адам иштесе, анын 20сы начальник, калганы текшерүүчү инспекторлор. Алардын транспорту да жок. Анан ушулар көзөмөлдөп жетишеби? Биздин өкмөттүн өзгөчө кырдаалдардын алдын алгандын ордуна, кырсыктан кийин гуманитардык жардамдарды бөлүштүрүү менен алек болгону өкүндүрөт. Министрликке да, жергиликтүү акимдерге да кимге канча жардам бергени тууралуу отчет берип койгону оңой да. Курулуш объектилеринин баарын инвентаризациялаш керек. Чиновниктер буга барбайт го, анткени ар бир имарат үчүн жоопкерчилик пайда болот. Ал эми алардын көбү стандарттарга жооп бербейт. Биздин институт өзгөчө кырдаалдалда элдер кандай аракеттерди көрүшү тууралуу атайын брошюра чыгарганбыз. Аны менен ал убактагы билим министри Нур уулу Досболго баргам. Мектептерге таратып, плакаттарын илдирип койгула деп. Тилекке каршы, азыркы вице-премьерибиз ал учурда бир юбилейге даярданып жаткан экен, биздин маселеге көңүл бурбай койгон.

Урмат ИМАНАЛИЕВ













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan